Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Гүлмира БАЗАРБАЕВА: элеттик демилге кантип брендге айланып, жумуш орундарын түзүп, аялдардын лидерлигине салым кошту
Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.
Талас облусунун Айтматов районундагы Бакыян айылында Гүлмира БАЗАРБАЕВАнын ысымын бүгүнкү күндө бир нече маанилүү өзгөрүүлөр менен байланыштырышат: аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү жана райондун брендин Кыргызстандын чегинде таанытуу. Бирок анын жолу бизнестен эмес, кирешенин чектелүү болушу, сезондук жумуш жана дээрлик жок жерден мүмкүнчүлүктөрдү издөө зарылдыгы сыяктуу кадыресе элеттик реалдуулуктан башталган.
КӨЙГӨЙ ӨСҮШ ҮЧҮН МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ АЙЛАНГАНДА
2000-жылдардын башында Гүлмиранын үй-бүлөсү көптөгөн башка элеттик үй-бүлөлөрдөй эле, чакан чарбанын эсебинен жан бакчу. Алар чакан жер участокторунда сарымсак, жашылча өстүрүшчү. Сезондо 1 тоннага жакын түшүм алынып, жергиликтүү базарларда жана Тараз шаарында сатылчу. Үй-бүлөнүн орточо кирешеси айына 80 доллардан 120 долларга чейин болуп, негизги чыгымдарды гана жапчу. Айылдагы аялдар үчүн иш менен камсыз болуу жана киреше табуу маселеси өзгөчө курч болгон: үйгө жакын жерде иштөөгө мүмкүнчүлүктөр аз болчу, ал эми көптөгөн аялдардын жөндөмү таанылбай, дарамети ачылбай калчу. Дал ушул көйгөйдү Гүлмира биринчилерден болуп көрө алды.
“Эгерде сырттан жардам күтүп отура берсек, айылыбыз өзгөрбөй турганын түшүндүм. Мүмкүнчүлүктөрдү өзүбүз түзүшүбүз керек эле”, – дейт ал.
КООМДУК ЖИГЕРДҮҮЛҮКТӨН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕЧИМДЕРГЕ ЧЕЙИН
Бурулуш учур 2005-жылы Гүлмира БАЗАРБАЕВА Айылдык ден соолук комитетинин (АДК) жетекчиси болуп дайындалганда болду. Бул анын жигердүү коомдук жашоосунун башталышы болуп калды. Кийинчерээк Гүлмира аялдар кеңешин жетектеп, демилгелүү аялдардын башын бириктирип, аларды окутуп, кызматташып, акча табуунун жолдорун издей баштаган.
2005-жылдан 2019-жылга чейин ал эл, долбоорлор жана жергиликтүү демилгелер менен иштеп жүрүп, башкарууга тиешелүү олуттуу тажрыйбага ээ болду. АРИСтин программасынын алкагында АШКнын төрайымы жана райондук эксперт катары катышты. Бул мезгил аралыгында социалдык инфраструктурага жана жамааттарды өнүктүрүүгө байланышкан 10дон ашык жергиликтүү долбоор ишке ашырылган.
Ошол эле учурда Гүлмира 13 жыл жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланып, 2 жыл кеңештин төрайымынын милдетин аркалап, райондун Координациялык кеңешинин мүчөсү да болгон. Бул ага аялдарды иш менен камсыз кылуу жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү маселелерин чечимдердин деңгээлине чыгарууга мүмкүндүк берди. Убакыттын өтүшү менен коомдук иштер практикалык экономикалык демилгелерге айланды. Ошентип, Гүлмира аялдардын өндүрүштүк топторун түзө баштады. Эгерде башында булар 5–20 аялдан турган чакан бирикмелер болсо, 2015-жылы жигердүү катышуучулардын тармагы район боюнча 30–50 аялга чейин көбөйдү.
Аялдар помидор, бадыраң жана башка жашылчаларды өстүрүп, чогуу иштеп, тажрыйба алмашып, базарга чогуу чыга баштаган. Продукциянын жалпы көлөмү сезондо 5–10 тоннага жетип, ишке тартылган үй-бүлөлөрдүн кирешеси орточо эсеп менен 30–50 пайызга өскөн. Бул маанилүү кадам болуп калды: аялдар чарбада гана жардамчу болуу менен чектелбестен, жергиликтүү экономиканын толук кандуу катышуучуларына да айланышты.
КИЙИНКИ ДЕҢГЭЭЛ – КАЙРА ИШТЕТҮҮ ЖАНА ӨЗ БРЕНДИН ТААНЫТУУ
Гүлмира БАЗАРБАЕВА үчүн чийки затты сатуудан кошумча наркы бар продукцияны даярдоого өтүү өсүштүн негизги этабы болуп калды. Бул убакта ал элеттик өндүрүүчүлөрдүн негизги көйгөйүн жакшы түшүнүп калган: өстүрүлгөн продукция арзан баада сатылып, мезгилге көз каранды болуп, түшүмдү оруп-жыйноодон кийин тез эле өз баасын жоготуп жаткан. Дыйкандар көп эмгек сарптаганы менен, жетишерлик киреше табышчу эмес, түшүмдүн бир бөлүгү көп учурда сатылбай калчу. Дал ошондуктан кийинки кадам кайра иштетүү багытын түзүү болду.
2018–2020-жылдары БУУӨПтүн жана өнөктөш уюмдардын колдоосу менен жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү цех ачылган. Элеттик жамаат үчүн бул маанилүү окуя болуп калды: жергиликтүү чийки зат биринчи жолу сыртка чыгарылбастан, райондун ичинде иштетиле баштады. Ишкананын баштапкы кубаттуулугу 1 тоннага жакын даяр продукцияны түздү, бирок бул этапта да долбоор сезилерлик экономикалык натыйжа бере баштады. Туруктуу жана сезондук жумуш орундары пайда болду, биринчи кезекте аялдар үчүн үйгө жакын жерде акча табуу жана жумуш менен үй тиричилигин айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
“Чийки затты гана сатсак, олуттуу өсүш болбой турганын түшүндүк. Биз өз продукциябызды кайра иштетип, таңгактап, өзүбүз жасашыбыз керек эле”, – дейт Гүлмира.
Кийинки кадам өз соода маркасын чыгаруу болду. Жапониянын “Бир айыл – бир өнүм” демилгесинин алкагында облусту сапаттуу, табигый жана заманбап продукциянын аймагы катары таанытууга тийиш болгон “Талас” брендинин үстүндө иш башталды. Бренддин өзөгүн жергиликтүү чийки зат, салттуу рецептура, экологиялуулук жана кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары түздү.
Брендди түзүү жөн гана маркетинг чечими эмес, районду таанытуунун жаңы модели болуп калды. Эгерде буга чейин айыл чарба азыктары катардагы чийки зат катары кабыл алынып келсе, эми алар таанымал аталышка, таңгакка, сапаттын стандарттарына жана өз таржымалына ээ болду. Бул рынокто анын баасын бир топ жогорулатты.
2022-жылы продукциянын линиясы 6-7 аталышка чейин кеңейди, анын ичинде 150 жана 300 граммдык таңгактагы эт кошулган буурчак; буурчактын порошогун кошуу менен Болоньезе соусу; тез даярдалчу уйдун этинен шорпо; туура тамактануу үчүн ашкабак шорпосу; кайра иштетилген буурчак азыктары; ашкабактан жана сезондук чийки заттан азыктар; жаңы рыноктор үчүн эксперименталдык өнүмдөр бар.
Сапатка жана керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Продукциялар табигый курамга, узак мөөнөткө сактоого, заманбап таңгактоого жана колдонуунун жеңилдигине басым жасоо менен даярдалды. Бул жергиликтүү жарманкелерге жана базарларга гана чыкпастан, ошону менен бирге өлкөнүн башка аймактарындагы сатып алуучуларды да кызыктырууга мүмкүндүк берди.
Дал ушул баскычта Гүлмира БАЗАРБАЕВА биротоло айыл чарба өндүрүүчүсү ролунан туруктуу кайра иштетүү бизнесин өнүктүрүүчү жана өз районунун брендин тааныткан ишкердин ролуна өттү.
РАЙОНДОН ЭЛ АРАЛЫК РЫНОККО ЧЕЙИНКИ ЖОЛ
Экспорттук багытты түзүү өзгөчө учур болуп калды. “БАЗАРБАЕВА Гүлмира ЖИ” ишканасы JICA берген жабдууларды колдонуу менен Жапониянын сапат стандарттары боюнча продукцияны чыгара баштаган.
Бүгүнкү күндө продукциялар Жапонияга жеткирилип жатат, орточо алганда сынамык жеткирүүнүн алкагында жылына 400 даанага чейин жөнөтүлүүдө. Өндүрүштө 5 кызматкер иштейт, ал эми реторт-таңгактоо технологиясынын өзү продукцияны консерванттарсыз 12–18 ай сактоого мүмкүндүк берет. Бул Айтматов районунун элеттик демилгеси эл аралык жеткирүү чынжырынын бир бөлүгү болуп калды дегенди билдирет.
Гүлмира ар кайсы мезгилдерде өнөктөштөр аркылуу колдоо алып турган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу жагынан колдоо көрсөтүп, калкты тартууга жардам берип келишти. Райондук администрация аялдардын ишкердигин районду өнүктүрүү программасына киргизүүгө көмөктөштү. Координациялык кеңеш бийликтин, бизнестин жана жамааттын өз ара байланышын камсыз кылды. БУУӨП, ARIS, JICA жана өнөктөштөр окутууга, жабдуулар менен камсыз кылууга жана өндүрүштү ишке киргизүүгө жардам беришти.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Бүгүнкү күндө Гүлмира БАЗАРБАЕВАнын долбоору райондун өнүгүүсүнүн бир нече багыттарына таасирин тийгизүүдө: долбоорго тартылган үй-бүлөлөрдүн кирешеси 40–70 пайызга көбөйдү; өндүрүштүк-сатыш чынжырына 20га жакын үй-бүлө тартылды; аялдар арасындагы сезондук жумушсуздук 20-25 пайызга азайды; жергиликтүү чийки зат райондун ичинде кайра иштетилип жатат; Айтматов районунун жана Талас облусунун бренди таанытылып жатат. 120дан ашык аял айыл чарбасы, кайра иштетүү жана ишкердик боюнча окуудан өттү, ал эми үч аялдар тобу кооперация принциби боюнча туруктуу ишти улантууда.
НАЗАРДЫН БААРЫ ТУРУКТУУЛУККА
Бүгүнкү күндө Гүлмира өндүрүшкө гана эмес, ошону менен бирге узак мөөнөттүү туруктуулукка: рынокторду кеңейтүүгө, онлайн сатууну ишке киргизүүгө, кубаттуулукту айына 7-10 тоннага чейин көбөйтүүгө, таңгактарды өнүктүрүүгө, жаңы продукцияга жана агротуризмге басым коюп жатат.
“Ийгилик – бул бир жолку жеңиш эмес. Ийгилик – бул сенин жолуңду башка аялдар жолдоп, эмгегиң айылга пайда алып келип, балдардын келечегин түптөгөндө болот”, – деп белгилейт ал.
ЖАҢЫ МУУНДУН ЛИДЕРЛИГИ
Гүлмира БАЗАРБАЕВАнын окуясы азыркы учурда айылдагы аялдардын лидерлиги коомдук жигердүүлүк гана эмес экенин көрсөтүп турат. Бул көйгөйдү көрө билүү, адамдарды бириктирүү, бизнес моделин түзүү жана жергиликтүү ресурстарды туруктуу өнүгүүгө айландыруу. Сезондо бир тонна жашылчадан бренд жаралып, жумуш орундары түзүлүп, экспорттук өндүрүш өстү. Ал эми бир демилгелүү аялдан – райондун экономикасын өзгөртүп жаткан лидер чыкты.
Окшош материалы:
-
№5 (175) / 2026-06-01 Чолпон ӨМҮРАКУНОВА: “Ак каймак” кантип туруктуу бизнеске жана Ат-Башынын жамааты үчүн таянычка айланды
-
№5 (175) / 2026-06-01 Шайыркүл ТЫНЫБЕКОВА: өнүгүүнүн драйверине айланган тажрыйба
-
№5 (175) / 2026-06-01 Тазагүл КАДЫРОВА: ишкердик кантип коомго кызмат кылуунун аспабына айланууда
-
№5 (175) / 2026-06-01 Венера МАМАЗУНУЕВА: өзүңө жасалган инвестиция – жамаатты өнүктүрүүгө карай жол
-
№5 (175) / 2026-06-01 Меңдайым АРЗИЕВА: тажрыйбадан жаралган лидерлик
-
№5 (175) / 2026-06-01 Рахат ӨМҮРСУЛТАНОВА: өзүнө инвестиция жасап, башкаларга мүмкүнчүлүк түзүп берген аял инвестор
-
№5 (175) / 2026-06-01 Нурзат САПАРБЕК кызы: социалдык контракт кантип ишкер болууга жана аялдардын лидерлигинин мисалына айланууга жардам берди
-
№5 (175) / 2026-06-01 Анара АСАДОВА: лидер аял кантип чарбаны жандандырып, аялдардын үнүн башкаларга жеткирип, Миң-Булактын өнүгүүсүнө жаңы дем бере алды


















