Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Венера УЗБЕКОВА: лидер аял кантип кароосуз калган жерлерди туризм жана өнүгүү борборуна айлантып жатат

2026-06-01 / Аялардын ишкердиги - жергиликтүү өнүгүүнүн драйвери
Венера УЗБЕКОВА: лидер аял кантип кароосуз калган жерлерди туризм жана өнүгүү борборуна айлантып жатат

Түрмөк үчүн маалыматтарды Айнура БАЛАКУНОВА, Бакыт АЙТКУЛОВ чогултуп чыгышты, ал эми Нургүл ЖАМАНКУЛОВА аларды адабий калыпка салып, басмага даярдады.

Кадамжай районунан Венера УЗБЕКОВАнын экинчи (биринчи окуяны 7-беттен табасыз) окуясы – ишкердүүлүк аймакты, туризмди жана жергиликтүү жамаат үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүнүн аспабына айланган заманбап аялдардын лидерлигинин мисалы. Анын жолу жеке демилге, өжөрлүк жана стратегиялык ой жүгүртүү көйгөйдү кантип туруктуу жана келечектүү киреше булагына айландыра аларын көрсөтүүдө.

КӨЙГӨЙДӨН ИДЕЯГА КАРАЙ: КАРООСУЗ КАЛГАН АЙМАК КАНТИП МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ АЙЛАНДЫ

Кадамжай районундагы дарыянын жээгинде көп жылдар бою пайдалануу кыйын деп эсептелип келген жер тилкеси бар болчу. Бул бир кездери олуттуу чыгымды жана тынымсыз кароону талап кылган саздак аймак болгон. Венера бала кезинде эле анын атасы мамлекеттин колдоосу менен жерди өзгөртө баштаган: жерди кургатып, бекемдеп, бак-дарактарды отургузуп, спорт комплекс түзүшкөн.

Убакыттын өтүшү менен бул жер эс алуучу жайга айланып, бул жакка райондун тургундары жана башка аймактардан коноктор келишчү. Бирок 1997-жылы катуу сел жүрүп, инфраструктура толугу менен талкаланган. Бул аймак кайрадан жараксыз абалга келип, кийинчерээк туруктуу бизнес модели болбогон чакан чайкана катары жарым-жартылай гана колдонулган.

Дал ушул жердин ачылбай калган дараметин Венера өзгөртүүнү чечкен көйгөй болуп калды. Ал кароосуз калган жерден эс алуу жана туризм үчүн жаңы мейкиндикти түзүү мүмкүнчүлүгүн көрө алды.

“Эгерде бул жер кайсы бир кездери адамдардын башын бириктире алса, демек ал кайрадан баарын өзүнө тарта алган жерге айланышы ыктымал. Болгону ишенип, билек түрө киришиш керек”, – деп ойлоду Венера.

БИЗНЕСТЕГИ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР: ИШЕНИМ БЕРГЕН ТАЖРЫЙБА

Венеранын алгачкы өз алдынча ишкердик тажрыйбасы 2016-жылы башталган. Участоктун аймагында ал самса жана нан даярдаган чакан тандыр түйүнүн ачкан. Бул анын бизнеске карай жасалган биринчи практикалык кадамы болду. Бул кадамдар кардарлар менен иштөө, сатып алуу, процесстерди уюштуруу, күнүмдүк жоопкерчилик менен коштолду.

Долбоор ресурстун тартыштыгынан эки жылдан кийин жабылса да, бул баскыч ишкердиктин маанилүү мектеби болуп калды. Ал рынокту түшүнүүгө, өзүнө болгон ишенимди жана алдыга умтулуу каалоосун жаратты.

“Кээде биринчи долбоор пайда үчүн эмес, тажрыйба үчүн керек болот. Каталар да кийин капиталга айланат”, – дейт ал.

ЖАҢЫ ЭТАП: ТУРИЗМ ТУРУКТУУ ЧЕЧИМ КАТАРЫ

2024-жылы бурулуш учур болуп, Венеранын ата-энеси ага жер участогун расмий түрдө өткөрүп беришкен. Бул жаңы этаптын башталышы болуп калды – аймакты туристтик объект катары аң-сезимдүү жана стратегиялык өнүктүрүү максаты коюлду. Ошол эле жылы бул долбоорго Кызыл-Кыя шаарынан Wedding Garden командасы кошулган. Бул команда фотозоналарды жана эстетикалык мейкиндиктерди түзүүгө адистешет. Өнөктөштүктүн натыйжасында аймактын бир бөлүгү заманбап фотозонага жана эс алуу аймагына айланды. Кыска убакыттын ичинде жер тилкесинин сырткы көрүнүшү өзгөрүп, келгендердин көңүлүн тарта баштады.

Бизнес-план түзүп, ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программалар аркылуу каржылоону тартуу, анын ичинде жылдык 2% менен жеңилдетилген насыялоо боюнча иштер кийинки кадам болуп калды. Бүгүнкү күндө бул аймакта курулуш жана калыбына келтирүү иштери уланууда. Венеранын максаты – жаратылыш ландшафты, кафелер, фото мейкиндиктер, үй-бүлөлүк эс алуу зоналары жана маданий аянтчалар бириктирилген толук кандуу эс алуу жана туризм борборун түзүү.

ЛИДЕР АЯЛ ЖАНА РАЙОНДУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ДҮБҮРТҮ

Венеранын кесипкөй өсүшүндө анын райондун Координациялык кеңешине катышуусу өзгөчө ролду ойноду. Себеби, бул Кеңеш бизнестин, бийликтин жана жергиликтүү жамаатты өкүлдөрү аймактын өнүгүүсүн биргелешип талкуулаган аянтча болуп саналат. Кеңештин мүчөсү катары Венера ишкердикти, инвестициялык климатты колдоо жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чечимдерди даярдоого катышып келет. Ал ошондой эле инвестициялык форумдарды жана коомдук иш-чараларды уюштурууга жардам берет, катышуучулардын алдында сөз сүйлөйт жана ишкердик жолундагы жеке тажрыйбасы менен бөлүшөт.

“Аял өзүн өнүктүрө баштаганда, ал өзүнүн жашоосун гана эмес, ошону менен бирге айланасын да өзгөртөт”, – дейт Венера.

Анын мисалы райондогу кыз-келиндер үчүн өзгөчө маанилүү: Венера лидерлик коомдук чөйрөдө гана эмес, бизнесте да мүмкүн экенин көрсөтүүдө, бул жерде аял жумуш орундарын түзүп, экономикага таасир эте алат.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Бүгүнкү күндө Венера УЗБЕКОВАнын долбоору аймактын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизүүдө: буга чейин пайдаланылбаган аймакка жан берди; Кадамжай районунда жаңы туристтик объектти түзүүдө; тейлөө, соода жана туризм чөйрөсүндө келечектеги жумуш орундары пайда болууда; объекттин айланасында ички туризмге жана чакан бизнеске дем берүүдө; аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат; аялдардын ишкердүүлүгүнүн ийгиликтүү үлгүсүн көрсөтүүдө.

Мындай долбоорлорду өнүктүрүү айыл чарбасы жана соода менен бир катарда туризм да кошумча туруктуу киреше булагы боло турган райондор үчүн өзгөчө маанилүү.

КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР

Бүгүнкү күндө Венера УЗБЕКОВА ишкердикти, коомдук ишмердүүлүктү жана регионалдык экономиканы өнүктүрүүгө катышууну айка-лыштырып келатат. Ал жөн гана коммерциялык объектти куруп жаткан жок. Венера жаңылануунун жана жергиликтүү дараметке болгон ишенимдин символуна айланчу мейкиндикти куруп жатат. Анын окуясы – башкалар кароосуз калган аймакты көргөн жерде келечекти көрө алган аялдын жолу. Венера бул жерди туризм, бизнес жана өз районунун келечеги үчүн мүмкүнчүлүккө айландыра алды.

 

Окшош материалы: