Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мыйзам долбоорго КЭУну “чет элдик агент катары” киргизүү тууралуу өзгөртүүлөр кабыл алынса, анда анын Кыргызстанга тийгизе турган терс таасирлери жана кесепеттери тууралуу КЫСКАЧА БОЖОМОЛДОР

2014-11-05 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Мыйзам долбоорго КЭУну “чет элдик агент катары” киргизүү тууралуу өзгөртүүлөр кабыл алынса, анда анын Кыргызстанга тийгизе турган терс таасирлери жана кесепеттери тууралуу КЫСКАЧА БОЖОМОЛДОР

Мыйзам долбоорго КЭУну “Чет элдик агент” катары (“КР ЖК депутаттары Бакир уулу Турсунбай, Мадалиев Нуркамил жана Нарматова Надира тарабынан 2014-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу демилге көтөрүлүп чыккан жана сунушталган”) киргизүү тууралуу өзгөртүүлөр кабыл алынса, анын Кыргызстанга тийгизген терс таасирлери жана кесепеттери тууралуу «Интербилим» Эл аралык Борбору жана «Эркин Муун» Альянсы кыскача божомолдорду (алдын ала социалдык божомолдор) сунуш кылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда каттоодон өткөн 15000 КЭУнун катарындагы өлкөнүн бардык аймактарында активдүү иш алып барып жаткан КЭУлар, мамлекеттен каражат сурабастан, жеңилдетилген салыкка жана инвестициялык капиталга ээ болбостон ар кандай демилгелерди, долбоорлорду жана программаларды коомдун кызыкчылыгы үчүн ишке ашырып жатышат. Сунушталып жаткан өзгөртүү жана толуктоолорду кабыл алуу, бир гана Кыргызстандын жалпы коомчулугуна жакынкы келечекте олуттуу кесепеттерди алып келбестен, мамлекеттин өнүгүүсүндө анын бардык тармактарына кедергисин тийгизет.ӨЭУнун ишмердигине бөгөт коюу же аны чектөө мамлекетке кошумча жүк алып келет, анткени КЭУлар өз ишмердиктерин жүргүзүп келген мезгилде алар мамлекет жасай албаган бир катар иштерди жүзөгө ашыра алды.Мыйзам долбоорду кабыл алуу, ар түрдүү тармакта иш алып барып келген КЭУнун чектелүүсүнө, кыскаруусуна жана жоюлуусуна алып келет, бул өз учурунда коммерциялык эмес уюмдардан тейлөөлөрдү алып турган өлкөнүн калкынын жашоо шартынын начарлашын жана өлкөнүн бир топ жылга артка кетүүсүн шарттайт, ошондой эле коомдун жана өлкөнүн толук кандуу жана натыйжалуу өнүгүүсүн чектейт.

ЭКОНОМИКАЛЫК КЕСЕПЕТТЕР ЖАНА ЖОГОТУУЛАР Социалдык-экономикалык жана башка тармактарды өнүктүрүүнү алга жылдыруу чөйрөсүндө КЭУнун ишмердигинин кыскаруусу жана жоюлуусу төмөнкүлөргө алып келет:
 
  • КЭУ секторунун кызматкерлеринин жумуш орду менен камсыздалуусун кыскартат, жыйынтыгында, сектордун өкүлчүлүктөрүнүн арасында - штаттык кызматкерлер, ар кандай тармактардан тартылган консультанттар жана эксперттер жумушсуздукту толуктайт,бул алардын материалдык абалын жана экономикалык жагдайын алсыратып, өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлинин жогорулашына алып келет; Жумуштун жоктугу, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуп келе жаткан КЭУ өкүлдөрүнүн квалификациялык тажрыйбаларынын төмөндөшүнө, практика, перспектива жана мүмкүнчүлүк болбогондуктан, моралдык психологиялык абалынын жана ден соолугунун начарлашына алып келет;
  • Тиешелүү мамлекеттик органдарга КЭУ сектору тарабынан которулган салык жана социалдык которуулар төмөндөйт, бул өз учурунда өлкөнүн ИВПна түшүп келген жылдык салымдын азаюусуна таасирин берет, пенсиялык төлөмдөрдүн кечиктирилүүсүнө жана мүмкүнчүлүктөрдүн азаюусуна алып келет, статистикалык көрсөткүчтөр төмөнкүлөрдү күбөлөндүрөт:
  • 2009-жылдан 2013-жылга чейин аралыктагы которуулардан тышкары, эл аралык долбоорлордун жергиликтүү кызматкерлеринин тейлөөлөрү үчүн штаттык айлык акы боюнча 41205 ыктыярдуу патенттер (Мамлекеттик Салык Кызматынын көрсөткүчтөрү) сатылып алынган, патенттин орточо наркы менен алганда, патенттердин жалпы суммасы 82 млн. сомдон ашат;
  • 2009-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкта эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү консультанттарынын жана котормочуларынын тейлөөлөрү үчүн 10 000 ашык патент сатылып алынган, патенттин орточо наркы менен алганда ал 20 млрд. сомдон ашат;
  • КЭУдын 2012-жылдагы 1 жылдык социалдык которуулары эле 189 млн сомду түзгөн, бул, КР НСК көрсөткүчтөрүнө ылайык 3553 пенсионердин жылдык төлөмүн түзөт;
  • КЭУ секторунун колдоосунун жана экономикалык өнүгүүнүн конституциялык укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн, максаттуу топтор үчүн окутуу, консультация берүү жана техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн, киреше алып келүүчү ишмердикти түзүүдө КЭУ секторунун колдоосунун жоктугунан жана КЭУ секторунун социалдык-экономикалык долбоорлоруна жарандардын колдоо көрсөтө албастыгынан улам, КЭУ секторунун максаттуу топторунун анын ичинде калктын аярлуу катмарынын жашоо деңгээли начарлайт;

 

  • КЭУ секторунун тарабынан көрсөтүлгөн ар кандай тейлөөлөрдүн кыскаруусунан жана жоюлуусунан улам, экономикалык активдүүлүк,өндүрүш жана аны стимулдаштыруу кыскарат,ошондой эле донорлук уюмдар азаят; мамлекеттин ишмердигинин өнүгүүсүнө таасир бере турган ИВП түшүүсү, инфляциянын өсүүсү,көмүскө экономиканын өсүүсү, социалдык чыңалуу жана социалдык акыйкатсыздык, миграциянын жогорулашы сыяктуу негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн начарлашынан улам өлкө кризиске учурайт;
  • Экономиканын бардык тармактарында жагдай начарлайт: өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш, соода, туризм, транспорт, байланыш жана башка тармактар өнүгүү динамикасынын жоктугунан улам алсырайт, КЭУ секторунун мамлекеттик башкаруу: модернизациялоо жана реконструкция, инновациялык кадамдарды жакшыртуу боюнча сунуш же концепция түрүндө кошкон КЭУ салымынын жоктугунан өлкөнүн бардык тармактары начарлайт.
СОЦИАЛДЫК КЕСЕПЕТТЕР ЖАНА ЖОГОТУУЛАР 
Социалдык тармактагы КЭУ ишмердигинин кыскарышы жана жоюлуусу өлкө калкынын жашоо шарттарынын начарлашына жана келечектеги олуттуу кесепеттерге алып келет:
  • Билим жана тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүгүнүн, өзүн өзү өстүрүү жана татыктуу жашоого ээ болуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан өлкөнүн ар кандай катмардагы жарандарынын билим берүү, руханий жана маданий жашоо деңгээли төмөндөйт, КЭУ секторунун билим берүү, социалдык жана башка ишмердигинин кыскарышынан улам инфраструктуранын тиешелүү жашоо шарттарын түзүү мүмкүнчүлүктөрү жоюлат жана начарлайт:
    • Тренингдер жана семинарлар, тегерек отурумдар жана конференциялар;
    • Басылмалар: газеталар, брошюралар, юридикалык жана башка колдоолор үчүн эстеткичтер;
    • ТК жана радио – ар кандай темалар боюнча программалар, ТК- дебаттар жана Ток-Шоулар жана башкалар;- жардам көрсөтүү боюнча ар кандай Борборлордун ишмердиги: медициналык,укуктук, балдардын күндүзгү Борборлору,майып балдардын борборлору, көчө балдарынын борборлору, кары адамдардын борборлору, жашаган орду жок адамдардын борборлору жана башкалар;- жардамга муктаж адамдарга гуманитардык жардамдар;
    • КЭУ секторунун социалдык жана башка долбоорлоруна калктын ар кандай катмарын тартуу жана ишке ашыруу;
    • жана башкалар.
  • Эң мыкты эл аралык практикаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүнүн, кошумча тажрыйба жана билим алуунун, тажрыйба жана билим алмашуунун жоктугунан улам, өлкө жарандары ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн компетенцияларынын жана кесипкөйлүгүнүн акырындап төмөндөөсү; • альтернативдүү тейлөөлөрдүн жоктугу,тейлөөлөрдү жана социалдык саясатты монополиялаштыруу; • Медициналык, психологиялык, моралдык жана башка колдоолор боюнча КЭУ секторунун кошумча тейлөөлөрүнүн, ошондой эле КЭУ секторунун иш-чаралары аркылуу коомдук-саясий жашоого катышуу жана өзүн өзү өстүрүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам, максаттуу топтордун моралдык-психологиялык абалы начарлайт, оорунун деңгээли өсөт, жыйынтыгында, өлүмдүн деңгээли жогорулайт; • Жана башкалар.
     
    САЯСИЙ КЕСЕПЕТТЕР ЖАНА ЖОГОТУУЛАР
Саясий тармакта КЭУнун ишмердигинин кыскаруусу жана жоюлуусу төмөнкүлөргө алып келет:
  •  Саясатты жана бийликти монополиялаштыруу, демократиялык эркиндиктин жоктугу,артынан түшүүлөр жана репрессиялар, коомдогу пикирлердин плюрализминин жана көп түрдүүлүгүнүн төмөндөшү, укуктар жана эркиндиктер бузулган авторитардык өлкө катары тышкы саясаттын жана өлкөнүн имиджинин начарлашы;
  • Коомдун кызыкчылыгынын сакталуусуна жана адам укуктарына мониторинг жүргүзүүдө жана ал боюнча чечимдерди кабыл алууда жарандык коомдун катышуусу төмөндөгөндүгүнө байланыштуу адам укуктарынын жана коомчулуктун кызыкчылыктарынын бузулуу фактыларынын өсүшү, шайлоолор жүргөн учурунда жасалмалуулукка тоскоолдук көрсөткөн жарандык мониторингдин кыскаруусунан жана жоюлуусунан улам шайлоочулардын укуктарынын бузулуусу күч алат;
  • Коомдук уюмдардын экспертизаларынын катышуусуз, жарандык коомдун пикирлери эсепке алынбастан натыйжасыз майзамдардын жана мамлекеттик органдар тарабынан чечимдердин кабыл алынуусу;
  • Мамлекеттин ишмердигинде анын ар кыл тармагынын өнүгүүсүнө жана мамлекеттик органдардын реформаланышына таасир берип турган, КЭУ секторунун альтернативдүү сунуштарынын, концепцияларынын жана программаларнын жоктугунан улам, мамлекеттин саясаты жана мамлекеттик башкаруу начарлайт;
  • Мамлекеттик структуралардын ачык айкындуулугунун жоктугунан коррупция жана мамлекеттик каражатты урдоо күч алат, жарандык мониторингдин төмөдөшүнөн, республикалык жана жергиликтүү бюджетти түзүү боюнча коомдук угууларга КЭУ секторунун катышуусунун жоктугунан улам керектөөчүлөрдүн жана башка катмардагы жарандардын укуктары бузулат;
  • Ар кыл тармактагы жарандардын коопсуздук деңгээли төмөндөйт: тышкы, ички, аскердик,экономикалык, экологиялык, маалыматтык жана башкалар, жыйынтыгында бул тармактарда көзөмөл төмөндөйт жана жоголот. Кыргызстандын КЭУ сектору, мамлекеттин ар кыл тармагынын ишмердигинде өз бенефициарларынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана демократиялык принциптерди алга жылдырууга, өлкөнүн жана жарандык коомдун өнүгүүсүнө катышкан, өлкөнүн саясий системасындагы маанилүү сектор катары, КР Жогорку Кеңешин, КР Конституциясына каршы келген жана жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пакттын жоболоруна жана мыйзамдарына туура келбеген өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу жарандардын, жарандык коомдун жана өлкөнүн тагдырына олуттуу кесепеттерди алып келген, терең ойлонулбаган жана маанисиз чечимдерди кабыл албоого чакырат.

    Урматтоо менен, «Интербилим» ЭБ жана «Эркин Муун» Альянсы

 

Окшош материалы: