2013-12-03 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Жалпы иш адамдарды бириктирди, аларда өз үйүнө гана эмес, айылга да кам көрүүгө кызыгуу пайда болду...
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
Базар-Коргон районунун Акман айылдык аймагындагы 33 километрлик канал дээрлик жыйырма жылдан бери кароосуз абалда жаткан. Бул канал 1403 гектар ачыл чарба үчүн жарамдуу жерди тейлей алмак. Көп мезгилдерден бери аны тейлөө менен эч ким алектенген эмес. Бара-бара ал тайыз тартып отуруп, таштандыга толуп калды. Ал арада суунун жетишсиздигинен улам буга чейинки түшүмдүү сугат жерлер кайрак жерлер категориясына өтүп кетти. Түшүмдүүлүк азайып, адамдар кирешеден куру калып жатышты. Анын үстүнө калк сугат суу үчүн акы төлөөдөн баш тартты, мунун айынан суу үчүн карыздын суммасы 590 миң сомго жетти. Жылдар өтүп, бир топ көйгөйлөр пайда болду: Суу башкармалыгы каналды тазалоо жана кеңейтүү боюнча иштерин жүргүзбөй калды, анткени бул үчүн эч ким төлөгөн эмес. Натыйжада мунун азабын баары көрдү. Өзгөчө 11,2 гектар жерге ээлик кылган дыйкандарга кыйын болду. Сугарылып турбаса, жер да жоголот эмеспи.
Эмне жасалды?
Оор маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн демилгелүү топ биринчи орунга суу менен камсыздоо маселесин алып чыкканда аймактын тургундарынан эч ким каршы болгон жок. Жеке ишкерлер, Жогорку Кеңештиндепутаттары, аксакалдар, жаштар да четте карап турган жок. Алар карызды төлөө үчүн акча топтоп, калк арасында каналды өз күчү менен тазалоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышты. Бул үгүттө аларга АӨ аппаратынын кызматкерлери жана айыл башчысы өзү да жардам берип жүрдү. Анткени бул маселе алардын муниципалитетине түздөн-түз тиешелүү болчу.
Тазалоо иштерин каржылоого 767 630 сом сарпталды, бул акчанын үчтөн бирин жамааттын салымы түзөт. 316 330 сомду суу чарба башкармалыгы бөлдү жана 204 миңге жакын акча жеке ишкерлерден түштү.Акча жыйноодон аны бөлүштүрүүгө чейинки бүт процесс жазылып тургандыктан ар бир айыл тургуну ал маалыматты такталардан окуй алмак.
Каналдарды тазалоо боюнча бардык иштер аяктап, көпкө күткөн суу дыйкандардын талаасына жеткенден кийин бул күн элеттиктер үчүн биримдик марамына айланды. Аймактын тарыхындагы жакшы окуяны чагылдыруу үчүн облустук телевидениенин журналисттери чоң репортаж даярдашты.
Натыйжасы
Элеттиктер бардык карыздарынан кутулушту жана эми бул катасын кайталабай турган болушту. Алар каналдын абалына көз салып турушмакчы. Анткени ансыз талаалар сугарылбай калат жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү мүмкүн эмес.11200 жергиликтүү тургун сугат суу менен камсыздалды – алар түз бенефициарлар, ал эми кыйыр пайда көрүүчүлөр – кошуна Бешик-Жон аймагындагы Жон жана Баймундуз айылдарындагы сугарылган талаалардын ээлери.
Бул жерлерде Суу пайдалануучулар ассоциациясын жандандырып, анын кызматкерлери өзүнчө имараттын курулушу жана каналды тазалоо үчүн атайын техника сатып алуу үчүн эл аралык донорлордон гранттык каражатты алууга долбоордук табыштамаларды түзүштү.
Жетишкендик катары дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул аң-сезимдин жана коомдук активдүүлүктүн өсүшү. Эл башка бирөө келип жардам бербей турганын, өз көйгөйлөрүн өздөрү чечиши зарыл экенин түшүндү. Мына ошондо көпкө күтүлгөн колдоо да келет. Өз-өзүнчө болгондон көрө бириге калуу жакшы деген түшүнүк келди.
Жалпы иш адамдарды бириктирди, аларда өз үйүнө гана эмес, айылга да кам көрүүгө кызыгуу пайда болду. Мына, кимдир бирөө Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлерине арналган монументти калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул жакшы ишке бир заматта 850 миң сом акча чогулду. Элеттиктер үчүн адатта жаштар уюштурган “Тазалык – ден соолуктун кепилдиги!” урааны алдында ишембиликтерди өткөрүү да көнүмүшкө айланды.
КОЗУЕВ Эгемберди, СПА төрагасы,
ИСМАИЛОВ Субан, лидер