Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИ ЖЕ ОКУУЧУЛАРДЫН КАРЖЫЛЫК ЖАНА ЖАРАНДЫК САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК МЕХАНИЗМИ

2014-08-22 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИ ЖЕ ОКУУЧУЛАРДЫН КАРЖЫЛЫК ЖАНА ЖАРАНДЫК САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК МЕХАНИЗМИ

ЖАЙКЫ МЕКТЕП 10 КҮНДҮН ИЧИНДЕ, ҮСТҮБҮЗДӨГҮ ЖЫЛДЫН 12-ИЮНУНАН 22-ИЮНУНА ЧЕЙИН ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖЭЭГИНДЕГИ “ГУД-ЛЕЙК” ПАНСИОНАТЫНДА КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮЧҮ СЕМИНАРДА ИШТЕЛИП ЧЫККАН ДЕТАЛДУУ ПРОГРАМАГА ЫЛАЙЫК ӨТТҮ. КАТЫШУУЧУЛАРДЫН САНЫ – 16ДАН 20 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ КУРАКТАГЫ ЖАШТАР – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАРДЫК АЙМАКТАРЫНАН КЕЛГЕН 50 КИШИ.

Жайкы мектеп Фин-Билим-Сити Муниципалитети түрүндө уюштурулду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана каржыны башкаруу тууралуу билим берүүчү каналдардын уникалдуу удаалаштыгы болуп калды. Балдар жана педагогдор роль ойношту – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделген, өзүнүн кеңеши, мэриясы, тийиштүү кызматтары, бизнеси бар муниципалитет. Фин-Билим-Сити Муниципалитетинде ар ким өз ролун аткарды. Алгачкы күндөрү башкаруу органдары – 5 депутаттан турган жергиликтүү кеңеш тандалып алынды. Алар муниципалитеттин мэрин тандап, жергиликтүү бюджетти бекитти. Мэр жергиликтүү министрлерден – спорт, маданият, саламаттык сактоо, экология, маалымат министрлеринен өз командасын түздү. Мэр менен бирге министрлер муниципалитетти өнүктүрүү программасын түзүп, аны аткарууга киришти.

Ал арада муниципалитеттин калган жашоочулары ким эмне менен алектенерин жана жашаган жери, тамак-ашы, жайкы мектепте билим алуу үчүн төлөй турган акчаны – билимдерди кантип табаарын аныктай башташты. Муниципалитеттин валютасынын аталышы жөн жерден тандалып алынган жок. Билим – бул ресурс, кайсы бир түрүндө капитал, ар бир адам өмүр бою аны топтоого аракеттениш керек. Билимге ээ болгон адам өзүнүн квалификациялык эмгегин жогорку акыга сатат жана өзүнө кирешелердин жогорку деңгээлин камсыздайт. Ошону менен бирге ага өз кирешелерин бөлүштүрүүдө, өз ресурстарын башкарууда кайра эле билим талап кылынат. Бул ресурстардын ичинен эң негизгилери – убакыт, билим жана акча. Ошондуктан Фин-Билим-Сити муниципалитетинин ар бир жашоочусу мүмкүн болушунча көбүрөөк билим жана акча алууга умтулат. Мунун баары БИЛИМ деген бир сөзгө бириктирилген.

Шаарда виртуалдык банк иштеп жатты. Ал муниципалитеттин концептине өзгөчө баалуу салым кошту. Анткени балдарга практикада жалпысынан жеке каражаттарын жана аны менен катар электрондук акчаны башкаруунун негиздерин өздөштүрүүгө жардам берди. Бул болсо долбоордун ийгиликтүү жаңылыгы болду. Ал москвалык профессор Александр Прутченков жана анын аспиранты, Элиста шаарынан келген педагог Аркадий Муниевдин чыгармачыл тандеминен жаралды.

Нөөмөттүн башында муниципалитеттин ар бир жашоочусу жыйырма бир миң билимден алды. Ал болсо үч күнгө гана жетмек жана төртүнчү күнү эле ар бир бала акчаны кантип табарын, виртуалдык банктагы жеке эсебин кантип толтурарын ойлоно баштады.

Виртуалдык банкта Фин-Билим-Сити Муниципалитетинин ар бир жашоочусунун өз эсеби бар болчу: эсеп-кысап жүргүзүү үчүн өздүк эсеп, топтоо үчүн депозиттик эсеп, карыз алуу үчүн насыя эсеби. Виртуалдык банк жайкы мектептин мыкты табылгасы болуп калды. Ал балдарга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү түздү:

  •  электрондук акчанын даамын татып көрүү
  •  чыгашаларды жана кирешелерди көзөмөлдөгөндү үйрөнүү
  •  салык төлөө зарыл дегенге көнүү

Балдар менен чогуу муниципалитеттин жашоосуна алдын ала атайын окуудан өткөн 10 педагог аралашты. Алар негизинен өспүрүмдөр келген аймактардагы мектептердин мугалимдери болчу. Бирок педагогдор лагерде коопсуздукту жана тартипти камсыздоого гана жардам бербестен, өздөрү да муниципалитеттин толук кандуу жашоочулары болуп калышты.

Фин-Билим-Сити Муниципалитетинин жашоочулары төлөгөн салыктар бир кыйла сумманы түздү – бир нече миллион билим топтолду. Аны болсо муниципалитеттин мэриясы өнүктүрүү программасына ылайык жалпы иштерге жана албетте маянага сарптады. Мисалы, депутаттын маянасы 12 миң билим болсо, мэрдин катчысынын маянасы азыраак – 9 миң билимдин тегерегинде болду. Мэрия шаардыктардын саламаттыгына кам көрүп, спорттук иш-чараларды өткөрүп, тазалыкка көз салып, маданий иш-чараларды өткөрүп, күн тартибин белгилеп, муниципалитеттин турмушундагы дагы башка көптөгөн маселелер менен алектенди. Нөөмөттүн соңунда муниципалитеттин башкаруу органдары коомдук угууларда бюджеттин аткарылышы үчүн отчет берип турду.

Күндүн биринчи жарымында балдар Жайкы университетте жеке каржыны башкарууга жана чоң кишинин жашоосунун көндүмдөрүнө үйрөнүп жатышты. Сандардын чытырман токоюнан өтүп, өзүңдүн каржылык келечегиңди пландай билүү канчалык маанилүү болгонун баамдоого окуучуларга тажрыйбалуу лекторлор жардам беришти – Москва Ачык билим берүү институтунун профессору Александр Прутченков, “Сенти” каржы компаниясынын директору жана Кыргызстандагы Жеке инвесторлор клубунун менеджери Мээрим Жамангулова. Универститет үчүн маанилүү тема каржылык агартуучулук боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу болуп калды. Жайкы мектептин негизги натыйжасы каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жергиликтүү демилгелерди өнүктүрүү боюнча командалык пландарды иштеп чыгуу болуп калды; бул пландарды катышуучулар өзү менен алып кетти жана өз окуу мекемелеринде ишке ашырмай болушту.

Жайкы университеттин маанилүү этабы каржылык агартуучулук долбоорлорунун бет ачары болуп калды. Аны балдар нөөмөттүн соңунда иштеп чыгышты. Бул долбоорлорду алар өз класстарында, мектептерде, үй-бүлөлөрдө жеке же топ-топ болуп алып ишке ашырышат жана алган каржылык билимин өз курдаштарына жана ата-энелерине өткөрүп беришет.

Муниципалитеттин кечки социалдык жашоосу ар бир балага өзүн чыгармачыл жактан ачууга, убакытты көңүлдүү өткөрүүгө, досторду табууга жардам берди. КВН, таланттар сынагы, мода көрсөтүүлөрү – бул Фин-Билим-Сити Муниципалитетинин айрым гана кечки иш-чаралары. Педагог-кураторлор кол менен иштөө көңдүмдөрүн өздөштүрүүнү каалагандарга кол өнөрчүлүгү боюнча практикалык курстарды уюштуруп беришти.

Ошентип күндөр көздү ачып жумгандай эле өтүп кетти. Нөөмөттүн соңку аккорду аукцион болду. Ал жерден балдар тапкан акчасын коротуп, сувенирлерди жана белектерди сатып алышты, аны болсо Фин-Билим-Сити Муниципалитети тууралуу эстеп жүрүү үчүн өзү менен ала кетишти. Анткен менен артка кайтканда белектер жана сувенирлер жүк болгон жок. Негизги жүк – алынган билим жана көндүмдөр, ошондой эле жашоого, жарандык катышуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жана өзүнүн каржылык жүрүм-турумуна болгон өзгөргөн көз караш.

Абдыракман кызы Айдана:Кыргыздарда “Алма быш, оозума түш” деген макал бар. Бул макал туура эмес, эч нерсе жасабай, алаканды жайып, бир нерсени күтүп отурган болбойт. Өзүң аракеттенип, дайыма өсүп, өнүгүп турушуң керек. Акча деген эмне экенин түшүнүш керек. Мен ата-энемен акча алып, аны эч ойлонбостон сарптайм. Бирок эми үйгө кайткандан кийин мен үнөмдөгөнгө, акчаны жөн эле коротпогонго аракет жасайм. Бул 10 күн менин жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү.

Аскеров Азат:Кеңештин депутаты болгондо мен депутат – бир жагынан өтө оор тапшырма болгонун, анткени көптөгөн пикирлерди эсепке алыш керектигин, экинчи жагынан – бул абдан сыйлуу иш экенин, себеби башкалар дүйнөнү өзгөрткөн адамдарды баалашарын түшүндүм. Ушул кыска 10 күндүн ичинде шаардын жашоосун өзгөртүп жибердим деп деле айта албайм. Бирок мен муну мындан да көбүрөөк мөөнөттө жасаса болоруна көзүм жетти. Балким мен кызуусуна кирип алсам керек, анткени менде биз жашаган коомду өзгөртүү каалоосу пайда болду.

Даниярова Сайкал:Мен эми адамдар акчага карата үч типке бөлүнөрүн билем. Биринчи типке тапканына караганда азырак акча сарптаган, каржылык жактан сабаттуу адамдар кирет. Экинчилери канча тапса, ошончо короткондор, аларга бир аз жардам бериш керек, ошондо алар акчаны акылдуулук менен сарптай башташат. Ал эми үчүнчү типтеги адамдар – тапканына караганда көп короткон, каржылык жактан сабатсыз адамдар. Лагерге чейинки өз жашоомду эстегенде бир аз уялып кетем. Анткени мен да адамдардын үчүнчү типине кирчүмүн.

Нөөмөттүн ийгилигин экспертиза менен тажрыйбанын уникалдуу айкалыштыгы камсыздады. Моделдин негизин 17 жылдан бери Кыргызстанда Александр Иванов менен Маргарита Байтикова башында турган Билим берүү демилгелерин колдоо фонду өткөрүп келаткан “Эвергриния” лагеринин тематикалык нөөмөтү жана форматы түздү. Окуучулардын каржылык сабаттуулугу боюнча тематикалык нөөмөттөрдүн тажрыйбасы кеңири колдонулду. Аларды Орусия Федерациясынын көптөгөн аймактарында Москва Ачык билим берүү институтунун экономика кафедрасынын профессору Александр Прутченков өткөрүп келатат. Жеке каражатты башкаруунун кыргызстандык өзгөчөлүктөрүн “Сенти” каржылык компаниясынын директору Нелли Симонова жана Жеке инвесторлор клубунун менеджери Мээрим Жамангулова окутту. Муниципалдык башкаруунун колоритин жана адамды өнүктүрүүнүн чөйрөсү катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу элесин Өнүктүрүү саясат институту киргизди. Комплекстүү жана жогорку профессионалдуу экспертиза Фин-Билим-Сити Муниципалитетинин моделин бир катар уникалдуу артыкчылыктар менен толуктоого жол берди.

“Фин-Билим-Сити Муниципалитети” моделинин уникалдуу артыкчылыктары:

  • Өспүрүм жеке каражатын практикада башкарууга үйрөнөт
  • Өспүрүм өзүн депутаттын, мэрдин, министрдин ролунда сынап көрүп, оюн форматында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын негиздерин үйрөнөт
  •  Өспүрүм электрондук акча менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн алат
  • Өспүрүм өзүн ишкердин, социологдун, социалдык кызматкердин, иш-чараны уюштуруучунун, финансисттин ролунда сынап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот
  •  Өспүрүм маданий иш-чараларда чыгармачыл жактан өзүн көрсөтүү, ошондой эле кол менен иштөөнүн жаңы көндүмдөрүн үйрөнүү үчүн бардык мүмкүнчүлүккө ээ болот
  •  Өспүрүм Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан жаңы досторду таап, түрдүү жыныстагы, улуттагы жана диний ишенимдеги адамдар менен көп түрдүү жана ыңгайлуу турмушта жашоого үйрөнөт
  • Өспүрүм жайкы мектептин оюн форматынын жардамы менен анын аң-сезиминде көптө кала турган көндүмдөрдүн жана билимдердин кеңири топтомуна ээ болуу менен жайкы убактысын коопсуз жана гармониялуу өткөрөт
  • Өспүрүм өз жамаатында жаңы билимдердин жол көрсөтүүчүсү болуп калат, анткени нөөмөттүн соңунда үйүнө, өз үй-бүлөсүнө, классына, мектебине каржылык жактан агартуунун жеке планын алып кетет

Жайкы лагердин иши тууралуу кеңири маалыматты Фейсбуктагы баракчабыздан таба аласыз. Дареги - Өнүктүрүү саясат институту Билим берүү демилгелерин колдоо фонду менен биргеликте 2015-жылы ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИНИН жаңы нөөмөтүн өткөрүү үчүн донорлорду жана демөөрчүлөрдү издейт.

ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИНИН 2014-жылдагы жайкы мектеби “Сорос – Кыргызстан” Фонду жана Швейцария Өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү боюнча Британиянын министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун каржылык колдоосу алдында уюштурулду.

Муниципалитеттин моделине автордук укуктар Өнүктүрүү саясат институтуна таандык: www.dpi.kgwww.vap.kgwww.municipalitet.kg