Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ыссык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов АА

2014-10-09 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Ишенимдүү маалымат – бул калк үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүү

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Болот Мамбетов аймагы район борборунан 11км алыстыкта жайгашкан. АА курамына 4 айыл кирет, ал жакта 5 800 киши жашайт. 3 000 жашоочу түрдүү райондук кызматтарга жана бийликтин аймактык органдарына ар кандай маселелер боюнча үзгүлтүксүз кайрылып турушат. Мисалы Социал-дык фондго пенсия боюнча, социалдык коргоого пенсияларды жана жеңилдиктерди жаздыруу үчүн,Мамкаттоого мүлккө укукту тариздөө үчүн, паспорт столуна тек жайын тастыктаган документтерди алуу үчүн ж.б. Бирок ишенимдүү жана өз убагында маалымат алуу үчүн аймактын жашоочулары айылөкмөтүнүн аппаратында кезек күтүүгө жана натыйжада АӨ адистери кагазга колу менен жазып берген маалыматты алууга аргасыз болушат.Ошондой эле жарандардын көптөгөн арыздарын жана даттанууларын кароодо да бир топ маселелер жаралат. Арыздарга АӨнүн же жергиликтүү кеңештин чечимдеринин көчүрмөсүн же көчүрмө бөлүгүн тиркеш керек. Бирок айыл өкмөттө кеңсе техникасы эски болуп, начар иштегендиктен айрым бир жогору турган райондук кызматтар сапаты начар документтерди кабыл алышпайт жана арыз ээси бир эле маселе боюнча бир нече жолу кайрылууга мажбур болот. Натыйжада анын убактысы кетип, капчыгына да кесепетин тийгизет. Мындай кырдаалда өзгөчө алыскы айылдарда жашаган тургундарга эле оор болот. Заманбап кеңсе техникасынын жоктугунан улам аймактын жашоочулары мамлекеттик органдардын райондук бөлүмчөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн өз убагында жана сапаттуу көрө албайт.Мунун баары жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон маалыматка жеткиликтүүлүгүнө байланышкан маселелерди чечүүгө системалык мамилени издөө зарылчылыгын жаратты.

Эмнелер жасалды? Чечим – адистештирилген программаларды колдонуу менен аймактын жашоочуларынын бирдиктүү маалымат базасын түзүү, аны менен катар кириш жана чыгыш каттарды көзөмөлдөө жана маалыматты кайра иштетүү боюнча программаларды жайылтуу. 2013-жылы КРнын Улуттук статистикалык комитети аркылуу айыл өкмөтүндө “Айыл” адистештирилген компьютердик программа киргизилди. Аны колдонуу боюнча окуудан АӨ аппаратынын төрт кызматкери өттү: жооптуу катчы,жер боюнча адис, социалдык кызматкер жана салык инспектору. Алынган билимдердин базасында Болот Мамбетов АӨнүн жооптуу катчысы “Айыл” программасын колдонуунун артыкчылыктары тууралуу жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.Андан кийин АӨ кызматкерлери аймактын жарандарынын жеке (паспорттук) маалыматтарын,идентификациялык номерлерин, техникасы, малы жана дыйкан чарбачылыгы тууралуу маалыматтарды базага киргизүү боюнча чоң жумуштардыжасашты.

Натыйжалар Натыйжада аймактын жашоочулары АӨ аппаратынан так, ишенимдүү, сапаттуу жана эң негизгиси өз убагында маалымат ала башташты. Мунун арты менен жашоочуларда эч кандай маселесиз эле райондук кызматтарга кайрылуу жана зарыл болгон документтерди тариздөө мүмкүнчүлүгү пайда болду.Мындан тышкары АӨдө иш өндүрүшүн жүргүзүү боюнча Тоң районунун жооптуу катчылары үчүн окуулар өткөрүлдү. Ага райондук администрациянын, мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, Тоң районундагы айыл өкмөттөрүнүн бардык жооптуу катчылары жана кызматкерлери катышты. Мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймак боюнча жетекчиси Н.АЛДАЯРОВ ушул тренингге катышкандар өз ишин жакшыртуу үчүн көп пайдалуу маалыматка ээ болгонун белгиледи.

Рана БЕЛЕКОВА,ААнын жооптуу катчысы

Иличбек КӨӨКӨРОВ,АА башчысы_

Окшош материалы: