Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык укук боюнча юристтер кеңеш берет

2012-11-29 / Юридикалык кеңеш

Жаңы конуштагы электр жарыгы тууралуу

 

Жаңы конуштагы электр жарыгы тууралуу

 

Суроону тургундар узатууда
 
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айылдык аймагында устундар жана зымдар жок болгонуна байланыштуу электр жарыгы өткөрүлбөгөн жаңы конуштар бар. Биз, конуш тургундары, айыл өкмөтүнө кат аркылуу кайрылдык. Бирок айыл өкмөтү бизди РЭСке жиберди. Ал эми РЭС бул маселе айыл өкмөтүнө караштуу деп, ушул маселени чечүүдөн баш тартып келет. Эмне кылыш керек?
 
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, аймактагы турмушту камсыздоо системасынын иштеши жана өнүгүүсү, калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги бир топ маселелер кирген. Анын ичинде жалпы колдонуудагы жерлерди жарыктандырууну уюштуруу маселеси.
 
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, калктуу пункттарда жалпы колдонуудагы жерлер кабар жеткирчү жолдор, же калктын маданий-тиричилик канааттануусу үчүн колдонулган жерлерден турат. Жалпы колдонуудагы жерлерге төмөнкүлөр кирет: жолдор, көчөлөр, тротуарлар, жолдун боюндагы жер сызыктары, жашыл бакдарактар, газондор, арыктар жана башка жолдордун, токойлордун, бульварлардын, бактардын, суу каналдарынын ж.б. боюнда жайгашкан жана ошол жерден өткөн сугат түйүндөр.

 

 

Жалпы колдонуудагы жерлерди жарыктандырууну уюштуруу жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесине киргендиктен, ошондой эле жаңы конуштардын көчөлөрү жана жолдору жалпы колдонуудагы жерлер болгонун эсепке алып, белгиленген суроону аймактын турмушун камсыздоо системасынын иштешин жана өнүгүүсүн уюштуруунун маанилүү маселелеринин бири катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына өткөрүү туура болот.
 
Ушундан улам маселе айыл өкмөт башчысынын, жаңы конуштун тургундарынын жана кызматкерлеринин катышуусу менен Бешик-Жон айылдык кеңешинин сессиясында каралып чыгыш керек.
 
Жайыттардын талаштуу чек аралары тууралуу
 

 

Суроону тургундар узатууда
 
- Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айылдык аймагынын тургундарына жайыттар жетишпейт. Анткени жайыттардын чек арасын орнотууда Бешик-Жон айылдык аймагынын участокторунун жарымынан көбү Сузак районунун кошуна – Акман, Базар-Коргон жана Ачин айылдык аймактарына бөлүштүрүлүп берилген. Бешик-Жон аймагынын тургундарынын кызыкчылыгын кантип коргоп калса болот?
 
- “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык, жайыттардын чек арасы учурдагы административдик-аймактык бирдиктин чек араларын эсепке алуу менен аларды мурдагы советтик жана жамааттык чарбалык чек араларында бөлүштүрүлгөнүнүн негизинде аныкталыш керек.
 
Чек араны орнотуу процессинде талаш-тартыш-тар пайда болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп жаткан жайыт участокторунун чек арасы төм. орнотулат:
 
• колхоздорго жана совхоздорго колдонууга мамлекеттик акт боюнча берилген жерлердин чек арасында;
 
• чарбалык субъекттердин чек араларын орнотуу боюнча материалдарга ылайык, колхоздордун жана совхоздордун узак мөөнөттүү колдонуусунун негизинде мамлекеттик жер запастарынын курамына кирген жерлердин чек арасында.
 
Жайыттын чек арасын жергиликтүү мамлекеттик администрация түзгөн жергиликтүү комиссия орнотот. Комиссиянын курамына ар бир чектеш аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчылары, жайыт колдонуучулар бирикмелеринин өкүлдөрү, облустук мамлекеттик администрациянын жер орнотуу боюнча адистери жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү кирет.
 
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Жайыттардын чек арасын орнотуу боюнча мамлекеттик комиссия да түзүлүшү ыктымал. Ал жергиликтүү комиссия, же облустук жумушчу топтордун комиссиясы чече албаган талаштарды жөнгө салууга ыйгарым укуктуу болот жана жайыттын чек арасына карата соңку сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө даярдайт. Мамлекеттик комиссия ар бир облуста жайыт чек арасына тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы талаштарды жөнгө салууга ыйгарым укуктуу жумушчу топторду түзүүгө, бекитүүгө жана жергиликтүү комиссиялар тарабынан аныкталган жайыт чек араларын Мамлекеттик комиссияга берүүгө акылуу.
 
Жайыт чек аралары аларды орнотуу боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан орнотулат.
 
Бул маселени туура чечүү максатында Бешик-Жон айылдык аймагынын тургундары жогоруда айтылган маселе боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн жергиликтүү комиссияга кайрылышы керек. Эгерде бул маселени жергиликтүү комиссия чече албаса, анда облустук жумушчу топко, же Жайыттардын чек арасын орнотуу боюнча Мамлекеттик комиссияга кайрылыш керек. Дал ушул жайыттардын чек арасын орнотуу боюнча жергиликтүү (райондук) комиссиялар айылдык аймактын жайытынын чек арасын аныктоого байланыштуу маселелерди кароого ыйгарым укуктуу.
 
Жайыт чек араларын орнотуу боюнча маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн облустук жумушчу топ жергиликтүү (райондук) комиссия тарабынан чечилбеген жайыт чек араларына тиешелүү ЖӨБ органдары ортосундагы талаштарды кароого ыйгарым укуктуу.
 
Жайыт чек араларын орнотуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын компетенциясына жергиликтүү мамлекеттик администрация же облустук жумушчу топтор түзгөн жергиликтүү комиссиялар тарабынан чечилбеген талаштарды чечүү кирет.
 
Колдонуу үчүн материалдар:
 
• “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
 
• Жайыт чек арналарын орнотуу боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү комиссиялар (райондук) тууралуу Жобо
(2009-жылдын 19-июнундагы КР Өкмөтүнүн №386 токтому менен бекитилген);
 
• Жайыт чек араларын орнотуу боюнча Мамлекеттик комиссия тууралуу Жобо (2009-жылдын 19-июнундагы КР Өкмөтүнүн №386 ток-
тому менен бекитилген).
 
Нике курагын азайтуу тууралуу
 

 

Суроону айыл өкмөтүнүн кызматкери узатууда
 
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары эмненин негизинде никеге туруп жаткандардын жаш курагын азайтуу укугуна ээ?
 
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин жоболоруна жана “Жарандык абалдын актылары тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, нике жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, ошондой эле ЖӨБ органдарында катталат. Никени каттоо ыйгарым укугуна өз аймагында жарандык абалдын актыларын жазуу органдары болбогон административдик-аймактык бирдиктин ЖӨБ органдары ээ. Аларга бул укукту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана финансы каражаттары берилет.
 
Никеге туруу үчүн никеге туруп жаткан эркек менен аялдын ыктыярдуу өз ара макулдугу жана алардын нике курагына жетилиши зарыл.
 
Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тексөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрүнүн комиссиялык бүтүмүнүн негизинде эркек жана аял үчүн нике курагын бир жылдан көп эмес азайтууга укуктуу.
 
Төмөндөгүлөрдүн ортосунда никеге турууга жол берилбейт:
 
• адамдардын бирөөсү эле башка адам менен катталган никеде турса;
 
• жакын туугандарга (улуулата жана кичүүлөтө түз тараган туугандарга (ата-энелери менен балдары, чоң атасы, чоң энеси, таята, таянеси жана неберелери), бир ата-энеден төрөлгөн жана атасы же энеси бир эркек-кыз бир туугандарга;
 
• асырап алуучулар менен асырап алынгандарга;
 
• психикалык бузулуулардан бир эле адам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса.
 
Мыйзам он сегиз жашка толгонго чейин никеге турууга уруксат берген учурда он сегиз жашка толо элек жаран никеге турган мезгилден баштап толук көлөмдө жөндөмдүүлүкко ээ болот.
 
Аны менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында он сегиз жашка толо элек, бирок никеге турууну каалагандардын нике курагын азайтууда карама-каршылыктар кездешээрин белгилеп коюу керек.
 
Айталы, 2011-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын №149 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын каттоо тартиби тууралуу” Көрсөтмөнүн 29-пунктунда никени каттоо турмуш куруп жаткан жактардын нике курагын – он сегизге толгондо ишке ашырылаары, ал эми жүйөлүү себептер болгон учурда никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жериндеги никени каттоо бөлүмдөрү аял үчүн нике курагын эки жылдан
көп эмес азайтууга укуктуу болгону көрсөтүлгөн.
 
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 14-беренеси нике курагын он сегиз жаш деп көрсөткөн, ал эми жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу- тексөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрүнүн комиссиялык бүтүмүнүн негизинде эркек жана аял үчүн нике курагын бир жылдан көп эмес азайтууга укуктуу.
 
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси Көрсөтмөгө салыштырмалуу дагы көбүрөөк юридикалык күчкө ээ болгонун түшүнүү зарыл. Андыктан биз ЖӨБ органдарына нике курагын азайтуу зарылчылыгы пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 14-беренесин жетекчиликке алуу кеңешин беребиз.
 
Бул маселе боюнча материалдар:
 
• Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 11-14-15-беренелери;
• “Жарандык абалдын актылары тууралуу” КР Мыйзамынын 4, 24-32-беренелери;
• Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 56-беренеси;
• 2011-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын №149 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын каттоо тартиби тууралуу” Көрсөтмөнүн 29-пункту.

 

 

Окшош материалы: