Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Липенка АА

2014-10-09 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Липенка АА

Сугат суу – элеттик дыйкандар үчүн жашоо булагы...

Көйгөйдүн сүрүттөлүшү Липенка АА курамына үч айыл кирет: Липенка,Богатыровка жана Ичке-Булуң. Бул – 958 үй кожолугу же 4685 киши. Жер участокторунун жалпыаянты 5047 гектарды түзөт, анын ичинде 3031 га – бул жеке жер үлүштөрү, 325 га – жеке турак жай-лар, 473 га – Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери. СССР доорунда жер аянттары мөңгүлөрдүн эсебинен, насос станцияларынын жана атайын сугат системасынын жардамы менен сугарылчу. Сугат системасы өз ресурсун иштеп бүтүп, катардан чыкты жана илгери эле жараксыз абалга келген. Сугат суунун жетишсиздигинен жыл сайын адамдар түшүм ала келгенде эле экономикалык жоготууларга байланышкан көйгөйлөрдү башынан өткөрөт.

Эмнелер жасалды? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамаат маселенин техникалык жактан татаалдыгын, ал көп каражатты жана убакытты талап кыларын түшүнүп, өз күчтөрүн бириктирүүнү чечишти.2012-жылдан тарта ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуунун алкагында айыл өкмөтү ЭКБА усулун колдонуу менен айылдын керектөөлөрүн изилдеп чыкты. Жолугушуулардын жүрүшүндө сугат суунун жетишсиздиги эң курч көйгөй экени аныкталды. Бул маселени чечүү үчүн АК депутаттарынын, АӨ адистеринин жана жергиликтүү жамааттын лидерлеринин катышуусу менен демилгелүү топтор түзүлдү. Көйгөйдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттер планы иштелип чыгып, аны АК депутаттары бекитти. Планды ишке ашыруунун алкагында түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Мисалы,таштанды толуп калганынан улам бүтөлүп калган сугат системасын тазалоо максатында ишембиликтер уюштурулат. Б.СУЛАЙМАНОВ башында турганАӨ аппараты маселени чечүүдө каржылык жактанжардам бере алчу донордук уюмдарды жигердүүиздеди. Ошондой өтүнүчтөрдүн бири Эл аралык кызматташтык боюнча АКШ агенттигинин программасына да жолдонгон. Агенттик сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө “Самат-Көл” жана “Кара-Көл” аттуу эки насос станциясынын курулушун каржылоого макулдугун берген.Сугат системасын калыбына келтирүү боюнча иштер акыркы үч жылдан бери уланып келатат.Жарандардын жана ЖӨБ органдарынын жазуужүзүндөгү жана оозеки кайрылууларынын негизинде “Садовая” насос станциясынын курулушуна облустук өнүктүрүү фондунан 2 млн. 700 миң сом бөлүнгөн. “ГЭС” насос станциясынын курулушу жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен 10 млн. сомго каржыланды. Калк да күчүн мобилдештире алды: арык түйүнү тазаланып, калыбына келтирилди. Калктын эмгек салымы 300 миң сомгобааланды.

Натыйжасы Долбоордун жалпы бюджети 17 млн. 300 миң сомду түздү. 5 насос станциясы курулуп, сугат системасын жана ички чарба каналдарын, үзгүлтүксүз жөнгө салуу бассейндер (ҮЖБ) системасын калыбына келтирүү боюнча иштер жасалды. Натыйжада 2000 гектар жер сугат суу менен камсыздалды.Бенефициарлар: түз пайда көргөндөр – 800 үй кожолугу, кыйыр пайда тапкандар – 958 үй кожолугу.

Төл сөз “Биз сугатжерлердин аянтын көбөйтө алдык, колдонулбаган жерлерди айыл чарбалык жүгүртүүгө кайтардык. Бул болсо калктын кирешесинин өсүшүнө жана айыл чарбалык жоготууларды азайтууга алып келди. Бирок эң башкы жыйынтык – маселени чечүүдө калктын биримдиги, жашоочулардын жигердүүлүгү жана калкты жергиликтүү маанидеги маселелерди иш жүзүндө чечүүгө тартуу”.

Жылдыз РАХМАНОВА,айыл өкмөтүнүн иш өндүрүшчүсү

Окшош материалы: