Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Каржылык жактан сабатсыз жана билимсиз улуттун келечеги жок

2014-08-22 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Каржылык жактан сабатсыз жана билимсиз улуттун келечеги жок

Кыргызстанда жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын программалар жок. Балдар үйлөрүнүн жана мектеп интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жеке бюджетти башкарууга окутуу жаатында Каржы академиясынын мугалимдеринин жеке демилгелери гана бар.

Заманбап жаранга ийгиликтүү жана бакубат жашоо үчүн юридикалык, жарандык жана коомдук контексттен алганда укуктарды жана милдеттерди билүү гана жетишсиз. Ийгиликке жетүү үчүн балакат кезинен эле керектөөчүлүк жүрүм-турумдун жана жеке каржы чөйрөсүндө өзөктүк компетенциянын негиздери боюнча баштапкы билимге ээ болуу зарыл:

  • жеке акча каражаттарын сактоо;
  • банк жана микрокаржылык секторду өздөштүрүү;
  • камсыздандыруу, анын ичинде мүлктү, ден соолукту жана жоопкерчиликти камсыздандыруу;
  • билим алуу үчүн акча топтоо;коопсуз инвестициялоо;
  • салыктык тартип жана жарандык жоопкерчилик;каржылык тобокелчиликтер;
  • жеке каражатты башкарууда башка актуалдуу маселелер.

Жогоруда аталган билимдин жана компетенциянын жоктугу Кыргыз Республикасынын жаштары өз байгерчилигин жакшыртуунун көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашына; ишенимсиз заемчулардын, ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдүн, каржылык жактан жоопкерчиликсиз ата-энелердин катарын толукташына алып келет. Кыргыз Республикасындагы жаштардын көбү өз жашоосун олуттуу каржылык тобокелчиликтерге кептеп, жакшы билим алууга жөндөмсүз болуп, оорудан, карылыктан, күтүлбөгөн жагдайлардан өзүн жана болочоктогу балдарын каржылык жактан коргой албайт. Социалдык коргоо системасы ишке жарамдуу калкты коргой албай калган мамлекетке карата патерналисттик мамиле сакталып калууда.

Ал арада узак жана бакубат жашоо үчүн каржылык билим ар бир адамга зарыл жана бул билим бала чактан эле берилиш керек (1-сүрөттү караңыз). Логикалык ой жүгүртүүнүн, окуу жана жазуу көндүмдөрүн алуу менен адам коомдун мүчөсү болуп, өзүнүн социалдык байланыштарын курат. Узак убакыт бою биз жашоодогу ийгилик көп учурда социалдык байланыштар менен камсыздалат деп эсептеп келгенбиз. Бирок бардык мезгилде адамдын ийгилигинин кепилдиги болуп экономикалык байланыштар да кала берген, болгону бул нерсе дайыма эле ачык айтылчу эмес. Ал арада экономика тууралуу билим жана анын пайдубалы болгон каржы болмоюнча натыйжалуу экономикалык байланыштарды түзүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө каржылык сабаттуулук – бул тандалган адамдардын маңдайына жазганы эмес, бул ар бир адамга зарыл болгон муктаждык. Дал ушул каржылык билим көп учурда бала келечекте канчалык деңгээлде жеке каржылык коопсуздукка, жеке байгерчиликке жете алаарын; өзүнө өзү ишенип, алдына максат коюп, ага жете алаарын; сатып алуучулук жөндөмдүүлүктү сактап калуу менен акыл-эстүү керектөөнү үйрөнөөрүн; инвестициялык жактан активдүү, каржылык жактан көз карандысыз болоорун аныктайт. Мындай адам мүмкүн болушунча социалдык жана экономикалык жашоого тартылган, мындай адамдардан ийгиликтүү улут жана туруктуу мамлекет түптөлөт. Ушундан улам каржы тууралуу көндүмдөр жана билим адамга бала чагында эле бериле башташ керек.

 Каржылык жана экономикалык сабаттуулуктун өсүшү адамга кандай таасирин тийгизет?

Мындан тышкары дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, каржылык сабаттуулук социалдык туруктуулуктун жана экономикалык өсүштүн маанилүү факторлорунун бири болуп калды (2-сүрөттү караңыз). Атүгүл G20 өлкөлөрүнүн лидерлери каржылык сабатсыздык адамдын фундаменталдык укуктары таанылган өлкөлөрдөгү бардык улуттук өкмөттөрдүн артыкчылыктуу көйгөйүнө айланганын моюнга алышууда. Каржылык сабаттуулук күндөн күнгө өнүгүүнүн жана коомдун социалдык туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө жетүүнүн маанилүү факторуна айланууда. Экономикага карата каржылык сабаттуулуктун деңгээлинин таасири талашсыз. Каржылык жактан сабатуу адам же үй-бүлө жеке жана коомдук ресурстарды үнөмдүү пайдаланганды билет; мындай адамдар сууну жана бак-дарактарды да сактайт. Алар мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттер болобу, айтор бийликтен бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууну талап кылууга жөндөмдүү. Мындай адамдар бизнестин өнүгүүсүн колдойт, өздөрү да ишкерчилик менен ийгиликтүү алектенет, каржы базарларынын активдүү катышуучулары болушат, анын ичинде жооптуу заемчу болуу менен каржылык системанын туруктуулугун камсыздашат.

 Каржылык жана экономикалык сабаттуулуктун өсүшү экономикага кандай таасирин тийгизет?

Мындан тышкары каржылык жана экономикалык жактан сабаттуу калк автоматтык түрдө өз укуктарын билип, юридикалык жактан сабаттуу болуп, мамлекетти ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого түртөт (3-сүрөттү караңыз). Акчасы бар, каржылык эркиндикти сезген адам өзүн өзү коргой алат, өз укуктарына кызыгат, өз коопсуздугуна жана саламаттыгына кам көрөт. Бири бирине таасир тийгизүү менен бул факторлор улуттун психикалык жана физикалык саламаттыгынын жакшыруусуна жана анын байгерчилигинин өсүшүнө алып келет. Өз саламаттыгына жана мүлкүнө кам көргөн, каржы жагынан эркин адамдар Кыргыз Республикасына жетишпей турат. Алардын жоктугу же критикалык массанын жетишсиздиги коррупциянын кулач жайышына, кылмыштуулуктун жогорку деңгээлине, калктын бийликке карата ишенбөөчүлүгүнүн өсүшүнө алып келет. Каржылык жактан сабатсыз жарандар мамлекеттик каражаттардын сарпталышынын “тазалыгын” жана натыйжалуулугун көзөмөлдөөгө жөндөмсүз, шектенүүгө жана агрессияга жакын. Ошол эле кезде мамлекет жана айрым аткаминерлер жарандардын каржылык сабатсыздыгын колдонуу менен мамлекеттик каражатты өзү каалагандай жана өз максатына ылайык сарптап, коррупцияга жол берип, мамлекетти жана жалпысынан өлкөнү алсыздандырышат. Башкача айтканда коомдо каржылык жактан сабаттуу жана эркин, өз укуктарын билген, өзүн жана үй-бүлөсүн ар кандай жамандыктан коргоого аракеттенген, мамлекеттен мыйзамды сактоону жана демократияны коргоону талап кылууга жөндөмдүү жарандардын калың катмары пайда болмоюн, демократия жана коомдун социалдык туруктуулугу мүмкүн эмес.

 Каржылык сабаттуулуктун өсүшү коомдун туруктуулугуна кантип таасир тийгизет?

Каржылык сабаттуулук менен социалдык туруктуулук деңгээли ортосундагы байланыш, ошондой эле каржылык сабаттуулуктун экономиканын өсүшүнө таасири Кыргыз Республикасында 2011-2012-жылдары Өнүктүрүү саясат институтунун күчү менен өткөрүлгөн эки эл аралык конференциянын жүрүшүндө тастыкталган. Аталган иш-чараларга 12 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышып, баяндамаларда жаштарда каржылык билимдин жоктугуна терең тынчсыздануу айтылган. Конференциянын “Билим берүү” блогу боюнча сунуштарында төмөнкүлөр белгиленген:   

1. Экономикалык сабаттуулук, ошондой эле каржыны башкаруунун негиздерин билүү социалдык туруктуулукка жана калктын жакырчылык деңгээлине таасирин тийгизет. Анткени:

  • калктын түрдүү катмарлары ортосундагы экономикалык жана каржылык билимдин деңгээлдериндеги ажырымдын натыйжасында байлар менен жакырлар ортосундагы теңсиздиктин жогорку деңгээли жана айырманын тереңдиги сактала берет;
  • экономикалык жана каржылык билимге жеткиликтүүлүктүн жоктугу калктын түрдүү топтору үчүн өлкө ичиндеги ресурстарга тең эмес жетимдүүлүккө көмөктөшөт;
  • жарандарда экономикалык жана каржылык билимдин жоктугу мамлекеттик каржыны башкарууда ачык-айкын эместикке, жарандык көзөмөлдүн төмөн сапатына, коррупциянын өсүшүнө көмөктөшөт;
  • шаардык жана элет калкы ортосундагы маалыматка жеткиликтүүлүктө теңсиздик пайда болот.

2.Экономикасы өткөөл өлкөнүн жана мурдагы социалисттик блокко кирген өлкөлөрдүн жарандары бир катар объективдүү себептерден улам каржылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга жана экономикалык сабатсыздыкты жок кылууга өзгөчө муктаж:

  • ошол өлкөлөрдүн билим берүү системаларында каржыга жана жалпысынан экономикага байланышкан билим берүү багыттары же такыр жок, же начар; үй-бүлөдө экономикалык жана каржылык окутуу салттары жок;
  •  аталган өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө элет калкынын үлүшү жогору жана аларда экономикалык, каржылык маалыматка жеткиликтүүлүк жок;
  •   экономикалык реформалардын натыйжасы боюнча, каржы базарынын өнүгүү ылдамдыгын эске алуу менен, каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн билими менен каржы өнүмдөрүнүн татаалдыгынын деңгээли ортосундагы ажырым көбөйүүдө, мунун айынан жарандар сабаттуу каржылык чечимдерди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калууда;
  •  бул өлкөлөрдө керектөөчүлөрдүн, өзгөчө каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо системасы начар өнүккөн;
  • каржылык-насыя мекемелери өз кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу толук эмес же туура эмес маалымат бериши мүмкүн.

Конференциянын катышуучулары билим берүү системасына жана жарандык коом уюмдарына иштеп чыккан сунуштардын арасында төмөнкүлөр бар:

  • Окутуунун таймашуучу демилгелери, оюн, интерактивдүү жана инновациялык усулдарын жайылтуу аркылуу билим берүү процессинин катышуучулары, өзгөчө орто билим берүү мектептеринин жогорку классынын окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн шыктандыруучу чөйрөнү түзүү.
  • Акча табуу жана акчаны башкаруу аракети – бул жаман эмес, абройлуу жана коом тарабынан сыйга татыктуу деген принципке таянуу менен оокаттуу жашоого жана акчалуу болууга мамилени өзгөртүү үчүн тарбиялык парадигманы калыптандыруу.
  • Мисалдын негизинде окутуунун принциптерине таянып, ийгиликтүү окуяларды кеңири колдонуу менен жаштар арасында ийгиликтүү тажрыйбаны жайылтууга көмөктөшүү. Алгачкы кадамдардын бири катары Байкал олимпиадасынын тажрыйбасын пайдалануу менен, Ысык-Көлдө окуучулар үчүн каржылык сабаттуулук боюнча жайкы олимпиаданы уюштуруу.
  • Экономикалык жана каржылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга түрдүү усулдардын жана мамилелердин натыйжалуулугун апробациялоо максатында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу. Басылмаларды уюштуруу, тренерлер үчүн тренингдерди өткөрүү, кеп-кеңештерди берүү жана тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды – “тегерек стол” талкууларын, конференцияларды, өлкө ичинде да, эл аралык да тажрыйба алмашуу сапарларын өткөрүү аркылуу апробациянын натыйжаларын кеңири жайылтуу.

Жарандын жеке ийгилиги – адамга, мамлекетке жана коомго кам көрүү. Бирок Кыргызстанда эмес!

Ушул тапта Кыргыз Республикасынын мектеп жана жогорку окуу жай программаларында жогоруда аталган темаларды окутуу үчүн жетиштүү көңүл бурулбайт, каржылык сабаттуулук окуу предмети катары киргизилген эмес. Ошону менен бирге билим берүү системасынын өкүлдөрү бул маселелер жогорку мектепте экономикалык сабактардын алкагында гана окутулса болот жана окутулуш керек, ал эми орто мектептин төмөнкү жана жогорку класстарынын окуучулары бул маселелерди терең үйрөнүүгө муктаж эмес деген пикирде. Балким аталган темаларды жогорку окуу жайлардын жана мектептин программаларына киргизүүгө ниеттин жоктугу жаштардын каржылык билимге жеткиликтүүлүгүн чектөө аракети эмес. Буга себеп биринчиден, азыркы замандын адамы үчүн каржылык сабаттуулуктун маанисин түшүнбөстүк, экинчиден, педагогдордун арасында каржылык сабаттуулук чөйрөсүндө тийиштүү билимди өткөрүп берүү дараметинин жоктугу болушу мүмкүн.

Ошентип расмий билим берүү системасы жаштардын каржылык жана экономикалык сабатсыздыгы өңдүү маселени эч чечпейт. Расмий билим берүү системасында ар кандай өзгөрүүлөр өтө оор ишке ашаарын жана тез өзгөрүп турган керектөөлөрдөн бир кыйла артта калып жатканын эске алуу менен, эл аралык донордук жана кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын демилгелери маселени чечүүнүн алгачкы кадамы болмок.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча чачыранды демилгелер бар, аларды негизинен каржы бизнесинин өкүлдөрү ишке ашырып келет. Бул жерде микрокаржылык компаниялардын кардарлары үчүн тренингдерди, ошондой эле “Сенти” каржы компаниясы уюштурган Жеке инвесторлор клубун белгилей кетиш керек. Бул пайдалуу жана корутундулуу демилгелер, бирок алардын олуттуу кемчилиги төмөнкүдөй: мындай иштердин максаттарынын бири – каржы базарынын оюнчуларынан өздөрүнүн кардарлар базасын кеңейтүү. Жогорку окуу жайдын жамааты тарабынан айрым максаттуу топтор үчүн каржылык окутуу жүргүзүлгөн учурлар бар. Мисалы, Кыргыз-орус Славян университетинин мугалимдеринин Улуттук гвардиянын офицерлерин окутушу.

Кыргызстанда жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын программалар жок. Балдар үйлөрүнүн жана мектеп интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жеке бюджетти башкарууга окутуу жаатында Каржы академиясынын мугалимдеринин жеке демилгелери гана бар. Лидерликти жана ишкерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жаштар долбоорлору кеңири жайылып жатат. Анткен менен мындай долбоорлор ишкерлик менен алектенгиси келбеген жаштарды көңүл сыртында калтырып коюуда. Ошол эле маалда жаш адам ишкерчилик менен алектенеби, же жеке, коомдук же мамлекеттик структураларда жалданып иштейби, буга карабастан жогоруда аталган билимдер жана компетенциялар ага керек болот.

Кыргызстанда каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча мамлекеттик программалар жок. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишке ашырган, Каржылык инклюзивдүүлүк үчүн альянсы каржылаган “Каржылык жеткиликтүүлүктү колдоодо каржылык сабаттуулук” аттуу жаңы башталып келаткан долбоор гана бар. Ошондой эле ушул өңдүү документти иштеп чыгуу боюнча Мамфинкөзөмөлдүн да демилгеси бар. Эки мамлекеттик орган бирдей жана автономдуу бир эле ишти алып барып жаткандын өзү көйгөйдү ыкчам чечүү зарылчылыгы бышып жетилгенинен да, аны чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрө албай жатканынан да (ресурстардын чачыранды болушу) кабар берет.

Ошону менен бирге Улуттук банктын дорлбоору каржылык мекемелердин учурдагы жана болочоктогу кардарларына багыт алган. Алар каржы базарларын, аманаттардын жана инвестициялоонун мүмкүнчүлүктөрүн, камсыздандыруу жана насыялоо өнүмдөрүн дагы да кеңири түшүнүүнүн, ушул кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун эки аспектиси боюнча жана кардарлар үчүн милдеттенмелердин жана тобокелчиликтердин негизинде каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү баамдап, билип туруп тандаш керек. Баштапкы баскычында долбоордун иш жүзүндөгү аткаруучусу Микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин катчылыгы болгонун эсепке алуу керек. Башкача айтканда, бул демилге микрокаржы секторундагы кош кабат насыя берүүгө жана жоопкерчиликсиз насыялоого байланышкан кырдаалдан улам чыккан. 2010-2013-жылдары мунун айынан өзүнө өрт коюуга чейин барган заемчуларга байланыштуу көптөгөн экстремалдык кырдаалдар орун алган эле. Улуттук банктын долбоорунун тапшырмаларынын бири Кыргыз Республикасынын калкынын каржылык сабаттуулугун жогорулатуунун Концепциясын иштеп чыгуу болуп эсептелет. Анткен менен концепция канча мөөнөткө эсептелип, эң негизгиси ал кайсы максаттуу аудиторияны камтый турганы, ошондой эле концепцияда жаштар аудиториясынын өзгөчөлүктөрү кантип эсепке алынары азырынча анык эмес.

Ошентип жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекет тарабынан көрүлгөн чыныгы чаралар тууралуу жакынкы мезгилде сөз да жок. Ошону менен катар бул чөйрөдөгү жаңы ийгиликтүү долбоорлор концепцияга жаштар менен иш алып баруунун дагы да жүйөлүү жана натыйжалуу усулдарын кошууга жол бермек. ӨСИ Улуттук концепцияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына, ошондой эле Мамфинкөзөмөлдүн да жумушчу тобуна кирет жана жаштардын кызыкчылыктарын жана жалпысынан билим берүү сегментин иштелип жаткан программалык документтерге кошууга аракеттенип келатат, бирок натыйжалар тууралуу айтуу азырынча эрте.

Эмесе, Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын тоталдык каржылык сабатсыздыгы маселеси жалпы улуттук мааниге ээ; аны чечүүнүн пайдубалы анын ичинде бейөкмөт уюмдардын долбоордук ишмердигинин жардамы менен түптөлө алат.


 2011-2012-жылдардагы форум тууралуу кеңири маалыматты www.finliteracy.kg сайтынан таба аласыз.

 Каржы базарларын жөнгө салган мамлекеттик органдарды бириктирген тармактык уюм.