Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кундузхан ИСАКОВА: мугалимден башталып, районду өзгөрткөн ишкерге чейинки жол

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Кундузхан ИСАКОВА: мугалимден башталып, районду өзгөрткөн ишкерге чейинки жол

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Кадамжай – Баткен облусунун түштүгүндөгү чакан шаар. Бул жерде жашоо узак убакыт бою кадыресе сценарий боюнча өтүп келген: эркектер чет жакка жумуш издеп кетишет, ал эми аялдар үйдө отурушат, алар үчүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот. Дал ушундай чөйрөдө ИСАКОВА Кундузхан Уринбаевнанын окуясы пайда болду. Кундузхан Уринбаевна – 35 жылдык стажы бар мугалим, беш уулдун энеси, убакыттын өтүшү менен ишкер жана ондогон аялдар үчүн насаатчыга айланды. “Балдар чоңоюп, өз жолу менен кеткенде үйүм ээнсиреп калды. Ошондо мен “эмнеге бул жер жөн эле турушу керек? Ал ишке жарай алат да” деп чечтим”, – деп эскерет ал.

БАШАТ: МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ АЙЛАНГАН ҮЙ

2015-жылы Кундузхан Уринбаевна эки кабаттуу үйүндө чакан кафе ачкан. Башында бул жерге тааныштары, кошуналары, кокустан баш баккан коноктор келчү – күнүнө 20–30 адам болор эле. Шаар бара-бара жаңы жерге “көнө” баштады. Бул жерде жолугушуу, ишти талкуулоо, чакан иш-чараларды өткөрүү ыңгайлуу эле. Убакыттын өтүшү менен Кундузхан Уринбаевна кошуна участокту сатып алып, ашкананы кеңейтип, экинчи кабатты тренингдер үчүн залга айландырып, бир нече бөлмөнү коноктор үчүн бөлгөн. Бир-эки жылдын ичинде бул жерде айына 3-5 иш-чара өтө баштады, ага 80ге чейин адам катыша алчу – чакан шаар үчүн бул олуттуу окуя болуп калды.

“Адамдар тамактануу үчүн гана эмес, бирге окуп, баарлашып, тажрыйба алмашуу үчүн да келе башташты. Мен бул зарыл экенин көрдүм”, – дейт Кундузхан.

ЖОЛ: КОРКУУ СЕЗИМИ, ЖООПКЕРЧИЛИК, ӨСҮШ

Мектептен бизнеске өтүү жолу оңой болгон жок. Ошол маалда – 2015-жылы – анын бизнес-планы да, өзүнө болгон ишеними да, ашыкча каражаты да жок эле. Бардыгы акырындык менен – өз эмгегине жана адамдардын ишенимине негизделип түптөлө баштады.

“Мен ишкер эмесмин, мугалиммин. Бирок кийин бир нерсени түшүндүм: классты башкаруу менен бизнести жүргүзүүнүн ортосунда анчалык деле айырма жок экен. Бардык жерде тартип жана адамдарга сый мамиле жасоо керек”, – дейт ал.

Буга катар чөйрөсү да өзгөрүп жатты: иш-чараларга келген аялдар суроолорду берип, кызыгып, өз ишин сынай башташты.

ӨНҮГҮҮ: МЕКТЕП ВАЗЫЙПАНЫН УЛАНДЫСЫ КАТАРЫ

Адамдар жана окуу программалары менен иштөө кийинки кадамга – мектепти ачууга алып келди. 2018-2019-жылдары “Билим-Кенч” аттуу биринчи жеке менчик мектеби пайда болсо, 2022-2024-жылдары 9 миллион сом инвестиция тартуунун эсебинен экинчи мектеп да ачылды. Бул мектепте 280 окуучу билим алып, 42 жумушчу орун түзүлдү (анын 41и аялдар үчүн). Бул жерде мугалимдер үчүн чакан шаарларда көп кездешпеген шарттар түзүлгөн: транспорт, тамактануу, эс алуу зоналары.

“Мугалимдер өздөрүн баалуу сезишин кааладым. Ошондо алар да балдар менен башкача иштешет”, – деп түшүндүрдү Кундузхан Уринбаевна.

Мектептин короосуна күн панелдери орнотулду – Кадамжай үчүн бул жөн гана технология эмес, бул жерде да заманбап чечимдерди киргизүү мүмкүн болгонунун белгиси.

“АРУУЗАТ АЙЫМДАРЫ”: АЯЛДАР ӨЗДӨРҮНӨ ИШЕНЕ БАШТАГАНДА 

Бара-бара Кундузхан ИСАКОВАнын айланасында аялдардын чөйрөсү түзүлө баштады. 2019-жылы ал “Аруузат айымдары” бирикмесин жигердүү өнүктүрө баштаган. Бул мейкиндикте аялдар билим алып, идеяларды талкуулап, бири-бирине колдоо көрсөтө алышат. Бул жерде формалдуулук жок – жолугушуулар “жан дилден” баарлашуу менен коштолот, бирок практикалык жыйынтыгы да бар. Бир нече жылдын ичинде 100дөн ашуун аял окуудан өтүп, 30дан ашыгы өз ишин баштай алган. Кээ бири чакан өндүрүш ачса, дагы бири кызмат көрсөтүү менен алектенүүдө, дагы бири кол өнөрчүлүктөн акча таба баштады.

Килем токуу өзгөчө орунду ээлейт – бул жаңыча жашоосун баштаган салт. Аялдар конкурстарга катышып, саякаттарды утуп алышууда, ал эми алардын колунан чыккан буюмдар баалуулук катары кабылдана баштады.

“Эң негизгиси – аял: “Мен муну өзүм жасай алам” деп айткан учур. Мына ушундан кийин баары өзгөрө баштайт”, – дейт Кундузхан Уринбаевна.

ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ: ШААР КАНДАЙЧА ӨЗГӨРҮҮДӨ

10 жыл аралыгында (2015–2025) бир үйдүн тегерегинде бүтүндөй экосистема түзүлдү: жумуш орундары пайда болду; аялдар акча таап, үй-бүлөлөр миграциядан азыраак көз каранды болуп калышты; билим алууга болгон кызыгуу артып, кол өнөрчүлүк салттары кайра жанданууда. Жада калса коомдогу мамиле да акырындык менен өзгөрүп жатат – ишкер аял мындан ары адаттан тыш бир көрүнүш эмес, үлгү катары кабылдана баштады. Буга кошумча 60 студент университетте окууга мүмкүнчүлүк алды; 100 аял жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүштү; 15 бала адистештирилген жардам алды.

Бүгүнкү күндө Кундузхан – жеке ишкер гана эмес, ал Райондун координациялык кеңешинин мүчөсү. Ал билимди өнүктүрүү, аялдарды жана чакан бизнести колдоо идеяларын сүрөп келатат.

“Мен өзгөчө деле бир иш жасаган жокмун. Мен болгону айланамдагы адамдарга эмне керек болсо, ошону жасап жатам”, – дейт ал.

Кундузхандын окуясы тез убакытта жетишилген ийгилик жөнүндө эмес. Бул акырындык менен ишке ашкан өзгөрүүлөр, ишеним, “жеринде” иштөө жөнүндө окуя. Бул бир үй, бир чечим жана бир адам өзүнүн гана эмес, бүтүндөй бир райондун өнүгүү багытын кантип өзгөртүп жатканын баяндаган окуя.

 

Окшош материалы: