Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Жазайым ТОКТОБОЛОТОВА: үй-бүлөлүк камкордук кантип туруктуу бизнестин өзөгүнө айланды
Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.
Он жыл мурда Талас облусундагы Жазайым ТОКТОБОЛОТОВАны турмуш кыйын тандоого жасоого мажбур кылган. Беш баланын энеси Жазайым күн сайын үй-бүлө үчүн чоң жоопкерчиликти алып келди, ал эми бүгүн 15 жашка чыккан майыптыгы бар уулу өзгөчө көңүлдү талап кылган. Бала тынымсыз камкордукка муктаж болгондуктан, Жазайым үйдүн тышында стандарттуу график боюнча ишке да чыга алган эмес.
Дал ошондо негизги көйгөй пайда болгон: баладан да алыстабастан, ошол эле маалда жигердүү, өнүгүүгө жөндөмдүү аял катары кала берүүнүн кандай жолдору бар? “Мен уулумдун жанында болгум келди, бирок ошол эле учурда менде бир нерселерди жасап, пайда алып келүү каалоом күч эле”, – деп эскерет Жазайым.
БИРИНЧИ ЧЕЧИМ: АЗДАН БАШТОО
Ар кайсы варианттарды караштырып отуруп, Жазайым үй-бүлөсүнүн жанында жүргүзүүгө боло турган жеке бизнесин ачууну чечти. Ошентип, Жазайым мындан 10 жылдай мурун Бейшеке айылында гүл сата баштаган. Башталышы кыйла жупуну эле: эч кандай бөлмө же жай, командасы, бизнес жүргүзүү тажрыйбасы жок. Колунда – өзү чогулткан 10 000 сомго жакын акча. Алгачкы айлар кыйын болду. Товар жүгүртүү айына болгону 25-30 миң сомду түзүп, пайда 10 миң сомго жакын болгон. Бирок бул азганактай жыйынтыктар да финансылык эркиндикке карай шилтенген маанилүү кадам болуп калды.
“Ал маалда мен үчүн эң негизгиси акча болгон эмес. Мен үчүн өзүм бир нерселерди жасап, өнүгүп кете аларымды сезүү маанилүү болчу”, – дейт ал.
Үй-бүлөнүн негизги кирешесин күйөөсү камсыздап, ал эми Жазайымдын иши үй-бүлөлүк бюджет үчүн кошумча көмөк болуп калды.
ЫШКЫ ТУРУКТУУ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНГАНДА
Убакыттын өтүшү менен Жазайым гүл жөн эле товар болбогонун түшүндү. Гүл – адамдын сезимдеринин жана үйлөнүү тою, туулган күн, жолугушуулар, ыраазычылык билдирүү, эскерүү сыяктуу маанилүү окуялардын бир бөлүгү. Мындай мамиле Жазайымдын ишке болгон мамилесин өзгөртүп, өз ордун табууга жардам берди. Ал гүлдөрдүн ассортиментин кеңейтип, гүлдестелерден тышкары, бөлмө өсүмдүктөрүн, короо жана бакча үчүн гүлдөрдү сунуштады. Көп өтпөй ал кийинки кайраттуу кадамын таштады – Жазайым импорттук гүлдөр, анын ичинде Голландиядан алып келинген гүлдөрдү сата баштады. Бул олуттуу суммадагы салымды жана тобокелдикти талап кылды, бирок сапаттын жаңы деңгээлине чыгып, кардарлардын ишенимине ээ болууга мүмкүндүк берди. Бир жылда эле товар жүгүртүү айына 80-100 миң сомго чейин көбөйүп, киреше 25-35 миң сомго жетти. Үчүнчү жылы үйлөнүү көп болгон мезгилде жана майрамдарда сатуу дагы 25-30 пайызга көбөйүп, ал эми туруктуу кардарлардын үлүшү 60-70 пайызга жетти. Бул бизнестин туруктуулугунун жана кардарлардын жогорку ишениминин көрсөткүчү болуп калды.
ҮЙ-БҮЛӨНҮН КОЛДООСУ ИЙГИЛИКТИН ӨЗӨКТҮК ФАКТОРУ КАТАРЫ
Демилгени өнүктүрүүдө Жазайымдын жакындары чоң ролду ойноду. Анын жолдошу бул идеяны башынан эле колдоп, моралдык жактан гана эмес, ошону менен иш жүзүндө да жардам берди. Үй-бүлө Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылына көчүп келгенден кийин жолдошу үйдүн жанына гүл саткан дүкөн ачууга жардам берди.
“Эгерде жолдошумдун жана үй-бүлөмдүн колдоосу болбогондо, мен үчүн бул жолду басып өтүү алда канча кыйын болмок”, – деп белгилейт ишкер.
Бүгүнкү күндө бул бизнесте бир туруктуу жардамчы иштейт, ал эми Жазайым өзү дүкөндү башкарууну, Instagram аркылуу онлайн буйрутмаларды кабыл алууну жана үй-бүлөсүнө кам көрүүнү айкалыштырып келет.
АЙЫЛДЫ ЖАНА РАЙОНДУ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОШКОН САЛЫМЫ
Бүгүнкү күндө Жазайымдын бизнеси үй-бүлөнүн кошумча киреше булагы гана болбостон, ошону менен бирге жергиликтүү өнүгүүнүн маанилүү бөлүгүнө да айланды. Соода кызыган мезгилде анын бизнеси жергиликтүү гүл базарынын керектөөлөрүнүн 50% жабат. Үйдүн жанында Жазайым өсүмдүктөрдү өстүрүп, мейкиндикти жашылдандырып, айланасында көзгө жагымдуу чөйрөнү түзүп жатат. Жазайымды көрүп, жашоочулар да короолорго, гүлзарларга жана жашылдандырууга көбүрөөк көңүл бура башташты. Ошондой эле Жазайым райондук администрация жана Координациялык кеңеш уюштурган жарманкелерге, форумдарга, иш-чараларга жигердүү катышып, ишкер болууну каалагандар менен тажрыйбасын бөлүшүп, айымдарды өз ишин баштоого шыктандырып келет.
Жазайымдын окуясы элет жергесиндеги аялдардын ишкердигине болгон мамилени өзгөртүүдө: өжөрлүк жана үй-бүлөнүн колдоосу болсо, үйдө деле туруктуу бизнести ачууга болорун тастыктап турат. Жазайым өзгөчө майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан энелерге чын жүрөктөн кайрылды: “Жашооңуз токтоп калды деп ойлобоңуз. Ооба, жол кыйын, бирок бул туңгуюк жол эмес. Аз-аздан баштап, жардам сурагандан коркпоңуз жана үмүтүңүздү үзбөңүз. Балдарыбыз бизге күч-кубат берет”.
Жазайым ТОКТОБОЛОТОВАнын окуясы – бул жашоодогу кыйынчылыктар өсүшкө айлана аларынын бир мисалы. Ал үй-бүлө менен жумуштун бирин тандабастан, аларды бир жолдо бириктире алган. Бүгүнкү күндө анын гүл бизнеси – бул киреше булагы, башка айымдар үчүн туруктуулуктун үлгүсү жана Айтматов районунун өнүгүүсүнө кошкон салымы.
Окшош материалы:
-
№5 (175) / 2026-06-01 Чолпон ӨМҮРАКУНОВА: “Ак каймак” кантип туруктуу бизнеске жана Ат-Башынын жамааты үчүн таянычка айланды
-
№5 (175) / 2026-06-01 Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА: өнүгүүнүн драйверине айланган тажрыйба
-
№5 (175) / 2026-06-01 Тазагүл КАДЫРОВА: ишкердик кантип коомго кызмат кылуунун аспабына айланууда
-
№5 (175) / 2026-06-01 Венера МАМАЗУНУЕВА: өзүңө жасалган инвестиция – жамаатты өнүктүрүүгө карай жол
-
№5 (175) / 2026-06-01 Меңдайым АРЗИЕВА: тажрыйбадан жаралган лидерлик
-
№5 (175) / 2026-06-01 Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВА: өзүнө инвестиция жасап, башкаларга мүмкүнчүлүк түзүп берген аял инвестор
-
№5 (175) / 2026-06-01 Нурзат САПАРБЕК кызы: социалдык контракт кантип ишкер болууга жана аялдардын лидерлигинин мисалына айланууга жардам берди
-
№5 (175) / 2026-06-01 Анара АСАДОВА: лидер аял кантип чарбаны жандандырып, аялдардын үнүн башкаларга жеткирип, Миң-Булактын өнүгүүсүнө жаңы дем бере алды


















