Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын Биригүүсү жана эффективдүү өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” аттуу Эл аралык конференциянын

2015-03-16 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
“Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын Биригүүсү  жана эффективдүү  өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” аттуу Эл аралык конференциянын

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Конференциянын катышуучулары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом уюмдары жана массалык маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнүн маанилүү конституциялык уламасы болуу менен коомдун социалдык туруктуулугуна жана экономикалык өсүшүнө таасирин тийгизип, жарандардын сапаттуу, өз убагында ишке ашырылган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнө шарт түзөрүнө көңүл буруу менен жалпы улуттук кызыкчылыктар, борбордук өкмөт менен жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктары дал келбей калышы мүмкүн экенин, бирок бардык деңгээлдерде чечим кабыл алуу процессинде эсепке алыныш керектигин мойнуна алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын басмырлоону жана карама-каршылыктарды жокко чыгарууну, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратууну, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына функцияларды жана милдеттерди жүйөсүз жүктөөнү болтурбоо зарылчылыгын белгилөө менен төмөнкүлөрдү СУНУШТАЙТ:
 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине:
 
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамдык базасын өркүндөтүүгө аракеттенүүнү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдардын иерархиясын камсыздоону;
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодексти иштеп чыгуу жана кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну;
  • жетиштүү бюджеттик каржылоонун жана методологиялык камсыздоонун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген ченемдик укуктук актылардын аткарылышынын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү;
  • алдын алуучу чараларды колдонууга басым жасоо менен контролдук-көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүсүнүн тартибин мыйзамдар менен регламенттештирүүнү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандык коом ортосунда, өзгөчө социалдык кызмат көрсөтүү жана жамааттын артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрүн чечүү, анын ичинде мамлекеттик социалдык тапшырык аркылуу чечүү бөлүгүндө өнөктөштүк үчүн мыйзамдык шарттарды түзүүнү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

  • мамлекеттик башкарууну андан ары децентралдаштырууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган ырааттуу саясат жүргүзүүнү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү ыргагын талкуулоо, муниципалдык башкаруунун ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүшүү, аракеттерди бириктирүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын өнүктүрүүгө жалпы мамилени иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык бутактарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ассоциацияларынын, союздарынын жана бирикмелеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын улуттук форумун жыл сайын өткөрүп туруу практикасын жайылтуу;
  • жергиликтүү жамааттардын көлөмүнө жана административдик борборлорго чейинки аралыгына карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү борборлорун көчүрүүгө байланышкан жергиликтүү жамааттардын чыгымдарынын ордун толуктап берүүгө ресурстарды табуу менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоо маселесине тең салмактуу жана негиздүү мамиле жасоону;
  • ар бир жамааттын географиялык, тарыхый, маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, жарандардын укуктарын жана эркиндигин кысууга жол бербей, анын кесепеттерин терең талдоонун негизинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнү;
  • административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда – ирилештирүүдө жана бириктирүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын экономикалык жактан шыктандыруу чараларын иштеп чыгууну;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше базасында жана чыгаша милдеттенмелеринде методиканы кабыл алган учурдан тарта башталган өзгөрүүлөрдүн эсебин, башынан эле өткөөл мезгилге гана каралган гранттардын компенсациялык үлүшүн төмөндөтүүнү көңүлгө алып, теңдештирүүчү гранттарды эсептөө методикасын өркүндөтүү боюнча чукул чараларды көрүү, ошондой эле гранттардын конкреттүү финансы жылына бекитилип калган көлөмүн сактап калуу. Бул болсо жергиликтүү деңгээлде реалдуу үч жылдык бюджеттик пландоону ишке ашырууга жол берет;
  • мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундасаясий, административдик жана финансы боюнча диалогду камсыздоо үчүн шарт түзүүнү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу конституциялык жана мыйзамдык-талаптардын милдеттүү түрдө сакталышын камсыздоону;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү маселелерин министрликтердин жана ведомстволордун 2015-жылга иш планына кошууну;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары – жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынган чечимдердин сапатына талдоо жүргүзүүнү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун абалына жана өнүгүүсүнө терең талдоо жүргүзүүнү, ал талдоо 2017-жылдан кийинки жаңы программаны иштеп чыгуу үчүн негиз болуп калыш керек;
  • жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоого жана өнүктүрүүгө катышкандардын, анын ичинде өкмөттүн, муниципалдык ассоциациялардын, эксперттердин жана жарандык коом уюмдарынын, эл аралык донор агенттиктеринин жана долбоорлордун, координациясынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин түзүүнү;
  • жергиликтүү маанидеги маселелер жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жарандар тарабынан, берилген мамлекетти ыйгарым укуктар боюнча мамлекет тараптан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине баа берүү системасын иштеп чыгууну жана жайылтууну;
  • жарандардын жергиликтүү бийликке ишенимин арттыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдончу бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексине баа берүү усулун сунуштоону;
  • айылдык кеңештерди аппарат менен жана айылдык кеңештердин төрагаларын айлык акы менен камсыздоо бөлүгүндө, ошондой эле аткаруу системасында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу бөлүгүндө шаардык жана айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы дискриминациялык мамилени жоюуну;
  • өзгөчө социалдык кызмат көрсөтүү жана жамааттагы артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүү бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандык коом ортосундагы өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларды жана сунуштарды иштеп чыгууну тездетүүнү;
  • муниципалдык кызматчылардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик программалардын натыйжалуулугун жогорулатууну;
  • жергиликтүү жамаат менен инвесторлор (тоо-кен казуучу компаниялар) ортосунда жаңжалдарды болтурбоо, жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жер казынасын колдонуу маселелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүнү;
  • региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү практикасын жана алардын ишин жакшыртуу үчүн аталган фонддордун ишин регламенттештирген ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
  • жер мыйзамдарына талдоо жүргүзүүнү жана жер ресурстарын ачык-айкын, натыйжалуу башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультативдик жана башка жардам көрсөтүүнү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Эсептө палатасына жана башка контролдук-көзөмөлдөчү мамлекеттик органдарга:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү тартибин жөнгө салууну;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнү жүзөгө ашыруу маалында алдын алуучу чараларды колдонууга жана жеринде кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган саясат жүргүзүүнү;
  • контролдук-көзөмөлдөөчү органдардын ишин, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн, берилген жазма эскертүүлөрдүн жана кылмыш-жаза, укук бузуулар боюнча козголгон иштердин сандык көрсөткүчтөрү боюнча баалоо практикасынан баш тартууну;
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:
 
  • жетекчилердин жана жергиликтүү кеңеш депутаттарынын көңүлүн жана аракетин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине,анын ичинде бюджет маселелерине карата ачык-айкындуулук боюнча мыйзам талаптарынын аткарылышына бурууну;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган жер ресурстарын башкарууну тартипке салуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүүнү;
  • жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну каржылоого карата мыйзам талаптарын аткарууну;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пландары жана бюджети жарандардын керектөөлөрүнө мүмкүн болушунча жакшыраак жооп бергидей болушу үчүн жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга, анын ичинде бюджеттик процесске натыйжалуу катышуусу үчүн шарттарды түзүүнү;
  • салыктык укуктук мамилелер боюнча өз укуктарын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилик деңгээлин жана жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктардын жана жыйымдардын чогултулушун жогорулатууну;
  • улуттук деңгээлде, анын ичинде Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын коргоо максатында Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун ишин реформалоону; жарандык коом уюмдарына
  •  өзгөчө социалдык кызмат көрсөтүү жана жамааттагы артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүү бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандык коом ортосундагы жаңы өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгууга, апробациялоого жана жайылтууга жигердүү катышууну;
  • жамаат алдында өз ишинин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоого умтулуусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүүнү;
  • мониторинг жана баалоо процесстерине түздөнтүз жигердүү катышуу менен жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөргө коомдук мониторинг жүргүзүү механизмдерин түзүүдө жана натыйжалуу жайылтууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүүнү;
  • депутаттарга жана туруктуу комиссияларга калк менен кайтарым байланышты камсыздоого жардам берип, жергиликтүү кеңештер менен жигердүү кызматташууну; 

эл аралык донордук уюмдарга жана долбоорлорго:

  • мамлекетти, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана жарандык коомду кошкондо секторлор аралык өз ара аракеттин бардык тараптары менен өз стратегияларын жана артыкчылыктуу багыттарын кылдат салыштырууну;
  • Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү реформаларын колдоо боюнча Кыргыз Республикасына берген жардамын мындан ары да уланта берүүнү жана 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасына жардамды пландоодо бул сунуштарды эске алууну.
Жергиликтүү жамааттардын өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилиги алдында алар шайлаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө укуктарын жана жөндөмүн таануу менен, конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасынын бардык саясий жана жарандык күчтөрүн Кыргыз Республикасынын башкаруу системасынын эң демократиялуу жана жаранга эң жакын болгон бөлүгү катары жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө ыкылас коюуга чакырат. Конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мындан кийинки өнүгүүсүнүн туруктуулугу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жарандарды татыктуу турмуш шарттары менен камсыздоо жөндөмүнөн көз каранды болгонун белгилешет.
 
 

Окшош материалы: