Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Чолпон ӨМҮРАКУНОВА: “Ак каймак” кантип туруктуу бизнеске жана Ат-Башынын жамааты үчүн таянычка айланды
Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.
ЧЕЧИЛҮҮГӨ ТИЙИШ БОЛГОН КӨЙГӨЙ
Салттуу түрдө мал чарбачылыгы экономиканын өзөгүн түзгөн бийик тоолуу Ат-Башы районунда 2019-жылы сүт сатуу көйгөйү өзгөчө курч маселеге айланды. Жайкысын фермерлерде чийки зат ашыкча көлөмдө топтолуп жатты: сүттүн бир бөлүгү арзандатылган баада сатылса, дагы бир бөлүгү такыр эле сатылбай калчу. Бул элеттик үй-бүлөлөрдүн кирешесин азайтып, жергиликтүү экономикага да таасирин тийгизген.
Дал ушул учурда Чолпон ӨМҮРАКУНОВА кырдаалды өзгөртүүнү чечти. Чолпон эгерде кайра иштетүү райондун ичинде өнүкпөсө, жашоочулар өнүмдөрүн да, кирешесин да жогото бере турганын түшүндү.
“Фермерлердин эмгеги текке кетип жатканын көрүп, кайра иштетүүнү ушул жерден баштабасак, өнүмдү да жоготуп, кирешеден да куру каларыбызды баамдадым”, – деп эскерет Чолпон.
Өндүрүштө тажрыйбасы болбосо да, сүттү кайра иштетүүнүн салттуу ыкмаларын жакшы билген Чолпон 2019-жылдын май айында чакан үй өндүрүшүн ишке киргизди. Ал айылдаштарынан сүзмө сатып алып, андан курут жасай баштаган. Башында көлөмү жупуну болду – жумасына 30-50 кило, бирок ошондо эле анын келечектеги бизнесинин негизги идеясы калыптанган. Чолпон райондун ичинде кошумча нарк түзүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында бул ишти баштаган эле.
АЛГАЧКЫ ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА МОДЕЛДИН ӨЗГӨРҮШҮ
2019-жылдын августунда эле ишкер ыкманы өзгөрттү. Ал жаңы саалган сүттү сатып алууга өтүп, каймак, сары май жана сүзмө жасай баштаган. Бул айлык жүгүртүүнү 40 000–70 000 сомго чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди, бирок бизнес баары бир мезгилдүүлүккө көз каранды болуп, үйдө жасалган иштин масштабы чектелүү бойдон калып жатты.
Бурулуш учур 2019-жылдын октябры болду. Чолпон 900 миң сомго жакын каражат жумшап, үйүнүн эки бөлмөсүн чакан цехке айландырды.
Суу өткөрүлүп, үч фазалуу электр энергиясы кошулду, пастеризатор; сепаратор; ачыткыч түзмөктөр сыяктуу жабдуулар сатып алынды. “Болгон акчабызды бизнеске жумшоонун тобокелдиги бар эле. Бирок ансыз өсүш да мүмкүн эмес”, – деп белгилейт ал. Дал ушул чечим ишти үй форматынан толук кандуу өндүрүшкө өткөргөн.
ҮЙДӨ БАШТАЛГАН ИШТЕН ТУРУКТУУ БИЗНЕСКЕ ЧЕЙИН
2020-жылы эле компания ишинин туруктуу деңгээлине чыккан. Кайра иштетүү суткасына 200-400 литрге жетип, өнүмдүн ассортименти да кеңейди. Каймактан тышкары, айран, йогурт, быштак, сүзмө, сары май жана кычкыл сүт азыктары өндүрүлө баштады. Ошентип, “Ак каймак” туруктуу суроо-талапка ээ болгон системалуу ички бизнеске айланды.
Мамлекеттин жана өнүктүрүү программаларынын колдоосу андан аркы өсүштүн маанилүү фактору болуп калды. Чолпон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу консультациялык жардам алып, андан кийин жылдык 6% менен 1,5 млн сом жеңилдетилген насыя алган. Бул каражаттар өндүрүштүк базаны чыңдоого, процесстерди жакшыртууга жана сапаттын жогорку стандарттарына ылайык иштөөгө мүмкүндүк берди. “Колдоо ишти улантууга гана эмес, өндүрүштү стандарттарга ылайык түзүүгө жана стратегиялык ой жүгүртүүгө жардам берди”, – дейт ишкер.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Бүгүнкү күндө “Ак каймак” ишканасы суткасына 500 литрден 1,5 тоннага чейин сүттү кайра иштетет. Жылдык товар жүгүртүү 2–3 миллион сомду түзөт.
Өндүрүштө 5 туруктуу кызматкер иштейт, ошондой эле туруктуу рынокко чыгып турган 20–30 дыйкан чарбасы менен кызматташтык жолго салынды. Ат-Башы үчүн бул чоң мааниге ээ: фермерлер кепилденген кирешеге ээ болушту; сүт коромжу болбой калды; жергиликтүү экономика өсүүдө; жаңы жумуш орундары түзүлдү; жергиликтүү продукциянын баасы жогорулады.
Мындан тышкары, продукциянын 15–20% Бишкекке жеткирилип, бул өз кезегинде районду таанытып, Ат-Башынын сапаттуу табигый продукцияны өндүрүүчү катары аброюн арттырып жатат. “Фермер башкалар анын сүтүн сатып аларын билгенден кийин анын сапаты жана өнүгүү жөнүндө ойлоно баштайт – бул болсо өз кезегинде бардыгын өзгөртөт”, – деп белгилейт Чолпон.
ЧАКЫРЫКТАР ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТ
Жетишилген ийгиликтерге карабастан, бизнес заманбап көйгөйлөргө туш болууда: өндүрүштүн мезгилдүүлүгү, чийки затка болгон баанын өсүшү, логистика жана ири соода түйүндөрүнө кирүү үчүн таңгактарды модернизациялоо зарылдыгы.
Бирок, Чолпон буга тоскоолдук катары эмес, өсүштүн кийинки этабы катары карайт. Чолпондун кайра иштетүүнү суткасына 2-3 тоннага чейин жеткирүү; заманбап таңгактарды киргизүү; “Ак каймак” брендин күчтөндүрүү; онлайн сатууну кеңейтүү; Кыргызстандын жаңы рынокторуна чыгуу пландары бар. “Биздин продукциябыз Ат-Башыда гана эмес, жалпы өлкөгө таанылышын жана анын артында биздин адамдардын реалдуу кирешеси турушун каалайм”, – дейт ал.
ЖЕКЕ ДЕМИЛГЕНИН КҮЧҮ
Чолпон ӨМҮРАКУНОВАнын окуясы эмгек, кайрат жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен бекемделген бир идея кантип бүтүндөй жамаат үчүн туруктуу кирешенин булагына айланып кетерин көрсөткөн мисал. Бүгүнкү күндө “Ак каймак” жөн гана сүт азыктарын өндүрүүчү гана эмес. Ал Ат-Башынын экономикасын чыңдоочу жана элеттик ишкердикти кантип кичи мекениңде эле келечекти түптөй аларын көрсөткөн аймактык бренд.
Окшош материалы:
-
№5 (175) / 2026-06-01 Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА: өнүгүүнүн драйверине айланган тажрыйба
-
№5 (175) / 2026-06-01 Тазагүл КАДЫРОВА: ишкердик кантип коомго кызмат кылуунун аспабына айланууда
-
№5 (175) / 2026-06-01 Венера МАМАЗУНУЕВА: өзүңө жасалган инвестиция – жамаатты өнүктүрүүгө карай жол
-
№5 (175) / 2026-06-01 Меңдайым АРЗИЕВА: тажрыйбадан жаралган лидерлик
-
№5 (175) / 2026-06-01 Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВА: өзүнө инвестиция жасап, башкаларга мүмкүнчүлүк түзүп берген аял инвестор
-
№5 (175) / 2026-06-01 Нурзат САПАРБЕК кызы: социалдык контракт кантип ишкер болууга жана аялдардын лидерлигинин мисалына айланууга жардам берди
-
№5 (175) / 2026-06-01 Анара АСАДОВА: лидер аял кантип чарбаны жандандырып, аялдардын үнүн башкаларга жеткирип, Миң-Булактын өнүгүүсүнө жаңы дем бере алды
-
№5 (175) / 2026-06-01 Венера УЗБЕКОВА: лидер аял кантип кароосуз калган жерлерди туризм жана өнүгүү борборуна айлантып жатат


















