Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Меңдайым АРЗИЕВА: тажрыйбадан жаралган лидерлик

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Меңдайым АРЗИЕВА: тажрыйбадан жаралган лидерлик

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Акман айыл аймагынын Бешик-Жон айылында жигердүү жарандык позициясы жана кайдыгер эместиги бүтүндөй жамаат үчүн үлгү болуп калган аял жашайт. Мендайым АРЗИЕВА – жергиликтүү активист, лидер жана насаатчы, ал көп жылдардан бери өзүнүн муниципалитетинин өнүгүшүнө салым кошуп, маанилүү демилгелердин айланасына элди бириктирип келатат. Анын жолу окуу программаларына жана коомдук демилгелерге катышуу менен башталды. Долбоорлорду пландаштыруу, ЖӨБ жана коомчулуктун катышуусу жаатында билимге ээ болуп, Мендайым алары иш жүзүндө колдонуп гана тим болбостон, башкалар менен да бөлүшө баштады.  “Айылдын көйгөйлөрүн өзүбүз көтөрбөсөк, муну биздин ордубузга эч ким жасабай турганын түшүндүм. Көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүү жолдорун сунуштап, аракет жасай беришибиз керек”, – дейт ал.

ЖАМААТТЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ

Меңдайым АРЗИЕВА коомдук угууларды уюштуруудан баштап, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга чейин жергиликтүү маанидеги негизги маселелерди чечүүгө жигердүү катышып келет. Жашоочулардын жана жергиликтүү бийликтин биргелешкен күч-аракети менен ачылган 100 орундуу бала бакча олуттуу жетишкендиктердин бири болуп калды.

Мендайым жамаатты мобилизациялап, демилгенин маанилүүлүгүн түшүндүрүп, адамдарды катышууга шыктандыра алган. Ар бир тургун курулуш материалдарын алып келгенден тартып, курулушка катышканга чейин өз салымын кошту.

“Адамдар жыйынтыкты көргөндө баары мүмкүн экенине ишене башташат. Эң башкысы – алар ишти баштап, биригишет”, – дейт ал.

Мындан тышкары, ал айыл үчүн күнөсканаларды ачып, аялдардын арасында айылдык ишкердикти өнүктүрүү сыяктуу инновациялык чечимдерди киргизди. Бул демилгелер үй-бүлөлөрдүн бакубатчылыгын гана жогорулатпастан, башка айылдарга да үлгү болду.

АЯЛДАРГА НАСААТЧЫЛЫК ЖАНА КОЛДОО

Меңдайым келиндер жана кыздар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурат. Ал жолугушууларды уюштурат, долбоорлорду жазуу, бизнес жүргүзүү жана коомдук турмушка катышуу тажрыйбасы менен бөлүшүп турат.

“Аялдар жигердүү, билимдүү болуп, өзүнө ишениши керек. Эгерде биз өзүбүз өнүгүүгө умтулбасак, бизди эч ким алдыга сүрөбөйт”, – деп белгилейт ал.

30 жылдык тажрыйбасы бар мурдагы мугалим катары ал татаал нерселерди так түшүндүрүп, өнүгүүгө дем бергенди билет. Анын үйү жана иши өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген аялдар үчүн билим алуу жана тажрыйба алмашуу аянтчасына айланды.

ЖАРАНДЫК ПОЗИЦИЯСЫ ЖАНА ЖАШТАР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУСУ

Бүгүнкү күндө Меңдайым АРЗИЕВА жергиликтүү кеңештин депутаты болуп, муниципалитеттин турмушуна жигердүү катышып келет. Бирок, айрыкча жаш муундун көңүл кош мамилеси Мендайым АРЗИЕВАны санаага салууда.

Ал айылдын келечеги жаштарды коомдук процесстерге тартуудан тикелей көз каранды болгонуна ишенет.

“Жаштар кайдыгер болбошу керек. Эртең бул айылда алар жашайт, айыл кандай болору алардан көз каранды, – дейт ал. – Айыл өкмөттүн жашоосуна катышууга, коомдук талкууларга келүүгө, өз оюн айтууга убакыт табыш керек. Бул биздин жалпы келечегибиз”.

Меңдайым өз ишинде жөнөкөй, бирок бекем принциптерди жетекчиликке алат. Алар: чынчылдык, ачыктык жана адамдардын алдындагы жоопкерчилик.

“Мен ар дайым ак ниетим менен ачык иштегенге аракет кылып келем. Эң негизгиси – атыңды булгабай, элдин ишенимин жоготпоо”, деп белгилейт ал.

Мендайымдын жашоодогу урааны анын басып өткөн жолун чагылдырып турат: “Өзгөрүүлөрдү күтпөстөн, аларды өз колуң менен жаса”.

МУРАС ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР

Жаш курагына карабастан Меңдайым АРЗИЕВА өзүнүн тажрыйбасы менен жигердүү бөлүшүп, башкаларга дем берип келет. Ал кайдыгер эмес адамдар чакан демилгелерди да колдоого алса, чоң өзгөрүүлөргө алып келерине ишенет. Анын окуясы – бул жергиликтүү деңгээлдеги чыныгы лидерликтин үлгүсү, мында бир демилгелүү аял жамаатты бириктирип, маанилүү өзгөрүүлөрдү киргизип, жаңы муунду өз муниципалитетинин жашоосуна жигердүү катышууга шыктандыра алды.

“Келечек биздин балдарда. Ал эми биздин милдетибиз – аларга шарт түзүп, жерине, сөзүнө, кабыл алган чечимдерине, жасаган ишине жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүү”, – дейт ал.

 

Окшош материалы: