Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жазмира ДАВЛЕТАЛИЕВА: кол өнөрчүлүк мурасты сактап калып, районду өнүктүрүүнүн жолу катары

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Жазмира ДАВЛЕТАЛИЕВА: кол өнөрчүлүк мурасты сактап калып, районду өнүктүрүүнүн жолу катары

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Жазмира ДАВЛЕТАЛИЕВА – Талас облусундагы кол өнөрчү, мугалим жана коомдук ишкер, ал салттуу искусствону кирешенин булагына жана аялдарды өнүктүрүүнүн аспабына айландыра алды.

Жазмира Бакайыр айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал бала кезинен эле чыгармачыл чөйрөдө чоңойгон: атасы сүрөт тартса, апасы саймачы эле. Дал ушул чөйрө анын искусствого болгон кызыгуусун, маданий тамырларга болгон сыйын калыптандыра алды. Жазмира кесипкөй көркөм билим алып, 20 жылдан ашык убакыттан бери айылдагы мектепте көркөм сүрөт мугалими болуп эмгектенип келатат. Буга кошумча ал кол өнөрчүлүктү бизнес катары өнүктүрүп, аялдарды окутуп, аларга акча таап, экономикалык жактан көз карандысыз болууга жардам берип келет.

“Мен кол өнөрчүлүк өткөн чакта унутта калбай, азыркы аялдардын колунда жашоосун уланта беришин каалайм”, – дейт ал.

Бүгүнкү күндө Жазмира мугалимдин, устанын, насаатчынын жана ишкердин ролдорун айкалыштыруу менен айланасында аялдардын жамаатын түптөп жатат, бул аялдар үчүн кол өнөрчүлүк өзүн өнүктүрүүнүн гана жолу эмес, бул ошондой эле туруктуу киреше булагы да болуп саналат.

КӨЙГӨЙ: КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК САЛТТАРЫНЫН ЖОГОЛУШУ ЖАНА АЙЫЛДАРДА КИРЕШЕНИН ЧЕКТЕЛҮҮ БОЛУШУ 

2000-жылдардын башында Талас облусунун элеттик райондорунда элдик кол өнөрчүлүк жок болуп кетүү коркунучу жаралган. Жаштар улуттук техниканы өздөштүрүүгө азыраак кызыга баштаса, айылдардагы аялдар үчүн киреше булактары жетишсиз эле. Кол өнөрчүлүк бара-бара экономикалык ишмердүүлүк эмес, туруктуу киреше алып келбеген, тиричиликтеги бир көндүмгө айлана баштаган.

“Өнөрүбүз жоголуп баратканын көрдүм. Кыздар оюм-чийимди, кийиз менен иштегенди билишпейт. Бирок мунун баары биздин тарыхыбыз да”, – дейт Жазмира.

ДЕМИЛГЕ ЖАНА МАКСАТТАР: КИРЕШЕ ЖАНА ОКУТУУ АРКЫЛУУ САЛТТАРДЫ САКТАП КАЛУУ 

Маданий мурасты жоготуп алуу тобокелдиги бар экенин баамдаган Жазмира өзүнүн алдына так максатты койду: кол өнөрчүлүктү кирешенин булагына жана салттарды сактап калуунун аспабына айландырыш керек. Негизги милдеттер: кыз-келиндерди кол өнөрчүлүккө үйрөтүү, бул жөндөмдү туруктуу кирешеге айландыруу, салттуу техникаларды сактап калып, кийинки муунга өткөрүп берүү, кол өнөрчүлүктү заманбап рынокко интеграциялоо. 

“Эгерде кол өнөрчүлүк киреше алып келбесе, ал жок болуп кетет. Салттарды сактап калуу үчүн аларды жашоонун жана экономиканын бир бөлүгүнө айландырыш керек”, – деп белгилейт ал.

ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ: ОКУТУУ, ӨНДҮРҮШ ЖАНА РЫНОККО ЧЫГУУ (2015–2025)

Жазмира жеке буйрутмаларды үйгө ала баштаган. Бара-бара ал төрт элементтен турган татаал моделди түзгөн. Биринчиден, окуу жана көндүмдөрдү өткөрүп берүү: ай сайын 10-15 аял окуудан өтөт, жылына 100дөн ашык кыз окутулат; Шекер, Кайнар, Чолпонбай айылдарында мастер-класстар өтүп турат; ишмердүүлүгүн Манас жана Айтматов райондоруна жайылтат. Экинчиден, иш менен камсыз кылуу: буюмдарды чакан өндүрүшкө коюу иши уюштурулат; айылындагы 5-6 аялды жумуш менен камсыз кылат. Үчүнчүдөн, тышкы рынокко чыгуу: продукция (анын ичинде текстиль буюмдары жана декор) Казакстанга жеткирилет. Төртүнчүдөн, маданиятты жайылтуу: Талас облустук музейинде “Өңгөдөн уланган өнөр” жеке көргөзмөсүн өткөрүү; фестивалдарга жана эл аралык көргөзмөлөргө катышуу.

ЖЫЙЫНТЫКТАР: КИРЕШЕ, ТААНУУ ЖАНА МАСШТАБДЫН КЕҢЕЙИШИ

Акыркы 10 жылдын ичинде жыл сайын 100дөн ашык кыз-келин көндүмгө ээ болуп, киреше табуу мүмкүнчүлүгүн алышты, туруктуу кол өнөрчүлүк өндүрүшү жолго салынды, бул элеттик аялдарды иш менен камсыз кылды; сатуу рыноктору, анын ичинде экспорт кеңейтилди.

Жазмиранын салымы татыктуу баасын алды: “Тарыхтын сактоочусу” номинациясында жеңиш (2025), Москвадагы эл аралык көргөзмөдө таанылуу, облустук жана райондук сыйлыктар (2026).

“Мен үчүн окуучуларым жөн гана үйрөнүп тим болбостон, акча таба баштаганы да маанилүү. Мына ошондо кол өнөрчүлүктүн өмүрү узун болот”, – дейт ал.

РАЙОНГО ТИЙГИЗГЕН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ТААСИРИ

Экономикалык таасири: элеттик аялдардын кирешеси көбөйдү, жеринде жумуш орундары түзүлдү, чакан өндүрүш өнүгүүдө, продукция тышкы рынокко чыгып жатат.

Социалдык таасири: аялдардын экономикадагы ролу жогорулады, алар көндүмдөрүн өркүндөтүүдө жана иш менен камсыз болууда, жаш муунга өнөрүн өткөрүшүүдө.

Маданий таасири: салттуу техникалар (керме-сайма, ала-кийиз, шырдак) сакталып калууда, улуттук искусствого кызыгуу артты, жергиликтүү иденттүүлүк бекемделүүдө.

Бүгүнкү күндө Жазмира мугалим, устат, ишкер жана насаатчы ролдорун айкалыштырып келатат. Ал төрт баланы тарбиялап, үй-бүлөсүнө кам көрүп, ишин кеңейтүүдө. Анын кийинки максаты – кол өнөрчүлүк студиясын ачуу жана салттуу техникалар менен заманбап дизайнды айкалыштыра турган “JazArt kg” аттуу жеке брендин өнүктүрүү.

“Менин вазыйпам – балдарыбыз өз тамырын билип, алар менен сыймыктанса дейм. Кол өнөрчүлүк – бул өткөн чак эмес, бул биздин келечегибиз”, – дейт ал.

ТЫЯНАК 

Жазмира ДАВЛЕТАЛИЕВАнын окуясы бир демилге кантип экономикалык жана маданий тапшырмаларды бир эле маалда чече аларын көрсөтүүдө. Окутуу, өндүрүш жана жеке лидерлик аркылуу Жазмира кол өнөрчүлүк кирешенин булагына айланган, аялдар экономикалык жактан жигердүү болгон, салттар заманбап өнүгүүнүн бир бөлүгү болуп калган туруктуу моделди түздү. Жазмиранын тажрыйбасы бир нерсени тастыктап турат: маданий мурастарды сактоо социалдык вазыйпа гана эмес, бүтүндөй бир районду өнүктүрүүнүн драйвери да боло алат.

 

Окшош материалы: