Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Нурзат САПАРБЕК кызы: социалдык контракт кантип ишкер болууга жана аялдардын лидерлигинин мисалына айланууга жардам берди
Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.
Нурзат Сапарбек кызынын окуясы – бул мамлекеттик колдоо, өжөрлүк жана жашоону өзгөртүүгө болгон умтулуу элет жергесиндеги аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кантип ачарын тастыктаганын мисалы. Нурзат кечээ жакында эле үй тиричилиги менен алек жаш эне болчу, ал эми бүгүнкү күндө ал жарым-жартылай даяр азыктарды өндүрүп, үй-бүлөсүн камсыз кылып, башка аялдарды да өз күчүнө ишенүүгө шыктандырууда.
КӨЙГӨЙ: ЭЛЕТ ЖЕРГЕСИНДЕГИ АЯЛДАРДЫН ЧЕКТЕЛҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
Кыргызстандын көптөгөн айылдарында аялдар туш болгон кыйынчылыктар окшош: туруктуу жумуш жок, финансы булактары чектелүү, кесипкөй билим жетишсиз, балдардын жана тиричиликтин түйшүгү оор. Идеялары жана иштөө каалоосу болгон күндө да, көптөгөн адамдар баштапкы капиталдын жана өзүнө болгон ишенимдин жоктугунан улам ишин баштай албай келишет.
Ушундай жагдайга Нурзат да туш болгон. 1998-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Кайыңды айылында төрөлгөн Нурзат бала кезинен эмгекти, жоопкерчиликти биринчи орунга койгон карапайым үй-бүлөдө чоңойгон. Мектептен кийин турмушка байланышкан себептерден улам Нурзат университетте окуусун уланта алган эмес. Кийинчерээк эне болгондон кийин ал өзүн толугу менен үй-бүлөсүнө арнагандыктан, акча табуу маселеси ачык бойдон калган эле.
“Өзүмдүн жеке ишимди ачуу идеясы эчак эле бар болчу, бирок мага ресурстар жана ишеним жетпей жатты”, – деп эскерет Нурзат.
ЧЕЧИМ: СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ БИЗНЕС ҮЧҮН БАШАТ КАТАРЫ
Социалдык контракт программасына катышуу бурулуш учур болду. Социалдык контракт – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз ишин өнүктүрүү аркылуу колдоого багытталган мамлекеттик демилге. 2025-жылдын август айында Нурзат 150 миң сом алып, үй шартында жасалган жарым-жартылай даяр азыктарды чыгаруу үчүн баштапкы капиталга ээ болгон. Бул каражатка ал керектүү жабдууларды сатып алып, үйүнүн бир бөлмөсүнө чакан цех ачкан. Дал ушул кадам жөндөмүн киреше булагына айландырууга мүмкүндүк берген. Бүгүнкү күндө “НУР” бренди менен Нурзат манты, чүчпара, самса, оромо, лагман камырын жана башка колго жасалган азыктарды чыгарууда. Нурзат продукциянын сапатына, тазалыгына, адал болгонуна өзгөчө көңүл бурат.
ӨСҮҮ ЖОЛУ: БИРИНЧИ БУЙРУТМАДАН ТУРУКТУУ КАРДАРЛАРГА ЧЕЙИН
Башталышы оңой болгон жок. Нурзатта бизнести жүргүзүү тажрыйбасы жетишсиз болчу, эттин жана башка азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлдү, ал эми негизинен туугандар жана тааныштар биринчи кардары болгон.
Бирок, Нурзат лидерлик сапаттарын – демилгелүүлүгүн, ийкемдүүлүгүн жана үйрөнүүгө даярдыгын көрсөтө алды. Ал WhatsApp топтору аркылуу азыктарын таанытып, тамак жасоо процессинин видеолорун жарыялап, акцияларды өткөрүп, байгелерди ойнотуп турду. Ушундай жөнөкөй, бирок натыйжалуу кадамдар сатып алуучулардын ишенимине ээ болууга жана туруктуу кардарлар базасын түзүүгө жардам берди.
Бүгүнкү күндө буйрутмалар үзгүлтүксүз кабыл алынып, азыктар жума сайын даярдалууда. Суроо-талап жогору болгон мезгилде башка аялдар да жумушка тартылып, кошумча киреше алышат.
ЭКОНОМИКАЛЫК ЭРКИНДИК АРКЫЛУУ АЯЛДАРДЫН ЛИДЕРЛИГИ
Социалдык контракт жөн гана финансылык жардам эмес, бул аялдын дараметин ачуу, үй-бүлөсү үчүн жоопкерчиликти алуу, чечим кабыл алуу жана буга чейин болбогон мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн аспап болуп калды.
“Менде эң негизги өзгөргөн нерсе – өзүмө болгон ишеним пайда болду. Эми багытымды жакшы билип калдым. Көрсө, ишти баштагандан коркпош керек экен. Мүмкүнчүлүктөр бар, болгону аларды көрүп, колдоно билиш керек. Ооба, кыйын болот, бирок алга умтула берсең, жыйынтыгы сөзсүз болот”, – дейт Нурзат.
Социалдык контракт программасынын жардамы менен Нурзат финансылык эркиндикке, өзүнө болгон ишенимге жана жамаатта сый-урматка ээ болуп, ишкердик жөндөмүн өздөштүрүп, башка аялдарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Себеби, элеттик чакан бизнес да бир үй-бүлөнүн гана эмес, жалпы жамааттын өнүгүшүнө да таасир эте алат.
Бүгүнкү күндө Нурзаттын үй-бүлөсүндө туруктуу киреше булагы бар, ал эми айыл тургундары үйлөрүнө жакын жерден сапаттуу азыктарды сатып ала алышат. Ошол эле учурда башка аялдар үчүн убактылуу киреше табууга шарттар түзүлүп, айылдагы аялдардын ишкердик маданиятын түптөп, жаштар жана башка аялдар өз дараметин ача алышы үчүн шыктандыруучу мисал болуп беришет.
КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР
Нурзаттын тажрыйбасы көрсөткөндөй, чакан финансылык колдоо да үй-бүлөнүн тагдырын өзгөртө алат.
“Колдон келген ишти туруктуу бизнеске айлантууга болорун түшүндүм. Ийгилик жаңы нерселерди үйрөнүп, сынап көрүүгө даяр болгондорго келет. Жакынкы келечекте өндүрүштү кеңейтип, кондитердик багытты өздөштүрүп, сертификат алайын деп жатам. Андан кийин ири рынокко чыгуу үчүн дүкөндөр менен байланыш түзөм. Аялдар үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү мен үчүн өзүнчө бир милдет болуп турат. Ишти баштагандан коркпогула”, – дейт Нурзат.
ЧАКАН КАДАМ – ЧОҢ ӨЗГӨРҮҮЛӨР
Нурзат САПАРБЕК кызынын окуясы бир нерсени тастыктап турат: социалдык контракт жөн гана колдоо чарасы эмес, аялдардын лидерлигин, үй-бүлөнүн бакубатчылыгын жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн реалдуу аспабы боло алат.
Кээде чоң өзгөрүүлөр үчүн чындап эле бир мүмкүнчүлүк – жана биринчи кадамды жасоо үчүн кайраттуулук керек.
Окшош материалы:
-
№5 (175) / 2026-06-01 Чолпон ӨМҮРАКУНОВА: “Ак каймак” кантип туруктуу бизнеске жана Ат-Башынын жамааты үчүн таянычка айланды
-
№5 (175) / 2026-06-01 Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА: өнүгүүнүн драйверине айланган тажрыйба
-
№5 (175) / 2026-06-01 Тазагүл КАДЫРОВА: ишкердик кантип коомго кызмат кылуунун аспабына айланууда
-
№5 (175) / 2026-06-01 Венера МАМАЗУНУЕВА: өзүңө жасалган инвестиция – жамаатты өнүктүрүүгө карай жол
-
№5 (175) / 2026-06-01 Меңдайым АРЗИЕВА: тажрыйбадан жаралган лидерлик
-
№5 (175) / 2026-06-01 Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВА: өзүнө инвестиция жасап, башкаларга мүмкүнчүлүк түзүп берген аял инвестор
-
№5 (175) / 2026-06-01 Анара АСАДОВА: лидер аял кантип чарбаны жандандырып, аялдардын үнүн башкаларга жеткирип, Миң-Булактын өнүгүүсүнө жаңы дем бере алды
-
№5 (175) / 2026-06-01 Венера УЗБЕКОВА: лидер аял кантип кароосуз калган жерлерди туризм жана өнүгүү борборуна айлантып жатат


















