Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Диалог платформасы: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Координациялык кеңеши ЖӨБ үчүн актуалдуу маселелерди талкууга кызыкдар тараптардын санын кеңейтүүнү сунуштоодо

2024-07-05 / Аймактарды өнүктүрүү
Диалог платформасы: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Координациялык кеңеши ЖӨБ үчүн актуалдуу маселелерди талкууга кызыкдар тараптардын санын кеңейтүүнү сунуштоодо

Бакытбек АЙТКУЛОВ, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун компонентинин координатору

2024-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2”1 долбоору Координациялык кеңештин кезектеги VI отурумун өткөрдү. Отурумга мамлекеттик бийликтин борбордук органдарындагы, эксперттик коомчулуктагы, эл аралык долбоорлордогу жана донордук уюмдардагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. Алар: КР Президентинин Администрациясы, КР Экономика жана коммерция министрлиги, КР Финансы министрлиги, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, КР Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия (КР БШК), АРИС, КР ЖӨБ Союзу, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА), “Ош – Интербилим” коомдук бирикмеси, “Жарандык катышуу” коомдук фонду, “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фонду (ИСЖД), ошондой эле USAIDдин долбоорлорунун өкүлдөрү, анын ичинде “Жигердүү жарандар” долбоору, “Укук булагы” долбоору. Координациялык кеңештин отурумдарынын натыйжалуу кызматташуу үчүн негиз болуп берген өзөктүк мүнөздөмөсү – бул мамлекеттик органдардын кеңири катышуусу. Мындай шарттар жарандык коомдун уюмдарына, эксперттерге, өнүктүрүү долбоорлоруна жана программаларына, донордук коомчулуктун өкүлдөрүнө өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди, кабыл алынган жана кабыл алынып жаткан мамлекеттик өнүктүрүү программаларын биргелешип талкуулоого, бул программаларды ЖӨБ органдары жеринде кантип ишке ашырып, аларды жарандар кандай баалап жатканы менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Мындай кызматташуунун маанисине АКШнын Кыргызстандагы Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Демократиялык башкаруу бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу Тара НИЛ токтолду. Тактап айтканда, Тара айым 2022-жылдан бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өлкөнүн 5 облусундагы муниципалитеттер менен кызматташып, аларга жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берип келатканын белгиледи. Натыйжада, бул муниципалитеттердин 190 000ден ашык тургуну суу менен жабдуу, таштанды чыгаруу өңдүү 77 жаңы же өркүндөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө. Тара НИЛ муну чоң жетишкендик катары баалап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жан үрөп жасаган иши үчүн ыраазычылыгын билдирди. Тара айым бир долбоор Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын толук кандуу өнүктүрүүнү камсыз кыла албастыгын жана тыгыз координацияда, өз ара окутуу жана биргелешкен иш менен гана масштабдуу өзгөрүүлөргө жетишүүгө мүмкүн экендигин баса белгиледи: “Жакында эле USAIDдин администратору Саманта ПАУЭР Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек ЖАПАРОВ менен жолугушту. Алар билим берүү, айыл чарбасы жана саламаттыкты сактоо сыяктуу чөйрөлөрдө USAIDдин Кыргыз Республикасынын элине көрсөтүп жаткан узак мөөнөттүү колдоосун, ошондой эле экономикалык өнүгүү, соода, санариптештирүү жана айылдык жамааттарга инвестиция салуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору кызматташтыктын күчүнүн далили болуп саналат. Долбоор жалпы максаттарга жетүү үчүн ар кандай министрликтер, ведомстволор жана жарандык коомдун уюмдары менен тыгыз иштешет. Жалпы максаттарга жетүү үчүн биздин биргелешкен ишибиз ар бирибиздин өз алдынча жасаган ишибизге караганда маанилүү. Ошондуктан Координациялык кеңештин бул отурумдары келечектеги кызматташуу жана маалымат алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп берээрине ишенем. Сөзүмдүн соңунда өкмөттөгү жана жарандык коомдогу бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Жергиликтүү бийлик органдарынын өз жарандарына жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтүү боюнча ишин жакшыртууда USAID Кыргыз Республикасын колдоону уланта бермекчи”, – деп сөзүн жыйынтыктады Тара НИЛ.

Кызматташуу темасын мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да улантышты. Алсак, КР МКЖӨБМАнын өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын ЖӨБдүн ыйгарым укуктар бөлүмүнүн башчысы Таалайгүл МАМАСАЛИЕВА 2024-2028-жылдарга КРнын ЖӨБдү өнүктүрүүнүн кабыл алынган мамлекеттик программасы жөнүндө айтып берди. Бул программаны иштеп чыгууга долбоор техникалык жардам көрсөткөн болчу: “Биз (МКЖӨБМАнын кызматкерлери – автордун кыстармасы) долбоордун Координациялык кеңештерине дайыма катышып келебиз, себеби ал жакта жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү маанилүү жана актуалдуу маселелер чечилип турат”. МКЖӨБМАнын өкүлдөрү ошондой эле иш-чаранын бардык катышуучуларына таратылып берилген “Муниципалитет” журналынын жаңы чыгарылышын белгилешти. Журналдын бул санында МКЖӨБМАнын директору Кудайберген БАЗАРБАЕВ маек куруп, ЖӨБдү Өнүктүрүү программасы жөнүндө окурмандарга – ЖӨБдүн бардык органдарына, райондук мамлекеттик администрацияларга (РМА) жана журналдын башка көптөгөн жазылуучуларына айтып берген эле. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу программасынын долбоору жөнүндө КР Экономика жана коммерция министрлигинин презентациясы Координациялык кеңештин башкы жаңылыгы болду. КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро СЕЙИТОВ өзүнүн видео-маегинде буларды айткан: "Биз калкка муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча Программаны кабыл алууну пландап жатабыз. Биринчи кезекте жарандардын кызмат алууга короткон убактысын азайтуу максатын көздөп жатабыз. Муну менен биз кызмат көрсөтүү процессин тездетебиз. Бул маселени республиканын масштабында карай турган болсок, калкка да, жалпысынан эле чечим кабыл алууга да оң таасирин тийгизет. Биз бардыгын канчалык тез жасасак, социалдык жана бизнес-процесстер ошончолук тез жүрөт, бул болсо өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет”.

Программада эмнелер камтылганы тууралуу кененирээк КР Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр секторунун башчысы Николай НОВИЦКИЙ жана эксперт Александр ТРЕТЬЯКОВ айтып беришти. 

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өнөктөш муниципалитеттерде 20 Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзгөн. «“Интербилим Ош” ЭБ» Коомдук бирикмесинен Гүлгакы МАМАСАЛИЕВА бул топтордун ишинин жыйынтыктары жөнүндө презентациясы менен чыгып, анын сүйлөгөн сөзү катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Долбоордун бул багыты кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзүүгө катышуунун жыйынтыгы катары өнөктөш муниципалитеттердин айылдарындагы жашоо шарттарына жаран чындап таасир тийгизип жатканын чагылдырат. БМжБ топтору Биргелешкен мониторинг жана баалоо жөнүндө буга чейин МКЖӨБМА иштеп чыккан жобого ылайык түзүлүп, иш жүргүзүп жатканын белгилей кетиш керек. Албетте, долбоор жана анын өнөктөштөрү мындан ары да ушундай топтордун туруктуулугу өңдүү маанилүү маселенин үстүнөн иштей беришмекчи, муну өз сөзүндө Аида КУРБАНОВА да белгиледи.

ӨСИнин башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА презентацияга берген комментарийинде БМжБ топторунун туруктуулугу жана ишинин жыйынтыктарынын натыйжалуулугу көп жагынан муниципалитеттин аймагында мониторингге кызыкдар “заказчы” барбы – ушуга көз каранды экенин белгиледи. “Ал мониторингдин жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ болушу керек жана мындай “заказчы” сөзсүз түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдар болууга тийиш”, – деп айтты ДОБРЕЦОВА. Аларда жарандарды кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүүгө тартууга айкын мотивациясы бар: ЖӨБдүн аткаруучу органы кызмат көрсөтүүлөр макулдашууларга ылайык жеткирилип жатканына ынануу үчүн кызмат көрсөтүүчүнүн ишине калыс баа берүүгө кызыкдар; ал эми өкүлчүлүктүү орган – жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүлөр жалпысынан кандайча уюштурулгандыгы жөнүндө кошумча тең салмактуу маалыматты алууга кызыкдар. Бирок жарандар БМжБ топторунун ишине “өмүр бою” катышат деп күтүүгө болбойт, себеби алардын мотивациясы адатта конкреттүү кызмат көрсөтүүгө болгон кызыгуу менен гана чектелет. Жалпысынан туруктуулук маселеси андан ары жеткире иштеп чыгууну талап кылат. Ошондуктан долбоор суроолорду жана сунуштарды долбоордун жамааттар менен иштөө боюнча компонентинин координатору Джамиля АРБАНАЛИЕВАнын (dzh. arbanalieva@dpi.kg) атына жөнөтүүнү сунуштады – АРБАНАЛИЕВА БМжБ топторун өнүктүрүү боюнча иштерди жетектейт. 

Аялдар лидерлигинин платформасын жана диалог аянтчаларын өнүктүрүү боюнча долбоордун дагы бир багытын БАЖБАга караштуу Аял депутаттардын клубу сунуштады. Аталган платформанын ментору Салия АКУЛОВА Клубдун КР БШК менен кызматташуусу, райондук клубдардын түзүлүшү жөнүндө айтып берип, Жалал-Абад шаарында, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда Аял депутаттардын клубунун жолугушуулары кандай өткөнү тууралуу маалымат менен бөлүштү.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун командасы отурумдун бардык катышуучуларына жигердүү катышкандыгы жана кайтарым байланыш үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мындай кайтарым байланыш отурум бардык тартылган жактарга пайдалуу болушу үчүн алардын каалоолорун жана сунуштарын эске алуу менен координациялык иш-чараларды уюштурууга жардам берип келатат. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жетекчиси Сабина ГРАДВАЛЬ төмөнкүлөрдү белгиледи: “Координациялык кеңештин отурумунда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча (85%) катышуучулар мындай отурумдар маалында талкууга мамлекеттик органдарды көбүрөөк тартуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Тактап айтканда, кесиптештер бир нече мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн кошумча чакыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылышты Алар: КР Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги (55%), КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги (27%), КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (12%).  Долбоор Координациялык кеңештин кийинки отурумдарын кесиптештерибиздин каалоолоруна, ЖӨБ органдарындагы өнөктөштөрүбүздүн суроо-талаптарына таянып даярдайт жана алардын баарын өз аянтчасында күтөт”.

Отурумдун материалдары шилтеме: https://drive.google.com/drive/folders/149pv2Nf293nd3eiOE7y8MNRvD1tmKWn4 же QR-код боюнча жеткиликтүү: 

 

 

____________ 

1 USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) натыйжалуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу аркылуу калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Долбоордун иши жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн: https://dpi.kg/ru/activity/projects/full/0/98.html