2014-09-11 / Юридикалык кеңеш
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери депутаттардан түшкөн көп санда-
гы суроолорду алуу менен жергиликтүү кеңештер үчүн бир топ консультацияларды өткөрүп турат. Алардын көбү айылдык кеңештин
депутатынын ишин уюштуруу процессине тиешелүү. Сиздин
көңүлүңүзгө алардын айрымдарына жоопторду сунуштайбыз.
СУРОО. Айылдык кеӊештин сессияда кабыл алынган бардык эле токтомдорду сөзсүз жарыялаш керекпи? Же айылдык аймактын бардык жашоочуларына тиешел эӊ маанилүү лүүлөөрүн гана жарыяласа болобу?
ЖООП. Айылдык кеңештин бардык токтомдорун сөзсүз жарыялаш керек. Анткени ал басылмага чыкпаса, элге жарыяланбаса юридикалык күчкө ээ болбойт, ал эми кабыл алынган чечим аткарууга жатпайт. КР Конституциясынын беренесинин 4-пунктуна ылайык, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды (анын ичинде жергиликтүү кеңештердин токтомдорун) расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.
СУРОО. Кеӊештин токтомунун текстине сессияда айтылган депутаттардын бардык суроолорун,сунуштарын,тапшырмаларын камтыш керекпи, же аларды протокол менен тариздеп, аткаруучуга өткөрүп берсе болобу?
ЖООП. Жергиликтүү кеңештин сессиясында суроолорду талкуулоо учурунда депутаттарда баяндамачыга тигил же бул тапшырма боюнча суроолор, сунуштамалар пайда болушу мүмкүн. Мындай учурда токтомдо негизги сунуштамаларды кыскача баяндап, аларды аткаруу мөөнөтүн белгилеп коюш керек. Токтомдун аткарылышы үчүн көзөмөлдү тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөп койгон туура болот. Аткаруу мөөнөтү соңуна чыкканда аткаруучу кеңештин сессиясында отчет берүүгө милдеттүү.Эгерде сессия учурунда докладдын темасына тиешеси жок суроолор же сунуштар айтылса, анда аларды өзүнчө протоколдук тапшырма катары тариздеп, кимге даректелсе, ошого аткаруу үчүн өткөрүп берсе болот. Бул суроолор жана сунуштар боюнча кеңештин токтомун кабыл алуу керек эмес,бирок протоколдук тапшырманы аткарууга көзөмөл туруктуу комиссияга жүктөлүш керек.
СУРОО. Сессияга катышкан жарандарды жана расмий адамдарды депутаттарга тааныштырыш керекпи?
ЖООП. Кеңештин сессиясына жергиликтүү кеңештин депутаттары болуп эсептелбеген жарандар катышкан учурда айыл өкмөттүн жооптуу катчысы аларды каттайт жана алар тууралуу маалыматтарды протоколго киргизет. Андан кийин айылдык кеңештин регламентине ылайык, катчы алард регламенттин талаптары, сессияга катышуу тартиби жана этика талаптары менен тааныштырат.Эгерде катышуучулар сессиянын тартибин бузса,төрага бир нече жолу эскертүү жасай алат жана андан кийин регламентти бузган катышуучуларды отурум залынан чыгаруу тууралуу жол-жоболук маселени добушка коет. Конокторду депутаттар менен тааныштырбаса да болот. Депутаттар сөз сүйлөр алдында же каяша сөзгө чыкканда өздөрүн тааныштырса болот.
СУРОО. Айылдык кеӊештин депутаттары мурдагы чакырылыштагы депутаттар кабыл алган чечимди жокко чыгара алабы?
ЖООП. Эгерде мурда кабыл алынган чечим мыйзамдардагы ченемдерге карама-каршы келсе, ага белгиленген мөөнөт соңуна чыккан учурда жокко чыгара алат. Мындай учурда депутаттар карама-каршылыктарды мыйзамдын ченемдери- не шилтеме жасоо менен негиздеп бериш керек. “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 10 беренесине ылайык, кеңештин токтому төмөнкү учурларда өз күчүн жоготот:
-
кеңештин токтому же анын тийиштүү пунктары эсеп кылынган мөөнөт бүткөндө;
-
мурда кабыл алынган токтомдун жоболоруна каршы келгенде же мурда кабыл алынган токтом өзүнө сиңирип алган жаңы токтом кабыл алынганда;
-
мыйзамдарда белгиленген тартипте айылдык кеңештин токтомдору (анын пункттары сот тарабынан конституциялык эмес же жараксыз деп табылганда;
-
айылдык кеңеш өз токтомун (пункттарын) күчүн жоготту деп тапканда же анын аракеттеринин (пункттарын) колдонулушу токтото турулганда.
СУРОО. Айылдык кеӊештин депутаттары бир эле адамды биринчи мөөнөттү аяктагандан кийин айылдык кеӊештердин биргелешкен отурумдарынын төрагасы деп шайлай алабы?
ЖООП. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-1-беренесиндеги ченем төмөнкүдөй логиканы караштырат.Жергиликтүү кеңештердин биргелешкен отурумунун төрагасы, президиум, катчылык жана эсеп комиссиясы бир жылга шайланат. Президиумдун, катчылыктын, эсеп комиссиясынын жана жергиликтүү кеңештердин биргелешкен отурумунун төрагасы ушундай эле тартипте жана мөөнөткө шайланыш керек. Бул ченемден улам жергиликтүү кеңештердин биргелешкен отурумдарынын төрагасы жана башка айтылган органдар бир гана жылга шайланыш керек. Кийинки жылы башка талапкерлер шайланууга укуктуу. Ошол эле кезде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-1-беренесинин 9-бөлүгү депутаттарды бир эле адамды кайрадан шайлоого так эрежелерди көрсөткөн эмес жана аларды чектебейт. Ошондуктан депутаттар ушул эле адамды төрага кылып кайрадан шайлоо укугунан колдоно алса болот.
СУРОО. Айылдык кеӊештин тёрагасы бир жылдык мөөнөткө шайлана алабы?
ЖООП. Жок. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 37-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, айылдык кеңештин төрагалары айылдык кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат. Башкача айтканда, мыйзамда көрсөтүлгөн жүйөлөр болбосо жана ээлеген кызматынан бошотулуп калбаса же кызматтан кетүү тууралуу арызды өз алдынча жазбаса эле төрага кеңештин ошол чакырылышынын мөөнөтү соңуна чыкканга чейин шайланат. М