Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекет, донорлор жана кошуналар менен тил табышты

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Элеттиктер максатына жетүү үчүн алгачкы кадамды жасап коюшту...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Баястан жаңы участогунда адамдар убагында Коргон айылынын батыш бөлүгүндөгү колотто жайгашкан жер участокторун алышкан. Учурда бул жерде 42 үй-бүлө, же 220 адам жашайт. Анын 46сы балдар. Узундугу дээрлик 3,5 километрге жеткен участок электр жарыгы менен жабдылган эмес. Бул маселени Баястандын жана Коргондун жашоочулары бир нече жолу чогулуштарда жана жыйындарда айтып келишкен. Бирок райондук энергетиктер алакандарын жайып тим болчу.
 
Эмне жасалды?
 
РЭСке үмүт арткандан чарчаган жергиликтүү активист АДЫЛОВА Гүлсара жердештерине устундарды сатып алууну сунуштады. Калк активисттин сунушун колдоп берди. 2010-жылы айылдыктар Аксы райондук мамлекеттик администрацияга жардам сурап кайрылды. Бирок жооп болгон жок. Бир жылдан кийин да ушундай эле өтүнүч менен жаңы аким М.Айдаралиевге барышты. Ал ЖөБ органдары менен сүйлөшүп көрүүнү сунуштап, бирок өз кезегинде өзүнүн фондунан каражат бөлүүгө жана жардамга райондук РЭСтен адистерди жиберүүгө сөз берди.
 
Активисттер ишке киришип, муз ордунан козголду. Бул маселени толугу менен изилдеп чыга турган атайын комиссия түзүлдү. Натыйжада көчөнүн 2650 метринде 53 устун орнотуп, дээрлик 3000 метр алюминийден жасалган зым сатып алуу зарыл экени аныкталды. Жашоочулар ар бир үй чарбачылыгынан 1000 сомдон чогултуп беришти. Аларга үйүн кура электер да кошулду. Бул ишти жергиликтүү активисттер АДЫЛОВА Г., ТЕМРБЕКОВ Н. жана КАМБАРАЛИЕВ К. колго алышты. Алар чогулган акчага устундарды сатып алышты. Устундарды жеткирүүгө кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен айыл өкмөтү төлөп берди. Токой чарбачылыгы устундарды даярдоого 40 даана карагай берди. Устун жасоого жана аны жеткирүүгөкеткен чыгашаны калк көтөрдү, бул ишти 6 адамдан турган бригадага тапшырышты. Бардык чыгымдар так көрсөтүлүп жатты: машинеге жана тамактанууга 10 миң сом кетти, атайын илмекти жана изоляторлорду сатып алууга жергиликтүү бюджеттен дагы 8000 сом бөлүндү.
 
Иш жүргөнү менен акча такыр эле жетпей жатты. Кудай жалгап демөөрчү табылды - Save the Children уюму. Аталган уюм микродолбоорго табыштаманы колдоп, ошол үчүн бөлгөн каражат темир бетондон жасалган 10 устунду, 105 миң сомго 3000 метр алюминий зымын сатып алууга жетти. Мунун баары Баястан участогуна жеткирилди. Ушул жерден калган ишке АПЗ даярдаган райондук архитектуранын жана РЭСтин адистери киришти. Мунун баарын стандартка ылайык жасаш керек эле.
 
Натыйжасы
 
2012-жылдын 20-ноябрында ар бир үйдү текшерип чыгышып, электр тогун өткөрүү канчалык зарыл экенин көрүштү. Идеяны ийгиликтүү ишке ашырганы үчүн айыл өкмөтү активдүү тургундарга ыраазычылыгын билдирди. Элдин демилгесин Алчалуу-Булак,Тегирмен-Сай, Товар-Сай жаңы конуштарынын жана Оут участогунун тургундары колдоп кетишти. Алар да өз үйүнө электр тогун киргизүү боюнча баястандыктардын тажрыйбасын ишке ашырмай болушту.
 
Ушуну менен жаңы конуштун тургундарынын өз тиричилигин оңдоп алуу ниети бүтүп калган жок. Алар бул жакка суу өткөрүүнү чечишти. Бүгүн участоктун көптөгөн тургундары эшектерге учкашып алып, бидон менен суу ташып келүүгө мажбур болуп турушат. Адамдар үйлөрүнө ичүүчү сууну өткөрүп алуу үчүн өз салымын кошууга даяр. Ошондуктан алар кайрадан эле Гүлсара АДЫЛОВАга кайрылып, акча чогултуу ишин өзүнө алууну өтүнүштү. АӨ 10 миң сом берүүнү убада кылды. Эсептөөлөр көрсөткөндөй,1250 метр труба жана 4 бетон кудук куруу зарыл. Мунун баарына 117 450 сом кетет. Жумушту уюштурууга жана алардын аткарылышына көзөмөлдү өзүнө жергиликтүү бийлик алды. Учурда каржылоонун булактарын издеп жатышат. Бирок элеттиктер максатына жетүү үчүн алгачкы кадамды жасап коюшту.
 
Анарбек ОСМОНАЛИЕВ,
АӨ башчысынын орун басары
 
 

Окшош материалы: