Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол АА

2014-10-02 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол АА

Туура тамактануу – өдени сак бала

Эмнелер жасалды? 2007-жылы Жаңы-Жол аймагынын территориясында жамаат “Кенже балдардын өнүгүүсү” Долбоорунун ишке ашырылып жатканы тууралуу угушту. Айыл өкмөттүн мурдагы башчысы С.УЗБЕКОВ менен кеңешип көрүп, жашоочулар бала бакча ачууну жана мектепке чейинки курактагы балдардын окуусу жана тарбиясы үчүн шарт түзүп берүүнү чечишти. Анткен менен демилгечилердин алдында маселе жаралды – айылда ылайыктуу имарат жок эле. Маселени чечүүдө жардамга жеке ишкер келди. Ал коммерциялык максатта колдонуу үчүн имарат курган, бирок ал имарат бала бакча үчүн да ылайыктуу эле. Ишкер тийиштүү келишим түзүп, имаратты айыл өкмөтүнө ижарага бекер өткөрүп берди. АӨБ тарабынан 384 миң сом бөлүндү, ал акчага 50 орундуу бала бакча жабдууланып, балдарга эшигин ачты. Имарат ремонттолуп, жылуулук өткөрүлүп, балдар аянтчасы курулуп, тегереги курчалды, дарбазалар орнотулду, идиш-аяк жана килем-паластар сатып алынды. 2008-жылдын ноябрь айынан тарта бала бакча жарым күндөн иштей баштады. 2011-жылдын 1-сентябрынан тарта бала бакча толук жумушчу күн иштей баштап, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржылоого өттү. 2012-жылы жергиликтүү жамаат калкты иш менен камсыздоо боюнча мекемеге долбоор менен кайрылып, 90350 сом өлчөмүндө колдоого ээ болду, кошумча 50 000 сом жергиликтүү бюджеттен алынды. Бул каражатка бала бакчага ашкана, медициналык пункт, кир жуучу бөлмө кошулуп, суу өткөрүлдү. Аймакта марафон уюштурулуп, анын жүрүшүндө жашоочулар 80 000 сомго каражат чогулта алышты. Бул каражатка азык-түлүк сактоо үчүн кампа, ошондой эле тышкы көмөкчү жайлар да курулду. Азык-түлүк сактоо үчүн кампа,суу жана жакшы ашкана балдардын туура тамактануусун камсыздай алат.
Натыйжасы Эми бала бакчада 58 бала тарбияланат, дагы 27 бала кезекте турат. Иш менен айылдын 14 жашоочусу камсыздалды. Ата-энелерде ишке чыгуу,ал эми чоң эне-тайнелерде небересин бала бакчага жиберип коюп, өзүнө көбүрөөк убакыт бөлүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Анткени көптөгөн ата-энелер чет өлкөгө жумуш издеп кетип, балдарын
өз ата-энелерине, б.а., чоң ата-чоң энелерине ташташкан.

Окшош материалы: