Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КР Экономика жана коммерция министрлиги: Аймактардын аярлуулугунун жаңы индекси бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын айылдарды даректүү колдоого жардам берет

2026-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
КР Экономика жана коммерция министрлиги: Аймактардын аярлуулугунун жаңы индекси бийик тоолуу, алыскы жана  чек арага жакын айылдарды даректүү колдоого жардам берет

Айпери ЖАНЫЗАКОВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору

2026-жылдын 1-июлунда Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын айылдардын аярлуулук индексин эсептөө методикасы менен тааныштырышты. Презентация мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттик жамааттын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдун алкагында өттү.

Индексти иштеп чыгуунун башкы максаты – географиялык, социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык шарттардан улам биринчи кезекте мамлекеттик колдоого муктаж болгон аймактарды аныктоонун калыс, ачык-айкын жана дайындарга негизделген системасын түзүү.

“Индекс жалпы баалоодон жана айрым формалдуу критерийлерден бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын айылдардын реалдуу шарттарын комплекстүү түшүнүүгө өтүүгө жардам бериши керек”, – деп белгиледи КР Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия МОМУНКУЛОВА.

ИНДЕКС – ОБЪЕКТИВДҮҮ ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ АНЫКТАГАН АСПАП 

Берилген методика калктуу конуштардын рейтингин түзүүнү карабайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапатын баалабайт. Индекс жашоочулардын жигердүүлүгүнө же жергиликтүү бийлик органдарынын натыйжалуулугуна тикелей көз каранды болбогон аймактын өнүгүүсүнүн калыс чектөөлөрүн көрсөтүү максатын көздөйт.

Мындай ыкма мамлекеттик органдарга артыкчылыктарды жүйөлүү аныктоого, ресурстарды бөлүштүрүүгө жана ар бир калктуу конуштун конкреттүү көйгөйлөрүн эске алуу менен колдоо чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Тегерек столдун алкагында аймактык индекстерди колдонуунун эл аралык тажрыйбасы, Кыргызстандын калктуу конуштары үчүн Индексти эсептөөнүн методикасы, ошондой эле өнүктүрүүнү башкарууда жана финансылык пландоодо аны пайдалануунун ыктымалдуу механизмдери каралды.

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, аймактардын аярлуулугун баалоо үчүн деңиз деңгээлинен бийиктигин же административдик борборлордон алыстыгын гана эске алуу жетишсиз. Заманбап моделдер көрсөткүчтөрдүн кеңири комплексин камтыйт. Алар: транспорттук жеткиликтүүлүк, демографиялык кырдаал, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана инфраструктура менен камсыз болуу, жаратылыш тобокелдиктери, экологиялык жана экономикалык шарттар.

АЯРЛУУЛУКТУН ЖЕТИ КОМПОНЕНТИ

Кыргызстан үчүн иштелип чыккан методика жети негизги компоненттен турат:

  • географиялык шарттар;
  • транспорттук алыстыгы;
  • демография;
  • социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү;
  • инфраструктуранын абалы;
  • экологиялык шарттар жана табигый тобокелдиктер;
  • аймактын экономикалык абалы.

Ар бир көрсөткүч 0дөн 3 баллга чейинки шкала боюнча бааланат, мында 0 олуттуу аярлуулуктун жоктугун, ал эми 3 – критикалык деңгээлди билдирет. Маалыматтын негизги булактары катары райондук мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик маалыматтык системалардын дайындарын жана спутниктик дайындарды пайдалануу болжолдонууда.

Ошол эле учурда иштеп чыгуучулар Индекстин жалпы көрсөткүчүн гана эмес, ар бир өзүнчө компонент боюнча жыйынтыктарды да берүүнү сунушташууда. Бул конкреттүү айылдын аярлуулугу эмнеге байланышканын аныктоого мүмкүндүк берет. Мисалы: начар транспорттук жеткиликтүүлүк, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартыштыгы, демографиялык көйгөйлөр, табигый тобокелдиктер же чабал экономикалык база.

Ошол эле учурда иштеп чыгуучулар Индекстин жалпы көрсөткүчүн гана эмес, ар бир өзүнчө компонент боюнча жыйынтыктарды да берүүнү сунушташууда. Бул конкреттүү айылдын аярлуулугу эмнеге байланышканын аныктоого мүмкүндүк берет. Мисалы: начар транспорттук жеткиликтүүлүк, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартыштыгы, демографиялык көйгөйлөр, табигый тобокелдиктер же чабал экономикалык база.

“Индекс аналитикалык документ бойдон кала бербеши керек. Анын практикалык баалуулугу эсептөөлөрдүн жыйынтыктары конкреттүү долбоорлорго, каржылоого жана элеттиктердин жашоосундагы өзгөрүүлөргө канчалык байланышканына жараша аныкталат”, – деп белгиледи ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

Индексти колдонуу мамлекеттик жардамды даректүү бөлүштүрүүгө, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана аймактардын арасындагы теңсиздикти азайтууга көмөктөшүүгө тийиш. Ал ошондой эле мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыргандан кийин калктуу конуштардын абалындагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген мониторингдин аспабы боло алат.

МЕТОДИКА ӨРКҮНДӨТҮЛҮП ТУРАТ

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар баштапкы дайындардын сапатын жана салыштырмалуулугун камсыз кылуу зарылдыгына көңүл бурушту. Аймактын өздөштүрүлүү деңгээлинин жана экономикалык жигердүүлүгүнүн деңгээлинин кыйыр индикатору катары спутниктик көрсөткүчтөрдү, анын ичинде түнкү жарыктандыруу жөнүндө дайындарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө талкууланды.

Методиканы андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштардын арасында жайыттардын жана сугат эмес жерлердин абалынын көрсөткүчтөрүн кароо, билим берүүнүн сапатынын параметрлери менен социалдык кызмат көрсөтүүлөр блогун күчөтүү, климаттык факторлорду эсепке алуу жана айрым калктуу конуштардын деңгээлинде жыйынтыктарды валидациялоону улантуу бар.

Ошондой эле аярлуу айылдардын санариптик реестрин түзүү жана аны кийин “Санарип Аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына интеграциялоо келечектүү багыт катары аталды.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар Индексти бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын аймактарды өнүктүрүүнү кыйла калыс, ачык-айкын жана даректүү башкаруунун аспабы катары киргизүү зарылдыгын колдошту. Методиканы жеткире иштеп чыгуу, анын иш жүзүндө колдонулушун текшерүү жана мамлекеттик программаларды пландаштырууда жана каржылоодо Индекстин жыйынтыктарын пайдалануу механизмдерин аныктоо кийинки этап болот.

 

Окшош материалы: