Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мындан ары эмне болот? Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук боюнча мектеп демилгелерин улантуу жана ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИНИН жаңы нөөмөтү

2014-08-25 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Мындан ары эмне болот? Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук боюнча мектеп демилгелерин улантуу жана ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИНИН жаңы нөөмөтү

Өнүктүрүү саясат институту Билим берүү демилгелерин колдоо фонду менен биргеликте, Москва Ачык билим берүү институтунун экономика кафедрасынын катышуусу менен 2015-жылы ФИН-БИЛИМ-СИТИ МУНИЦИПАЛИТЕТИНИН жаңы нөөмөтүн өткөрүү үчүн донорлорду жана демөөрчүлөрдү издейт. Өнүктүрүү саясат институту балдардын инновациялык долбоорлорун колдоо үчүн донорлорду жана демөөрчүлөрдү издейт. Алар бул долбоорлорду 2014-2015-жылдары өз мектептеринде жана жамааттарында ишке ашырышат.

Логикалык жактан долбоор окуучуларга каржылык жактан агартуучулук багытындагы активдүүлүгүнө баштапкы түрткүнү гана эмес, жайкы мектептин катышуучулары иштеп чыккан кичи-долбоорлорду ишке ашырууну колдоону да ойлонгон. Долбоор бир нече баскычка бөлүнгөн эки фазадан турат. Долбоордун биринчи фазасы 2014-жылы ишке ашырылды. Экинчи фазаны ишке ашыруу көбүрөөк узак мөөнөттүү мезгилге эсептелиниши мүмкүн жана экинчи фазанын конкреттүү иш-чаралары биринчи фазаны ишке ашыруунун натыйжасы боюнча аныкталат. Ал эми фазаны каржылоо жана анын узактыгы донорлордун жана демөөрчүлөрдүн кооперация мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот.

 

2014-жылы биринчи фазанын алкагында төмөнкүдөй иштер жасалды:

  • Педагогдорду – долбоордун катышуучуларын тандап алуу.
  • Педагогдор үчүн көрсөтмө берүүчү семинар жана каржылык сабаттуулук боюнча жайкы мектептин программасын түзүү (18 катышуучу).
  •  Жайкы мектепке катышуу үчүн жаштарды тандоо.
  •  Жайкы мектепти өткөрүү (50 катышуучу).
  • Отчетту жана сунуштарды түзүү.

Болжол менен 2015-2016-ж.ж. ишке ашырылышы мүмкүн болгон экинчи фазанын алкагында төмөнкү иштер жасалышы мүмкүн:

  • Жеке пландарды ишке ашыруу. Катышуучулар жеке өздөрү же каржылык сабаттуулук боюнча жайкы мектеп маалында же андан кийин куралган команданын курамында өз окуу жайларында жеке пландарын ишке ашырат, окуу процессинин же окуу мекемесинин коомдук турмушунун алкагында жеке пландарын аткарышат. Иш-чаралардын натыйжасы боюнча алардын активдүүлүгү каржылык сабаттуулуктун деңгээлине канчалык таасирин тийгизгенин, кандай практикалык натыйжаларды алып келгенин чагылдырган чыгармачыл отчетторду жана ийгиликтүү окуяларды даярдашат.
  • Колдоо алууга педагогдор менен окуучулар командасы ортосунда сынак. Жеке өздөрү же каржылык сабаттуулук боюнча жайкы мектеп маалында же андан кийин куралган команданын курамындагы катышуучулар даярдаган чыгармачыл отчеттор жана ийгиликтүү окуялар улуттук сынактын алкагындагы жарыштын предмети болот. Сынактын жеңүүчүлөрү байге катары демилгени колдоого каржылык жардам алышат. Балким долбоордун биринчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшүндө баштапкы баскычта катышуучулардын демилгелерин каржылоону уюштуруу мүмкүн болот.
  • Тажрыйба алмашуу боюнча форум. Сынактын жеңүүчүлөрү жана долбоордун башка ийгиликтүү катышуучулары кызыкдар жактардын кеңири чөйрөсүнө, анын ичинде расмий билим берүү системасына, башкаруунун муниципалдык органдарына, мамлекеттик башкаруунун аймактык органдарына, эл аралык донордук уюмдарга, жаштардын бейөкмөт уюмдарына, ошондой эле башка аймактардагы курдаштарына жана педагогдорго өзүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын көрсөтүп беришет. Балким форумдун жана сынактын базасында жаштардын каржылык сабаттуулугу боюнча формалдуу жана бейформал билим берүү түйүнү түзүлөт. Же болбосо каржылык контент өзүнүн артыкчылыктарына кайсы бир жаштардын түйүнүн кошот.
  • Эл аралык мектептерге, форумдарга, мектептерге катышуу. Бул экинчи фазанын болжолдуу баскычы, ал эл аралык жайкы мектепти же турнирди уюштурууга жеткириши мүмкүн (КМШ же Борбор Азия өлкөлөрү үчүн).

Экспертизанын жана тажрыйбанын айкалыштыгы - Фин-Билим-Сити Муниципалитетинин ийгилик кепилдиги

Эмесе, 2014-жылдын күз мезгилине чейин окуучулардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоордун биринчи фазасы гана ишке ашырылганына карабастан долбоор ийгиликтүү болду. Улантуу талап кылынат жана биз экспертиза менен тажрыйбанын уникалдуу айкалыштыгына ээ болгонубузду далилдөөгө даярбыз. Бул болсо дал ушундай формат маселеге олуттуу таасир эте алат деп ишенимдүү айтууга жол берет.

Долбоордун негизги аткаруучусу – Өнүктүрүү саясат институту (www.dpi.kg) кыргызстандык бейөкмөт уюм. Анын миссиясы – жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына өз укуктарын жана адамдын татыктуу жашоо мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга көмөктөшүү. Калктын, анын ичинде жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу миссиясы ишке ашыруу үчүн зарыл чара катары ӨСИнин артыкчылыктарына кирет. ӨСИ көбүрөөк элет калкы менен иштешет жана шаарлар менен айылдар ортосундагы каржылык жана экономикалык сабаттуулуктун деңгээлине карата ажырымды абдан жакшы билет. Бул ажырым көп учурда жашоонун төмөнкү деңгээлин жана элет калкы арасында өз укуктарын начар коргоону шарттайт. Ошол эле учурда ӨСИ жаштардын маселелери Кыргыз Республикасынын көптөгөн айылдарында артыкчылыктуу экенин тастыктаган маалыматтарга ээ. Бул маселелердин өзөгүндө заманбап билимге жеткиликтүүлүктүн жоктугу жана өзүн өзү өстүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болгону жатат. Каржылык сабаттуулук көйгөйүнө карата ӨСИ ушул маселени өкмөттүк чөйрөнү, бизнести, билим берүү системасын жана ММКны тартуу менен эл аралык деңгээлде талкуулаган Кыргызстандагы уюмдардын алгачкысы болуп калды. Айталы, ӨСИ демилгеси менен эки маанилүү окуя болду, алардын алкагында бул маселе биринчи жолу улуттук деңгээлде көтөрүлдү:

Долбоордун эл аралык өнөктөшү Москва Ачык билим берүү институтунун (http://schools.keldysh.ru/) экономика кафедрасы (http://www.mioo.ru/) болуп калды. Институттун миссиясы – Москва шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу (жакынкы аналогу – Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясы). Жыл сайын Институттун системасы аркылуу 22 миң адам өтөт. Квалификацияны жогорулатуунун түрдүү варианттары, анын бардык адистер жана мугалимдердин жана башкаруучуларынын категориялары үчүн “жеке траекториялары” модулдук принцип менен билим берүү процессинин калыптануусун камсыздайт. Ошондо педагог өзүнүн же чектеш билим берүү жаатындагы дүйнө таанымын кеңейтип, аны психологияда, коррекциялык педагогикада ж.б. кызыктырган суроолорун кеңейте алат. Долбоордун өнөктөшү – Экономика кафедрасынын негизги тапшырмасы – жалпы билим берүүчү жана профилдик мектептердин, лицейлердин жана гимназиялардын экономика мугалимдерине квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Экономика кафедрасы экономикалык билим берүүнү жана мугалимдер кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо системасын билим берүүгө негизделген жана мугалимде да, анын окуучуларында да экономикалык ой жүгүртүү жөндөмүн, экономикалык жана каржылык маданиятты, дүйнөнүн бүтүн картинасын андагы экономиканын ордун түшүнүүнү калыптандырган заманбап социомаданий инновациялык технология катары караштырат. Кафедранын профессору А. С. Прутченков Москвадагы жана Орусия Федерациясынын башка шаарларындагы окуучулар үчүн каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча акцияларды жана масштабдуу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жаатында чоң тажрыйбага ээ. Бул тажрыйба тууралуу профессор Прутченков 2011-жылы Кыргызстанда кажылык сабаттуулук боюнча конференцияда доклад жасаган (http://2011.finliteracy.kg/rus/materials/). Профессор Прутченковдун жана анын командасынын инновациялык усулдары ушул долбоордун алкагында пландаштырылган иш-чаралардын программасынын өзөгүн түзөт. Ал эми анын баа жеткис ар тараптуу тажрыйбасы Кыргыз Республикасынын педагогдоруна бул инновациялык усулдарды Кыргызстандын окуучуларынын жана студенттеринин каржылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн ийгиликтүү колдонууга жардам берет.

Долбоордун улуттук өнөктөшү Билим берүү демилгелерин колдоо фонду болуп калды (http://edufeis.org) – билим берүү жана ишмердиктин чектеш чөйрөлөрүндө инновациялык жана коомдук-пайдалуу демилгелерди колдоо үчүн түзүлгөн кыргызстандык бейөкмөт уюм. БДКФ миссиясы билим берүүнү өнүктүрүү, ошондой эле инновациялык социалдык технологияларды жайылтуу жана долбоордук иштерди жүзөгө ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасында ачык коомду курууга көмөктөшүүдө камтылган. БДКФ артыкчылыктарынын ичине билим берүү, маданият жана илим жаатында демилгелерди социалдык долбоорлоо жана өнүктүрүү; билим берүү технологияларын иштеп чыгуу жана жайылтуу; билим берүү системасын реформалоо процесстерине көмөктөшүү кирет. Өз миссияларынын алкагында БДКФ бул долбоор үчүн маанилүү болгон иш-чараларды жана акцияларды үзгүлтүксүз уюштуруп турат. Мисалы, “Эвергриния Республикасы” – жаштардын билим берүү лагери. Анын жүрүшүндө 12 күндүн ичинде катышуучулар өз бийлиги, экономикасы, маданияты ж.б. бар мамлекеттин моделин курушат. Ошондой эле Балдардын Экономикалык Мектеби – 10 күндүк мектеп. Анын жүрүшүндө окуучулар оюн жана кызыктуу тапшырмалар формасында экономика тууралуу бардык маалыматка ээ болушат. Долбоорду ишке ашыруу маалында Кыргызстандагы мектептердеги өз алдынча башкарууну жана фонддун катышуусу менен түзүлгөн мектеп парламенттеринин, ошондой эле мектеп парламенттер Ассамблеясынын (түйүнүнүн) ишин уюштурууда БДКФнын баалуу билимдери пайдалуу болот.