Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарынын суроолоруна прокуратуранын кызматкерлери жооп берет

2014-06-04 / Юридикалык кеңеш

2014-жылдын жай мезгилинде Өнүктүрүү саясат институту ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын колдоосу жана активдүү көмөгү алдында Жалал-Абад облусундагы райондордун ар биринде ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн маалыматтык семинарларды өткөргөн. Бул семинарлардын башкы максаты бүгүнкү күндө прокурорлор менен ЖӨБ органдары кабылган “бирөө кармайт, экинчилери качып кутулат” деген тирешүү кырдаалынан чыгуу болуп калды. Эки тарап тең жалпы максатка жетүүгө – мыйзамдардын бузулушун болтурбоого кызыкдар. Бул үчүн алдын алуу ишин күчөтүп, ЖӨБ органдарына өзгөчө билбей калып мыйзам бузууга барбашына жардам берүү керек. Бул диалог кантип түзүлгөнү тууралуу “Муниципалитет” журналынын кийинки санында айтып беребиз. Ал эми азырынча болсо окурмандардын көңүлүнө семинар учурунда жаңырган ЖӨБдүн өкүлдөрүнүн көптөгөн суроолоруна прокуратура менен ӨСИ кызматкерлеринин жоопторун сунуштайбыз.

Кызматтык машина тууралуу

СУРОО. Адатта кышында жана жазында айылдарда өзгөчө кырдаалдар түзүлөт, ошону менен бирге табият дем алыш жана майрам күндөрүн тааныбайт эмеспи. Айыл өкмөт башчысына авариялык участокторго кызматтык транспорт менен жетүүгө туура келет. Бирок прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кызматтык машинаны жумуш убактысы аяктаган маалда колдонууга болбой турганы жөнүндө эскертүү берилди. Айыл өкмөт башчысы кызматтык машинаны, мисалы, өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда колдонууга укугу барбы?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Чындыгында, мындай эскертүү кызматтык транспортту жеке максаты үчүн пайдаланган бардык айыл өкмөт башчыларына берилген. Анткен менен эгерде чындап өзгөчө кырдаал түзүлсө, сиз кызматтык транспортту колдонууга укугуңуз бар. Бирок, ошону менен бирге сизде сөзсүз түрдө тийиштүү деңгээлде таризделген жол баракчасы болуш керек. Анда дем алыш күнү кызматтык транспорт менен кайсы жакка, эмне үчүн жана кайсы маалда баратканыңыз көрсөтүлөт. Бул документсиз кызматтык транспортту дем алыш күнү пайдалануу мыйзамсыз болуп эсептелет.

Жарандардын арыздарына жооптор тууралуу

СУРОО. Кайсы убакыт аралыгында биз жарандардын арызын карап чыгууга милдеттүүбүз жана канча убакытка аны кароону узарта алабыз? Эгерде жарандын арызы биздин компетенциябызга кирбесе, канча убакыттын ичинде биз аны башка органдарга жибере алабыз же өзүбүз карап чыгышыбыз керек?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. “Жарандардын кайрылуусун кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык (8-бер.), жарандар ЖӨБ органдарына жазуу жана электрондук жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү жана электрондук варианттагы жарандардын кайрылуусу келип түшкөн учурдан тартып бир күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Жазуу жүзүндөгү кайрылууда коюлган маселелерди чечүү бир нече мамлекеттик органдардын, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тиешелүү болгон учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып беш күндүн ичинде тийиштүү органдарга жөнөтүлөт.

Жарандардын кайрылуусун кароо мөөнөттөрү кыскарды. Эгерде мурда жооп берүү үчүн 30 күн берилип келсе, азыр болсо сиз кайрылууну каттоодон өткөн күндөн тарта 14 күндүн ичинде кароого жана арыз берүүчүгө анын кайрылуусун кароонун натыйжалары тууралуу тийиштүү жооп берүүгө милдеттүүсүз. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда даттанууларды чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 күндөн ашпайт. Кайрылууну кароону узартуу тууралуу чечимди ЖӨБ органынын жетекчиси кабыл алат.

