Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Венера МАМАЗУНУЕВА: өзүңө жасалган инвестиция – жамаатты өнүктүрүүгө карай жол

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Венера МАМАЗУНУЕВА: өзүңө жасалган инвестиция –  жамаатты өнүктүрүүгө карай жол

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Сейдикум айылдык аймагынын Аркалык айылында өз күчүнө болгон ишеним жеке тагдырды гана эмес, бүтүндөй бир жамааттын жашоосун да өзгөртө аларын далилдеген аял жашайт. Венера МАМАЗУНУЕВА – аздан баштаган ишкер, бирок өжөрлүктүн жана ички тартиптин жардамы менен ал туруктуу бизнес түптөп, башкаларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай алды. Анын ишкердикке карай сапары айыл чарбасынан башталган. Жер иштетип, жүгөрү, помидор, картошка өстүрүп жүргөндө Венерада биринчи жолу өз күчүнө ишеним пайда болгон.

ӨЗҮНӨ ЖАСАЛГАН ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА БИЗНЕСТИ ӨНҮКТҮРҮҮ 

Баштапкы капиталы же атайын билими болбогондуктан, Венера иштин көзүн таба билүү, чыдамкайлык жана үй-бүлөсү үчүн жоопкерчилик өңдүү өзүнүн ресурстарына таянган. Бара-бара Венера тапкан пайданы өзүнүн ишине жумшап, анын масштабын кеңейткен. Мына ушинтип күнөсканалар, андан кийин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү багыты да пайда болду. Негизги кадамдардын бири курут чыгаруу үчүн жабдууларды алуу болду.

“Жасаган ишимден биринчи кирешени ала баштаганда бир нерсени түшүндүм: мен да бизнес жүргүзө алам. Өсүмдүк өстүргөндү, күнөскананы иштеткенди жана кайра иштетүүнү практикада үйрөнгөм. Бара-бара мен өнүгүп, жаңы нерселерди да сынап көрүшүм керектигин түшүндүм”, – деп эскерет Венера.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ

Ар бир ишкер башынан өткөргөндөй эле Венеранын жолунда да кыйынчылыктар болду. Түшүмдүн аздыгы, финансылык тобокелчиликтер, тажрыйбанын жетишсиздиги – мунун баары андан аркы өнүгүүгө күмөн жаратчу.

“Айрыкча чыгашалар көп болуп, киреше аз болуп калганда баарын таштап кетким келген учурлар болгон. Бирок балдар үчүн жоопкерчилик мага бул жолду улантууга күч берип турду”, – дейт Венера.

Убакыттын өтүшү менен анын бизнеси туруктуу киреше алып келе баштаган жана муну менен катар элеттиктер үчүн жаңы жумуш орундары пайда болгон. Ал жергиликтүү аялдарды жумушка тартып, муну менен жамааттагы жумуштуулуктун өсүшүнө жана кирешенин көбөйүшүнө себепкер болду.

“Мен башка аялдарга жардам берип, тажрыйбам менен бөлүшүүгө аракет кылып келем. Бири-бирибизди колдосок, өнүгүүгө карай жол жеңил болот”, – дейт ал. 

Айыл чарба продукциясын өндүрүүдө Венера химиялык жер семирткичтерди жана реагенттерди колдонбойт, болгону табигый БИОГУМУСту жана суюк БИОГУМУСту пайдаланат.

НАСААТЧЫЛЫК ЖАНА ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ

Бүгүнкү күндө Венера ишкер катары гана эмес, ошол эле маалда насаатчы катары да таа-нылууда. Ал ишин жаңыдан баштап жаткандарга пландаштыруунун, акырындык менен өсүүнүн жана финансылык тартиптин маанилүүлүгүн түшүндүрөт.

“Көптөгөн адамдар жыйынтыкка тез жеткиси келет, бирок план жана чыдамкайлык болбосо, бул ишке ашпайт. Аздан баштап, токтобостон алдыга умтулуу керек”, – деп белгилейт ал. 

Заманбап аспаптар – социалдык тармактар жана онлайн коммуникациялар бизнести өнүктүрүүдө өзгөчө ролду ойноду. Алардын жардамы менен Венера кардарлардын базасын кеңейтип, сатып алуучулар менен түз байланышты жолго сала алды.

БАШКА АЯЛДАРГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИР ЖАНА АЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРУУ

Венеранын муниципалитеттин өнүгүүсүнө кошкон салымы экономикалык көрсөткүчтөр боюнча гана эмес, ошону менен бирге коомдун аялдардын ролун кабылдоосун өзгөртө алганында да байкалат. Анын мисалы башка айыл тургундарын өздөрүн ишкерликте сынап көрүүгө жана аракет жасоодон коркпогонго шыктандырып келет.

“Айылда да мүмкүнчүлүктөр бар. Эң негизгиси өзүңө ишенип, ишти уланта бериш керек”, – дейт ал.

КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР

Келечекте Венера өндүрүштү кеңейтүүнү, кайра иштетүүнүн жаңы технологияларын киргизүүнү жана продукциянын ассортиментин көбөйтүүнү пландаштырууда. Анын пландарында ири ишкана түзүү жана жумушчу орундардын санын көбөйтүү бар: “Менин максатым – үй-бүлөмдү гана камсыздабастан, ошону менен бирге башка аялдарга да үлгү болгум келет. Алар каалоо жана өжөрлүк болсо баары мүмкүн экенин көрүшүн каалайм”.

Венера МАМАЗУНУЕВАнын окуясы – бул өзүңө жасалган инвестиция өнүгүүнүн кубаттуу драйвери боло аларынын далили. Ишин чакан жер тилкесинен баштап, ал бизнести гана түптөбөстөн, ошону менен бирге өз жамааты үчүн жаңы реалдуулукту көрсөтө алды, мында демилге, эмгек жана өз ара колдоо туруктуу келечекке жол ачат.

 

Окшош материалы: