Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ – прокуратура: тирешүүдөн кызматташтыкка

2014-09-11 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Биздин өлкөдө жарыяланган коррупция менен аёосуз күрөш калктын бардык катмарларына таасирин тийгизди. Анткени бул балекет бийликтин жогорку тепкичтерине гана эмес, ишкерлер чөйрөсүнө да, социалдык секторго да, карапайым адамдардын турмуш-тиричилигине да жетти. Бул тууралуу акыркы жылдары көп чыгып, Кыргызстандагы коррупцияга жүргүзүлгөн түрдүү изилдөөлөр жана мониторингдердин натыйжалары айтып жатат...

Түрдүү ракурстардан көрүнүштү көңүл салып изилдөө өлкөнүн андан кийинки өнүгүүсү жана коом үчүн коррупциянын кесепеттеринин тереңдигин жана терс таасирин түшүнүүгө болот. Анткен менен эксперттер кезектеги мониторингден кийин жасаган тыянактар кээде талаштуу да болуп калат.Айталы, Башкы прокуратура эң коррупциялашкан структуралардын рейтингин түзүп, бул кара тизменин баш сабына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын койгон. Муну сандык көрсөткүчтөрдөн улам – мыйзам бузуулардын суммасы боюнча жасаган. Натыйжада Салык жана Бажы кызматтары, соттор, атүгүл МАИ да ЖӨБдөн кийинки тепкичтерге жайгашкан.Албетте мындай тыянакка бары эле макул боло берген жок, изилдөөчүлөргө биринчи кезекте муниципалитеттер тарабынан көптөгөн суроолор пайда болду. Айыл өкмөтүндө да коррупциялык фактылар жана көрүнүштөр орун алганын эч ким жокко чыгарбайт. Бирок ал жакта иштегендер атайын эмес, билимдин, маалыматтын жетишсиздигинен же укуктук сабатсыздыктан улам мыйзамды бузган учурлар көп кездешет. Ушул себептерден улам терс кесепеттерге алып келчү иштерди болтурбоо максатында, ошондой эле коррупция менен күрөштө ЖӨБ менен көзөмөл органдарынын биргелешип аракеттенүүсү үчүн Өнүктүрүү саясат институту өз ара пайдалуу байланыштар үчүн аянтча түзүү демилгеси менен чыкты. Июнь айында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймактарында “ЖӨБ органдарынын ишмердигиндеги мыйзамдарды бузууну болтурбоо” темасына бир катар окутуучу семинарларды өткөрүштү.
Билимге толгон үч күн 16-июнда Сузактагы мейманканалардын бириндеги жыйындар залында семинардын 50гө жакын катышуучусу чогулду. Алар – райондогу 13 айылдык аймактын өкүлдөрү, арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, депутаттар бар. Алардын баары прокуратура кызматкерлери жана Эсептөө палатасынын инспекторлору менен жолугушууга келишти.Семинарды ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун улуттук программалар боюнча менеджери Асылбек ЧЕКИРОВ ачып, катышуучуларды Өнүктүрүү саясат институтунун ишмердиги, долбоордун милдеттери менен тааныштырып, ушул иш-чараны өткөрүүгө түрткү болгон себептер тууралуу айтып берди.Сузак районунун прокурору Талантбек АКЫШЕВдин маалыматы да өзгөчө пайдалуу болду.Ал өз баяндамасын прокуратура органдарынын ишинин системасына, ЖӨБ органдары кайсы мыйзамдарды көп бузарына, коррупциялык жана башка кылмыштарды алдын алуу жана аларды болтурбоонун ыкмаларына арнады. АКЫШЕВдин айтымында, адатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көп кетирген мыйзам бузуулар Эмгек кодексин жана ченемдик укуктук акттар тууралуу мыйзамдарды, муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, жер маселелери, жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө мыйзамдарды ж.б. сактабоого байланыштуу болот.Күтүлгөндөй эле прокурорго суроолор көп болду. Алар жергиликтүү жамааттын турмуш тиричилигинин түрдүү чөйрөлөрүнө жана тармактарына тийиштүү болду. Бирок алар көбүнчө жергиликтүү кеңештердин ишмердигине, ролуна жана ыйгарым укуктарына байланыштуу болду. Залдагы адамдар прокурордун өзүнөн төмөнкү суроолорго жооп алууга умтулушту: Айылдык кеңештин төрагасы кызматтык жак болуп эсептелеби? Жергиликтүү депутаттар кеңештин мурдагы курамы кабыл алган токтомдорду өз алдынча жокко чыгара алабы?Туруктуу бюджеттик комиссиянын атынан депутаттар айыл өкмөтүнүн бухгалтердик ишмердигин текшерүүгө укуктуубу?Талантбек АКЫШЕВге баа бериш керек, суроолорго так,түшүнүктүү жана сылык жооп берип турду. Анткени андан ар кандай себептер менен жогору жакка даттангандан жадабаган, көп учурда ЖӨБ органдарынын ишине тоскоол болгон жаны тынбаган арызчыларга кандай мамиле жасаарын уккусу келгендер да болду. Себеби эрежеге ылайык, эмгекчилдердин катына реакция – бул текшерүүлөр эмеспи. Балким кимдир бирөөгө бул суроо күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок кээ бир адамдар прокурордон эч күлкүсү жок эле өзгөчө арызчыларды “кара тизмеге” киргизсе болобу деп кызыгышты.Текшерүүлөрдүн өзү жана текшерүүчүлөр тууралуу суроолор да көп болду. Эч кимге жашыруун эмес, эгерде объект бир ревизордун көңүлүнө түшүп калса, анда анын артынан башка кызматтардагы жана ведомстволордогу кесиптештери да сөзсүз келет.
Окуу, окуу жана окуу Көзөмөл органынын өкүлүнөн укуктук ликбез көп нерсеге айыл тургундарынын көзүн ачты. Аларды фискалдык жана тартип коргоо органдарынын,башка кызматтык жактардын аракеттерине туура реакция жасоого, чакырууларга жооп берип,ошондой эле коррупцияга каршы турууда аларды өнөктөш кылууга үйрөттү десек да болот.
 
  • Көп жыл мурда кабыл алынган жана мыйзамдык күчүнө кирген айылдык кеңештин мыйзамсыз чечими үчүн ким жооптуу болот? Төрагабы же депутаттардын баарыбы? Адатта мындай кырдаалда прокуратуранын кызматкерлери мыйзамсыз токтомго кол койгон үчүн кеңештин төрагасын жоопко тартууга умтулушат, - деп кызыкты Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы КАЛИМБЕТОВ.Көп эле кездешкен мындай кырдаалды ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун укуктук маселелер боюнча адиси Бектур ОРОЗБАЕВ чечмелеп берди. Анын айтымында, КР мыйзамдарына ылайык,жергиликтүү кеңеш шайлануучу коллегиялык орган болуп эсептелет, анын токтом түрүндө таризделген бардык чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Тиги же бул маселе боюнча депутаттардын жалпы санынан көпчүлүгү колдоп добуш берсе, айылдык кеңештин чечими кабыл алынды деп эсептелет.
  • Мыйзамсыз чечим кабыл алган учурда төрага коллегиялык түрдө кабыл алынган чечим мыйзамдарга каршы келсе да, ал үчүн жеке өзү жооптуу болбош керек. Мындай учурда айылдык кеңеш прокуратура органдарынын каршылыгы боюнча,соттун чечими боюнча же өз алдынча кабыл алынган чечимди жокко чыгарып, же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен мыйзамдарга шайкеш келтириш керек. Төрага “каршы” добуш бере алат, бирок эгерде көпчүлүк депутаттар “макул” деп добуш беришсе, анда ал кабыл алынган чечимге кол коюуга жана аны ишке ашыруу боюнча чара көрүүгө милдеттүү. Бул токтомдун кесепетинен зыян келтирилсе, айылдык кеңеш жалпысынан өз алдынча юридикалык жак катары жооп бериш керек.
Текшерүүлөр, аудит жана Эсептё палатасы жөнүндө Семинардын катышуучулары Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмчөсүнүн мамлекеттик инспектору Иматулла САТИНБАЕВди чоң кызыгуу менен угушту. Анткени ал угуучуларды Эсептөө палатасынын системасы, ЖӨБ органдарынын ишмердигине аудит өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске аудит жасоонун өзгөчөлүктөрүнө каржылык ишмердик жана жергиликтүү бюджетти ишке ашыруу чөйрөсүндө жергиликтүү органдар көп кетирген мыйзам бузууларга токтолду.Эсептөө палатасы тарабынан аудитти өткөрүү мөөнөттөрү, ошондой эле ири каржылык мыйзам бузууларга жол берген адамдарга карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат да пайдалуу болду.Алардын материалдары коллегиянын жыйынтыгы боюнча КР Башкы прокуратурасына гана өткөрүлүп берилет. Иматулла САТИНБАЕВ суроонун актуалдуулугун жакшы түшүнүү менен типтүү каржылык мыйзам бузуулардын табиятын жана аларды болтурбоонун жолдорун ийне-жибине чейин чечмелеп берди. Мисалы, бухгалтерлердин товардык материалдык баалуулуктарды сатып алууда, иш сапарына кетчү чыгашалар, кошумча акча, эргүү күндөрү үчүн акча төлөп берүүлөр, тендерлерди өткөрүү, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу бөлүгүндө ЖӨБ көп кетирген мыйзам бузуулар ж.б.Белгилүү болгондой, иш-чаранын ийгилиги баяндамачылардан, теманын маанисинен гана эмес, көп учурда аудиториядан да көз каранды. Ал эми аудитория активдүү да, чечкиндүү да, кайдыгер эмес да болду. Катышуучулар эч тартынбастан прокурорго жана Эсептөө палатасынын инспекторуна бир топ ыңгайсыз суроолорду узатып жатышты, бирин бири кайталаган функцияларды аткарган текшерүүчүлөргө көңүл буруп коюуну өтүнүштү.Залдан текшерүүлөрдү ирээтке келтирүүгө, муниципалдык кызматчылардын жана айылдык кеңештин депутаттарынын дараметин жогорулатууга, ошондой эле ушул өңдүү семинарларды ички иштер органдарынын органдарынын өкүлдөрү, соттор, салык органдары менен да өткөрүү сунуштары түштү. Айрым мыйзамдарды, анын ичинде жалган арызчыларды административдик жоопкерчиликке тартуу маселелери боюнча мыйзамдарды бүгүнкү күндүн чындыгына жакындаштыруу сунушу берилди.
Ноокендин жана Базар-Коргондун көйгөйлөрү окшош Ушундай эле маанай – кызыгуу жана өз укуктары менен милдеттери тууралуу көбүрөөк билүү, калк менен иш алып барууда жардам бере турган билимге ээ болуу каалоосу Ноокен районундагы семинарда да байкалды. Ал жакта район прокурору жана Эсептөө палатасынын өкүлү менен жолугушууга 30га жакын адам келди. Алардын арасында айыл өкмөт башчылары, кеңештердин төрагалары, каржы жаатындагы жергиликтүү адистер жана башакалар бар.Семинардын башкы баяндамачысы Ноокен районунун прокурору Торо КОЖОШЕВ болду. Прокуратуранын ишмердиги тууралуу маалыматтан тышкары ал ЖӨБ органдары көп кетирген мыйзам бузууларга токтолду. Бул жерде жаңы эч нерсе деле жок – Сузак районундагыдай эле көрүнүш. Алар: эмгек мыйзамдарын, жер маселелерине байланышкан мыйзамдарды чечмелөөдө талаштуу учурлар. Баяндамачы өз сөзүндө муниципалдык менчикти башкаруу, муниципалдык кызмат, жарандардын кайрылууларын кароо чөйрөсүндөгү кылмыштарга да токтолуп, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу тууралуу суроолорго жооп берди.Прокурор кызматкери коррупцияга каршы турууда ЖӨБны өнөктөш катары кабыл алганы кубандырат. Ал укук бузууларды алдын алуу ишинде ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүү сунушун колдоого алды. КОЖОШЕВ ушул маселе боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация менен биргеликте семинарларды өткөрүүнү, юридикалык консультацияларды берүүнү, мыйзамдардагы нормаларды чечмелеп берүүнү сунуштады.
ӨСИ алга жылууну сунуштады Корутунду сөздү Бектур ОРОЗБАЕВ айтып,прокуратура органдарынын жана Эсептөө палатасынын ишмердигине дагы бир жолу токтолду,ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарды бузуусун болтурбоо үчүн аталган мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү жана кызматташууну сунуштады.Ал угуучулардын көңүлүн коррупция менен күрөштө прокуратураны жазалоочу орган катары эмес,көмөктөшчү орган катары кабыл алууга бурду. Ал эми Эсептөө палатасы – каржылык мыйзам бузууларды аныктап чыккан жөн гана структура эмес, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кеңешчи да боло алат. ӨСИнин укуктук маселелер боюнча адиси ЖӨБ өзүнүн укуктук билимин жакшыртуу жана консультацияларды алуунун жардамы менен мыйзамдарды бузууну болтурбоо жолу менен ушул мамлекеттик органдардын дараметин өз пайдасына колдоно алат жана ошентиш керек деп эсептейт. Эгерде суроолор, талаш-тартыштар же жаңжалдар пайда болсо аларга оозеки же кат жүзүндө кайрылса болот. Компетенттүү органдардан түшүндүрүп берүүнү өтүнсө болот, ал эми алар ошол маалыматты берүүгө милдеттүү. Белгил бүүболгондой, кыбыраган кыр ашат эмеспи.Бул иш-чара прокуратуранын жана Эсептөө палатасынын өкүлдөрүнүн эсинде калары талашсыз. Анткени ал ой толгоолорго бир топ жем таштады,аларга күн сайын ар кандай бюрократиялык тосмолорду жеңип келаткан реалдуу адамдардын чыныгы жашоосуна сүңгүп кирүүгө жол берди.М

 

Окшош материалы: