Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Анара АСАДОВА: лидер аял кантип чарбаны жандандырып, аялдардын үнүн башкаларга жеткирип, Миң-Булактын өнүгүүсүнө жаңы дем бере алды

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Анара АСАДОВА: лидер аял кантип чарбаны жандандырып, аялдардын үнүн башкаларга жеткирип, Миң-Булактын өнүгүүсүнө жаңы дем бере алды

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Кыргызстандын айыл чарбасында көп жылдар бою жетекчилик кызматтарды адатта эркектер ээлеп келген. Бул өзгөчө ири дыйкан чарбаларында байкалат, анда башкаруу техниканы, агрономияны, финансыны жана чоң жамааттар менен иштөөнү талап кылат. Аялдар ресурстардын жана окуунун жетишсиздиги менен гана эмес, ошондой эле туруктуу стереотип менен да күрөшүүгө туура келет: агробизнес – бул “аялдардын иши эмес” деген ой калыптанып калган.
Мына ушундай шарттарда 2014-жылы Садовое айылынын тургундары 1958-жылы эле негизделген мурдагы “Энгельс” колхозун Анара АСАДОВАга ишенип беришкен. Кезинде райондогу күчтүү чарбалардын бири саналган “Энгельс” колхозу ошол маалда чыгаша гана алып келип калган эле. Көптөр үчүн бул жөн гана көйгөйлүү ишкана болсо, Анара АСАДОВА үчүн бул айылдын тарыхынын жана бир нече муундардын жашоосунун бир бөлүгү болчу.
“Бул жерде бир убакта айылдын дээрлик бардык тургундары иштешчү. Биз үчүн бул жөн эле чарба эмес, бул адамдардын жашоосунун бир бөлүгү”, – деп эскерет Анара.

КРИЗИСТЕН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ ЧЕЙИНКИ ЖОЛ

Чарбага жетекчиликти колго алгандан кийин Анара бир эле учурда бир нече көйгөйгө туш болду: техника эски, жүгүртүүдөгү каражат чектелүү, инвестициялык жагымдуулугу начар, заманбап билим жетишсиз жана салттуу түрдө эркектерге таандык деп эсептелип келген тармакта жетекчиликке аялдын дайындалышы ишенбөөчүлүк сезимин жаратты.

Көптөр Анара бул ишти аркалап кете албайт деп күтүшкөн. Бирок ал баш тарткандын ордуна тынымсыз билим алып, практикалык өзгөрүүлөрдүн жолун тандап алды. Анара айыл чарбасы боюнча ар кандай тренингдерге, семинарларга жана окутуучу программаларга катыша баштады. Кийинчерээк Анара агрардык чөйрөдө экинчи жогорку билим алуу үчүн окууга тапшырган. 

“Мен бул чөйрөгө жаңы келгенде көп агрегаттардын аталышын да билчү эмесмин. Бирок практиканын жана окуунун аркасында бул процесске толугу менен кирип кеттим”, – дейт Анара.

Акырындык менен чарба калыбына келе баштады. Бүгүнкү күндө ишкана 500 гектарга жакын жерди айдап, кант кызылчасын, жүгөрү, буудай, арпа, сабиз, сарымсак, соя, помидор өстүрүүдө. Мындай жылышка системалуу жаңылануунун, тартиптин жана күчтүү команданын жардамы менен жетүү мүмкүн болду.

АБАЛДЫ ӨЗГӨРТКӨН 100 МИҢ ДОЛЛАР 

Бурулуш учур 2019-жылы болду. Агрардык семинарларга катышкандан кийин Анара эл аралык колдоонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алып, грантка өтүнмөсүн жиберген. Натыйжада чарба 100 миң доллар утуп алып, бул каражатка жаңы комбайн жана трактор сатып алынган. Элеттик бизнес үчүн бул чыгымдар кескин түрдө кыскарат, өндүрүмдүүлүк жогорулайт, себүү жана түшүмдү жыйноо маалында мөөнөттөн кеч калбай иштөө дегенди билдирет.

“Мен мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жокмун. Январда эле өтүнмөнү жиберип, мартта грант бөлүнгөнү тууралуу тастыктама колума тийди”, – дейт ал.

Бул тажрыйба маанилүү сабакты көрсөттү: демилге бар болгон, үйрөнүүгө жана аракеттенүүгө даяр алыскы аймакка да инвестиция келет.

АЧЫК БЮДЖЕТ ЖАНА ЖАРАНДАРДЫН КАТЫШУУСУ

Чарбадагы ийгилик Анара АСАДОВАнын лидерлигинин бир гана тарабы болуп калды. 2017-жылы Анара жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланып, 21 депутаттын ичинен жалгыз аял болду.

Анара кошумча колдоо механизмдери болбосо, аялдарга өкүлчүлүктүү органдарга кирүү канчалык кыйын экенин өз тажрыйбасынан улам түшүндү. Ошондуктан ал жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота киргизүүнү жигердүү колдоого алды. Кийинчерээк мындай ченем кабыл алынып, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ошентип, кийинки чакырылышта эле жергиликтүү кеңешке 8 аял депутат шайланган. Бул бир аял лидер системаны башка көптөгөн адамдар үчүн кандайча өзгөртө аларын чагылдырган чыныгы турмуштук мисал болуп калды. 

“Мындай механизмдер болбосо, аялдардын өкүлчүлүктүү органдарга кириши кыйын”, – деп белгиледи Анара.

Анара депутат болуп иштеп жүргөндө жергиликтүү башкаруунун ачык-айкындуулугун сүрөп келген. Анын катышуусу менен Миң-Булак аймагы бюджеттин ачык-айкындуулугу жана натыйжалуулугу боюнча конкурстарда 2021-жылы 1-орунду, 2025-жылы 2-орунду ээлеген.

Ошондой эле Анара Финансы министрлигинин санариптик аспабын биринчилерден болуп колдонду – бул аспап тургундарга мобилдик тиркеме аркылуу бюджеттин долбооруна өз сунуштарын киргизүүгө мүмкүндүк берет. Бул элдин чечим кабыл алууга катышуусуна салым кошуп, бийликке болгон ишенимин арттырды.

“Ачыктык, жарандардын катышуусу жана маалыматка жетүү – бул натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзөгү”, – дейт Анара.

ЖАШТАРГА ЖАНА АЯЛДАРГА ИНВЕСТИЦИЯ

2025-жылы аймак Садовое айылында “Ак-Илбирс” жаштар борборун ачууга 90 миң долларга жакын суммада грант утуп алган. Борборду жабдуу үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча 1 миллион 300 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле Анара жетектеген коомдук бирикме кошумча класстар, китепкана жана компьютерлер үчүн дагы 6000 доллар тартып келген. Бүгүнкү күндө борбор жаштарды окуткан, санариптик билим берген жана өз дараметин ачууга шарт түзгөн аянтчага айланды.

Буга катар эле Аялдарды жана кыздарды өнүктүрүү борбору түзүлдү. Бул борбор аялдарды, анын ичинде турмуштук оор кырдаалды башынан өткөргөн аялдарды колдоонун, окутуунун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн коопсуз мейкиндиги.

ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА – АЙЫЛГА ПАЙДА

Чарбаны өнүктүрүүнүн аркасында Анара АКШга, Кытайга жана Орусияга кесипкөй сапарларга катышты. 2022-жылы АКШга 20 күндүк стажировка өзгөчө маанилүү болду, бул жерде Анара фермерлер менен бирге агробизнестеги заманбап ыкмаларды үйрөндү. Алган билимин Анара өз жеринде пайдаланды: үрөндөрдүн жаңы сорттору, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн заманбап ыкмалары, чарбанын натыйжалуулугун жогорулатуу – булардын баары пайдалуу болду. 2023-жылдан баштап чарба Германиядан жана башка өлкөлөрдөн студенттерди практикага жана тажрыйба алмашууга кабыл ала баштады.

АЛЫНГАН САБАКТАР

Анара АСАДОВАнын окуясы бир нече маанилүү тыянакты көрсөтүүдө: аял салттуу түрдө эркектерге таандык деп саналган тармакты да ийгиликтүү жетектей алат; окутуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү – лидерликтин ачкычы; гранттар жана өнөктөштүктөр демилге бар жерде иштейт; аялдардын жергиликтүү бийликке катышуусу чечимдердин сапатын өзгөртүүдө; жаштарга инвестиция жасамайынча жана ачык башкаруу болмоюнча айылды өнүктүрүү мүмкүн эмес. 

КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР

Бүгүнкү күндө Анара Асадова агробизнести, коомдук ишмердүүлүктү, башка аялдарга жана депутаттарга насаатчылыкты айкалыштырып келүүдө. Пландарда чарбаны андан ары модернизациялоо, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, жаш фермерлерди колдоо жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууда аялдардын ролун күчөтүү бар. 

“Чыныгы ийгилик – бул жашоонун бардык чөйрөсүндөгү гармония. Аял жумушта, үй-бүлөдө жана коомдо жолун тапканда аны ийгиликтүү деп айтууга болот”, – дейт ал.

 

Окшош материалы: