Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА: өнүгүүнүн драйверине айланган тажрыйба

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА: өнүгүүнүн драйверине айланган тажрыйба

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Арстанбап айылдык аймагынын Кызыл-Үңкүр айылында жаш курак өнүгүүгө тоскоол эмес, баалуу ресурс болгонун өзүнүн мисалы менен далилдеген аял жашайт. Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА – жаш курагына карабай туризмди жигердүү өнүктүрүп, өз жамаатынын экономикасына салым кошуп келе жаткан жергиликтүү тургун. Анын бул чөйрөдөгү жолу даяр бизнестен эмес, адамдарга пайда келтирип, заман агымынан артта калбоо каалоосунан башталды. Ички туризмге кызыгуу өсүп жатканын баамдап, ал биринчи кезекте өзүнүн билимине жана көндүмдөрүнө инвестиция салып, өзүн жаңы багытта сынап көрүүнү чечти: “Мен өзүм үйрөнүп, өнүкпөй турган болсом, анда эч нерсе өзгөрбөй турганын түшүндүм. Жаш курак токтоп калууга себеп эмес”.

ӨЗҮНӨ САЛЫНГАН ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ

Туризм чөйрөсүн өздөштүрүү оңой болгон жок: тажрыйба, тейлөө жөнүндө билим жана туристтер эмнелерди күтүп жатканын түшүнүү жетишсиз эле. Анткен менен Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА аздан баштады – ал маалыматтар менен таанышып чыгып, тажрыйбаны өздөштүрүп, эл менен баарлашып, конокторду кабыл алуу үчүн шарттарды акырындап жакшыртты. Ал үйдүн шартын оңдоого, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, санитардык жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга өз чөнтөгүнөн акча чыгарды.

“Башында кыйын болду – мен эмнеден баштаарымды билбей жаткам. Бирок кийин түшүндүм: эң негизгиси муну жан дилиң менен жасап, жаңы нерселерди үйрөнүүдөн коркпош керек”, – дейт ал.

ИШЕНИМДИН ӨЗӨГҮ КАТАРЫ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН САПАТЫ

Убакыттын өтүшү менен анын үйү туристтер түнөгөнү гана эмес, кыргыздын меймандостугунун чыныгы атмосферасын сезүү үчүн келген жайга айланды. Ал тазалыкка, ыңгайлуулукка жана тейлөөнүн сапатына өзгөчө көңүл буруп келет.

Шайыркүл эже туризмди өнүктүрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталаарына ишенет. Жаш курагына карабастан, ал заманбап каражаттарды жигердүү түрдө өздөштүрүп жатат – туристтер менен байланыш түзүү процессин ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылуу үчүн телефондорду, мессенжерлерди жана брондоо үчүн платформаларды колдонгонду үйрөнүүдө.

“Азыр заман башка. Онлайн режиминде буйрутма алып, тез жооп берип, байланышта болушуң керек. Бул конокко болгон урмат. Конокту кабыл алсаң, муну абийир менен жаса. Адамдар жакшы маанай менен кетип, кайра кайтып келүүгө умтулушат”, – дейт ал. Ал ошондой эле айылдаштарын технологиялардан коркпоого жана аларды өз кызмат көрсөтүүлөрүн таанытуу үчүн колдонууга чакырууда.

ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАЛАПТАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ АУТЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА ЖАМААТКА КАЙРЫЛУУ 

Шайыркүл эженин ишинин негизги принциптеринин бири экологиялык таза продукцияны колдонуу болгон. Конокторго сунуш кылган бардык тамактар жергиликтүү ингредиенттерден даярдалган – алар таза, табигый жана коопсуз.

Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА бир нереге ишенет: туристтер Кыргызстанга нукуралык үчүн келишет. Ал эми ар бир адамдын милдети чыныгы, таза азыктарды жана жергиликтүү маданиятты көрсөтүү. 

“Туризм – бул жалпыбыздын ишибиз. Ар ким аракет кылса айылыбыз конокторду тартып турат. Ыңгайлуулукту жаратып, майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп, тазалыкка кам көрүп, туристти сыйлаш керек. Ошондо жыйынтык да болот”, – дейт ал.

Шайыркүл эже бир адамдын ийгилиги жалпы айылдын ийгилиги экенин түшүнүп, айылдаштары менен тажрыйбасын бөлүшүп, туризмди чогуу өнүктүрүүгө үндөп келет.

Ал өлкөнүн аброюна жана мында ар бир адамдын ролуна өзгөчө көңүл бурат: “Биз Кыргызстанды таанытып жатабыз. Туристтер кандай таасир менен кайтары ар бирибизден көз каранды. Алар кайрадан бизге кайтып келиши үчүн колдон келгенин жасайлы”.

КЕЛЕЧЕК МУУН ҮЧҮН ДЕМ

Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВАнын окуясы – кайраттуулуктун, жаңы нерселерге ачык болуунун, туулуп-өскөн айылын өнүктүрүүгө болгон ак ниеттин үлгүсү. Шайыркүл эже жаш куракка карабастан жаңы ишти баштап, заманбап ыкмаларды өздөштүрүп, чоң өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгүнө айлануу мүмкүн экенин тастыктайт.

Шайыркүл эженин жергиликтүү туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы жумуш орундарын түзүп, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу менен гана чектелип калбайт, ал сый-урматка, сапатка жана жоопкерчиликке негизделген меймандостук маданиятын түптөө зарыл деп эсептейт. Ал эми анын башкаларга жеткиргиси келген пикири мындай: “Кимдир бирөө сырттан келип, баарын жасап берет деп күтпөйлү. Ар бирибиз өзүбүздөн баштасак, ошондо сөзсүз өзгөрүүлөр болот”. 

 

Окшош материалы: