Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тоолор келечектин аймагы катары

2025-11-29 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Тоолор келечектин аймагы катары

Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине 2030-жылга чейин Бийик тоолуу, жетүүгө татаал жана чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууга жардам берүүдө

2025-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул жыйын 2030-жылга чейин бийик тоолуу, жетүүгө оңой болбогон жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууга башат болуп берди. КР ЭКМ максаттардын, ыкмалардын жана жоопкерчиликтердин алкактарын аныктап, процесстин уюштуруучусу жана координатору катары чыкты. Өнүктүрүү саясат институту аналитикалык жана методикалык колдоо көрсөтүп, салыштырууга боло турган дайындарды, эл аралык мисалдарды жана ишке ашыруу архитектурасы боюнча сунуштарды күн тартибине кошту. “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн жана SDC менен кызматташуунун алкагында иш-чарага каржылык колдоо көрсөтүлдү.

Программанын максаты так туюндурулду: калктын жашоо сапатын туруктуу жакшыртууну камсыз кылуу жана башкаруу салттуу түрдө “татаал логистика”, климаттык тобокелдиктер жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү чектелүү болгон мейкиндик дисбаланстарын азайтуу. Башкаруучулук логикасы чечимдердин далилдерине, жыйынтыктар үчүн отчеттуулукка жана бийликтин бардык деңгээлдеринин макулдашылган ишине негизделет; кеп декларативдик стратегия жөнүндө эмес, ченелүүчү натыйжалары бар документ (негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдөн экономикалык активдүүлүктүн динамикасына чейин) жана туруктуу көзөмөл жүргүзүү үчүн аспаптар жөнүндө болуп жатат.

КР ЭКМ сунуштаган методологиялык конструкция даректүүлүктү, долбоордук ыкманы, комплекстүүлүктү, туруктуулукту жана ачыктыкты айкалыштырат. Даректүүлүк колдоо көрсөтүү чаралары конкреттүү аймактардын реалдуу чектөөлөрү менен дал келиши үчүн аярлуулук индекстеринин негизинде аймактарды бөлүштүрүп чыгуу дегенди билдирет. Долбоордук ыкма дайындардын жана экономикалык максатка ылайыктуулугунун негизинде түзүлгөн “жергиликтүү” чечимдердин пайдасына универсалдуу рецепттерден баш тартууну талап кылат. Комплекстүүлүк социалдык, экономикалык, мейкиндик жана экологиялык күн тартибин милдеттүү түрдө камтыган компонент менен бир эле учурда жүргүзүү дегенди билдирет; туруктуулук – тобокелдиктерди башкарууга жана соккуларга реакция жасоого даярдык; ачыктык – ЖӨБ органдары жана жамааттар менен туруктуу диалог жана аткарылышына ачык-айкын мониторинг жүргүзүү.

КР Экономика жана коммерция министрлигинин тапшырмасы боюнча ӨСИ даярдап чыккан аналитикалык база аярлуу жерлердин азыркы абалын сүрөттөйт: инфраструктуралык боштуктар, логистикадагы кууш жерлер, кадрлардын таңкыстыгы жана тоолуу рельефтин жана аба ырайынын шарттарынан улам күчөгөн тобокелдиктер. Буга кошумча Европанын жана Азиянын тоолуу өлкөлөрүнүн эл аралык практикаларына сереп жасалды; алардагы туруктуулук функционалдык пландаштыруу (жеткиликтүүлүк жана кызмат көрсөтүүлөр), институционалдык координациялоо жана алдын ала айтууга боло турган каржылоо менен камсыз кылынат. Бул элементтер методика аналитикалык жактан туура болушун гана эмес, ошондой эле аткарууга да боло тургандай Кыргызстандын реалдуулугуна ыңгайлашууда. 

Эл аралык тажрыйба: критерийлердин ачыктыгы жана алдын ала айтууга боло турган эрежелер

“Өлкөлөр мамлекеттик колдоонун кайсы жерде артыкчылыктуу экендигин аныктоо үчүн аярлуулукту баалоо системаларын ишке киргизип жатышат: ресурстарды бөлүштүрүүдө калыстыкты камсыз кылуу, процессти ачык-айкын кылуу жана саясатты алдын ала болжолдой алуу ыктымалдуулугун жогорулатуу. Бул иш жүзүндө география, калк жана экономика тууралуу дайындарды пландаштыруу жана каражаттарды бөлүштүрүү үчүн салыштырууга боло турган көрсөткүчтөргө айлантат, – дейт Өнүктүрүү саясат институтунун эл аралык эксперти Лидия БУДИСА. – Индекстерге ишеним жөнөкөй нерселерге таянат: туруктуу улуттук институт жооп берет, методика жарыяланып турат, индекстер график боюнча кайра каралат, жыйынтыктар талкууга ачык болот. Ошондо система саясатташпастан, ишенимдүү бойдон калат”. 

Чечимдердин компасы катары индекс: эмне үчүн Нарын облусунда пилоттук болуп калды

Аймактарды дифференциациялоо темасын улантып, ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА белгилегендей, “мамлекет бир эле учурда ар бир адамдын көйгөйлөрүн чече албайт, курчтугу жана аярлуулук даражасы боюнча жана саясаттын артыкчылыктары боюнча бөлүштүрүп чыгуу талап кылынат. Ошондуктан, биз Аймактын аярлуулук индексин колдонууну сунуштайбыз, бул аспап кайсы жерде токтоосуз колдоо керектигин жана кайсы жерде түрткү берүүчү чаралар жетиштүү экенин аныктоого жардам берет жана ошол эле учурда натыйжалуулуктун көрсөткүчү катары кызмат кылат: Индекстин маанисинин азайышы аярлуулуктун азайышын жана туруктуураак категорияга өтүүнү билдирет. Нарын облусунда жүргүзүлгөн пилоттук эсептөө аймактардын бир тектүү эместигин тастыктады: Кара-Бүргөн ААнын Ак-Чийинен Ормонхан ААнын Кара-Суусуна чейин маанилердин жайылышы бизди долбоорлордун портфелин жаңыча чогултууга жана көрсөткүчтөрдүн салмагын текшерүүгө мажбурлап жатат”. 

Аярлуулук ар кандай болот: критикалык, орточо жана шарттуу

Аймактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн даректүүлүгүн күчөтүү үчүн КР Экономика жана коммерция министрлиги аларды үч категорияга топтоо идеясын колдоду – өтө аярлуу, орточо аярлуу жана шарттуу аярлуу. Биринчи учурда колдоо процессинде жетектөөчү роль мамлекетке жүктөлөт: негизги инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүлөргө басым жасоо, координацияны күчөтүү жана көп убакытка созулган чечимдер. Экинчиден, өнүгүүнү колдоо процесси “мамлекет – муниципалитет” деген байланышта уюштурулат, ага бизнес системалуу түрдө кошулуп, экономикалык активдүүлүктүн очогун түзүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Үчүнчү категориядагы аймактар үчүн социалдык жеңилдиктер, эрежелерди тууралоо жана жергиликтүү өнүгүү үчүн максаттуу стимулдар артыкчылыктуу болуп саналат. Мындай дифференциациялоо принциптерди каржылоонун, контракт түзүүнүн жана аткарылышына көзөмөлдүн түшүнүктүү сценарийлерине айлантат. 

Схемадан аткарууга чейин:  Программа кандайча түзүлөт

ӨСИнин эксперти Максим СЕМЕНЯК келечектеги мамлекеттик программанын кеңейтилген түзүмүн сунуштады, ал каалоолордун тизмесинен чыгып, так түйүндөрү бар башкаруу схемасына айланат. Адегенде кириш алкак жана талдоо болот: табигый географиялык өзгөчөлүктөр, социалдык аярлуулук, экономикалык дарамет, трансчек аралык тобокелдиктер жана экологиялык коркунучтар. Андан ары – максаттар, милдеттер жана принциптер; аймактарды классификациялоо жана Аярлуулук индекси; өтө аярлуу, орточо аярлуу жана шарттуу аярлуу аймактар үчүн долбоордук-даректүү стратегиялар, чек ара боюнча өзүнчө блок. Андан кийин – каржылоо жана дем берүү механизмдери жана башкаруу системасы (координациялоо, катышуу, локалдаштыруу), ошондой эле мониторинг жүргүзүүнүн, баалоонун, адаптациялоонун жана тобокелдиктерди башкаруунун контуру. Эксперт “программаны ишке ашыруу процесси аймактык портфелдерге жана модулдук логикага негизделиши керек" деп ишенет: инфраструктуралык, социалдык-демографиялык, экономикалык, институционалдык жана климаттык-экологиялык модулдар конкреттүү аярлуулуктар үчүн чогултулган. Каржылоо механизмдерин чечүү өтө маанилүү; максаттуу гранттарды жана атайын фонддорду, региондорду өнүктүрүү фонддоруна квоталарды, программалык максаттуу трансферттерди, трансчек аралык/бийик тоолуу долбоорлор үчүн жеңилдиктерди жана муниципалитеттер аралык “камкордукка алуунун” аспаптарын пайдалануу сунушталууда. Дайындардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн (мунсуз максаттуу башкаруу мүмкүн болбойт) башкаруунун деңгээлдеринде ролдорду так бөлүштүрүү менен, аярлуулукка мониторинг жүргүзүү борборун жана смарт-мониторинг менен интеграциялоону түзүү зарыл”.

Программанын ишке ашырылышын координациялоо КР ЭКМнын жоопкерчилигинде калат. Министрлик отчеттордун өтмө индикаторлорун жана формаларын макулдашат, иш-чаралардын календарын жана мониторинг графигин жүргүзөт, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусун жөнгө салат; муниципалитеттер үчүн колдонмо материалдардын пакетин – шаблондорду, индикаторлордун топтомун, калк менен кайтарым байланышты уюштуруу жана подрядчылар менен иштөө боюнча сунуштарды даярдайт, мунун баары ниеттерди башкаруу практикасына өткөрүп, жер-жерлерде аткаруунун бирдиктүү стандартын колдонуу максатында жасалат.

Жыйындын натыйжасы боюнча кийинки кадамдар аныкталды: аймактарды бөлүштүрүү методикасын жана индикаторлордун тизмесин жыйынтыктоо; аймактардын үч категориясын эске алуу менен долбоордук портфелди түзүү; каржылоонун параметрлерин жана келишим түзүүнүн механизмдерин координациялоо; мониторинг жана коомдук отчеттуулук циклин ишке киргизүү. КР ЭКМнын жетекчилиги астында жана кызыкдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен координацияда ӨСИ мындан ары да аналитикадан жана методикадан ишке ашырууну колдоого чейин олуттуу колдоо көрсөтүүнү уланта бермекчи. 

 

Окшош материалы: