Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Аксуу районундагы Ак-Чий АА

2014-10-09 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Ысык-Көл облусунун Аксуу районундагы Ак-Чий АА

Ашар ыкмасы менен арыктарды оңдоо...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Алыскы Ак-Чий аймагында дээрлик төрт миң адам татаал климаттык, экономикалык жана социалдык шарттарда жашайт. Аймактын эли негизинен айыл жана мал чарбачылыгы менен күн көрөт.Ошол эле кезде аймакта жумушсуздук деңгээли жогору, калктын 0,4% гана айыл чарбалык эмес иштер менен камсыздалган. Негизинен булар – мугалимдер жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери. Өзубагында Ак-Чий аймагына 10,3 миң гектар жер берилген, алардын ичинен 4,7 миң гектары – айдоо жерлер. Бирок каралбай калгандыктан аймактагы арыктардын баарына таштанды толуп калып, суу бөлүштүрүүчүлөр жараксыз абалга келген. Бул болсо талааларга сугат суу жеткирүү иштерин татаалдаштырган. Мунун натыйжасында жергиликтүү дыйкандар азап чеккен – алар өзүнүн участокторун – 2,2 миң гектарга жакын жерди сугат суу менен өзмаалында камсыздай алган эмес. Натыйжада мындай кырдаал аймактагы социалдык-экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизген.

Эмнелер жасалды? Маселенин маанисин эсепке алуу менен “Береке Булак” бирикмесинин төрагасы Н.МАМЫРКАНОВ аймактын бардык жашоочуларын чогултуп, ашар жолу менен арыктарды тазалап, суу алгычтарды оңдоо демилгесин көтөрдү. Аймактын эли бул демилгени колдоп, биргелешкен аракеттер менен жумуштар башталган. Бул максаттарга Ак-Чий айыл өкмөтү 25миң сом бөлүп, атайын техника менен камсыздады – арыктарды тазалоо үчүн экскаватор берилди. Ал эми жергиликтүү калк ашар жолу менен арыктардыкалың камыштардан тазалай баштады жана аларды отун катары аймакта жашаган социалдык жактан аярлуу 23 үй-бүлөгө өткөрүп беришет. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар 61,5 миң көлөмүндө акча чогултуп, 152 киши жазгы талаа иштери маалында 11 күн бою Качыбек айылындагы узундугу 2км болгон “Бүкүр”, узундугу 1,5 км болгон “Эски Маевканы”, 1,5 км “Неделькин” арыктарын тазалап чыгышты. Натыйжада жергиликтүү калктын ашар жолу менен аткарган иштери 35 миң сомго бааланды.

Натыйжалар Масштабдуу аракеттердин жана жумуштардын натыйжасында 770 гектар жер сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздалды. Ал эми узундугу 6 км болгон лотоктун ремонту 50 гектар чарбакты жана 170 гектар айдоо жерин сугат суу менен камсыздады. Жалпысынан узундугу 9 км болгон арыктар тазаланды. Арыктарда кошумча ремонттук иштер аяктагандан кийин аткарылган иштердин сапатын баалоо боюнча топ түзүлөт.

Б. ИСАЕВ, АА башчысы

М. ДОРБАЕВ, айыл өкмөттүн жооптуу катчысы

Окшош материалы: