Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамааттык ММК–бул жарандар менен башкаруу органдары ортосундагы көпүрө

2014-12-22 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Жамааттык ММК–бул жарандар менен башкаруу органдары ортосундагы көпүрө

Назира ЖУСУПОВА – алгачкысы жети жыл мурда ишке киришкен жамааттык ММКнын негизинде түзүлгөн Жамааттык ММК ассоциациясынын директору. Дал ошол мезгилде Талас облусунда Борбор Азияда биринчилерден болуп “Радиомост” жамааттык радиосу обого чыга баштаган. Жамааттык радионун элдик кабарчыларынын жигердүүлүгү бүгүн да басаңдаган жок. Алар мурдагыдан да чоң аракеттер менен жамаат арасында жаңылыктарды чогултуп, өз ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу угармандарына өз убагында айтып берүүдө. Бирок эң негизгиси – жамааттык радио адамдарга тийиштүү кызматтардын аткаминерлерине өз үнүн жеткирүү мүмкүнчүлүгүн берет деген ишеним.

 
  1. Назира, ушунун баары эмнеден башталды эле? Эмне үчүн ММКнын башка түрүн эмес, жамааттык радиону тандап алдыңыз?
  2.  
  • Талас облусунун географиялык жактан өзгөчөлүгү 2007-жылы Борбор Азиядагы алгачкы жамааттык радиону түзүү үчүн себепчи болду. Ал маалда Талас облусундагы массалык маалымат каражаттары жергиликтүү калктын керектөөлөрүнө жооп берчү эмес. Облустук телерадиокомпания өз продукциясын аптасына 1 жолу мамлекеттик телерадиокорпорациянын эфиринен кетирчү. БасмаММКнын көпчүлүгү борбор калаада гана чыкчу, ал эми облустук борборлордон радиотолкундар айылдарга жетчү эмес – буга тоолор тоскоолдук кылчу. Маалыматка жыш кылымда жашаганыбызга карабастан биздин аймакка мисалы, жаш ата-энелер үчүн балдарды кантип тамактандырыш керек, дыйкандар үчүн жакшы түшүмдү кантип алса болот өңдүү зарыл маалыматтар аз келчү. 2007-жылы Таласка ЮНЕСКОнун делегациясы расмий сапар менен келген. Ал делегация мульти-медиа борборду ишке берүү демилгесин көтөрүп чыккан биздин санаалаш адамдардан турган командабыз менен жолуккан. Эксперт Тарья ВИРТАНЕ, ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы мурдагы өкүлү “Силер сонун мезгилде жашап жатасыңар. Себеби өз өлкөңөрдүн ММК тарыхындагы жаңы баракты ачтыңар”, - деп айткан эле. Мына ушинтип Борбор Азиядагы алгачкы жамааттык радио пайда болгон. ЮНЕСКОнун Алматыдагы Кластердик кеңсесинин колдоосу алдында биздин радиостанцияны түзүүгө жогорку окуу жайлардын мугалимдери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, айылдыктар катышкан. 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

Назира ЖУСУПОВА өз карьерасын 2007-жылы “Радиомост” жамааттык радиосунда кабарчы катары баштаган. Мунун алдында ЮНЕСКОнун Кластердик кеңсесинин долбоорунун алкагында Алматыда уюштурулган “Жаш журналисттер үчүн тренингден” өткөн. Ошол эле жылы Назира “Радиомост” радиостанциясында иштөө үчүн Германиядан келген журналист-эксперт Беттина Руигес өткөргөн сынактан ийгиликтүү өткөн. Кийинчерээк Deutche Welle (DW) Академиясында журналистика мектебинде билим алат, ошондой эле журналистика чөйрөсүндөгү эл аралык, республикалык жана жергиликтүү семинарларга, тренингдерге катышкан. Назира адам укуктары боюнча мыкты макалага жарыяланган эл аралык сынактын номинанты болуп калды. Ал Парижде өткөн Бүткүл дүйнөлүкадам укуктарынын декларациясы кабыл алынганынын 60 жылдыгына арналган конференцияга Кыргызстандан жалгыз катышкан. Францияда өткөн конференцияга дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүнөн адамдар келген. 2014-жылдан тарта Назира Жамааттын ММК ассоциациясынын аткаруучу директору болуп эмгектенет. Жамааттык ММК бүгүнкү күндө 22 жамааттык медианын башын бириктирет, алардын ичинде 4 жамааттык радио жана 18 жамааттык мультимедиа-борбор бар.

 

  1. Кадимки радио менен жамааттык радионун ортосунда кандай айырма бар?
  2.  
  • Классикалык ММКдан айырмаланып, жамааттык радиодо альтернативдик ресурстарды колдонуу менен жамааттын өзү радиопрограммаларды жаратат. Жамааттык радио карапайым калк менен өкмөт ортосунда көпүрө түзөт. Мисалы, “Радиомостто” ар аптанын дүйшөмбү күндөрү саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери даярдаган берүү чыгып турат. Мындан тышкары дыйкандар,студенттер, мугалимдер, ыктыярчылар ж.б. да өз берүүлөрүн даярдап турушат. Станциянын өзүн өзү башкаруусу, анын ичинде каражат, эфирди пландоо жана жамааттык радионун ишмердигин стратегиялык жактан түзүү маселелерин ачык талкуулоого жамааттын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарыл.
  1. Жамааттык радиостанциянын уюштуруучулук-укуктук формасы кандай?
  2.  
  • Жамааттык радиостанциянын уюштуруучулук-укуктук формасы ошол радио жайылган аймакта жашаган жергиликтүү калк үчүн радиону башкарууга катышуусун караштырат. Жамааттык радио коммерциялык эмес уюм катары түзүлөт жана иш алып барат. Балким башында бул жамааттык медиа-борбор (ЖМБ) болот – анын түзүмү мүчөлүктү, башкарууну, жумушту жана жөнөкөй мүчөлөрү түзүшүн караштырат. Жамааттык радионун редакциясы өз саясатын жана программаларын аныктоодо жергиликтүү бийликтен, саясий партиялардан, коммерциялык жана диний институттардан көз каранды эмес. Жалпы саясат жамааттын деңгээлинде өкүлчүлүктүү орган тарабынан аныкталат. Жамааттык радионун дагы бир маанилүү артыкчылыгы – мында жергиликтүү жамааттын бардык социалдык катмары маалымат алалат. Ошондой социалдык катмардын маалыматка жана өзүн көрсөтүү ыкмаларына жеткиликтүүлүгүн республикалык каналдар дайыма эле кепилдей албайт. Жамааттык радио азчылык топторго жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көптөгөн мамлекеттик же жеке ММКларга окшоп кээде гана обого чыгуу мүмкүнчүлүгүн берип койбостон, аларга бирдей шарттарды камсыздайт. Жогоруда аталган элементтердин айкалышуусу радионун көз карандысыздыгын жана натыйжалуулугун камсыздайт. Жамааттык радиону ачуу жол-жобосу юридикалык жактан кадимки радиону ачуудан айырмаланбайт. Жамааттык радио үчүн зарыл болгон жабдуу бир топ ишенимдүү, аны күтүп алуу оңой, баштапкы окуудан тышкары ал инженерлер жана радио жаатындагы адистер тарабынан колдоону талап кылбайт. Радиожыштыктык спектрди бөлүүгө, өткөрүүчүлөрдү колдонууга укук алууга, радио-электрондук каражатты жана жогорку жыштыктык түзүлүштөрдү киргизүүгө бир катар уруксаттарды программалардын басымдуу бөлүгүн жамааттын алууга боюнча убактылуу алкактар жамааттык радиону ачууда жалгыз жана олуттуу тоскоолдук болушу мүмкүн.
  1. Жамааттык ММК ассоциациясы кандай максат менен түзүлдү эле?
  2.  
  • Ассоциация медиа-ландшафтты жана Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында маалы матка жеткиликтүүлүктү камсыздоо максатында түзүлгөн. 2013-жылы Кыргызстандагы жамааттык медиа ассоциациясына биригип, ачык акционердик коом катары каттоодон өткөн. 2014-жылдын 12-апрелинде “Жамааттык ММК ассоциациясынын” юридикалык жактар уюмунун (ЮЖУ) мүчөлөрүнүн алгачкы отуруму өткөн. Иш-чарага эл аралык коомчулуктун эксперттери да катышкан. Алардын арасында Немис толкунунун Академиясынан (DW Akademie) Лидия РАНЕРТ жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы кеңсесинин өкүлү Валентина ГАЛИЧ болгон. Аталган жумушчу жолугушуу Ассоциациянын мүчөлөрүнө төрт маанилүү документти талкуулап, кабыл алууга жардам берген. Ал документтер: мүчөлүк, башкаруу, ревизиялык комиссия тууралуу ички жобо жана этикалык кодекс. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн Ассоциация ишмердүүлүктүн төмөнкүдөй түлөрүн жүзөгө ашырат:
  •  Калкты жамааттык ММК тууралуу маалымдоо.
  •  Ассоциациянын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана жайылтуу.
  •  Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
  •  Окутуучу иш-чараларды, семинарларды жана тренингдерди өткөрүү.
  •  Ассоциациянын мүчөлөрү үчүн тажрыйба алуу иштерин уюштуруу.
  •  ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга анализ жасоо.
  •  Өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу.
  •  ММК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды реформалоо максатын көздөгөн өнөктүктөргө катышуу.
  •  Маалымат алмашуу, маалыматтык материалдарды жайылтуу.
  •  Консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
  •  Конференцияларды, симпозиумдарды жана тегерек столдорду уюштуруу жана өткөрүү.
  •  Маалыматка жеткиликтүүлүк, сөз эркиндигин жана ММК плюрализмин коргоо жана жайылтуу боюнча өнөктүктөрдү көтөрүп чыгуу жана өткөрүү.
  •  Изилдөөлөрдү жүргүзүү жана коомдук пикирди сурап билүү.
  •  Кыргыз Республикасында медиа-ландшафтты жакшыртууга жана маалыматка
  1. жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган башка иш-чаралар. Ушул тапта биздин донорлордун колдоосу менен түзүлүп жаткан башка мультимедиа-борборлор менен иштешип жатабыз. Мисалы, БУУнун жана Европа Биримдигинин “Социалдык адилеттүүлүккө жетүү үчүн ак ниеттүү башкарууну жайылтуу” долбоорунун алкагында, ошондой эле Кыргызстандагы БУУнун Демократиялык фондусунун долбоорунун алкагында 18 жамааттык мультимедиа-борборлор ишке берилген. Алар айылдык бардык жашоочулары– аялдар, балдар, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, социалдык жактан аярлуу адамдар, мугалимдер, дарыгерлер, дыйкандар ж.б. өз көйгөйлөрү, аларды эмне тынчсыздандырарын айтып берүүсү, маселени чечүү үчүн өз сунуштарын киргизе алуусу үчүн түзүлгөн. Мисалы, мындай мүмкүнчүлүк жеке же мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында (ММК) жок. Эгерде жеке радиону ала турган болсок,алар угуучулардын кууш аудиториясы менен чектелишет. Алар көп учурда көңүл ачуучу мүнөздө иш алып барат жана ободо музыка гана жаңырып турат (рок, рэп ж.б.). Мамлекеттик ММКда мамлекеттик органдардын иши тууралуу маалымат гана айтылат. Коомдук ММК өлкөнү толугу менен камтыйт, бирок ошону менен бирге алыскы аймактарга, алардын көйгөйлөрүнө аз көңүл бурулат.Жамааттык мультимедиа-борборлор өз кезегинде химия жана физика сабактарында лабораториялык иштердин жоктугу, талкаланган жолдор, ичүүчү суунун кирдеши, медпункттардын жоктугу, миграция ж.б. тууралуу, башкача айтканда өлкөнүн алыскы аймактарында болуп келген жана адамдарды күнүгө ойго салган көйгөйлөр тууралуу айтып берет.
  2.  
  • Акча болбосо, ММК, болгондо да жамааттык радио иштей албаары жашыруун эмес. Акчаны кайдан аласыңар?
  • Жамааттык радиостанция түрдүү булактардан каржылык колдоого таянат. Анын ичинде донордук жардам, гранттар, мүчөлүк салымдар,демөөрчүлүк жардам же жарнак. Бул жерде каржылоо маселеси жамааттык радионун андар кийинки уюштуруучулук жана институционалдык өнүгүү маселеси гана болбостон, жергиликтүү бийлик органдарынын саясий кысым аспабы да болот. Эл аралык уюмдардын гранттык колдоосунан, жарнактык кызматтарды көрсөтүүдөн,демөөрчүлүк жамрдамдан же кайрымдуулуктан, угуучулардын мүчөлүк акысынан тышкары чыңалууну азайтуунун мүмкүн болгон жолдордун бири жамааттык радиостанциянын өзүн өзү каржылоосун өнүктүрүү болуп эсептелет.Иштиктүү аспап катары социалдык ишкерчилик болушу мүмкүн. Мисалы, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу, инвестициялар же башка бизнес ишмердик. Булар менен коммерциялык уюм катары, өз миссиясын ишке ашыруу максатында өз кирешесин алуу үчүн уюштуруучулук-укуктук структура боюнча жамааттык радио алектене алат.
  1. Кыргызстан үчүн жамааттык ММКнын өзгөчүлүгү эмнеде?
  2.  
  • Жамааттык ММК белгилүү бир аймак үчүн гана эмес, бардык республика үчүн да чоң мааниге ээ. Анткени элет жергесиндеги окуялар, жашоочулардын көйгөйлөрү жана жетишкендиктери жалпы республикалык маалымат агымынан обочодо калууда. Буга себеп – географиялык түзүлүшүнөн уламкөйгөйлөрдүн массалык маалымат каражаттарын да чабал чагылдырылышы. Маалыматтык жалпыагымында аймактык кабарлардын жетишсиз саны жалпы өлкө боюнча маалымат талаасын олуттуу деңгээлде тарытат. Жамааттык ММК жамааттар менен иш алып барууда өзү үчүн пайда издебейт.Тескерисинче, радиостанциялар жана мультимедиа-борборлор калктын белгилүү бир катмарынагана эмес, бардыгына кандайдыр бир чыгымдарсыз жеткиликтүү болуусу үчүн бардык мүмкүн болгон иштерди жасайт. Ошону менен бирге жамааттык ММК адамдарды улуту, этникалык, расалык жана башка белгилери боюнча бөлбөйт. ЖММКнын кызматкерлери – мугалимдер, студенттер, окуучулар, ошол жамаатта төрөлүп-өскөн айылдыктар. Алар өзүнүн кесипкөй деңгээлин жогорулатып, өзтажрыйбасын элге өткөрүп беришет, ошондой эле жердештеринен, замандаштарынан үйрөнүшөт.Ушул тапта Кыргызстанда 4 жамааттык радиостанция иштейт – Таласта, Суусамырда, Чоң-Кеминде, Баткенде. Мындан тышкары 18 жамааттык мультимедиа борбор иш алып барат. Жамааттык ММК маалымат жеткирет, адамдарды жеринде бириктирет жана заманталабы мененжашоо мүмкүнчүлүгүн берет. Алардын берүүлөрү аркылуу жергиликтүү көйгөйлөркөтөрүлүп, талкууга алынат. Жергиликтүү көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо – мына дал ушул нерсе биздин аймактарга жетишпейтурат. Жамааттык ММК –бул жергиликтүү жамааттардын үнү.

 

Маектешкен 

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА

 

 

Окшош материалы: