2014-05-06 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Европа комиссиясынын Европа парламентине, Кеңешине, Европа социалдык-экономикалык комитетине жана Региондор комитетине кайрылуусу (кыскартылып берилди)
Брюссель, 15.05.2013-ж.
1. Кыскача маалымат
Өнүгүүнүн борборлошкон жана буйрукчул көрсөтмө саясаты жана программалары туруктуу өнүгүү жана жакырчылык менен күрөш көйгөйлөрүн чечүүдө жалгыз-жарым ийгиликке жете албайт.Мамлекеттик жана жеке акторлордун өзгөчө жергиликтүү деңгээлде өз ролу бар. Акыркы жыйырма жылдан бери көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөгү борбордук өкмөттөр өнүгүү процесстерине карата мамлекеттик саясатты жана жергиликтүү кырдаалга жараша кызмат көрсөтүүнү аныктоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкарууга1 ыйгарым укуктарды өткөрүп беришкен.Анткен менен бул саясий таануу дайыма эле автономиянын жетиштүү деңгээли, дараметти күчтөндүрүү жана каржылык ресурстар менен коштолгон эмес жана көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн ишке ашпай калуусуна алып келген. Европа биримдигинин көптөгөн өнөктөш өлкөлөрүндө ЖӨБ органдары аркылуу түз каржылоо мурдагыдай эле мамлекеттик сектордун жана өнүгүү максатындагы эл аралык жардамдардын чыгашаларынын анча деле олуттуу эмес бөлүгүн түзөт. ЖӨБ органдарынын дараметин өнүктүрүү үчүн бир топ тоскоолдуктарды жеңип өтүү зарыл. Дал ушул максатта Европа комиссиясы өнөктөш өлкөлөрдө өнүгүү жаатындагы тапшырмаларды аткарууда ЖӨБ органдарынын ишинин маанисин кайрадан тастыктап жатат жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн стратегиялык катышууну сунуштоодо2.Бул Кайралуу өзүнө ЕБда3 өнүгүү боюнча кызматташтыкка жарандык коом уюмдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну тартуу тууралуу Түзүмдөштүрүлгөн диалогду, ошондой эле өнүгүү саясатынын таасирин күчөтүү:өзгөрүүлөр үчүн күн тартиби боюнча4. Кайрылууда көрсөтүлгөн жакырчылыкты кыскартууга жана туруктуу өнүгүүгө карата жаңыланган мамилени жана башка Кеңештин1 тийиштүү кайрылууларын жана тыянактарын, ошондой эле “Өнүгүүдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу” изилдөө докладынын негизинде кызыкдар тараптар менен өткөрүлгөн консультациялардын жыйынтыктарын камтыйт. Атүгүл Кайрылуу эл аралык жардамды жана Пусанда2 кабыл алынган Натыйжалар тууралуу документте аныкталгандай өнүгүүнүн натыйжалуулук маселелерин көңүлгө алат.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн мааниси
Жарандардын алардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерде чечим кабыл алуу процессине катышуусу жана отчеттуулук механизмдерине жеткиликтүүлүк туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу үчүн негиз салуучу мааниге ээ. Бул калк жашаган жана иштеген, базалык кызматтар көрсөтүлгөн жана ишканалар жайгашкан жергиликтүү деңгээлде өзгөчө маанилүү. Ошондуктан максаттарды аныктап алуу жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган чечимдерди аныктоодо чогуу иштешүү үчүн, колдо болгон ресурстарды дагы да чоңураак социалдык биримдик үчүн жана отчеттуулукту күчтөндүрүү, отчеттуулук механизмдерин кошкондо мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугу үчүн жарандар ортого жалпы кызыкчылыктарды коюшат.Башка мамлекеттик органдарга салыштырмалуу жарандарга дагы да жакыныраак турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөрүүлөрдүн катализатору катары аракеттенүү менен жергиликтүү жамааттардын мобилдешүүсү үчүн жоопкерчилик алышат.Бул дагы да натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, жарандык коом уюмдары (ЖКУ) менен кызматташтыкта өнүгүүнүн көбүрөөк баарын камтыган процесстери жана жергиликтүү жамааттардын чукул маселелерин чечүү көз карашынан алып караганда өзгөчө туура. Мындай көйгөйлөр өзүнө социалдык ажырымды, миграцияны, азык-түлүк коопсуздугун, чектелген инфраструктураны, умтулуштуу урбанизацияны,ресурстардын түгөнүшүн, коомдук коопсуздукту жана зордук-зомбулукту, тоо-кен ишмердигинде экологиялык жана социалдык кесепеттерди, адаптацияны жана климаттын өзгөрүүсүнүн жумшарышын, мыйзам үстөмдүүлүгүн жана акыйкаттыкка жеткиликтүүлүктү камтыйт.Туруктуу өнүгүүгө жана акыйкат натыйжаларга жетүү үчүн жергиликтүү деңгээлде талаптагыдай башкаруу зарыл. Ал өнүгүүнүн бардыгы камтылган, жооп кайтарган жана натыйжалуу процесстери үчүн шарт түзөт.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапаты биринчи кезекте ченемдик-укуктук аспаптар аркылуу жергиликтүү деңгээлде жагымдуу шарттарды түзүү боюнча борбордук өкмөттүн саясий даярдыгына байланыштуу. Ал ченемдик-укуктук аспаптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бийликти жүзөгө ашырууда автономиядан пайда табууга жана конкреттүү мүмкүнчүлүктөрдү алууга жардам берет. Ошентип жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик саясатты кантип ишке ашырганына жана колдо болгон ресурстарды бөлүштүрүү аркылуу башка мамлекеттик мекемелер, жарандар жана жеке сектор менен өз ара аракеттешүү жана саясатты иштеп чыгуунун жергиликтүү процесстеринин негизинде кызмат көрсөтүүсүнө жараша болот.Жаратылыш байлыктарына бай келген мамлекеттерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кен казуу тармагынын ишинин ыкмалары жана казуучу сектордон түшкөн кирешени жергиликтүү жамаат, борбордук өкмөт жана жеке структуралар аркылуу бөлүштүрүү тууралуу сунуштарын бере алат.Туруксуз, кризистик жана тобокелчилиги жогору кырдаалдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү туруктуулук стратегияларын башкарып, негизги социалдык кызматтарды көрсөтүү менен калктын аярлуу топторун жана жамаатты коргоо боюнча өзөктүк ролду ойнош керек. Жаратылыш кырсыктары көп болгон райондордо алар өз убагында жооп кайтаруу чараларын башкарууга жана калкка кызмат көрсөтүүгө кошумча кесепеттерди алдын алуу, чыгымдарды азайтуу жана даярдыкты камсыздоо иштеринде чечүүчү мааниге ээ болушат. Атүгүл алар күн мурда эскертүүдө маанилүү роль ойноп, ошону менен талаш-тартыштарды жөнгө салуунун жергиликтүү жана салттуу механизмдеринин жардамы менен зордук зомбулуктун алгачкы белгилерин жок кылууга көмөктөшөт.Ошого карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун артыкчылыктарын натыйжалуу жетекчиликтин жоктугу, коррупциянын жогорку деңгээли жана абийирсиз башкаруу, протекционизм жана мыйзамсыз экономика, ошондой эле жагымсыз институционалдык механизмдер, чектелүү каржы ресурстары, административдик дараметтин төмөнкү деңгээли, пландоонун адекватсыз жол-жоболору жана мамлекеттик каржы менеджменти өңдүү институционалдык механизмдерге байланышкан терс саясий факторлор бузуп коюушу мүмкүн.Ошентип өлкөдөгү кырдаалга жараша жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик сектордун өнүгүү процесстери менен байланышы дегенде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча аракеттерин жана башкаруунун жергиликтүү структураларын бекемдөө максаты үчүн аракеттер дегенди түшүнсө болот. Бул бир эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн да, жарандардын ачыкайкындуулукту жана отчеттуулукту, ресурстарды акыйкат бөлүштүрүүнү жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү талап кылуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн да фундаменталдык мааниге эле.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну онүктүрүү дараметин ачуу
Өнөктөш өлкөлөрдө мамлекеттик сектордун колдоосу менен өнүгүүнүн улуттук стратегияларын жана пландарын дагы да натыйжалуу жана таасирдүү иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү мамлекеттик сектордун маанилүү ролун эсепке алуу зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көрсөтүлгөн жардам толук укуктуу саясий субъекттер катары өз ыйгарым укуктарын жана демилгелерин жүзөгө ашыруу үчүн мыйзам менен аныкталган институционалдык мандатын аткаруу үчүн алардын дараметин бекемдөөгө багытталыш керек.Субсидиардык принцибин2 кармануу менен Европа биримдиги жергиликтүү деңгээлде саясаттын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугунун жана отчеттуулуктун пайдасына чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясатчылардын жана адамдардын ролун жогорулатууну максат кылган. Балким бул аларга демократиялык катышуунун, акыйкаттыкты, адам укуктарын коргоону, активдүү жарандык турумду,аялдардын жана жаштардын коомдук чөйрөгө катышуусун жана көп тепкичтүү отчеттуулукту арттыруунун эсебинен жергиликтүү өнүктүрүү деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берет.Кызыкдар жактардын өнөктөштүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн, жергиликтүү деңгээлде иштеген башка акторлордон жана жарандардан турган диалог механизмдери жергиликтүү деңгээлде колдоого алыныш керек.Бул көйгөйлөр белгилүү болуп, көңүлгө алынуусу үчүн керектөөлөрдү камсыздоо боюнча тийиштүү борбордук органдар менен диалогго тартуу үчүн зарыл.Өнүгүүгө карата территориалдык мамиле дал ушул алкактарда колдоого алыныш керек. Аймактын өзгөчөлүктөрүнө жана керектөөлөрүнө ылайык, өнүгүүгө карата территориалдык мамиле мультиактордук жана мультисектордук мамилеге негизделген, төмөндөн жогору карай ыргактуу узак мөөнөттүү процесс катары мүнөздөлөт.Мында артыкчылыктарды аныктоо, пландоо жана өнүгүү стратегиясын жүзөгө ашыруу үчүн түрдүү жергиликтүү мекемелер жана акторлор биргелешип иш алып барат.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги алдында жеке сектор жана жергиликтүү жамаат тарабынан кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды мобилдештирүү, өнүгүүгө территориалдык мамиле жарандардын жашоо сапатынын өзгөрүүсүнө жана бакубаттуулугуна, социалдык экономикалык өсүш менен социалдык акыйкаттык жана айлана-чөйрөнүн сапаты ортосундагы теңдикти камсыздоого, ошондой эле өзгөчө аярлуу топтордун турмуш деңгээлин жогорулатууга алып келиши мүмкүн.Мындан тышкары мындай мамиле жергиликтүү саясий процесстерди бекемдөөгө ачык-айкындуулукка көмөктөшүп, туруктуу өнүгүүгө жетүүдө прогресске үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү аркылуу өнүгүү процессине тартылуунун деңгээлин жогорулатат.
3. Мыкты башкаруу жана жергиликтүү деӊгээлде өнүгүүнүн дагы да натыйжалуу жыйынтыктарына жетүү үчүн еб колдоосун түзүү
ЕБ өнөктөш өлкөлөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун демократиялык легитимдүү, жооптуу жана өкүлчүлүктүү органдарын жана жергиликтүү лидерлерди коргоо боюнча ишти камсыздап бериш керек. Мында өзгөчө басым айылдардагы жана шаарлардагы бийликтин муниципалдык органдарына жасалууга тийиш. Ошондой эле ЕБ регионалдык бийликтер менен координациялоо мүмкүнчүлүктөрүн караштырышы зарыл.Туруксуз кырдаалдарда ЕБнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыгы бир эле учурда дагы да кеңири мамлекеттик курулуш процесстери менен өзгөчө актуалдуу.Алар туруксуздуктан туруктуулукка карай жолдо зарыл. Өзгөрүүлөр үчүн күн тартибинде айтылгандай, бул адам укуктары одоно бузулган өлкөлөрдө өзгөчө актуалдуу. Мындай учурларда ЕБ бийликтин борбордук органдары менен кызматташтыкты токтото туруп, жардамды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом уюмдары аркылуу жиберүүнү уланта алат. Мындан тышкары ЕБ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү саясатты жана пландарды аныктоого жана ишке ашырууга ыйгарым укуктуу болушу үчүн, туруктуу өнүгүү процессине толугу менен катыша алуусу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча өкмөттүн аракеттерин колдош керек. Бийликтин борбордук органдары менен биргеликте ЕБ өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары чектелүү алыскы аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын камсыздоо үчүн дараметти өнүктүрүүгө багытталган ишмердикти инвестициялап, башка жергиликтүү акторлор менен кызматташтыкта өз аймактарын өнүктүрүүнү жетектеш керек.Функционалдык көз караштан алганда ЕБнын жаңыча мамилеси борборлоштурууну азайтуу реформалары, дараметти өнүктүрүү жана институционалдык өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун саясий, административдик жана каржылык автономиясын активдештирүүгө көмөктөшөт.
3.1. Борборлоштурууну азайтуу процесстери
Борборлоштурууну азайтуу мамлекеттик секторду реформалоонун өзгөчө аспектиси болот. Ал өзүнө бир катар саясий ыйгарым укуктарды, анын ичинде кирешелерди мобилдештирүүнү, кызматтарды көрсөтүү боюнча жоопкерчиликти, каржылык, адамдык жана административдик ресурстарды жогорку деңгээлдеги саясий системадан андан төмөнүрөөк турган мамлекеттик бийлик органдарына өткөрүп берүүнү камтыйт. Борборлоштурууну азайтуу маңызы боюнча мамлекеттин жалпы түзүлүшүнө таасирин тийгизген саясий маселе болуп эсептелет. Ал натыйжалуулукту, теңдикти жана социалдык бириккендикти жогорулатууга багытталган жана суверендүү өлкөдө ашырыла алат. Ошондуктан өнүгүү боюнча өнөктөштөр тарабынан борборлоштурууну азайтууну колдоо ушул процессти ишке ашырууга жана ага көмөктөшүүгө карата саясий эрк болгон же борборлоштурууну азайтуу боюнча реформалар башталып калган учурларда гана каралыш керек. Ошол эле учурда ЕБ өз ишмердигин борборлоштуруу азайган чөйрөдө жүргүзүш керек. Борборлоштурууну азайтуу процесстеринде ЕБнын колдоосу биринчи кезекте аймактык активдерге карата реформалардын саясий экономиясын түшүнүүгө негизделет. Мындан тышкары борборлоштурууну азайтуу боюнча ЕБнын колдоосу институционалдык өнүгүүдө борборлоштурууну азайтуу үчүн жагымдуу укуктук жана саясий чөйрөнү түзүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз функцияларын мыйзамдарга ылайык аткаруусу үчүн белгилүү бир даражадагы автономияга ээ болуу менен дараметти өнүктүрүүгө топтолуш керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улуттук укуктук актыларга ылайык мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртып, жергиликтүү деңгээлде кирешелерин мобилдештирүүсү үчүн жетиштүү каржылык ресурстарды бөлүү күтүлгөн натыйжалардан болуш керек. ЕБнын параллель жардамы саясий отчеттуулук, ачык-айкындуулук механизмдерин жана муниципалдык саясатка мониторинг жүргүзүү механизмдерин түзүү менен катар борбордук бийликтин дараметин, деконцентрацияланган коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле жергиликтүү саясий жана административдик персоналды бекемдөөгө багытталыш керек.
3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дараметин жогорулатуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талаптагыдай башкарууга жана мындан улам жергиликтүү деңгээлде өнүгүү жаатында максаттарга жетүүсү үчүн өз салымын кошуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында жергиликтүү шайлоо жолу менен келген кызматтык адамдар жана административдик персонал мамлекеттик сектордун ресурстарын башкаруу жана мобилдештирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуш керек; кирешелерди арттыруу үчүн мамлекеттик каржыны башкара билүүсү зарыл; чыгашаларды билгичтик менен бөлүштүрө алуусу абзел; ачык-айкындуулук- ту, катышууну жана башка субъекттер менен өз ара аракеттешүүнү камсыздашы керек.Талаптагыдай жергиликтүү башкаруу үч деңгээлде түптөлөт: жеке, институционалдык жана уюштуруучулук. Жеке деңгээлде саясий дарамет жергиликтүү саясатчылардын жана административдик персоналдын квалификациясына, окутуусуна, мамилесине жараша болот. Институционалдык деңгээлде дарамет персоналдын аракеттерин регламенттештирген структурадан, жумушчу процедуралардан көз каранды. Уюштуруучулук деңгээлде дарамет саясаттан жана укуктук чөйрөдөн, башка акторлор менен мамилелерди жөнгө салган эрежелерден жана практикалардан көз каранды.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин өнүктүрүүнү колдоо узак мөөнөттүү жана керектөөлөр менен шартталган мамиленин лидерликти өнүктүрүүнүн, баары камтылган кызматтарды көрсөтүүнүн жана натыйжалуу каржылык башкарууга басым жасоонун негизинде аныкталат. Мындай мамиле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишмердигин жүзөгө ашырып жаткан секторлордо дараметин өнүктүрүүнү алга жылдыруусуна көмөктөшөт. Аны менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун улуттук Ассоциацияларынын жана жетекчилик мектептеринин түз кызматташтыкка катышуу жолу менен – мисалы, борбордук жана жергиликтүү бийликтер ортосунда дагы да адекваттуу байланыштарды түзүү үчүн ири муниципалитеттерден турган жана майдараак муниципалитеттерге техникалык жардам берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда.
3.3. Туруктуу шаардаштыруу
Шаар калкынын саны тез өсүп жатканынан улам шаардык башкаруу талаптагыдай жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанилүү аспекттеринин бири болуп калды. Шаарлардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардаштырууга, мисалы, жашоо шарты төмөн, кылмыштуулук гүлдөгөн жана социалдык дисфункция орун алган, талаптагыдай кызмат көрсөтүүлөр жана шарттар түзүлбөгөн мыйзамсыз жаңы конуштарда жашаган жарандардын муктаждыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө олуттуу роль ойнойт.2025-жылы дүйнө калкынын болжол менен үчтөн эки бөлүгү өнөктөш өлкөлөрдөгү шаар калкы 95 пайыздык өсүштү түзгөн шаарларда жашайт жана калктын эң жакыр катмарларынын көңүлүн топтойт. Шаардаштыруунун түрдүү себептери бар, анын ичинде чакан шаарларда жана элет аймактарында жашаган адамдардын ири мегаполистерге миграциясы жана элеттен чакан шаарларга миграциясы, ошондой эле борбор шаарлардагы калктын табигый өсүшү. Өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкта ЕБ басынтпоону камсыздоо жана тоскоолдуктарды жеңүү үчүн туруктуу стратегияларды алга жылдырууга аракет жасайт. Ал стратегиялар түрдүү топторду ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө жетүүдөн чыгарат, социалдык интеграцияга, аймактык бириккендикке жана айлана-чөйрөнү коргоого көмөктөшүү үчүн шаардык өнүгүүнү сунуштайт. Өзгөчө көңүлдү жерге жеткиликтүүлүккө буруш керек. Ал туруктуу шаардык өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Шаардаштыруу жердин наркына олуттуу таасир тийгизет. Ошондуктан муниципалдык каржы кызмат көрсөтүүлөрдү жана мекемелерди каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн жердин наркын көтөрүүдөн пайда таба алышына көз салуу зарыл. Ошону менен катар ЕБ жерлерди, кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтип, шаар четинде жашагандардын жарандыгын камсыздоо менен, жакыр аймактарды бара-бара жакшыртып, формалдаштырып, аларды шаарга кошуу үчүн абаттоого багытталган шаардык программаларды иштеп чыгууну колдош керек. Мындан тышкары ЕБ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер укуктарын жана кызыкчылыктарын каттоо, шаардын жерлерин натыйжалуу башкаруу (кадастрлар, шаардык менчик регистрлер) жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга умтулуш керек. Шаар жерлерин жакшыртуу кыймылсыз мүлк базарларын ачат. Кыймылсыз мүлккө байланышкан бүтүмдөр дагы да ачык-айын болуп, аларга салык салынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын фискалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорулашы шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана жалпы жашоо сапатын жакшыртуу үчүн өбөлгө болуп берет.
3.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары жергиликтүү деңгээлде талаптагыдай башкарууга жана өнүгүү натыйжаларына жетүүдө маанилүү ролду ойной алат. Алардын негизги функциялары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: (I) борбордук өкмөт жана башка улуттук кызыкдар жактар менен, ошондой эле эл аралык форумдарда улуттук саясий диалогдо мүчөлөрдүн кызыкчылыктарынын адвокациясы; (II) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дагы да көбүрөөк автономиясын жана ыйгарым укуктарын камсыздоо максатында саясатты децентралдаштыруу үчүн лобби; (III) координация жана мүчөлөр арасында талкуу үчүн аянтча; (IV) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу максатында тажрыйба жана билим алмашуу; (V) жергиликтүү саясатты жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш сапатын көзөмөлдөө;(VI) жергиликтүү өнүгүүнүн биргелешкен пландарына көмөктөшүү жана аларды координациялоо.Көптөгөн өнөктөш өлкөлөрдө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациялары дагы эле чабал. Айрым бир башка өлкөлөрдө эч кандай Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациялары деле жок.Акыркы жыйырма жылдан бери эл аралык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациялары өнүктүрүү жаатында саясатты иштеп чыгууга катышуу жана жергиликтүү деңгээлде эл аралык жардамды көрсөтүү үчүн адвокациялай баштады. Эл аралык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациялары ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууда реформанын жана жергиликтүү өнүгүүгө натыйжалуу катышуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында борборлоштурууну азайтуунун маанисин тастыкташты.
4. Алга карай жол: колдоонун дагы да натыйжалуу жана ийкемдүү ыкмалары
ЕБ өнөктөш өлкөлөрдө өз колдоосун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциацияларынын барган сайын артып бараткан ролуна, дараметине жана керектөөлөрүнө адаптациялаш керек.Жергиликтүү деңгээлде ресурстарга ийкемдүү, ачык-айкын жана экономикалык жактан натыйжалуу жетүүгө көмөктөшө турган каржылоонун инновациялык механизмдерин пайдалануу изилдениш керек. Борборлоштурууну азайтуу процесстерин колдоо контекстинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын институционалдык ишмердигин жыл сайын баалоонун негизинде жергиликтүү кызматтарды көрсөтүүгө багытталган гранттар бериле алат. Ошондой эле ЕБ жарандарга мамлекеттик чыгашалар долбоорлорунун артыкчылыгын аныктоо, талкуулоо жана ал боюнча чечим чыгарууга жол берген демилгелерди колдош керек (мисалы, коомдун катышуусу менен бюджеттөө).ЕБ бюджеттик колдоо үчүн чараларды колдонот.Аны менен катар кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн секторду реформалоонун Келишимдерин.Бул децентралдаштырылган кызмат көрсөтүүлөр же максаттуу калктын дагы да жеңил жетүүсү үчүн мекемелер болушу мүмкүн. Мисалы, саламаттык сактоо, билим берүү, суу менен камсыздоо, санитария, айыл чарбасы же түздөн-түз борборлоштурууну азайтуу процессинин өзү1. Бюджеттик колдоону иштеп чыгууда жана ишке ашырууда ЕБ борбордук,аймактык деңгээлдер менен катар жергиликтүү мамлекеттик деңгээлдерди да эсепке алыш керек. Ишке ашыруу учурунда ЕБ мамлекеттик казына аркылуу жергиликтүү администрациялардын тийиштүү деңгээлдерине өткөрүлүп берилген каржылоонун даражасына мониторинг жүргүзүү системасын колдош керек.
Бул бюджеттер аралык трансферттерди жакшыртууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын институционалдык дараметин, пландоо жана каржылык менеджмент өңдүү жааттарды процедураларды жана системаларды бекемдөөгө көмөктөшөт, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатат.Атүгүл ЕБ борборлоштурууну азайтуу жана ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү реформаларын бюджеттик колдоого, бийликтин борбордук органдары менен саясий диалогдо ыктымал көйгөйлөрдү аныктоого багытталган улуттук, субулуттук жана тармактык стратегиялары ортосундагы саясатты,бирин бири толуктагандыкты жана макулдашууну координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат.ЕБ узак мөөнөттүү жана тең институционалдык өнөктөштүктүн негизинде Европага жана өнөктөш өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда децентралдаштырылган жана чек аралар аралык кызматташтыкты координациялоону уланта бериш керек. ЕБнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен үчүнчү өлкөлөрдөгү алардын кесиптештеринин ортосунда децентралдаштырылган кызматташтык “теңтеңге” принциби боюнча туруктуу окутуу, билимдерди жана көндүмдөрдү өткөрүп берүү жана жергиликтүү деңгээлде коомдук мейкиндикте жергиликтүү акторлордун катышуусун камсыздоо аркылуу өнүгүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга кошумча салым кошо алат.Көптөгөн европалык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары донор катары чыга баштаганын мойнуна алуу менен, жардамдын жана өнүгүүнүн натыйжалуулук принцибинин негизинде жергиликтүү деңгээлде ушул кызматташтыктын таасирин күчтөндүрүү максатында ЕБ ушул акторлорду дагы да системалык кызматташтыкка тартуу үчүн аракеттерди бириктирүүгө чакырат. Европалык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тажрыйба жана жакшы практикаларды алмашуу үчүн, ошондой эле аймактар аралык байланыштарды орнотуу үчүн саясий мейкиндикти камсыздаган Региондор комитети бул маселеде өзөктүү ролду ойной алат. Мындан тышкары европалык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар арасында билим берүүнү өнүктүрүүгө жана маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатууга (БӨМДЖ) көмөктөшүүдө да маанилүү ролду ойнош керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий диалогдо жана улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууда ролун күчтөндүрүү үчүн мамлекеттик сектордогу реформаларды колдоого даярдык кийинки колдоолор менен макулдашылыш керек. ЕБ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Жергиликтүү өз ал- дынча башкаруу органдарынын Ассоциацияларынын демилгелерин колдоо үчүн жетиштүү деңгээлде ийкемдүүлүктү камсыздаш керек. Өнөктөш өлкөлөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын Ассоциацияларын улуттук, континенталдык жана эл аралык деңгээлдерде колдоо үчүн ушул Кайрылууда баяндалган принциптерди жайылтуу сунушталат. ЕБ жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык пайданы дагы да акыйкат кайра ушул акторлордун укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери менен өзгөчө кылдат алектениш керек. Бул аракеттер улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде жагымдуу шарттарды алдыга жылдыруу менен, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин бекемдөө менен коштолуш керек. Эл аралык деңгэээлде ЕБ жергиликтүү жана шаардык өнүгүү маселелери тууралуу маалымдуулукту жогорулатууда жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарына басым жасоо менен эл аралык өнүктүрүүнүн күн тартибин түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациялары ойногон ролго колдоо көрсөтүүнү уланта бериш керек. 2015-жылдан кийинки Өнүгүү күн тартибине жана III Хабитат конференциясын уюштурууга даярдык көрүү максатында эл аралык коомчулук глобалдык жана жергиликтүү көйгөйлөрдү өкмөттүк деңгээлде чечүүгө жардам бере ала турган жоопкерчиликти жана чечимдерди тааныш керек. М