Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көйгөйдү мүмкүнчүлүккө айландырган Аяна СИЯЗБЕК кызы

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Көйгөйдү мүмкүнчүлүккө айландырган Аяна СИЯЗБЕК кызы

Маалыматты топтогон жана адабий калыпка салып, басмага даярдаган Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.

СИЯЗБЕК кызы Аяна – Чүй облусунун Кемин шаарында жашаган жергиликтүү ишкер, төрт баланын энеси. Аянанын бизнес жолунун башталышына күнүмдүк турмушта кездешкен жөнөкөй, бирок коом үчүн маанилүү көйгөй себеп болгон.

КӨЙГӨЙ КАНТИП ЖАРАЛДЫ?

2022-жылы Аяна дүкөндөрдө балдарына таттууларды сатып алып жатып, айрым өнүмдөрдүн сапатынан күмөн санай баштаган. Санитардык талаптарга жооп бербеген шарттарда жасалган таттуулар тууралуу телеберүүнү көргөндөн кийин бул маселе аны катуу ойго салган. 

“Балдарга алган таттуулар кандай шартта жасаларына кабатыр болдум. Ошондо менде суроо пайда болду: алар үчүн таза жана коопсуз продукцияны ким даярдайт?”, – деп эскерет Аяна. 

Ал көйгөйдүн өзөгү базарда сапаттуу, табигый жана ишенимдүү жергиликтүү продукциянын жоктугу болгонун түшүндү. Айрыкча балдар үчүн коопсуз таттуулар аз эле.

АЛГАЧКЫ КАДАМДАР, КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЖАНА ЧЫГЫМДАР 

Аяна башкалар жолун табаар деп күтүп отурбастан, өзү аракет кыла баштады. Ошол эле жылы ал үйдөгү үч чакан мешти колдонуп, таттууларды жасай баштады. Биринчи продукцияына туугандарына, тааныштарына сунуштаган. 

“Өзүм баштап көрсөм эмнеге болбосун деп ойлодум. Ошентип, чакан кадамдарды шилтеп, ишимди үйдөн баштадым”, – дейт ал.

Башында ишке үй-бүлөнүн жеке акчасы сарпталган. Чийки затка 70 миң сом жумшалып, ал эми өндүрүш колго жүргүзүлгөн. Баштапкы этапта продукцияны сактоо мөөнөтү негизги көйгөй болду. Таттуулар табигый ингредиенттерден жасалгандыктан алар тез эле бузулуп, кээ бир товарлар дүкөндөрдөн кайра кайтарылган. Бир аптада эле чыгым 70 миң сомго жеткен учурлар да болгон. Мындан тышкары, тажрыйбанын тартыштыгы, сатууну уюштуруудагы каталар жана жергиликтүү деңгээлдеги айрым атаандаштык тоскоолдуктар да таасирин тийгизди.

“Кээде бир жумалык иштин жыйынтыгы жокко чыгып калчу. Бул эң оор учурлар болду”, – дейт ишкер айым.

КӨЙГӨЙДҮН СИСТЕМАЛУУ ЧЕЧИМИ

Аяна жана анын үй-бүлөсү кыйынчылыктарды ишти токтотууга себеп эмес, сабак катары кабыл алды. 2023-жылы алар биргелешкен күч-аракет менен төмөнкүдөй кадамдарды жасашты: продукциянын рецепттерин кайра карап чыгышты; азыкты сактоонун шарттарын жакшыртышты; температуралык режимге көзөмөл киргизилди; кайсы товарлар жакшы сатыларын талдай башташты; продукцияларды сатуу тууралуу дүкөндөр менен келишим түзүлдү.

“Биз бир команда болуп иш алып бардык: мен өндүрүш үчүн жооп берчүмүн, ал эми жолдошум продукцияны сатууну жана соода түйүндөрү менен сүйлөшүүлөрдү өзүнө алды”, – деп эскерет Аяна.

ӨСҮШ ЖАНА МАСШТАБДЫН КЕҢЕЙИШИ 

Ишке киргизилген өзгөрүүлөрдөн кийин бизнес туруктуу өнүгүүгө багыт алды. Кардарлардын саны көбөйүп, продукция Кеминге гана эмес, Орловкага, Токмокко жана Бишкекке да жеткириле баштады. 2025-жылдын аягында продукция дээрлик 50 чакан дүкөнгө; 5 ири маркетке; жеке буйрутмалар боюнча жана кейтеринг иш-чараларына жеткирилип калды.

“Биз кекстердин төрт түрүн чыгарабыз – ичи толтурулган жана бош болгон, пряник, коржик, булочка, ошондой эле майрамдык иш-чаралар үчүн пирожныйлар, коюлтулган сүт менен рогаликтер, түтүкчөлөр жана пончиктер бар. Башында биз болгону 16 м2 аянтта иштечүбүз жана күнүнө 100гө жакын таңгак таттуу чыгарчубуз. Бүгүнкү күндө ошол эле аянтчада күн сайын 200-250 таңгак чыгарабыз. Биздин кекстерди өзгөчө жаштар жакшы көрүшөт, ал эми пряниктер менен печеньелерди адатта энелер балдарына сатып алышат. Бардык продукцияларыбыз дүкөндөрдө жакшы суроо-талапка ээ”, – дейт Аяна.

Чакан цех ачылып, анда 6 адам туруктуу жумуш менен камсыз болду. Айлык товар жүгүртүү 250 миң сомго жетти.

“Эгерде бул башында айына 5-10 миң сом кошумча киреше алып келсе, бүгүн туруктуу өндүрүшкө ээ болдук”, – дейт Аяна.

2026-жылы Аяна Кемин районун өнүктүрүү фондунан 2% менен 9,5 миллион сом жеңилдетилген насыя алды. Бул каражатка аянты 153 м2 болгон жаңы кондитердик цехтин курулушу башталды. Ошондой эле муздатуучу автоунаа жана жаңы жабдуулар сатып алынмакчы. Бул чечим өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

“Бул колдоо бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берди. Эми биз сапатты сактап калып, жаңы деңгээлге чыгууга аракет кылып жатабыз”, – дейт ишкер.

КООМГО ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Аяна чечкен көйгөй бир эле үй-бүлөгө тиешелүү эмес, ал коомдук мүнөзгө ээ болду. Натыйжада: тургундар таза жана коопсуз жергиликтүү азыктарды алып турушат; 6 адам туруктуу иш менен камсыз болду; жергиликтүү бюджетке ай сайын 25–30 миң сом салык жана милдеттүү төлөм түшүп турат; аялдар жана жаштар үчүн шыктандыруучу үлгү пайда болду.

“Үйдө отурган аял да чоң ишти баштай алат. Эң башкысы – биринчи кадамды жасагандан коркпош керек. Кичинекей кадам чоң жыйынтыкка алып келет”, – деген кеңешин берди Аяна.

КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР: ӨНДҮРҮШТҮ КЕҢЕЙТҮҮ, СОЦИАЛДЫК ИНКЛЮЗИЯ ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ТҮЗҮҮ

Ушул тапта “Кемин кондитердик үйү” бренди менен, аянты 153 чарчы метрди түзгөн жаңы кондитердик цех курулуп жатат. Анда өндүрүш бөлүмү, чийки заттарды сактоо үчүн кампа, муздатуучу жай, таңгактоочу цех, даяр продукцияларды сактоочу кампа, кеңсе жана кызматкерлер үчүн эс алуу бөлмөлөрү бар. Имараттын сыртында кардарлар үчүн унаа токтотуучу жай, ошондой эле пандус, ыңгайлуу кире бериш жана майыптыгы бар адамдар үчүн коопсуз өтмөктөр болот.

“Жаңы кондитердик цехтин ачылышы өндүрүштүн көлөмүн гана көбөйтпөстөн, ошону менен бирге жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүп берет, муну менен бардык адамдар заманбап жана жеткиликтүү тейлөө шарттары менен камсыз болот. Бул ишкердикти өнүктүрүүгө жана райондун экономикасын жандандырууга чоң салым кошот”, – дейт Аяна.

Ишкананын социалдык багыттагы ишкердикке өзгөчө көңүл бурганы негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат.

“Биздин негизги максат – киреше табуу гана эмес, коом үчүн пайдалуу бизнести жүргүзүү. Биз майыптыгы бар жарандарды таңгактоо бөлүмүнө ишке тартып, аларга ылайыкташтырылган жумуш орундарын, ыңгайлуу өтмөктөрдү жана коопсуз иш шарттарын түзүүнү пландап жатабыз. Бул аларга туруктуу киреше алып, коомдук турмушка жигердүү катышууга шарт түзөт”, – деп бөлүштү ишкер. 

Келечекте “Кемин кондитердик үйү” өз продукциясын коңшу райондорго жана Бишкек шаарына жеткирүүнү, онлайн буйрутмаларды ишке киргизүүнү, фирмалык дүкөндү ачууну, кафе форматында кеңейүүнү жана брендди жалпы өлкөгө таанытуу үчүн жаңы филиалдарды ачууну пландап жатат.

ЖЫЙЫНТЫК

Аяна байкап калган сапатсыз таттуулар көйгөйү бүгүн Кемин районунда жаңы өндүрүшкө, жумуш орундарына жана ишенимдүү брендге айланды. Аяна көйгөйдү арыз-даттануулар менен эмес, иш-аракеттер менен чечкен аялдын айкын мисалы болуп калды. 

 

Окшош материалы: