Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тазагүл КАДЫРОВА: ишкердик кантип коомго кызмат кылуунун аспабына айланууда

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Тазагүл КАДЫРОВА: ишкердик кантип коомго кызмат кылуунун аспабына айланууда

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Тазагүл КАДЫРОВАнын окуясы – бул жеке жоопкерчилик, талыкпаган эмгек жана билимге умтулуу жеке ийгиликтин өзөгүн гана түзбөстөн, ошону менен бирге жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн, аялдардын жана жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн салымдын туруктуу моделине айланышы мүмкүн экендигинин мисалы.
Өз кесиптик эмгек жолун Тазагүл 1992-жылы Кадамжай шаарынын төрөт бөлүмүндө акушер болуп иштөөдөн баштаган. Бул иш ал үчүн жөн гана кесип эмес, жаңы адамдын дүйнөгө келишине себепкер болуп, жүздөгөн үй-бүлөлөр менен эне болуу кубанычын бөлүшүү вазыйпасына айланган. Бирок, жылдар өтүп, дагы бир түшүнүк пайда болду: заманбап аял бир эле роль менен чектелип калбашы керек – ал жаратмандыкка, өнүгүүгө жана башкаларга багыт көрсөтүүгө жөндөмдүү.

БИЛИМГЕ ИНВЕСТИЦИЯ ЖАСОО МЕНЕН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ ИЗДӨӨГӨ КАРАЙ ЖОЛ

2008-жылы Тазагүл Шакировна ишкерликке карай алгачкы кадамын таштаган. Медицинадагы ишин базардагы соода менен айкалыштырып, ал бара-бара өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издей берди. 2015-жылы “Ишкер айым” программасына катышуу ага билимге, аспаптарга жана колдоо табууга жол ачканда бурулуш учур болду. Тазагүл Шакировна  эл аралык долбоордун колдоосу менен 4 тигүүчү машина сатып алган. Бул бизнести системалуу өнүктүрүү үчүн башат болуп берген.

Өзүнө инвестиция жумшап, Бишкекте жана Ошто туруктуу негизде окуудан өтүп, тигүүчүлүк, дизайн жана конструкциялоо иштерин өздөштүргөн. Бул билим 2018-жылы “Кыздын аты – Тигүү” тигүү цехинин ачылышына пайдубал болуп берди. Бара-бара бизнес кирешенин булагы эле эмес, ошону менен бирге башка аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн аянтчага да айланды. Ал дизайндан баштап, товарды интернетте таанытууга чейин жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, сатуу рыногун кеңейтти.

СОЦИАЛДЫК НАТЫЙЖА: ЖУМУШ ОРУНДАРЫ ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

2019-жылы анын ишмердиги езилерлик социалдык жыйынтыктарды берди: 2019-жылы анын ишмердиги сезилерлик социалдык жыйынтыктарды берди: үйүндө тиккен аялдар үчүн 12 жумушчу орун түзүлдү; эмгек миграциясына кетпестен акча табуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды; ички өндүрүштүн туруктуу модели түзүлдү.

Көп өтпөй ал Кадамжайда экинчи филиалын ачып, мамлекеттик 5 пайыздык жеңилдетилген насыядан пайдаланып, өндүрүштү жаңылап чыккан. Ал өзүнүн мисалы менен ишкерлик жергиликтүү жамаат үчүн, өзгөчө аялдар жана жаштар үчүн туруктуу өнүгүү булагы боло аларын көрсөттү.

“Таза жашап, абийир менен иштеш керек, ошондо гана эмгегиң өзүңө гана эмес, бүтүндөй коомго да пайда алып келет”, – деп ишенет ал.

ДИВЕРСИФИКАЦИЯЛОО: ДЕН СООЛУК ЖАНА ЭКОЛОГИЯ

Анын ишмердиги бир багыттын алкагынан чыккан. 2021-жылы ал фитнес, йога, массаж жана туз кени бар ден соолукту чыңдоо борборун ачкан, учурда аны жүздөгөн тургундар колдонуп жатышат. Бир жылдан кийин “Таза Ди Кадамжай” экологиялык долбоорун демилгелеп, желимди иштетүү жана чийки затты экспорттоо ишин жолго салып, жаштар үчүн кошумча жумуш орундарын түздү.

ТУРУКТУУЛУК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

2024-жылы ишканада бизнести талкалаган чоң өрт чыккан. Бул олуттуу сыноого сынбастан, Тазагүл Шакировна эки кабаттуу жаңы имаратты куруп, чукул арада ишин калыбына келтирди. Бул баскыч анын туруктуулугун жана стратегиялык ой жүгүртүүсүн тастыктагандай болду.Тазагүл Шакировна 2025-жылы эл аралык кызматташтыкты кеңейтип (АКШ, Кытай), жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү багытында ишин улантууда. Ошол эле маалда ал ар бир жаңы кадамды финансылык гана эмес, интеллектуалдык да инвестиция катары карайт: “Биз өзүбүзгө – үйрөнүүгө, өнүгүүгө, жаңы билим алууга акча жумшашыбыз керек. Бул алдыга умтулуунун жана өлкөгө пайда алып келүүнүн бирден-бир жолу”.

Тазагүл Шакировна мамлекетке жана коомго жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өзгөчө көңүл буруп келет.

“Ар бир ишкер түшүнүшү керек: салык – бул өлкөнүн өнүгүүсүнө салымыбыз. Эгерде биз күчтүү мамлекетте жашагыбыз келсе, ачык-айкын иштеп, милдеттенмелерибизди өз убагында аткарууга милдеттүүбүз”, – деп баса белгилейт Тазагүл КАДЫРОВА.

ВАЗЫЙПАСЫ: АЯЛДАРДЫ ЖАНА ЖАШТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

Бүгүнкү күндө ал ийгиликтүү ишкер гана эмес, ошону менен бирге активист, насаатчы жана шыктандыруучу адам. Анын негизги максаты – жаштар жана аялдар жумуш издеп башка өлкөлөргө кетпеши үчүн аларга өз дараметин мекенинде ишке ашырууга шарт түзүү.

“Элиңе кызмат кылуу – бул ооз көптүрүп айтылган сөз эмес, бул күн сайын жасалып келген эмгек, жоопкерчилик жана айланадагы жашоону жакшыртуу каалоосу”, – дейт ал.

Туруктуу өнүгүү жоопкерчиликти өзүнө алууга, өзүнө инвестиция жумшоого жана башкалар менен мүмкүнчүлүктөрдү бөлүшүүгө даяр бир адамдан башталарын Тазагүл КАДЫРОВАнын окуясы ачык далилдеп турат. Анын артыкчылыгы – аялдарга жана жаштарга үй-бүлөсүнүн жанында, мекенинде иштей алууга шарт түзүү. Тазагүл КАДЫРОВА өзүнүн мисалы аркылуу бир чындыкты далилдейт: үй-бүлөгө гана эмес, бүтүндөй коомго да пайда алып келчү бизнести нөлдөн баштап түптөөгө болот.

 

Окшош материалы: