Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Нургүл ЫСАКОВА: турмуштук кризистен аялдар кооперативин жана жергиликтүү өндүрүштү түзүүгө чейинки жол

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Нургүл ЫСАКОВА: турмуштук кризистен аялдар кооперативин жана жергиликтүү өндүрүштү түзүүгө чейинки жол

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Нургүл ЫСАКОВА – Баткен облусунун Кадамжай районунда жашаган ишкер жана коомдук ишмер. Билими боюнча мугалим Нургүл ЫСАКОВА мурда эмгек мигранты болчу (2011–2017-жылдары), ал эми бүгүнкү күндө – билим берүү борборунун негиздөөчүсү, аялдар кооперативинин жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн демилгечиси, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаты. Анын ишмердиги аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө, элеттик үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө жана туруктуу жергиликтүү бизнес моделдерин түзүүгө багытталган.

КӨЙГӨЙ: ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КРИЗИС, КИРЕШЕНИН ЖОКТУГУ 

2017-жылы алты жылдык эмгек миграциясынан кайтып келгенден кийин Нургүл ЫСАКОВА оор турмуштук сыноого туш болду. Күйөөсү катуу ооруп, жумушка жарамсыз болуп калган. Ошентип, колунда үч баласы, анын ичинде бир ымыркайы менен калды. 12-18 ай бою үй-бүлө туруктуу кирешеси жок күн көрүп келди. 2020-жылы пандемия учурунда үй шартында чакан бизнести өнүктүрүү аракеттери ишке ашпай калганда кырдаал курчуду. Айылга көчүү да психологиялык кризис менен коштолду.

“Бул иш да, киреше да, келечекке ишеним да жоктой сезилген учур эле. Айла-амал таппай отуруп калдым”, – деп эскерет Нургүл.

КАЙРАТТУУЛУК ЖАНА МОТИВАЦИЯ: ЖООПКЕРЧИЛИК ӨСҮШ ЧЕКИТИ КАТАРЫ 

Нургүлгө үй-бүлөсү үчүн жоопкерчилик ички күчтүн негизги булагына айланды. Дал ушул нерсе Нургүлдү мүмкүнчүлүктөрдү жигердүү издөөгө жана туруктуу негизде окууга түрткөн. Ал онлайн-курстардан өтүп, колдоо программаларына катышып, өзүн ишке ашыруунун жаңы жолдорун издей баштады. Миграциядагы тажрыйбасы анын ийкемдүү жана өзгөрүүлөргө даяр кылды.

“Жардам күтүп отуруунун кажети жок экенин түшүндүм. Мүмкүнчүлүктөрдү өзүң түзүшүң керек экен. Миграцияда жүргөн жылдары көп нерсени үйрөндүм. Ал жактан ыңгайлашып, үйрөнгөн адам гана жашап кетерин баамдадым”, – дейт Нургүл.

ЧЕЧИМ КАДАМДАРЫ: ОКУУДАН БИЗНЕСКЕ ЖАНА КООПЕРАЦИЯГА

Миграциядан кайтып келген аялдарды колдоо программасына катышкандан кийин бурулуш учур болду. 2021-жылы Нургүл 5 миң долларга жакын грант алып, Кадамжай айылында окуу борборун ачкан. Алгач 20–30 бала окутулган, бирок эки жылдан кийин жыл сайын 120–150 окуучу кабыл алына баштаган. Кийинчерээк аялдар жана жаштар үчүн программаларды камтуу менен борбор кеңейип, жылына 200–250 катышуучуга чейин жетти, алардын 60% аялдар түзөт. Ошону менен бирге штат да кеңейип, 6 адамдан турган команда түзүлүп, алардын ар бири окутуу, башкаруу жана процесстерди уюштуруу өңдүү өз функцияларын аткарган.

Элет экономикасынын негизги көйгөйү кошумча нарктын аздыгы (продукциянын 60–70% чийки түрүндө сатылат) болгонун түшүнгөн Нургүл 25 аялды бириктирип, кайра иштетүү цехин түзүү демилгесин көтөрүп, баасы 9 миң долларга жакын жабдууларды тартты. Натыйжада, кайра иштетүү бир сезондо 5-7 тоннага жеткен; өндүрүш – айына 1000 бирдикке чейин продукция (ширелер, кыямдар жана джемдер); 10-15 аялдан турган команда түзүлгөн. “Биз продукцияны кайра иштете баштаганда канча деген баалуулукту текке жоготуп жатканыбызды түшүндүк”, – деп эскерет ал.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕР: ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ, ИШТИН МАСШТАБЫН КЕҢЕЙТҮҮ ЖАНА ТУРУКТУУЛУК

Бүгүнкү күндө Нургүл билим берүү борборун, кайра иштетүү өндүрүшүн жана аялдардын ишкердигине басым жасаган кооперативдик моделди өнүктүрүүдө. Анын ишмердиги райондун өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизүүдө. Экономикалык маанисинен алып караганда бул: катышуучулардын кирешеси 20–40% өстү; туруктуу чакан бизнес; рынокторду кеңейтүү (райондун тышында 20-30% чейин сатыш). Ошондой эле социалдык жыйынтыктар да бар: 300гө жакын аял окуудан өттү; 40-50% киреше алып келчү чакан демилгелерди (үйдө таттуу бышыруу, кызмат көрсөтүү, чакан соода жана кайра иштетүү) баштады; аялдардын кооперативи өнүгүүдө.

Буга кошумча Нургүл 750 шайлоочунун ичинен 300 шайлоочунун колдоосуна ээ болуп, жергиликтүү кеңештин депутаты болду: “Мен үчүн өзүм эле акча таппастан, башка аялдарга да мүмкүнчүлүк түзүп берүү маанилүү”.

Анын пландарында кайра иштетүүнүн көлөмүн 2-3 эсе көбөйтүү; продукциянын ассортиментин кеңейтүү; регионалдык рынокторго чыгуу; ишкердикке аялдарды көбүрөөк тартуу бар.

“Менин максатым – ар бир аял акча таап, өзүн ишенимдүү сезишин каалайм. Мен бул жолду үй-бүлөм үчүн баштаган элем, ал эми бүгүнкү күндө башкалардын жашоосу кандайча өзгөртүп жатканын көрүп турам – бул мага алдыга умтулууга дем берүүдө”, – дейт ал.

Нургүл ЫСАКОВА – бул туруктуулуктун жана системалуу мамиленин үлгүсү, мында жеке мотивация, окуу жана өнүгүү программаларынын колдоосу туруктуу бизнеске жана узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык таасирге айланууда.

 

Окшош материалы: