Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Юристтер жерлерди башкаруу тууралуу суроолорго жооп беришет

2015-02-17 / Юридикалык кеңеш

Венера БОЛТОБАЕВА, Бакыт АЙТКУЛОВ, ӨСИнин консультанттары

СУРОО. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жер участогун ижарага алган ижарачы келишимдин шарттарын бузбай, салыктарды өз убагында төлөп келет. Бул ижарачы ижара келишиминин мөөнөтү соңуна чыккандан кийин аукционго катышпастан эле ижара мөөнөтүн узартууга укугу барбы?
 
ЖООП. КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү жобонун нормаларына ылайык, ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Ижарачынын ижарага алган жер участокторун колдонуу укугу да бүтөт. Бул жер участогу аукциона аркылуу гана берилиш керек.
 
СУРОО. Эгерде короо-жай участогунун аймагында бизнес, мисалы коммерциялык дүкөн (“комок”) ачып алышса эмне кылуу керек? Бизнестин ээлери мындай участок үчүн салыкты багбанчылык-чарба участогу үчүн төлөгөндөй төлөп келишет. Бул мыйзамдуубу?
 
ЖООП. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 338-беренесинин 3-пунктунда “... эгер үй жанындагы, короо жай же багбанчылык-чарба жер участок же алардын үлүшү ишкердик максатта пайдаланылса, андай участоктор же алардын үлүштөрү боюнча жер салыгы Салык кодексинин 339-беренесине ылайык эсептелет” деп көрсөтүлгөн.Салык кодексинин 339-беренесинде белгиленген калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пай далангандык үчүн жер салыгынын ставкаларынын көлөмү региондор жана калктуу конуштардагы калктын саны боюнча алкакта көрсөтүлгөн.
 
КР Салык кодексинин 3- жана 4-пункттарында КР Салык кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын ставкалары Кз экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффициентин жана жер участокторун коммерциялык пайдалануунун Кк коэффициентин колдонуу менен дифференциялана турганы, ошондой эле Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо калктуу конуштун экономикалыкпландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө жылына бир жолудан көп эмес 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө белгилене турганы көрсөтүлгөн. КР СК 339-берененин 6-пунктунда Коммерциялык пайдалануунун уюмдарга жана жеке ишкерлерге менчик же пайдалануу укугунда, жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылчу бөлүгүндө таандык жер участоктору үчүн Кк коэффициенти төмөнкүдөй максаттарга берилген жер участоктору үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет.
 
  • дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана аянттарына жараша башка соода мекемелери чакан базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери – 7,5 , мал, жем сатуу базарлары – 4,5;
  •  коомдук тамактануу ишканалары – 3; мейманканалык ишкердик ишканалары – 7; банктар, күрөөканалар,
  • акча алмаштыруу жайлары – 5; букмекердик кеңселер жана тотализаторлор
  • ишин жүзөгө ашырган ишканалар жана дискотекалар – 7;кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар – 2,5; май куюучу станциялар – 10; мунай базалары – 1,5;унаа токтотмолор, унаа тейлөө ишканалары – 4,5;жарнама курулмалары – 50;
  • эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү, жеке кызматтарды көрсөтүү ишканалары, эгер ушул беренеде башкача каралбаса – 1,5;
  • транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары – 0,9;өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары, эгер ушул беренеде башкача каралбаса – 0,5;
  • тоо-кен өнөр жайынын ишканалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык коргоо зоналары – 0,3;иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар - 0,05;
  • геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө,чалгындоо жана изилдөө иштери– 0,005;байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары – 0,01;илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардынөспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери – 0,3;
айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарбалык өндүрүш имараттары) – 0,2;коргонуу-спорт-техникалык уюмдар – 0,01. Каралып жаткан жеке учурда болсо Кз экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффициентин жана жер участокторун коммерциялык пайдалануунун Кк коэффициентин аныктоо үчүн төмөнкү маалыматтарды тактоо талап кылынат: дүкөндүн аянты, калктуу конуштун калкынын саны жана бул дүкөн жайгашкан региондун аталышын.

СУРОО. Баткен облусундагы согуштук аракеттерге катышкан КР жарандары короо жай,багбанчылык-чарбак участокторун пайдаланганы үчүн салыктан бошотууну талап кыла алабы?

ЖООП. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 344-беренесинде үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторду пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн төмөнкү категориядагылар бошотулушат:Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Ооганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар,I жана II топтогу майыптар;
 
  • кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде балдары эрезеге жеткенге чейин;
  • пенсиялык куракка жеткен жеке адам;4 жана андан ашык эрезеге жете элек балдары бар жеке адам.
Аталган берененин 2-бөлүгүнө ылайык, жер пайдалануучу анын эркинде болбогон шарттардан улам материалдык чыгымга учураса, жергиликтүү кеңештер 3 жылга чейинки мөөнөткө айыл чарба жерлери боюнча жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.
 
Мындан улам Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 344-беренесиндеги жобого ылайык, Баткен облусундагы согуштук аракеттерге катышкан КР жарандары үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторун колдонгону үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу түрүндө жеңилдиктерге ээ эмес.
 
СУРОО. Муниципалитеттин 8 гектар алма багы жана 7 гектар өрүк багы бар. Айыл өкмөтү бул бактарга көз салып туруу үчүн бакчыны штаттык түзүм бирдигине кошууга укугу барбы?
 
ЖООП. КР Жер кодексинин 1-беренесинин 26-пунктунда келтирилген “айыл чарба жерлери” аныктамасынан улам алма жана өрүк багы көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлерге кирет жана мындан улам аларга айыл чарба багытындагы жерлерди берүү маселелерин жөнгө салган мыйзамдар тиешелүү. КР Жер кодексинин 72-73-беренелерине ылайык, айыл чарба багытындагы жерлер жеке жана юридикалык жактар тарабынан үрөн өстүрүү, асыл тукум жана товардык
айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү, коргой турган токой тилкелерин отургузуу, багбанчылык, короо жай, дачалык курулуш, илим-изилдөө, тажрыйба иштери, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө байланыштуу башка максаттар үчүн пайдаланылат. Аталган бактар Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерине караштуу жана төмөнкү максаттарда гана пайдаланылат шекилдүү:
 
  • ачык жана айкын соодалардын негизинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ижарага берүү үчүн;
  • үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименттик чарбаларды жана мамлекеттик сорт сыноочу мекемелерди, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин иштеши үчүн;
  • аларды өнүктүрүүнүн бекитилген башкы пландарына ылайык, калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн;
  • аталган чарбанын чегинен тышкары иштеген жана жашаган (анын ичинде ушул чарбадан чыккандар), аталган чарбанын аймагына 1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашоого келген жарандарга орточо чарбалык жер үлүшүн берүү үчүн;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу үчүн.
Андан ары, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү Өкмөт тарабынан аныкталу учу типтүү ченемдердин негизинде бекитилет.Ошентип, жогоруда саналган нормалардын мазмунунан жана КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” Токтомунан улам, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көп жылдык өсүмдүктөрдү багуу үчүн бакчыны муниципалитететтин штатына кошууга укугу жок деп тыянак чыгарса болот.
 
Атүгүл жергиликтүү коомдук бийлик органы катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана милдеттерин алып карай турган болсок, муниципалитет ишкердик иши менен алектенүүгө – айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана бул үчүн бакчы жалдоого укугу жок.
 
СУРОО. Эгерде жер колдонуучуда жер участогуна документтери жок болсо, жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин суммасы кантип аныкталат?
 
ЖООП. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336-беренесинин нормаларына ылайык, иш жүзүндө жерди колдонуучуда жер участогуна укукту билдирүүчү документ жок болсо, салыктык базаны физикалык ченөөгө ылайык аныктоо зарыл. Ченөөнү комиссия жүргүзөт. Ал эми анын курамына салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кириш керек.
 
Жер участогун физикалык ченөөчү күн жөнүндө салык кызматынын органы жер участогун иш жүзүндө колдонуучуга ченөө күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен кабарлайт. Жер участогун иш жүзүндөгү пайдалануучу КР Салык кодексинин 82-беренесине ылайык билдирүүнү тапшыруу үчүн каралган тартипте кабарланса да дайындалган убакта келбеген учурда жер участогун физикалык ченөө ансыз жүргүзүлөт.
 
Жер участогун физикалык ченөөнүн жыйынтыгы эки нускадагы акты менен таризделет, анын бири кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет, актынын экинчи нускасы тийиштүү салык органына жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн берилет.