Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Мира СЕЙДИКЕРИМОВА, акимдин орун басары: аялдардын ишкердиги – Айтматов районунун стратегиялык ресурсу
Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.
Талас облусу, анын ичинде Айтматов району аялдардын ишкердиги жөн гана социалдык тенденцияга эмес, экономикалык өсүштүн жана жергиликтүү жамааттардын туруктуулугунун реалдуу факторуна айланып бараткан аймак катары абройго ээ болууда. Өнөр жай көп жакшы өнүкпөгөн шарттарда аялдар жигердүү катышкан чакан жана үй-бүлөлүк бизнес жергиликтүү экономиканын өзөгү болуп, жумушчу орундарды түзүп, эмгек миграциясынын деңгээлин төмөндөтүп жатат. Улуттук деңгээлден алып караганда, аялдардын ишкердикке кошкон салымы сезилерлик болууда: Кыргызстандагы бардык ишкерлердин 40 пайызга жакыны – аялдар. Алардын ишмердиги айыл чарбасын, кайра иштетүүнү, кызмат көрсөтүү жана соода тармактарын камтыйт. Ошол эле маалда Талас облусунда бул тенденция өзгөчө мааниге ээ.
Аймак аялдардын экономикага катышуусу боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирине ээ – 62,8%га жакын. Бул жерде 31 чакан жана орто бизнес субъектиси болсо, алардын 45%га жакынын аялдар жетектейт. Өзүн иш менен камсыз кылуу жана чакан ишкерлик жаатында аялдардын үлүшү 35-40 пайызга жетет, бул өзгөчө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тигүү өндүрүшү, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында байкалат. Аялдар жетектеген ар бир ишкана орто эсеп менен 8ден 100гө чейин адамга иш берүүдө. Элеттик экономиканын шарттарында бул мындай бизнестерди жумуш менен камсыз кылуунун негизги булагына айландырууда.
ИШКЕРЛИКТИН ӨЗГӨЧӨ МОДЕЛИ
Райондо аялдардын бизнеси негизинен чакан, ийкемдүү демилгелер форматында өнүгүп жатат. Бул ири инвестицияны талап кылбаган, ошол эле маалда туруктуу киреше менен камсыз кылган долбоорлор. Ишкердик менен үй-бүлөлүк мил-деттерди айкалыштыруу аялдардын негизги өз-гөчөлүгү болуп саналат. Натыйжада бизнестин өз-гөчө модели түзүлүп жатат. Ал ийкемдүү – модель тышкы шарттарга тез эле ыңгайлашып кетет; ту-руктуу – узак мөөнөткө багыт алган; коомдук мак-сатты көздөйт – жамааттын турмушу менен тыгыз байланышта.
АЯЛДАР БИЗНЕСИНИН КӨП ФУНКЦИЯЛУУ РОЛУ
Аналитикалык көз караштан алганда, райондогу аялдардын ишкердиги бир эле учурда бир нече функцияны аткарат. Экономикалык функциясына жумуш орундарын түзүү жана кожолуктардын кирешесин көбөйтүү кирет; социалдык функциясы – жакырчылыктын деңгээлин азайтуу, көбүрөөк адамды жумуш менен камсыз кылуу жана чечимдерди кабыл алууда аялдардын ролун күчөтүү; ал эми маданий функциясы – кол өнөрчүлүк жана жергиликтүү чийки затты кайра иштетүү аркылуу салттарды сактап калуу.
МАМЛЕКЕТТИН ЖАНА ДИАЛОГ АЯНТЧАЛАРЫНЫН РОЛУ
Институционалдык колдоо туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору бойдон калууда. Айтматов районунда чакан жана орто бизнести, анын ичинде аялдардын ишкердигин колдоо артыкчылыктуу багыт болуп эсептелген социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы ишке ашырылууда. Координациялык кеңештер бийликтин, бизнестин жана жамааттын ортосундагы диалог үчүн аянтча болуп, кошумча аспап катары колдонулууда. Бул жерде рынокко кирүүдөн баштап инфраструктуралык чектөөлөргө чейинки негизги тоскоолдуктар талкууланып келет. Белгилей кетчү нерсе, мындай форматтарга бизнес өкүлдөрүнүн 30-35% катышат, алардын олуттуу бөлүгүн аялдар түзөт. Бул аларга көйгөйлөрдү айтып гана тим болбостон, ошону менен бирге райондун өнүгүүсүнө да тикелей таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет.
ЧЕКТӨӨЛӨР ЖАНА ӨСҮШ ЧЕКИТТЕРИ
Оң динамикага карабастан, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү бир катар системалуу тоскоолдуктарга туш болуп жатат. Ал тоскоолдуктар: каржылоого жеткиликтүүлүктүн чектелүү болушу, маркетинг жана санариптик технологиялар боюнча билимдин жетишсиздиги, эч бүтпөгөн социалдык чектөөлөр. Мамлекеттин, бизнестин жана билим берүүчү демилгелердин ортосундагы өз ара байланышты күчөтүү бул чакырыктарга жооп болуп саналат.
Узак мөөнөттүү келечекте тең салмактуу регионалдык өнүгүү үчүн дал ушундай демилгелер негиз болуп берет. Мында адамдык капитал, демилгелүүлүк жана аялдардын экономикалык турмушка жигердүү катышуусу негизги ролду ойнойт.
Окшош материалы:
-
№5 (175) / 2026-06-01 Чолпон ӨМҮРАКУНОВА: “Ак каймак” кантип туруктуу бизнеске жана Ат-Башынын жамааты үчүн таянычка айланды
-
№5 (175) / 2026-06-01 Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА: өнүгүүнүн драйверине айланган тажрыйба
-
№5 (175) / 2026-06-01 Тазагүл КАДЫРОВА: ишкердик кантип коомго кызмат кылуунун аспабына айланууда
-
№5 (175) / 2026-06-01 Венера МАМАЗУНУЕВА: өзүңө жасалган инвестиция – жамаатты өнүктүрүүгө карай жол
-
№5 (175) / 2026-06-01 Меңдайым АРЗИЕВА: тажрыйбадан жаралган лидерлик
-
№5 (175) / 2026-06-01 Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВА: өзүнө инвестиция жасап, башкаларга мүмкүнчүлүк түзүп берген аял инвестор
-
№5 (175) / 2026-06-01 Нурзат САПАРБЕК кызы: социалдык контракт кантип ишкер болууга жана аялдардын лидерлигинин мисалына айланууга жардам берди
-
№5 (175) / 2026-06-01 Анара АСАДОВА: лидер аял кантип чарбаны жандандырып, аялдардын үнүн башкаларга жеткирип, Миң-Булактын өнүгүүсүнө жаңы дем бере алды


















