2013-12-03 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү калк менен өз ара
аракеттенүүсү мыкты түшүм берүүдө...
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
Арал айылдык аймагынын тургундарын кылымдар бою жер багып келатат. Бирок 2300 гектар сугарылуучу аянттын 400 гектары гана кайрак эмес деп табылган. Калгандарына сугат суу жеткен эмес. Албетте бул нерсе айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн натыйжалуулугуна таасирин тийгизбей койгон жок. Дыйкандар бир гектардан 10-15 центнер түшүмдөн алып турчу, бул жер аларга бере ала турганынан 2-3 эсе аз. Алар сезон сайын жоготуулар гектардан 12 миң сомду түзөөрүн, ал эми жалпысынан бул дээрлик 45,6 миллион сом болоорун эсептеп чыгышты. Колдон чыгарылган пайданын суммасы дыйкандар жана жергиликтүү ишкерлер үчүн өтө эле чоң!
Сугат суу эмне үчүн жетишпей жаткандыгы акыкталды. Биринчиден, бул электрнасосторунун жоктугу,экинчиден, арык системасынын заманбап талаптар-га жооп бербегени, үчүнчүдөн, ички жана чарбалар аралык каналдардын булганышы.
Эмнелер жасалды?
Бул маселе артыкчылыктуу экендиги даана көрүнүп турду. Ишти кийинкиге таштап койбош үчүн кырдаалга терең анализ жасалды. Ал эми маселе туш тараптан аныкталып чыккандан кийин активисттер аракеттер планын иштеп чыгышты, жооптуу адамдарды тандап алып, алар 11 адамдан турган демилгелүү топко биригишти. Өз кезегинде ал топ “Мөл булак” аттуу ири демилгелүү топко кирди.Адистердин жана эксперттердин жардамы менен топ электрнасосторун сатып алуу жана арык системасын тазалоо боюнча чыгашалардын сметасын даярдап, долбоорду иштеп чыкты. Иш коомдук маанидеги мүнөздө болгондуктан Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фонду 650 миң сом бөлдү. Бул каражат Кош-Дөбө жана Долон айылдарынын дыйкандарын жана жашоочуларын сугат суу менен камсыздоо үчүн эки электрнасосун сатып алууга жетет.
Жергиликтүү тургундардын өздөрү болсо жалпы узундугу 7,5 километр болгон “Сары-Дөбө” жана “Калмак-Арык” каналдарынын тазалоо жана ремонт иштерин жасоо демилгесин көтөрүп чыгышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга каржы жагынан жардам берүүнү чечти. Жергиликтүү бюджеттен алынган 30 миң сомго элеттиктер цемент,бурчтуктарды, темир кагаздарды, электроддорду сатып алышты. Мунун баары демилгелүү топ даярдаган сметага ылайык алынды. Ал сметаны түзүүгө “Батыркан ажы” СПА адистери жардам беришти.Болжол менен 85 миң сомго калк чогулткан акча жана курулуш материалдары да керекке жарады.
Натыйжасы
Элеттиктер алгачкы жыйынтыгын чыгара келгенде өздөрү да ыраазы болушту. Салыштырмалуу аз убакыттын ичинде алар биргелешип 6 калкан орнотуп, 2 беш метрлик көпүрө курушкан. Тазалоо иштерине 112 жергиликтүү тургун катышкан. Алар өз эмгеги үчүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан азык-түлүк алышкан. Бирок эң негизгиси – сугат суу кайрак жерлерге жетти! Бүгүн сугат суу менен 520 гектардан ашуун жер камсыздалды. Ал жерде дан маданиятынын түшүмдүүлүгү 1 гектардан 25-30 центнерге жетти. Бул башталышы гана.
Элдик трибуна
БАТЫРКАНОВ Акен, аксакал:
“Биз эми жакшы жашайбыз дегенден күмөн санабайм. Бул нерсе элеттик товар өндүрүүчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуунун үстүнөн биргелешип иштеп жаткан жашоочулардын жана ЖӨБОнын демилгесинен улам мүмкүн болду”.
КОНОКБАЕВА Жаңыл, АК депутаты:
“Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүүсү мыкты түшүм берүүдө. Мунун көз урунарлык мисалы – биздин фермерлерди сугат суу менен камсыздоо боюнча долбоор. Мындай кызматташтыктан бардыгы утту. Элеттиктердин бакубаттуулугу бир кыйла өстү”.
.
КАСЫМБАЕВ С., Арал АА башчысы