Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВА: өзүнө инвестиция жасап, башкаларга мүмкүнчүлүк түзүп берген аял инвестор

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВА: өзүнө инвестиция жасап, башкаларга мүмкүнчүлүк түзүп берген аял инвестор

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Кичи-Кемин айылдык аймагынын Бейшеке айылынын тургуну Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВАнын окуясы өз күчүнө болгон ишеним, үйрөнүүгө болгон каалоо жана чакан кадам таштоодон баштоо үчүн кайраттуулук үйдөгү ишти кирешенин булагына, жумуш ордуна жана жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнө кошкон салымга айландыра аларын тастыктаган мисал боло алат. Рахат өзүн биринчи кезекте өзү үчүн инвестор болгон адам катары сыпаттайт – ал өз бизнесин түзүүгө убактысын, билимин, эмгегин жана чечкиндүүлүгүн жумшаган. Бүгүнкү күндө Рахат үй шартында жасалган жарым-жартылай даяр азыктарды өндүрүүнү жолго койгондон тышкары, башка аялдарга да киреше табууга жардам берип, аларды иш-аракетке, экономикалык эркиндикке шыктандырып келет.

ӨЗҮҢӨ ЖУМШАЛГАН ИНВЕСТИЦИЯ БИРИНЧИ КАПИТАЛ БОЛУП КАЛАТ

Өз ишин ачуу идеясы Рахатта бир күндө эле пайда болгон эмес. Убакыттын өтүшү менен Рахат даамдуу жана сапаттуу тамак жасоо өнөрү жөн гана жөндөм эмес, ошол эле маалда бизнес үчүн да негиз боло аларын баамдаган. Үй-бүлөнүн финансылык абалына колдоо көрсөтүү максатында Рахат үйдөн манты, чүчпара, лагмандын камырын жасай баштаган.

Рахаттын алгачкы кардарлары туугандары жана кошуналары болгон. Алардын колдоосу алдыга умтулууга шыктандырган.

“Мен колумдан келип турса, демек, жасай алам да деген ой менен баштоону чечтим. Ошентип жүрүп өзүмө инвестор болдум”, – дейт Рахат.

Ишинин масштабын кеңейтүү үчүн мамлекеттин колдоосунан пайдаланып, “Айыл Банк” аркылуу тиричилик максатында насыя алып, ага керектүү жабдууларды жана өндүрүш станокторун сатып алган. Бул Рахатка үй өндүрүшүнөн кыйла уюшкан бизнес процессине өтүүгө мүмкүндүк берди.

ҮЙДӨ БАШТАЛГАН ИШТЕН ЖУМУШ ОРУНДАРЫН АЧУУГА ЧЕЙИН

Туруктуу бизнести жалгыз түптөө мүмкүн болбогонун түшүнгөн Рахат элеттик аялдардан команданы түзө баштаган. Рахат акча таап, үй-бүлөсүнө жардам бергиси келген жигердүү келиндерди ишке чакырган.

Ошентип анын ишкердик демилгеси өзүнүн үй-бүлөсү үчүн гана эмес, айылдагы башка кожолуктардын да киреше булагына айланды.

“Аялдарда акча табуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондо үй-бүлөдөгү маанай да өзгөрүп, келечекке ишеним пайда болот”, – дейт Рахат.

Чакан айылда бир нече жумуш орундары да чоң мааниге ээ: бул кошумча киреше, жумушсуздуктун азайышы жана аялдардын экономикалык жигердүүлүгүнүн жогорулашы дегенди билдирет. Рахаттын бизнеси жумушчулардын үй-бүлөсүнө гана эмес, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө да таасирин тийгизүүдө. Анын өндүрүшү айылдагы аялдар үчүн жумуш орундарын түзүп жатат; жамааттын ичиндеги каражаттардын жүгүртүүсү көбөйүүдө; жергиликтүү ишкердиктин маданиятын өнүктүрүп жатат; мамлекеттик колдоо программаларын натыйжалуу колдонуунун мисалын көрсөтүүдө; экономикада аялдардын лидерлигине ишенимди бекемдеп жатат.

Аялдардын экономикалык жигердүүлүгүнөн жалпы муниципалитет пайда табат: үй-бүлөлөрдүн бакубатчылыгы артат, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап өсөт, жаңы идеялар жана демилгелер пайда болот.

МИСАЛ АРКЫЛУУ ЛИДЕРЛИК

Рахат заманбап ишкер айым деп финансылык жактан эркин, мүнөзү күчтүү жана үй-бүлөсүнө да кам көрүп, жумушту да жасай билген аялды атайт. Ал муну куру өз менен айтып койбостон, өзүнүн мисалында аял нөлдөн баштап бизнес түзүп, команданы чогултуп, ресурстар чектелүү болсо да алдыга умтула аларын өзүнүн мисалы менен көрсөтүүдө.

Аны өзүнүн командасы – жаңы идеялар менен келген, жакшыртуунун жолдорун сунуштаган жана өндүрүштү бирге өнүктүргөн аялдардан шыктандырып келет. “Алардын алдыга умтулуусу мага мындан ары да өсүүгө күч берүүдө”, – дейт ал.

БИЗНЕСКЕ МАМИЛЕ: БИЛИМ ЖАНА ПЛАНДОО

Рахат кесиби боюнча финансист, ошондуктан бул маселени системага салып чечүүгө аракет жасады: суроо-талап менен таанышып, рынокту талдап, чыгашаларды жана кирешелерди эсептеп, өнүгүүнү пландаштырган.

Рахат ишкердик тартипти жана заманбап аспаптарды талап кылат деп эсептейт. Ийгиликтин негизги факторлорунун арасында ал төмөнкүлөрдү бөлүп карайт: так пландаштыруу; өздүк наркты жана бюджетти эсептөө; брендди таанытуу; күчтүү команданы тандоо; SMM’ди жана санариптик жол менен таанытууну  колдонуу; кардарларга сый мамилеси; дайыма окууларга катышуу.

КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР

Рахат жолун жаңыдан гана баштап, алдыга чоң максаттарды коюуда. Анын пландары: продукциянын ассортиментин кеңейтүү; өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү; аялдар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү; бизнести өнүктүрүү боюнча окуулардан өтүү; ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программалар менен таанышуу; продукциянын таңгагын жана брендин жакшыртуу; айылдын сыртындагы дагы кененирээк рынокко чыгуу.

Ал ошондой эле бизнестин өсүшүн тездетүүгө жана өнүгүүнүн туура багыттарын тандоого жардам берчү тажрыйбалуу насаатчыларды тапкысы келет.

БАШКА АЯЛДАР ҮЧҮН ИЛХАМДЫН БУЛАГЫ

Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВАнын окуясы инвестиция дайыма эле көп акча менен баштала бербестигин көрсөтүп турат. Кээде эң маанилүү инвестиция – бул өз жөндөмүңө, кайратыңа жана билимиңе жумшалган акча. Рахаттын жолу башка аялдарды ойдогудай шарттарды күтүп отурбастан, азыр турган жеринен баштоого шыктандырууда. Үйдө башталган чакан иш киреше алып келүүчү, жумуш орундарын түзүүчү жана бүтүндөй жамаатты өнүктүрүүчү туруктуу бизнеске айлана алат.

“Эгерде идеяң болсо, иштөөгө каалооң болсо, өзүңө да, башкаларга да пайда алып келе аласың”, – деп ишенет Рахат. 

 

Окшош материалы: