Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Фин-Билим-Сити Муниципалитети боюнча жол көрсөткүч

2014-08-22 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Фин-Билим-Сити Муниципалитети боюнча жол көрсөткүч

катышуучунун китепчесинен үзүндүлөр

Мен каякка келдим?

Сиз келечектин инновациялык муниципалитетине келдиңиз. Бул жерден Сизди мектепте үйрөтпөгөн, бирок ансыз Сиздин жашооңуз ийгиликтүү болбой турган каржы тууралуу көп нерсени биле аласыз. Сиз муниципалдык башкарууну үйрөнүп, дагы башка көптөгөн жаңы көндүмдөргө ээ болосуз. ФБС муниципалитети – бул жөн гана шаар же айыл эмес. Бул – бир нече маанилүү нерселердин комплекси (жыйындысы):

  •  аймактын (мамлекеттин, шаардын, айылдын);
  •  ушул аймакта жашаган жана бул аймактын ресурстарын (сууну, жерди, абаны, жер казыналарын, өндүрүштү ж.б.) колдонгон адамдардын;
  • жашоочулар өздөрү тандаган башкаруу органдары, алар ушул жашоочулардын турмушун ошолордун кызыкчылыгына жараша түзүшөт;
  • экономиканын, башкача айтканда муниципалитеттин тургундары үчүн товарларды өндүргөн жана кызмат көрсөткөн ишканалардын;
  • ишканалардын жана жарандардын акча каражаттарына болгон керектөөлөрүн тейлеген каржы системасынын комплекси.

Фин-Билим-Сити муниципалитетинде Сиз алгачкы жашоочулардын (жарандардын) бири болосуз жана Сизден кийин бул жерде кала турган эрежелердин жана салттардын негизин түптөйсүз. Ошону менен Сиз учуру келгенде өз шаарыңызда же айылыңызда да из калтырасыз, ал эми ал кандай болоору Сизден гана көз каранды.

            Мен киммин?

Сиз Фин-Билим-Сити муниципалитетинде эмне менен алектене турганыңызды өз алдынча чечип алышыңыз керек. Сиз төм. боло аласыз:

  • саясатчы – жергиликтүү советтин (кеңештин) депутаты;
  •  муниципалитеттин башкармалыктарынын биринде иштеген жалданма муниципалдык кызматчы;
  •   жашоочулардын керектөөлөрүнөн улам өз бизнесин түзгөн ишкер;
  •  агартуучу (маданиятты алып жүрүүчү) – акын, музыкант, сүрөтчү;
  •   коомдук ишмер (БӨУ – бейөкмөт уюмдун өкүлү).

Бул ролдордун кайсынысын тандабаңыз, баарында тең экономикалык жана каржылык мамилелерди түзөсүз, салык төлөйсүз, муниципалитетти башкарууга катышасыз, ФБСтин Жайкы мектебинде билим аласыз жана кечки программалар маалында көңүл ачасыз.

            Мен бул жерге эмне үчүн келдим?

Сиз каржылык жактан сабаттуу болуп, бул жашоодо ийгиликке жетүү үчүн келдиңиз. Сиз Фин-Билим-Сити муниципалитетинин Жайкы мектебинде окуудан өтүп, жеке жана коомдук каржыны башкаруу боюнча билимге, социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча көндүмдөргө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы тууралуу билимге ээ болосуз.Жайкы мектептин алкагында Сиз өз долбооруңузду (планды) иштеп чыгасыз. Анда өз шаарыңызда же айылыңызда досторуңуз, ата-энеңиз, туугандарыңыз жана кошуналарыңыз арасында кантип каржылык агартуучулук менен алектене алаарыңыз көрсөтүлгөн. Үйүңүзгө кайтып келгенде Сиз тегерегиңиздеги адамдарга каржылык сабаттуулуктун баштапкы маалыматын өздөштүрүүгө жардам бересиз.

            Фин-Билим-Сити муниципалитети кантип иштейт?

Муниципалитетти 5 депутаттан турган совет (кеңеш) башкарат. Аны жашоочулар Фин-Билим-Ситиге келгенден кийин экинчи күнү шайлоо өнөктүгүнүн (шайлоочулар менен жолугушуулар, программа менен тааныштыруу, митингдер ж.б.) натыйжасы боюнча тандайт.Шайлоо өнөктүгүн биринчи күнү эле 5 адамдан турган (алар сынактын негизинде тандалат) Шайлоо комиссиясы уюштурат жана өткөрөт. Добуш берүү “Шайлоо” электрондук системасын колдонуу менен өткөрүлөт.

Муниципалдык совет (кеңеш) муниципалитетти башкаруучуну – мэрди тандайт. Мэр андан ары муниципалдык башкармалыктардын жетекчилерин (маданияттын, билим берүүнүн, социалдык камсыздоонун, салык инспекциясынын, маалымат кызматтын, банктын, юридикалык башкармалыктын, эмгек биржасынын ж.б.) дайындайт жана шаарды башкарууда ыкчам маселелердин баарын чечет.

Муниципалдык кызматчылар муниципалитеттин бюджетин иштеп чыгат, аны Кеңешке бекитүүгө өткөрүп беришет, өз кызматтарынын ишин уюштурушат.

Ошондой эле муниципалитетте Инвесторлор кеңеши да бар (педагогдор жана эксперттер), алар жашоочуларга бизнес ачуу үчүн банк аркылуу инвестиция беришет.

            Фин-Билим-Ситинин мэриясы

Мэриянын ар бир кызматкеринин жеке жумушчу кеңсеси болот, ал кызматкерге муниципалитеттин алкагында өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүүгө жардам берет.

Мэр шаардын бюджетин муниципалдык башкармалыктар (алардын пландалып жаткан иш-чаралардын тиркемеси жана аларды өткөрүүгө кеткен чыгашалардын сметасы камтылган табыштамалары боюнча) ортосунда бөлүштүрүү укугуна ээ.

Муниципалдык башкармалыктардын жетекчилери өзү жетектеген башкармалыкка бөлүнгөн бюджетти бөлүштүрүү, вакансияларды түзүү, башкармалыктын кызматкерлерине айлык акыны которуу укугуна ээ.

Башкармалыктын кызматкерлери муниципалитеттин жашоочуларынын турмуш шартын жогорулатуу максатында электрондук системанын түрдүү функцияларын колдонуу укугуна ээ (социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүүгө, сынактарды жарыялоого, муниципалитетте болуп жаткан окуялар тууралуу билдирүүгө жана аларды чагылдырууга укуктуу).

Талаш-тартыштар жана жаңжалдар

Ар бир жамаатта экономикалык талаш-тартыштар жана личносттор аралык жаңжалдар пайда болуп турат. ФБС муниципалитетинде экономикалык талаш-тартыштарды жөнгө сала турган калыстар соту жана личносттор аралык жаңжалдарды жөнгөрүүчү медиация кызматы өңдүү эки кызмат иштейт. Сиз өзүңүздү ушул иштерде сынай аласыз.

            Фин-Билим-Сити муниципалитетинин каржы системасы кантип иштейт?

Ар бириңиз “Электрондук муниципалитет” программасынын жардамы менен өз акча каражаттарыңызды башкаруу жана муниципалитетиңиздин жашоосуна таасир этүү үчүн Фин-Билим-Сити электрондук системасына катталуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Муниципалитетте бир нече кызмат иштейт, алардын милдетине каржы системасын тейлөө кирет.

Фин-Билим-Сити банкы

Биздин шаарда өз валютабыз иштейт, ал – БИЛИМ. Бул аталыш жөн жерден тандалып алынган жок. Билим – бул ресурс, кайсы бир түрүндө капитал, ар бир адам өмүр бою аны топтоого аракеттениш керек. Билимге ээ болгон адам өзүнүн квалификациялык эмгегин жогорку акыга сатат жана өзүнө кирешелердин жогорку деңгээлин камсыздайт. Ошону менен бирге ага өз кирешелерин бөлүштүрүүдө, өз ресурстарын башкарууда кайра эле билим талап кылынат. Бул ресурстардын ичинен эң негизгилери – убакыт, билим жана акча. Ошондуктан Фин-Билим-Сити муниципалитетинин ар бир жашоочусу мүмкүн болушунча көбүрөөк билим жана акча алууга умтулат. Мунун баары БИЛИМ деген бир сөзгө бириктирилген.

Шаардын ар бир жашоочусунун Фин-Билим-Сити банкында өз эсеби болот:

  • өздүк эсеп, бул эсеп физикалык жана юридикалык жактар менен эсеп-кысап жүргүзүү үчүн ачылат. Дал ушул өздүк эсепке Сиз көрсөткөн кызматтар үчүн алган бардык каражаттар түшүп турат. Мисалы, айлык акы, сыйлыктар жана инвестициялар.
  • депозиттик эсеп, бул эсепке өзүңүздүн эркин каражатыңызды жайгаштыра аласыз жана ошол суммадан пайыз түрүндө киреше тапсаңыз болот (депозитке пайыздар күн сайын, саат 7.00дө которулуп турат);
  • насыя эсеби, бул эсеп насыяларды алуу жана тындыруу үчүн колдонулат (насыянын тыңдырылбаган бөлүгүнө пайыздар күн сайын, саат 7.00дө кошулуп турат).Сиз интернетке туташа алчу ар түрдүү электрондук түзүлүштөрдүн (планшет, ноутбук, смартфон) жардамы менен өз эсебиңизди оңой эле башкарсаңыз болот.

Фин-Билим-Сити муниципалитетине келген күнү эле ар бир жашоочу 20 000 билим өлчөмүндө биринчи болуп байыр алуучулар үчүн бир жолку бекер жөлөкпул алат. Анткен менен бул акча бир-эки күнгө гана жетет. Ошондуктан Сиз билимдерди табуу үчүн ишке орношуп, же бизнес менен алектенишиңиз керек.

Фин-Билим-Ситинин салык кызматы

Биздин муниципалитеттин бюджетин түзүү үчүн анын ар бир жашоочусу күн сайын төмөнкүлөрдү төлөйт:

  • милдеттүү төлөмдөр:

o   тамактануу, 2000 билим суммасында;

o   коммуналдык кызматтар, 2000 билим суммасында;

o   Жайкы мектептин билим берүү программасына катышуу, 2000 билим суммасында;

  •  сиз алган (айлык акы же көрсөткөн кызмат үчүн акы) ар бир суммадан 10% өлчөмүндө кирешеге карай салык.

Салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнүн натыйжасында чогулган бардык каражаттар муниципалдык бюджетке түшөт. Салык кызматы бардык жашоочулар милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды төгүп турушуна көз салат.

Фин-Билим-Сити муниципалитетинин бюджетин түзүү

ФБС муниципалитетинин бюджети анын жашоочулары төлөгөн милдеттүү төлөмдөрдөн жана салыктардан, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин кирешелеринен алынган салыктардан түзүлөт.Муниципалдык бюджеттин өзөгүн түзгөн милдеттүү төлөмдөрдөн жана салыктардан сырткары Фин-Билим-Ситинин мэриясы республикалык бюджеттен дотация алып турат. Дотация – бул бекер жана кайтарымсыз негизде берилген каражаттар. Республикалык Каржы министрлиги (виртуалдык) ФБСтин бюджетин “тең үлүштүк катышуу” принциби боюнча дотациялайт. Бул демек ФБС жыл сайын өткөн каржы жылында канча салык жана милдеттүү төлөмдөр чогулган болсо, туура ошого тете билим алат дегенди түшүндүрөт.

Фин-Билим-Сити муниципалитетинин бюджетин аткаруу (чыгымдоо)

Бюджеттин чыныгы кожоюну болуп муниципалитеттин жашоочулары эсептелет. Ошондуктан мэрия бюджетти алардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эсепке алуу менен пландайт. Бюджеттин планы (долбоору) жергиликтүү кеңештин ачык сессиясында талкууланат. Анда ар бир каалоочу бюджеттин долбоорун комментарийлеп, өз сунуштарын бере алат. Ошондон кийин Совет бюджеттин планын (долбоорун) бекитет. Бюджеттин аткарылышынын натыйжасында сменанын соңунда бюджеттин аткарылышы боюнча ачык коомдук угуулар өтөт. Угуулар маалында администрация шаардыктар алдында бюджет кантип аткарылганы тууралуу отчет берет. Угуулардан кийин гана бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет Кеңештин бекитүүсүнө берилет.

Айлык акы жана эмгекти төлөөнүн минималдык өлчөмү (ЭТМӨ)

Сиз аткарган иш төлөнүш керек. Фин-Билим-Ситинин жашоочулары үчүн жашоо-тиричилик минимуму күнүнө 6900 билимди түзөт. Бул сумма бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө жетет. Минималдык айлык акынын өлчөмү жашоо-тиричилик минимумунан 130% аз боло албайт. Бул болсо 8970 билимди түзөт.

Билимди кантип тапса болот?

Муниципалдык кызматчы болуңуз. Муниципалдык кызматчынын иши – бул коомдун кызматындагы туруктуу маяна. Муниципалдык кызматка сынактык тандоонун натыйжасы боюнча орношсо болот (мэриянын кабыл алуу комиссиясы таржымалын же портфолиосун тапшырган талапкерлердин арызын карап чыгат). Ишке кабыл алынган кызматкерлерге мэрия минималдык айлык акыдан төмөн болбогон маянаны дайындайт.

Муниципалитеттин мэриясы күн сайын ар бир кызматчынын өздүк эсебине айлык акыны которуу үчүн каржы башкармалыгына ведомостту өткөрүп турат.

Өз бизнесиңизди ачыңыз. Сиздин өз бизнес-долбооруңузду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Сиз муниципалитеттин жашоочуларына кандайдыр бир кызмат көрсөтүүлөрдү же өнүмдөрдү сунуштай аласыз. Бизнес-план жазыңыз, өз бизнес-долбооруңузду ишке ашыруу үчүн ресурстарды табыңыз, сменанын уюштуруучуларын тартып, аларды демөөрчү же буйрутмачы болуп берүүгө көңдүрүңүз, же банктан насыя алыңыз. Бизнес – акча табуунун жакшы мүмкүнчүлүгү, бирок анын тобокелдиги да бар болгонун унутпаңыз.