Мөөнөттөн ашыкча жумушту төлөө тууралуу

СУРОО. Учурдагы кадр таңсыктыгынан улам айыл өкмөтүнүн персоналы көп учурда мөөнөттөн ашыкча, ишемби жана жекшемби күндөрү иштөөгө туура келет. Дем алыш күндөрдөгү иш кошумча төлөнүш керекпи?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. КР Эмгек кодексинин 90, 100, 101, 114 жана 115-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери үчүн жумушчу убакыттын режими эки дем алыш күнү менен беш күндүк иш аптасы эсептелет. Жалпы жонунан жумушчу убакыттын узактыгы аптасына 40 сааттан, б.а. күнүнө 8 сааттан ашпаш керек. Эрежеге ылайык, дем алыш жана иштебей турган майрам күндөрү иштөөгө тыюу салынат. Кызматкерлерди дем алыш жана иштебей турган майрам күндөрү ишке тартуу иш берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү тапшырмасы, б.а., айыл өкмөт башчысынын буйругу боюнча ишке ашырылат. Дем алыш жана иштебей турган майрам күндөрү иштегени төмөнкү таризде тараптардын макулдашуусу боюнча толукталыш керек:

  • кызматкерге башка күнү эс алуу берүү же
  • эмгек өргүүсүнө кошумча күндү кошуп берүү, же болбосо
  • кош көлөмдөн кем эмес болгон акчалай түрүндө.

Айыл башчысын тестирлөө тууралуу

СУРОО. Айыл башчысы Мамлекеттик кадр кызматында тестирлөөдөн өтүш керекпи? Бизде мындай болуп калат: тестирлөөдөн өтө алчулар чогулуштарда калктын колдоосуна ээ болбойт; ал эми чогулуштарда жергиликтүү жашоочулардын колдоосуна ээ болгондор тесттен өтө албай калат. Айыл башчысын тестирлөөдөн өтүү милдеттенмесинен бошотсо болобу?

ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН КЫЗМАТКЕРИНИН ЖООБУ. Мыйзамдарда бардык муниципалдык кызматчыларды, анын ичинде муниципалдык кызматчы болуп эсептелген айыл башчысын да аларды ишке алганга чейин тестирлөөдөн өтүүгө милдеттендирген ченем бар. Бирок сиз айткан маселе көптөгөн айыл өкмөттөрүндө чындап эле бар. Айрым муниципалитеттерде атүгүл айыл башчысы кызмат ордуна дайындалганга чейин тестирлөөдөн өтүшү керектигин да билишпейт. Анткен менен сизге маалымат берейин, бул көйгөй Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) жетекчилигине белгилүү. ӨСИ эксперттеринин катышуусунда МКК “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыкты. Анда айыл башысы тестирлөөдөн бошотулган. Жаңы мыйзам долбоору айыл башчысы кызматына талапкерлерди тестирлөөдөн өтүүгө милдеттендирбейт, аны кызматка дайындоодо жергиликтүү жашоочулардын макулдугу эле жетиштүү болот. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышын күтө туралы.

Текшерүүлөр тууралуу

СУРОО. Жарандар кайсы бир себептер менен айыл өкмөттүн ишине байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдарга даттанып кайрылса, ошол органдар текшерүүнү жүргүзө алат. Ошону менен бирге текшерүү адатта ЖӨБдүн бардык ишине карата жүргүзүлүп келет. Ишмердиктин баарын текшерүү канчалык мыйзамдуу же мамлекеттик органдар даттануучунун нааразылыгын пайда кылган маселелер менен гана чектелиш керекпи?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Биринчи кезекте текшерүүчүлөр сизди арыз берүүчүнүн жүйөлөрү менен тааныштырып чыгып, арыз берүүчүнүн жүйөлөрү боюнча факттарды текшерип, мыйзамдардын бузулуп-бузулбаганын текшерет. Текшерүүчү органдар арыз берүүчүнүн жүйөлөрүнүн алкагынан чыгууга укуксуз. Бирок эгерде арыз берүүчүнүн жүйөлөрүн текшерүү үчүн ЖӨБ органдарынын ишининин арыз берүүчүнүн мазмунуна түздөн-түз тиешелүү бөлүгүн гана текшерүүгө укуктуу.

СУРОО. Прокуратуранын кызматкерлери айыл өкмөттүн ишин текшерүүнү канчалык тездик менен жүзөгө ашырыш керек?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Прокуратура Башкы прокуратура бекиткен пландын негизинде пландык текшерүүнү жүзөгө ашырат. Ал планда пландык текшерүү жүргүзүлүш керек болгон багыттар көрсөтүлөт. Мындан тышкары бизге жарандар арыз менен кайрыла алат. Буга биз реакция жасоого милдеттүүбүз жана зарыл болгон учурда ЖӨБ органдарынын ишмердигин арызда көрсөтүлгөн себептер боюнча текшерүүгө укуктуубуз.

СУРОО. Пландык текшерүүнү жүзөгө ашырууда прокуратуранын органдары айылдык кеңештин ишмердигин текшере алабы, же айыл өкмөтүнүн иши гана текшерүүгө жатабы?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Айылдык кеңеш ченемдик-укуктук акттарды кабыл алып, аткаруучу орган (айыл өкмөтү) ишке ашырган тиги же бул тапшырманы чечүүдө саясатты аныктагандыктан айылдык кеңештин да, анын аткаруучу органынын да ишмердиги текшерүүгө жатат. Текшерүүдө адатта айылдык кеңеш токтомду мыйзамсыз чыгарган фактылар кездешет. Мисалы, көптөгөн айылдык кеңештер өз токтому менен административдик айыптарды салат. Бул – мыйзамсыз. Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске ылайык, административдик айыпты административдик комиссия гана салат. Ошондой эле айылдык кеңештин токтомдору жарыяланбай жана Юстиция министрлигине ЧУА реестрине киргизүү үчүн жиберилбей калган учурлар көп кездешет. Мындай токтомдор мыйзамдуу күчкө ээ болбойт.

СУРОО. Инспектордук текшерүүлөр китебине бардык текшерүүчүлөр жазылыш керекпи, же айрымдар жазылбай коюуга укуктуубу?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Инспектордук текшерүүлөр китеби ар бир айыл өкмөтүндө болуш керек жана бардык текшерүүчү кызмат адамдары бул китепке маалымат калтырыш керек: кайсы уюмдун же органдын атынан келди; текшерүү кандай максатта жүзөгө ашырылды. Эгерде текшерүү арыздын негизинде жүргүзүлсө, анда текшерүүчүлөр айыл өкмөтүн ошол арыз менен тааныштырыш керек. Ар бир текшерүүдө кийин тийиштүү акт толтурулуп, айыл өкмөтүнө берилиш керек.

СУРОО. Эгерде текшерүүчү кызмат адамдары инспектордук текшерүүлөр китебине жазуудан баш тартса, биз чара көрүүнү өтүнүп прокуратурага кайрыла алабызбы?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Мындай учурда инспектордук текшерүү китебине жазуудан баш тартканы тууралуу прокуратурага кабар берүү керек, ал эми прокуратура тийиштүү чараларды көрөт.

СУРОО. Айыл өкмөтүнө айрым бир документтерди берүү талабы менен айрым бир көзөмөлдөөчү органдарынан телефон чалуулар болуп турат. Мындай талаптар мыйзамдуубу?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Документтерди алып койгон учурда (түп нускасын) сөзсүз түрдө тийиштүү акттар түзүлүш керек. Адатта бул иштер тергөө иш-чаралары өтүп жатканда жасалат. Кимдир бирөөнүн өтүнүчү, атүгүл телефон боюнча түшкөн талап боюнча нуска документтерди жөн эле берип коюуга укугуңуз жок. Документтер жоголгон учурда сиз административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыласыз.

СУРОО. Туруктуу бюджеттик комиссиянын атынан, айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн бардык бухгалтердик ишин текшере алабы?

ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН КЫЗМАТКЕРИНИН ЖООБУ. Жок. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык (32-бер., 10-б.), жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.

Атүгүл “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамга ылайык (12-бер.), жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңешке жана анын туруктуу комиссияларына анын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле финансы-чарбалык иштен тышкары мамлекеттик органдарды жана жарандардын бирикмелеринин органдарынын ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу.

Жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштоого укуктуу. Текшерүүлөрдүн натыйжалары жана ал боюнча сунуштарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү кеңешке жана ошол текшерүүлөр анын сунушу менен жүзөгө ашырылган органга маалымат берет,

Текшерүүнүн натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана иши текшерилген органдардын жетекчилерине (менчик ээлерине), ошондой эле жогору турган органдарга кетирилген кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча сунуш киргизет.

Кара ниет арызчылар тууралуу

СУРОО. Ар бир муниципалитетте себеп бар болсо да, жок болсо да, же бир эле себеп менен түрдүү инстанцияларга дайыма даттанып турган жарандар бар. Айрым бир учурларда даттануулар тастыкталбай калат, бирок ага өтө көп убакыт сарпталып, ал негизги иштен алагды кылат, ал эми жалган маалыматты билдирген адамдар эч кандай жоопко тартылбай калат. Мыйзамда жалган жалаа жапкан жарандын жоопкерчилиги тууралуу мыйзамда каралганбы, аларды айыпка жыкса болобу?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Тилекке каршы билип туруп жалган маалымат менен мамлекеттик органга же ЖӨБ органдарына кайрылган адамдын административдик жоопкерчилиги Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодексте азырынча каралган эмес. Бирок Кылмыш кодексинде мындай норма бар. КР УК 329-беренеге ылайык, жасалган кылмыш тууралуу билип туруп жалган маалымат айткан адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул маселени мыйзам чыгаруучу деңгээлде чечүү керек. Бирок адегенде АЖКого кандай кошумча нормаларды киргизүү керек, ал эми кайсыларды киргизбей деле койсо болооруна анализ жасоо керек.

СУРОО. Жалган айткан даттануучуларды “кара тизмеге” киргизсе болобу жана өзгөчө алардын жүйөсү боюнча текшерүү өткөрүлсө да алардын кайрылуусун четке кагууга болобу?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Чындыгында эле мындай жарандар ар бир айылдык аймакта бар, бирок сиз айтып жаткан “кара тизме” мыйзамдарда каралган эмес. Анткен менен “Жарандардын кайрылуусун кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренеси кайталанган кайрылууларда жаңы жүйөлөр келтирилбесе же жаңы жагдайлар белгилүү болбосо эле, ошондой эле эгерде алар боюнча текшерүүлөрдүн бардык материалдары бар болсо жана арыз берүүчүгө жооп кайтарылган болсо мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына кайталанган кайрылууларды (оозеки, жазуу жүзүндө же электрондук) карабай коюу укугу берилет.

СУРОО. Жашыруун арыздарды караса болобу? Прокуратура органдары жашыруун арыз боюнча текшерүү жүргүзөбү?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. “Жарандардын кайрылуусун кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, аты-жөнү, почта дареги жазылбаган жарандын жазуу жүзүндөгү арызы тоголок кат деп таанылат жана кароого жатпайт. Ошондуктан биз жашыруун арыздарды кароого укуктуу эмеспиз.

Айыл башчысын дайындоонун тартиби тууралуу

СУРОО. Айылдык аймакта айылдардын биринин жергиликтүү тургундары айыл башчысын өз алдынча кызматтан алып, чогулуш өткөрүп, жаңысын дайындашты. Бул канчалык мыйзамдуу? Жалпысынан айыл башчысын шайлоонун тартиби кандай?

ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН КЫЗМАТКЕРИНИН ЖООБУ. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы тарабынан дайындалат жана айыл өкмөт башчысынын ага берген иш-милдеттерди аткарган муниципалдык кызматчы болуп эсептелет. Ошондуктан калк айыл башчыны өз алдынча кызматтан алып, өзү каалагандай жаңы айыл башчыны дайындоого укугу жок. Бул мыйзамсыз аракеттер, ал үчүн кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Муниципалдык кызматтагы бош администрациялык кызмат орунга, анын ичинде айыл башчынын кызматын ээлөөгө сынак КР Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы №327 Жарлыгы менен менен бекитилген Жобого ылайык өткөрүлүп келет жана үч этапты камтыйт:

  • муниципалдык орунга белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештигине сынактын катышуучуларынын документтерин алдын ала кароо;
  • талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү,
  • талапкерлер менен баарлашуу, аны сынактык комиссия өткөрөт.

Жооптуу катчынын милдеттери тууралуу

СУРОО. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы бир эле учурда жергиликтүү кеңештин да катчысы болуп эсептелет. Ал биринчи кезекте кандай милдеттерди аткарыш керек: айыл өкмөттүн жооптуу катчысы катарыбы, же кеңештин катчысы катарыбы?

ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН КЫЗМАТКЕРИНИН ЖООБУ. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 46-беренесинде айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштей турганы, ал айыл кеңешинин депутаттарына өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шайлоочулар алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөрү белгиленген. Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешине отчет берип турат.Ошол эле мыйзамдын 35-беренеси бул түшүнүктү ачыктоо менен айылдык кеңештердин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу айыл өкмөт аппаратына жүктөлөрү так белгиленген.

Андан ары КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы №91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамалары жооптуу катчы айылдык кеңештин маселелерин кароого артыкчылык бере турганын, андан кийин гана айыл өкмөттүн маселелерин караарын белгилейт. Ошентип аталган документке ылайык, жооптуу катчы айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо боюнча ишти координациялайт, туруктуу комиссияларга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын структуралык бөлүмчөлөрүнө жардам берет. Айылдык кеңештин сессияларын, айыл өкмөтүнүн жыйындарын жана жергиликтүү жамаат өкүлдөрүнүн курултайларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдарды даярдоону камсыздайт.

Мындан улам айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы айылдык кеңештин планына ылайык, же айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча, биринчи кезекте айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыздоо боюнча ишмердикти координациялайт, туруктуу комиссияларга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына жардам берет, айылдык кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдарды даярдоону камсыздайт.

СУРОО. Айылдык кеңештин депутаттары жооптуу катчы жокто сессия өткөрө алабы?

ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН КЫЗМАТКЕРИНИН ЖООБУ. Жооптуу катчы жүйөлүү же башка бир себептерден улам катыша албаса, бош орун пайда болгон учурда жооптуу катчынын милдетин аткаруу айыл өкмөт аппаратынын кызматкерине убактылуу жүктөлөт. Ал айылдык кеңештин сессиясын өткөрүүнү уюштурууну камсыздайт (сессияга материалдарды даярдоо, депутаттарга кабар берүү, сессиянын протоколун жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кеңештин токтомдорун жол-жоболоо ж.б.).

СУРОО. Эгерде жооптуу катчы сессияны уюштурууга катышуудан баш тартса, айылдык кеңештин депутаттары жооптуу катчы болбосо сессияны өткөрө алабы?

ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН КЫЗМАТКЕРИНИН ЖООБУ. Эгерде айылдык кеңештин планына ылайык, же айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясын өткөрүү тууралуу сунуш түшкөндө, жооптуу катчы кеңештин сессиясына даярдык көрүү жана аны уюштурууга катышуудан баш тартууга укугу жок. Бул тапшырманы аткаруудан баш тартуу өзүнүн түз кызматтык милдеттерин аткаруудан баш тартуу болуп эсептелет. Б.а., муниципалдык кызматчынын ага жүктөлгөн милдеттерин аткарбоо же тийиштүү деңгээлде аткарбоо эскертүү бергенден тарта ээлеген кызматынан бошотулганга чейинки тартипке чакыруу жаза чарасына жеткирет. Тартипке чакыруу жаза чарасы АӨ башчысына жүктөлөт.

Токой чарба жерлери жана жайыттардын чектери тууралуу

СУРОО. Айылдык аймакта айылдар токой чарбасынын жерлери менен чектешет, дээрлик көп жерлер, анын ичинде жайыттар жана сугарылган айдоо жерлери токой чарбаларынын карамагында турат. Ошон үчүн ЖӨБ жаш үй-бүлөлөргө жаңы үй куруу  үчүн да жер участокторун бөлө албай келет. Бул маселени кантип чечсе болот?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Адегенде КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоону өткөрүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында жер фондун инвентаризациялап чыгуу керек. Муниципалдык жерлер жок болуп калган учурда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамында белгиленген тартипте жерлердин категорияларын трансформациялоо үчүн материалдарды даярдап, трансформациялоо тууралуу маселени комиссиянын кароосуна киргизүү керек. Мындан тышкары айылды токой чарбасынын жерлери менен так чектөө үчүн архитектура жана курулуштун тийиштүү бөлүмүндө калктуу конуштардын (айылдардын) башкы планына буйрутма берүү зарыл.

СУРОО. Айылдык аймакта жайыттардын чектери боюнча көптөгөн талаш-тартыштар орун алып келет, биз бул маселени кантип чече алабыз?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга ылайык, жайыттардын чектери учурдагы айылдык аймактардын чектерин эске алуу менен мурдагы советтик жана коллективдик чарбалардын чектери боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде белгилениши керек (3-бер.).Жайыттардын чектеринде талаштуу участоктор болгон учурда, бул маселени туура чечүү үчүн айылдык кеңеш акимиат түзгөн жергиликтүү комиссияга кайрылыш керек. Бул маселени жергиликтүү комиссия чече албаган учурда облустук жумушчу топко же Жайыттардын чектерин бекитүү боюнча Мамлекеттик комиссияга кайрылуу зарыл.

Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча жергиликтүү (райондук) комиссиялар айылдык аймактын жайыттарынын чегин аныктоого байланышкан маселелерди кароого ыйгарым укуктуу болгонун унутпаңыз.

Жайыттардын чегин белгилөө боюнча маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн облустук жумушчу топ жергиликтүү (райондук) комиссиялар чечпеген жайыт чектерине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы талаш-тартыштарды кароого ыйгарым укуктуу.

Жайыттардын чек арасын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын компетенциясына акимиат же болбосо облустук жумушчу топтор түзгөн жергиликтүү комиссиялар чечпеген талаш-тартыштарды чечүү да кирет.

Айыл өкмөтүндө бош орунду сынактан тышкары убактылуу ээлөө тууралуу

СУРОО. Айыл өкмөтүндө бош орун пайда болду. Биз бул бош орунга кызматкерди ал сынактан өткөнгө чейин убактылуу алып, ага маяна төлөп бере алабызбы?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Бош орун пайда болуп калган учурда кызматкерди бош кызмат боюнча милдеттерди аткаруучу кылып дайындоого жол берилбейт (Эмгек кодекси, 74-бер.). Кызматкер убактылуу жок болгондо, анын кызмат милдеттерин башка кызматкерге аткарууну жүктөөгө жол берилет. Убактылуу ордун ээлөөнүн узактыгы 3 айдан ашпашы керек.Ошондуктан айыл өкмөт башчысы бош кызмат орунга талапкер болгон кызматкер мыйзамдарда белгиленген тартипте сынактан өткөнгө чейин кызматкердин милдетин убактылуу аткаруучуну дайындай албайт.

Муниципалдык кызматтын бош ваканттык администрациялык кызматына сынак Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматтын бош администрациялык кызматынын ордуна сынак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык (КР Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы №327 Жарлыгы менен бекитилген).

Сыноо мезгили тууралуу

СУРОО. Эмне үчүн ар бир кызматкерди ишке сыноо мезгили менен алыш керек? Сыноо мөөнөтүн үч айга деп белгилөө шартпы?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. “Муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, муниципалдык кызматка биринчи кирип жаткан жана иш стажы болбогон адис зарыл тажрыйба алганын жана кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн айыл өкмөт башчысы сыноо мөөнөтүн дайындай алат.  Эгерде кызматкер муниципалдык кызматтын стажына ээ болсо, анда ага сыноо мезгили дайындалбайт. Айыл өкмөт башчысы аны ээлеген кызмат орду боюнча айлык акы төлөп берүү менен үч айга чейин сыноо мөөнөтүн коюп, муниципалдык кызматка дайындай алат. Башкача айтканда сыноо мезгили бир айдан үч айга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.Эгерде сыноо мөөнөтү өткөндөн кийин сыноонун натыйжасы канааттандыраарлык эмес деп табылса, анда муниципалдык кызматчы башка төмөн турган муниципалдык кызмат ордуна дайындалышы же муниципалдык кызматтан бошотулушу мүмкүн.

Айыл өкмөтүндөгү штаттык юрист тууралуу

СУРОО. Айыл өкмөт башчысы штаттык түзүмгө юристтин кызматын киргизүүгө укуктуубу?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Ооба. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ЖӨБдүн аткаруу органынын – айыл өкмөтүнүн - штаттык саны кызматтардын жалпы категориясына төм. бөлүштүрүлгөн: айыл өкмөт башчысы, башчынын орун басары, жооптуу катчы, бөлүм башчысы, башкы адис, алдыңкы адис, адис.Максатка ылайыктуулугунан жана негиздүүлүгүнөн улам, ошондой эле айылдык аймактын өзгөчөлүгүнө жараша мындан ары айыл өкмөтүнүн штаттык санында кызматтардын аталышын айыл өкмөт башчысы айыл өкмөтүнүн жалпы штаттык санынын чегинде белгилене алат. Буга байланыштуу айыл өкмөт башчысы айыл өкмөттүн штаттык санында юристтин кызматын караштыра алат, анын маянасы башкы адистин деңгээлинде белгиленет.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын статусу тууралуу

СУРОО. Айылдык кеңештин төрагасы кызмат адамы болуп эсептелеби?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин (мындан ары – АЖКо) 21-беренесине ылайык, айылдык кеңештин төрагасы кызмат адамы болуп эсептелет, анткени ага мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында контролдук-көзөмөлдөөчү милдеттерди аткаруу үчүн атайын ыйгарым укук берилген. КР мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган учурда, административдик жоопкерчиликке тартылат, ал болсо АЖКо 400-беренесине ылайык, 10 000 сом өлчөмүндө административдик айыпка тартылат, административдик тартип бузуу жыл ичинде кайрадан кайталанса, ээлеген кызматынан бошотулат.

Айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу

СУРОО. Айылдык кеңештин депутаттары кеңештин мурдагы курамы кабыл алган токтомдорду өз алдынча жокко чыгара алабы?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Эгерде буга чейин кабыл алынган токтомдор мыйзамдардагы андан жогору турган нормаларга карама-каршы келсе, анда жокко чыгара алат. Бирок бул үчүн токтомдун кайсы жери, эмнеси жана эмне үчүн мыйзамдарга карама-каршы келе турганын так негиздеп берүү зарыл.

СУРОО. Депутаттар айыл өкмөт башчынын чечимин жокко чыгара алабы?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Чыгара албайт. Мыйзамдарда мындай мүмкүнчүлүк каралган эмес. Айылдык кеңеш айыл өкмөт башчынын чечиминде мыйзам бузууларды байкаса, мыйзамсыз чечимди жокко чыгаруу же аны мыйзамдарга шайкеш келтирүү тууралуу сунуш кабыл алалат.

СУРОО. Эгерде прокуратурадан каршылык түшсө, кеңештин төрагасы жеке өзү  кеңештин токтомун жокко чыгара алабы?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Чыгара албайт. Айылдык кеңеш коллегиялык орган болуп эсептелет. Мындан улам кеңештин бардык мыйзамсыз чечимдери аларга каршылык түшкөн учурда сессияда коллегиялык чечим менен, депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен жокко чыгарылыш керек, же болбосо коллегиялык чечим кабыл алуу жолу менен ага түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен мыйзамга шайкеш келтирилиш керек.

СУРОО. Көп жыл мурда кабыл алынган жана мыйзамдык күчүнө кирген айылдык кеңештин мыйзамсыз чечими үчүн ким жооптуу болот? Токтомго кол койгон үчүн төрага жеке өзү жооп бериш керекпи (төрага каршы добуш берген күндө деле көпчүлүк депутаттар “макул” деп добуш бергенде чечим кабыл алынды болуп эсептелет), же бардык депутаттар жооп береби? Эмне үчүн мындай кырдаалда прокуратуранын кызматкерлери мыйзамсыз токтомго кол койгон үчүн кеңештин төрагасын жоопко тартууга умтулушат?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. КР мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңеш шайлануучу коллегиялык орган болуп эсептелет, анын токтом түрүндө таризделген бардык чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Тиги же бул маселе боюнча депутаттардын жалпы санынан көпчүлүгү колдоп добуш берсе, айылдык кеңештин чечими кабыл алынды деп эсептелет. Мыйзамсыз чечим кабыл алган учурда төрага коллегиялык түрдө кабыл алынган чечим мыйзамдарга каршы келсе да, ал үчүн жеке өзү жооптуу болбош керек. Мындай учурда айылдык кеңеш прокуратура органдарынын каршылыгы боюнча, соттун чечими боюнча же өз алдынча кабыл алынган чечимди жокко чыгарып, же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен мыйзамдарга шайкеш келтириш керек. Төрага “каршы” добуш бере алат, бирок эгерде көпчүлүк депутаттар “макул” деп добуш беришсе, анда ал кабыл алынган чечимге кол коюуга жана аны ишке ашыруу боюнча чара көрүүгө милдеттүү. Бул токтомдун кесепетинен зыян келтирилсе, айылдык кеңеш жалпысынан өз алдынча юридикалык жак катары жооп бериш керек.

СУРОО. Эгерде прокуратуранын каршылыгы боюнча кеңештин чечимин жокко чыгаруу материалдык чыгымга алып келсе (мисалы, кандайдыр бир иштер аткарылып калды, кимдир бирөөлөргө айрым бир ресурстар бөлүндү), бул жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга жатпайбы? Ошол мыйзамсыз чечимди аткаруу үчүн жасалган чыгымдар эмне болот?

ПРОКУРАТУРАНЫН ЖООБУ. Реакция жасоо актысын чыгаруудан мурда (каршылык билдирүү, эскертүү, буйруу) прокуратура буга чейин кабыл алынган мыйзамсыз токтомдун кесепетинен улам түзүлгөн кырдаалды дыкат изилдеп чыгып, ошондон кийин гана чечим кабыл алат. Эгерде чыгымдар болсо, бул маселе чыгымдардын ордун толуктоону кароо менен сотко өткөрүлөт. Эгерде олуттуу кесепеттер болбосо, мыйзамсыз токтомду жокко чыгаруу үчүн прокурордук реакция жасоо актысын чыгарабыз.

Кызматтарды депутаттык мандат менен айкалыштыруу тууралуу

СУРОО. Эгерде жаран айылдык кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин мектеп директору болуп калса, депутат өз ишин мектептин директору кызматы менен айкалыштыра алабы?

ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН КЫЗМАТКЕРИНИН ЖООБУ. Эгерде депутат болуп шайланган учурда мектеп директору боло элек болсо, бирок депутаттык мандатты мектеп директорунун кызматы менен айкалыштырууга тыюу салууга тиешелүү “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдагы өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин мектеп директору болуп калса, депутат депутаттык мандатын директордун кызматы менен айкалыштыра албай. Ошондуктан бул жаран же иштен кетүү тууралуу арыз жазып, депутат бойдон кала бериш керек, же болбосо депутаттык мандатын тапшырып, мектеп директору болуп иштеш керек. Анткени мыйзам ал мектеп директору болуп дайындалганга чейин күчүнө кирип калган. Эгерде жаран мектеп директору болуп туруп жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланса, бул иш мыйзамдагы чектеген нормалар күчүнө киргенге чейин болсо, анда депутат да, мектеп директору да боло алат. Анткени мыйзам кабыл алынган жана шайлоо өнөктүгү жыйынтыкталгандан кийин күчүнө кирди, мыйзамдын күчү аны аракетке киргизгенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылбайт.

СУРОО. Жайыт комитетинин төрагасы жооптуу жак болуп эсептелсе, өз ишин депутаттык кызматы менен айкалыштыра алабы?

ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУНУН КЫЗМАТКЕРИНИН ЖООБУ. Жайыт комитетинин төрагасы өз ишин депутаттык кызмат менен айкалыштырууга укуктуу. Анткени “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, муниципалдык жана мамлекеттик кызматчылар эгерде өздөрү депутат болгон айылдык кеңешке отчет беришсе, өзүнүн кесиптик ишин депутаттык кызмат менен айкалышытыра алышпайт. Мындай учурда жайыт комитетинин төрагасы отчет берген жак болуп эсептелсе да, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп эсептелбейт. Ошондуктан жайыт комитетинин төрагасы өз ишин депутаттык ыйгарым укуктар менен айкалыштырууга укуктуу.

Окшош материалы: