2013-12-02 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Таза сууга жеткен тургундардын пикири боюнча, маселени чечүүдө аларга “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташтык жардам берди...
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
Тегерегинде Совет доорунан бери уран сактоочу 3 жайы бар Сумсар айылдык аймагындагы элеттиктерди калдыктар эмес, таза ичүүчү суунун жоктугун кооптондурууда.
Суу менен камсыздоочу система жана өткөн кылымдын 60-жылдары өткөрүлгөн канализациялар 2005-жылга чейин шахталарды башкаруунун балансында туруп келген. Андан кийин бул чарбачылыктын баары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп калды. Ал учурда чарба жүргүзө албагандыктан улам төмөндөп кетип, капиталдык ремонтту талап кылат. Аймактагы калктын үчтөн бири сууну дарыядан жана жакынкы булактардан алып келишчү. Ал жерлерге калдык сактоочу жайдан коркунучтуу калдыктар аралаша кетчү. Дарыгерлер коңгуроо кага баштады: суунун булганыч болгонунан улам жыл сайын оорулуулардын саны өсүп жатат. Бул курч маселени мугалимдер, бала бакчанын тарбиячылары, кургак учук ооруканасынын дарыгерлери бир нече жолу көтөрүп чыгышкан. Алардын баары жергиликтүү бийликтен ушул маселени чечип берүүнү бир добуштан өтүнүшкөн. Анткени суу маселеси баладан кары чалга чейин жашоосун өзгөртүп жатат.
Эмнелер жасалды?
Элеттиктердин айтымында, Шекафтардын тургундарын суу менен камсыздоо үчүн ресурстарды мобилдештиришти: “Кызыл жарым ай” БӨУ 400 метр труба сатып алды, бул жалпы ишке “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын салымы дагы 400 метр труба болду, “Барс-Транс” ЖЧК суу менен камсыздоо системасын ремонттоо боюнча долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыкты. Жергиликтүү бюджет да четте карап турбастан 100 метр труба сатып алууга жана системанын ремонтуна каражат бөлдү. Баары болуп 490 миң сомду түздү. “Сууканалдын” адистери жана жумушчулары аталган уюмдардын колдоосу жана жергиликтүү жамааттын жардамы менен жаңы трубаларды орнотуп, айылды суу менен камсыздады.
Иштин жүрүшүнө адамдар кунт коюп көңүл буруп турушту. Маалымат өнөктүгүнүн жардамы менен алар системаны ремонттоо кандай жүрүп жатканынан, ким кандай жардам көрсөткөнүнөн (жумушка аралаштыбы, акчалай же жумушчулар үчүн азык-түлүк, түшкү тамак түрүндө жардам берилдиби) кабардар болуп турушту. Бул тууралуу бардык маалыматтарды такталардан окуп жатышты, же чогулуштардан угушту.
Таза сууга жеткен тургундардын пикири боюнча, маселени чечүүдө аларга “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”Долбоору менен кызматташтык жардам берди. Анткени дал ошол 2012-жылы бюджет боюнча коомдук угуулар маалында иш-чаралардын аткарылышы тууралуу отчет берилип, кийинки жылдын пландары талкууланып жатканда элеттиктерди таза суу менен камсыздоо жана долбоорду каржылоо маселеси көтөрүлгөн.
Натыйжасы
Жарым-жартылай болсо да, азырынча баарына болбосо да, таза суу элеттиктердин үйүнө жете баштады. ЖӨБ органдары ушундай сыноолордон кийин жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө дагы да жооптуу мамиле жасап, бюджеттик каражатты эмнелерге сарптаганы тууралуу отчет бере башташты. Бул болсо өз кезегинде калктын ишенимин жаратты. “Сууканал” ишканасы да пайдадан четте калган жок,ишкананын абоненттик базасы көбөйдү. Жергиликтүү экономисттер казынага акча көбүрөөк түшө баштайт деген ишенимде, анткени адамдар суу үчүн төлөй башташат.
МАРАИМБЕКОВ Жоноралы,
“Сууканалдын” жетекчиси