Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Юристтер шаардык кеӊештин суроолоруна жооп берет: жылуулук менен камсыз кылууга тарифтер жөнүндө, фракциялардын биригүүсү тууралуу

2015-02-17 / Юридикалык кеңеш

Бектур ОРОЗБАЕВ, ӨСИ юристи

СУРОО. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамда (31-берене, 14-п.) шаардык жана айылдык кеңештердин компетенциясына жылуулук менен камсыз кылуу үчүн тарифтерди бекитүү кирери белгиленген. Биздин кырдаалды айта турган болсок, Орловка жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы (ОЖжСИ) 2014-жылдын күз мезгилинен тарта тарифтерди жогорулатты. Бул чечим шаардык кеңеш тарабынан бекитилген эмес. Орловка шаардык кеңеши Орловка шаардык мэриясы менен биргелешип,ОЖжСИге кат жолдогон. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамга ылайык, жылуулук менен камсыз кылууга тарифтерди жергиликтүү кеңеш бекитери айтылат. ОЖжСИ жооп кайтарып, жылуулук менен камсыз кылууга тарифтерди бекитүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясына кирбей турганын айтып, толук маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине кайрылууну сунуштаган. Түзүлгөн кырдаалга юридикалык баа берүүңүздү өтүнөбүз.
 
ЖООП.Чындыгында эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14 пунктуна ылайык, шаардык, айылдык кеңештин сессияларында муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү боюнча маселелер чечилет. Көрсөтүлгөн норма соңку болуп эсептелбейт. Себеби аны КР Мыйзамдарына ылайык ишке ашырууну сунуштайт. Аталган маселеге тиешелүү жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары төмөнкүдөй мыйзамдарда көрсөтүлгөн: “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 19-беренесинде;“Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесинде жана 25-беренесинде.
 
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңеш муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитет. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, муниципалдык ишканалардын уюмдаштыруучу документтеринде ЖӨБ органы менен муниципалдык ишкананын өз ара мамилелеринин тартиби, ЖӨБ органдарынын ишканаларды түзүү маселелерин чечүү, анын ишинин жүйөсүн жана максаттарын аныктоо, аны кайра уюштуруу жана жоюу,ишкананын жетекчисин дайындоо, ишканага таандык мүлктү тиешелүүлүгүнө жараша пайдаланууга жана сактоого контролду жүзөгө ашыруу укугу,анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кызмат көрсөтүүлөрдү, дагы башка укуктарды берүүгө карата чыгашалардын сметасын жана тарифтерин бекитүү укугу каралат.Атүгүл “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, ЖӨБдүн аткаруучу органы жергиликтүү жамааттын коммуналдык-тиричилик жана социалдык-маданий муктаждыктарын канааттандыруу үчүн продукция чыгаруу,жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык тапшырыгын жүзөгө ашырууга укуктуу.
 
Муниципалдык тапшырык муниципалдык ишкана же мекеме, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылса болот. Мамлекеттик стандарттарга жайылтылуучу жана калкка монополиялык кызмат катары (суу менен жабдуу, канализация,жылуулук берүү кызматтары ж.б.) берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык түрлөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тарифтерге карата контролун сактоо менен муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес мекемелерге, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга айрым ыйгарым укуктарды берүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укуктуу.Ошентип, жогоруда айтылгандардын негизинде,КР мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңештер муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
 
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, отун-энергетика комплексинин продукцияларына жалпы баа саясатын аныктоо, мамлекеттик ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн экономикага негизделген жана социалдык жактан алгылыктуу баа жана тариф түзүүнүн механизмдерин белгилөө, компетенциясынын чектеринде отун-энергетика комплексиндеги мамилелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу кирет (“Энергетика жөнүндө” КР мыйзамынын 6-беренеси).
 
Ошону менен бирге лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жүзөгө ашырат (“Энергетика жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренеси).
 
Өз кезегинде белгилей кетүү зарыл, Орловка жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы (ОЖжСИ) “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” Мамлекеттик ишканасынын ведомство алдындагы уюму болуп эсептелет. Ал болсо КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин карамагында турат. Буга байланыштуу КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” №660 токтому менен, ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2014-жылдын 11-декабрындагы “Жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер жөнүндө” №44 буйругу менен, КР Орто мөөнөттүү тарифтик саясатын ишке ашыруунун алкагында 2014-жылдын 11-декабрынан тартып 2015-жылдын 31-мартына чейин «Бишкек жылуулук тармагы» ААКнын жана «Электр станциялары» ААКнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн керектөөчүлөрү үчүн, «Бишкек жылуулук тармагы» ААКнын жылуулук энергиясын буу түрүндө алган керектөөчүлөрү үчүн, ошондой эле жылуулук энергиясын жана ысык сууну «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» МИнин, «Бишкекжылуулукэнергиясы» КИнин жана башка ишканалардын отканаларынан алган калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер белгиленген.
 
Ошентип, жогоруда аталган мыйзамдардын негизинде жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтерди белгилөө, анын ичинде «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» МИнин ведомство алдындагы ишканалары үчүн да белгилөө КР Өкмөтүнүн жана КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ыйгарым укугуна кирет жана аны бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин кароосуна алып чыгууну талап кылбайт.
 
Булактар:Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин бекитилген ыйгарым укуктары жөнүндө ЧУА:
 
  •  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы;
  • “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамы;
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансыэкономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамы. «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» МИнин жана анын ведомство алдындагы ишканалардын, анын ичинде
Орловка жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасынын (ОЖжСИ) түзүлүшү тууралуу ЧУА:
 
  • КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 токтому;
  • КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 токтому;
  • КР Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстар министрлигинин 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 160 буйругу;
  • КР Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстар министрлигинин 2009-жылдын 18-майындагы № 139 буйругу;

Жылуулук энергиясына жана ысык сууга тарифтер жөнүндө ЧУА:

  • 1996-жылдын 30-октябрындагы “Энергетика жөнүндө” № 56 КР Мыйзамы;
  • КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому;
  • КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 44 буйругу.
СУРОО. 2015-жылдын 29-январына чейин Орловка шаардык кеңешинде азчылыктын фракциялары жана көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясы иш алып барып келген. Бирок 2015-жылдын 29-январында азчылыктын коалициясынын “Бардык фракцияларды бир коалицияга бириктирүү жөнүндө” арызы боюнча кезексиз сессия өттү.Кеңеш азчылыктын фракцияларынын коалициясын көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына бириктирүү менен бардык фракциялардын биригиши тууралуу токтом чыгара алабы?
 
ЖООП. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, шаардык кеңештердин шайланган депутаттары партияга таандыктуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга биригишет. Шаардык кеңеште көпчүлүк деп, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясысаналат. Фракциялардын курамына же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына кирбеген фракция же фракциялар шаардык кеңеште азчылык деп саналат.
 
Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына бириккен учурда азчылыктын фракцияларына же фракциялардын коалициясына бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга берилет.Бул нормага ылайык, Орловка шаардык кеңешинде түзүлгөн кырдаал боюнча төмөнкүдөй тыянак чыгарса болот. Биринчиден, аталган норма жалпысынан императивдик мүнөзгө ээ, б.а., мыйзамда кандай баяндалса, ошондой формада аткарылууга милдеттүү жана даректелүүчүлөрдүн демилгеси боюнча өзгөртүлүүгө же башкача чечмеленүүгө жатпайт.
 
Экинчиден, бул норма шаардык кеңештин айрым функцияларын милдеттүү түрдө бөлүштүрүү менен депутаттык фракциялардын, көпчүлүктүн жана азчылыктын фракцияларынын коалицияларын түзүүнүн бара-бара баскычтарын көрсөтүп турат. Ошону менен бирге норма депутаттык фракцияларды көпчүлүктүн же азчылыктын фракцияларынын коалицияларына биригүүгө милдеттендирбестен, биригүүнү же бирикпөөнү өздөрү чече турган укукту берет. Ошол эле маалда норма алдын ала шаардык кеңеште эки негизги топ – көпчүлүк жана азчылык милдеттүү болушу керектигин караштырат.
 
Үчүнчүдөн, бул норма депутаттык фракциялардын же фракциялардын коалициясынын биригүүсүнүн башка учурларын, мисалы, бардык фракцияларды бир көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына биригүүсүн, же азчылыктын фракциясынын бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жетекчиликти кабыл алуудан баш тартуусун караштырган эмес. Себеби шаардык кеңеште фракцияларды жана фракциялардын коалициясын түзүү баскычтары, ошондой эле шаардык кеңештин функцияларын фракциялар же көпчүлүктүн жана азчылыктын фракцияларынын коалициясы ортосунда бөлүштүрүү алардын өз ара көзөмөлүн жана кармап туруусун камсыздоо үчүн токтотуу жана каршы салмак принциптеринен улам белгиленген.
 
Буга байланыштуу шаардык кеңештин бардык фракцияларын бир көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына бириктирүү тууралуу шаардык кеңештин чечими “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 21 беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейбиз.
 

Окшош материалы: