Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр АА

2014-10-09 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр АА

Куурчак театры: балдарыбыз үчүн мыкты келечек...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү  Жаңы технологиялардын өнүгүүсүнөн улам балдар убактысынын көбүн чөнтөк телефондорго,компьютерлерге, сыналгыга коротуп калышты. Натыйжада балдар бири-бири менен баарлашпай калды,алардын сөз байлыгы начар, эне тилин унутуп, жалпак тилде гана сүйлөшүп, ортодогу ажырым кеңейип баратат. Балдарда жана өспүрүмдөрдө адабиятка болгон кызыгуу жоголуп баратат, алар көркөм жана илимий китептерди окубай калышты, өз пикирин жана көз карашын туура, так жана кооз жеткире алышпайт. Дүкөндөрдүн текчелеринде турган тасмаларды текшере келгенде өсүп келаткан муунду туура жолдо тарбиялоого өбөлгө болчу тасмалар аз экенин көрүүгө болот. Эгерде дээрлик ар бир тасмага анализ жасай келсек, көп фильмдер бийликке, акчага, зомбулукка кызыгууну пропагандалай турганы аныкталат.

Эмнелер жасалды?Окуучулардын адабиятка жана жалпысынан окуу процессине кызыгуусунун төмөндөшү өңдүү маселе мектептердеги класстык саат, ачык сабак учурларында, педагогикалык кеңешмелерде,ошондой эле элеттик ден соолук комитеттеринин өкүлдөрүнүн жана социалдык кызматкерлердин чогулушунда бир нече жолу көтөрүлгөн. Мектеп мугалимдерине кенже класстын окуучулары үчүн куурчак театрын уюштуруу сунушталган.АКШдан келген ыктыярчы Эрик ЛУКМАН менен куурчак театрынын көркөм жетекчиси Азамат КУДАБАЕВ биргелешип, кыргыз тилинде долбоор иштеп чыгышты. Бул долбоор кийин АКШ өкмөтүнүн “Тынчтык корпусу” Көз карандысыз федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн 3650 доллар өлчөмүндө каржылоого ээ болду. Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын сүрөтчү-дизайнери жана куурчак жасагандар менен биргеликте 10 куурчак персонаж дарын даярдоо боюнча келишим түзүлдү. Орто мектептин администрациясы театр үчүн өзүнчө кабинет бөлүп берди. Ал жерде мугалимдердин жардамы менен ремонт жасалды. Айыл өкмөтү элеттик Маданият үйүнүн имаратында ремонт жасоо иштерин уюштурду.Ремонтту элеттик ден соолук комитети, суу пайдалануучулар ассоциациясы,орто мектептин мугалимдери, бала бакчалардын жана фельдшердик-акушердик пункттун кызматкерлери, сүрөтчүлөр жана металл боюнча ширеткич тер, ошондой эле аймак тургундары жасашты. Эгерде айрым бир катышуучулар акчалай жардам берсе,башкалары курулуш материалдарын алып келипберишти, үчүнчүлөрү эмгектенип салым кошушту.Чоң сахнага биринчи жолу чыгуу үчүн даярдыктар жарым жыл жүрүп, түнкү убакыттын, саздын элесин берген, шамалдын, жамгырдын, оттун күйгөнүн, чагылгандын, ошондой эле жаныбарлардын үндөрүн туураган атайын эффекттер жаатында иштер жасалды.

Натыйжалар 1-июнда – Балдарды коргоо күнүндө ремонттолгон Маданият үйүндө театрдын ачылышы ийгиликтүү өттү. Ачылыш салтанатына 500дөн ашык киши катышты. Алардын ичинде окуучулар,Тору-Айгыр, Сары-Камыш, Кызыл-Өрүк айылдарынын жашоочулары, ошондой эле демөөрчүлөр,мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү,райондук орто мекемелердин директорлору, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана АКШ өкмөтүнүн “Тынчтык корпусу” Көз карандысыз федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү катышты. Ачылыш салтанатынын алкагында “Адамдардын айыбы – жаныбарлардын кайыры” деген аталыштагы пьесанын бет ачары болду.Долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдар:куурчактар үчүн материалга – 111 800 сом, дизайнерлердин-куурчак жасоочулардын эмгек акысы –38 700 сом, транспорт чыгымдары – 7000 сом. Чыгашалардын жалпы суммасы 209 500 сом, же 4872 доллар болгон чакта коомдук салым 52 900 сомду түздү. Театралдык оюнду жалпысынан 900 бала көрө алды (түз бенефициарлар), ал эми кыйыр бенефициарлардын саны 400гө жакын болду.Долбоордун негизги жетишкендиги – балдарда адабиятка, театрга кызыгуу пайда болду. Театралдык оюндар окууга болгон кызыгууну жаратып, балдардын тили да оңоло баштады. Актерлор балдар болду. Эгерде кадимки жашоодо алар пикирлерин ачык айтуудан, эл алдында сөз сүйлөөдөн тартынып келсе, театрдын ишине аралашкандан тарта аларда өзүнө карата ишенимпайда болду. Театрдагы оюндарга аралашкан балдар бир топ сынактарга жана театралдык конференцияларга катышып, бүт районду кыдырып,башка айылдарда жашаган балдар үчүн көптөгөн пьесаларды коюп беришти. Театр “Манас тили –кыргыз тили” облустук сынакта биринчи орунду ээлеп, бул тууралуу райондук гезитте макала да жарык көрдү.

Азамат КУДАБАЕВ,орто мектепте кыргыз тил мугалими,айылдык кеңештин депутаты

Окшош материалы: