Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
“Теңге тең” платформасы: маалымат, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жана аларды кантип башкарыш керек
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин байланыш боюнча консультанты
2024-жылдын жайында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Нарын облусунун Нарын районунда, Ош облусунун Ноокат районунда жана Жалал-Абад Аксы районунда “Теңге тең” (Р2Р)1 платформасынын жыйыны өттү. Жыйын Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду. Р2Р платформасынын жыйындарына айыл өкмөттөрдүн же мэриялардын башчылары же алардын орун басарлары, жергиликтүү кеңештердин төрагасы же депутаттары, тиешелүү адистер жана эксперттер, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана адистери, райондук мамлекеттик администрациялардын (РМА) башчылары же алардын орун басарлары катышты.
ТОҢ РАЙОНУНДАГЫ Р2Р: ЖАРАНДАР МЕНЕН МААЛЫМАТ АЛМАШУУ ЖӨБГӨ ИШЕНИМДИ ЖОГОРУЛАТАТ ЖАНА АНЫН ИШИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ЖАКШЫРТАТ
Катышуучуларды Тоң раймамадминистрациясынын башчысынын – акимдин орун басары Болот МАМБЕТОВ тосуп алып, төмөнкүлөрдү айтты: “USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен бир нече жылдан бери кызматташып келатабыз. Бул убакыт ичинде биз Долбоор укуктук талаада жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө максаттуу жана системалуу иштерди жүргүзүп, бардык иш-аракеттерин этап-этабы менен пландаштырып, ишке ашыраарына бир нече жолу ынандык. Ал эми БАЖБАнын Р2Р платформасы ЖӨБ органдарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын “горизонталдуу” окутууда өзүнүн натыйжалуулугун бир нече жолу далилдей алды. Академия бизге социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП)2 иштеп чыгуунун жаңы методикасын окутууга жана ишке киргизүүгө да жардам берди. Жалпысынан маалымат алмашуу жана коммуникация аспаптары биздин ишибизде канчалык маанилүү экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Себеби дал ушул аспаптардын жардамы менен ЖӨБ органдары жергиликтүү маселелерди чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга багытталган тажрыйбаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн билим, маалымат алып, жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болуп жатышат”.
Жыйындын катышуучулары төмөнкү ийгиликтүү тажрыйбалар менен таанышып чыгышты:
- Финансы министрлигинин3 жарандык бюджет (ЖБ) платформасын (www.gb.minfin.kg) пайдалануу менен коомдук бюджеттик угууларды (КБУ) өткөрүү жана “Фейсбуктагы” баракча аркылуу бюджеттик маалыматты жайылтуу (баяндамачы – Ж. Абдрахманов айыл өкмөтүнүн адиси Төлөн АГАТАЕВА);
-
биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБ тобунун)4 иши (баяндамачы – Гүлжамал УРБАЕВА, Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы).
Райондун башчысынын орун басары Б. МАМБЕТОВ ЖӨБ органдарынын иши жөнүндө маалыматты элге жарыялоодо жана жайылтууда социалдык тармактар чоң ролду ойной тургандыгын баса белгиледи: “Буга чейин айыл өкмөтүнөн кайсы бир маалыматты же жергиликтүү кеңештин чечимдерин жергиликтүү калкка жеткириш үчүн маалымат такталарына, эл көп чогулган жерлерге кулактандырууларды илип, жергиликтүү ЖМКларга жарыялачу элек. Эми азыр бул иштерди социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу жасоо оңой жана тезирээк болуп калды. ЖӨБ органдарынын жана БМжБ топторунун өкүлдөрү үчүн жалпыга жеткиликтүү тайпаларды түзүп, жарандар үчүн маанилүү маалыматтарды жайгаштыруу түйшүктүү иш болбой калды. Бирок анык эмес маалыматты жайылтып же зыяндуу үгүт иштерин жүргүзбөө үчүн бул тайпаларды модерациялаш керек”.
Б. Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты Рана БЕЛЕКОВА БМжБ топторун колдой тургандыгын айтып, мамлекеттик сатып алууларды уюштуруп, өткөрүүдө жана коомдук долбоорлорду ишке ашырууда алардын маанилүүлүгүн белгиледи: “Тилекке каршы, көпчүлүк тургундар мониторинг топторунун ролун түшүнө беришпейт. Эмне үчүн топко кирген адамдар айлык албай эле, “башка бирөөлөрдүн” акчасын ушунчалык катуу коргоп жатканын алар түшүнбөй жатышкан. БМжБ тобунун мүчөлөрү объектке чыгып, текшерип, акт түзүп, бул маалыматтарды айыл өкмөтүнө тапшырышат эмеспи. Бирок менин тажрыйбамда БМжБ топторунун мындай өз убагында реакциясынын натыйжасында ак ниетсиз жеткирүүчүлөрдүн көптөгөн кемчиликтери жоюлган учурлар көп эле болду. Себеби, анын кесепетинен биздин эле балдарыбыз жапа чегиши мүмкүн. Мисалы, эгерде жеткирүүчү бала бакчаны же мектеп мекемесин, жолдорду же тротуарды курууда; көмүрдү же жабдууларды жеткирүүдө техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарды сактабаса, мунун залакасы балдарга тиет да. БМжБ тобунун максатын, ролун жана милдеттерин жеткирүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл”.
НАРЫН РАЙОНУНДАГЫ Р2Р: КОМУЗ ИЙРИМИНЕ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАР МЕНЕН СЫЙМЫК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
Нарын раймамадминистрациясынын башчысы – аким Нуридин МАДИМАРОВ жыйындын катышуучулары менен саламдашып жатып, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун Нарын районун өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, катышуучуларды бүгүнкү иш-чарадан мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат жана билим алып калууга чакырды: “Р2Р платформасы бизге башка райондордогу жана облустардагы өнөктөштөрүбүздүн тажрыйбасы жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканына кубанычтабыз, бул тажрыйба жергиликтүү жамааттардын жашоосун жакшыртууга жардам берет. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуунун натыйжасында биз мыйзамдардын бардык талаптарын сактоо менен жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жаатында баалуу кеңештерди алдык. Бүгүн бизде Ак-Талаа районунун Баетов айылдык аймагындагы кесиптештерибиздин ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышып, суроолорубузду узатып, бардык түшүнүксүз жерлерин тактап алууга мүмкүнчүлүгүбүз болот”.
Платформанын бул жолку жыйынынын катышуучулары Баетов айылдык аймагынын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу темасына ийгиликтүү тажрыйбалары менен тааныша алышты. Тактап айтканда, “Комуз” ийриминин жетекчиси Гүлзат ШАКИРОВА катышуучулар менен комузда ойногонду үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүштү.
“Кесибим боюнча искусство таануучумун, КМУнун “Социалдык-маданий ишмердик” жана “Оркестр жамаатынын менеджменти, педагог” адистиктери боюнча дипломум бар. 2023-жылдын сентябрь айында конкурска катышып, “Комуз” ийримине мугалим катары тандалгам. Бул ийрим К. Молдобасанов атындагы №3 орто мектептин кабинетинде, Балдардын билим берүү борборунда (БББ) ачылган. Бул кызмат көрсөтүү Баетов айыл өкмөтү менен USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун кызматташтыгынын алкагында уюштурулган. Кызмат көрсөтүү Баетов муници-палитетинин жаштарына жана тургундарына комуз черткенди үйрөтүү максатында уюштурулган. Бүгүн биз окуучуларыбыздын ийгиликтери менен сыймыктана алабыз. Мисалы, ийримдин окуучулары “Кыргызстандык болгонума сыймыктанам” деп аталган конкурска катышып, натый-жада Тахира АСАНБЕКОВА вокал боюнча 2-даражадагы диплом менен сыйланса, Нур НАРЫНБЕКОВА жана Айлин ЧОРОБЕКОВА ыраазычылык каттарын алышты. Музыкалык аспаптарды өздөрү сатып алып, конкурстарга жана иш-чараларга катышууга кеткен чыгымдарды көтөрүп жаткан балдардын ата-энелерине да өзгөчө ыраазыбыз”, – деп айтты өз тажрыйбасы менен тааныштырып жатып Г. ШАКИРОВА.
Долбоордун Ак-Талаа району боюнча координатору Табылды БАЙБАГЫШОВдун маалыматына ылайык, долбоор муниципалитетке конкурстук комиссиянын катышуусу менен ийримдин мугалимин тандап алуу үчүн конкурсту уюштуруп, өткөрүүгө; кызмат көрсөтүү үчүн тарифти эсептеп чыгууга; кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда жана кызмат көрсөтүүчү менен ата-эненин ортосунда келишим түзүүгө; ийримдин иш графигин жана анын туруктуулугун камсыздоого багытталган башка иш-аракеттерди иштеп чыгууга жардам берди.
Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучу-ларынын бири “Комуз” ийриминин мугалими Г.ШАКИРОВАга “Долбоордон жеке өзүңүз үчүн кандай пайда алдыңыз?” деп суроо узатканда, мугалимдин жообу мындай болду: “Ушул тапта 20 бала комуз черткенди үйрөнүп жатышат, ийрим үчүн айына 500 сом төлөшөт. Бул ийримдин ачылышы көптөгөн таланттуу балдарга өз жөндөмүн ачууга, комуз черткенди үйрөнүүгө, ар кандай конкурстарга катышып, жеңишке жетүүгө, жергиликтүү, райондук, облустук жана республикалык деңгээлде курдаштары менен таанышып, алардан баа жеткис тажрыйба топтоого мүмкүндүк берди. Балдарды комузда ойноого үйрөтө баштаганда, мен өзүм да көп нерсени үйрөндүм, анын ичинде иш-чараларды пландаштыруу жана ишке ашыруу көндүмдөрүмдү жакшырттым, балдардын ата-энелери менен байланыш түзгөндү, өзүмдүн көндүмдөрүм жана билимим менен бөлүшкөндү, көйгөйлөрдү аныктап, колдо болгон ресурстарды эске алуу менен бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издегенди үйрөндүм. Бул процесстен өтүү мен үчүн жакшы мектеп болду жана сабак өткөрүү үчүн Баетоводон Терекке барган сайын эч өкүнбөйм. Бул ошого арзый турган иш болуп жатат”.
“Таза аймак” муниципалдык ишканасынын катуу-тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу жана ташып чыгаруу, ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен аталган мекеменин адиси Уулкан ЖЭЭНБЕКОВА бөлүштү.
Административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча 2023-жылы Баетов айылдык аймагына Терек жана Үгүт муниципалитеттери кошулган эле; калктын саны 13 598 адамды (1493 кожолукту) түздү. 2023-жылдын апрель айында “Таза аймак” муниципалдык ишканасы түзүлүп, анын негизги функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- калкты ичүүчү суу менен камсыздоо;
- КТКны ташып чыгаруу;
- жайыттарды башкаруу;
- келишимдик шарттарда ирригациялык суу менен камсыз кылуу.
Муниципалдык ишкананын 2024-жылга бекитилген бюджети 6 млн 426 миң сомду түздү.
Долбоордун катышуусу менен жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу методологиясын өздөштүрүштү; СЭӨПкө талдоо жасалды, жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу көйгөйлөр белгилүү болуп, себептик-натыйжалык байланыштар аныкталды; иш-аракеттер планы даярдалды; ичүүчү жана сугат сууну камсыздоо, КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу, жайыттарды башкаруу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди эсептөө методикасы окутулду.
“Жайында – аптапта жана күзүндө – той-аштардын жана майрамдар көбөйгөндө, таштанды жумасына 1 жолу чыгарылат. Калган мезгилде 2 жумада 1 жолу чыгарылат. Полигондун аймагы тосмолонгон, бардык документтер таризделген. Атайын техникаларды бир жерге чогултуп, талаптагыдай тейлөөнү камсыз кылуу үчүн бирдиктүү гаражды уюштуруу иштерин баштадык. Атайын техниканын ар бир бирдигине анын жүргөн жерин, иши канчада башталып, бүткөнүн көзөмөлдөө үчүн GPS-навигатор орнотулат. Ошондой эле биз арыздарга жана кырсыктарга ыкчам чара көрүү үчүн жүк ташуучу автоунааны сатып алууну пландап жатабыз. Жеке ишкерлер желим бөтөлкөлөрдү кабыл ала баштаганы да кубандырат, бул бөтөлкөлөр сорттолуп, кампага чогултулгандан кийин кайра иштетүү үчүн жиберилет. Биз жакынкы келечекте өзүбүз да кайра иштетүү борборун ачабыз деп ишенебиз”, – деп презентациясын жыйынтыктады Уулкан ЖЭЭНБЕКОВА.
Катышуучулардын суроолору негизинен кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана катуу тиричилик калдыктарын чогултуу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди эсептеп чыгууга тиешелүү болду: ичүүчү суу үчүн эсептегичтер болушу керекпи; катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кварталдык жана айлык тарифтештирүүсүнүн ортосунда кайсынын тандап алыш керек; монополияга каршы комитет ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсү үчүн тарифти жактырышы керекпи; суу үчүн тарифке киргизилген чыгымдардын курамы кандай ж.б.
Дөбөлү айылдык аймагынын муниципалдык ишканасынын жетекчиси ичүүчү суу үчүн тарифти эсептөөдө акыйкаттуулук боюнча өз пикирин билдирди: “Административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндөн кийин биздин аймакты Монополияга каршы комитет пилоттук муниципалитет катары тандап алган. Бир ай бою бизге ичүүчү суу, КТКны ташып чыгаруу ж.б. үчүн тарифтерди эсептеп чыкканды үйрөтүштү. Комитеттин пикири боюнча, облустагы бардык муниципалитеттер үчүн бирдиктүү тарифти иштеп чыгуу зарыл. Баетов муниципалитетиндеги кесиптештеримдин баяндамаларын угуп жатып, калктын жан башына же мал башына тарифти эсептөө адилеттүү болмок деп ойлоп калдым. Эгерде суу эсептегичтер орнотула элек болсо, анда куб метр үчүн тариф коюу так логикага сыйбайт, туурасы – кожолукта жашаган адамдардын саны боюнча калктын жан башына эсептеш керек. Себеби, бир үйдө 150 сом төлөгөн 2 пенсионер жашаса, экинчи бир кожолукта ошол эле 150 сомду төлөгөн 10 адам жашаган учурлар бар. Менимче, мындай учурда 1 кишиге төлөө адилеттүү болмок. КТКны ташып чыгаруу тууралуу айтсак, ошол эле пенсионерлер 1 баштык таштанды чыгарышы мүмкүн, ал эми алардын 10 адамдан турган кошуналары, албетте, таштандыны бир нече эсе көп чыгарышат, бирок ошол эле сумманы төлөп жатышат. Ошондуктан, мындай учурда тарифти кожолук үчүн эмес, м3 үчүн эсептеген туура болмок деп ойлойм. Ошондой эле социалдык мекемелер, рекреациялык зоналар жана башка уюмдар менен келишимдерди түзүү жана КТКны ташып чыгаруу тарифине байланыштуу маселелер келип чыгууда, биз аларды жергиликтүү калк менен талкуулашыбыз керек”.
Чет-Нура муниципалитетинин жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы МИни түзүүдө башында анын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн каражат керек болуп калса, жергиликтүү бюджетке түшө турган чыгымдардын көбөйүшүнө тиешелүү тынчсыздануулары менен бөлүштү.
Дагы бир муниципалдык ишкананын жетекчиси суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор аркылуу өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш менен кызматташуу тажрыйбасы, анын жыйынтыктары жана кесепеттери тууралуу айтып берди.
Уландысын “Муниципалитет” журналынын октябрь айындагы санынан окуй аласыз.
_________
1 “Теңге тең” же “практиктен практикке” (P2P) принциби кеңейтилген өз ара окутууну жана тең укуктуу катышуучулардын (кесиби боюнча, кызматы боюнча же башка сапатта тең болгондордун) ортосунда аспаптар менен бөлүшүп, мыкты тажрыйба алмашуу дегенди билдирет. ЖӨБ органдарынын кызматкерлери үчүн маалымат булагы катары алардын кесиптештери – өздөрүндөй эле ЖӨБ органдарынын кызматкерлери чыгышат. “Теңге тең” принциби жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн: http://municipalitet.kg/ru/article/full/2893.html
2 Курстарды БАЖБА “Натыйжалуу муниципалдык башкаруу” боюнча квалификацияны жогорулатуу билим берүү программасынын алкагында өткөрдү. Курстар Британ өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED), Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан “ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын жана ХЕЛВЕТАС менен ӨСИ уюмдары Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында уюштурулду. Толук маалымат алуу үчүн: https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=ru&id=564
3 http://municipalitet.kg/ru/article/full/3422.html
4 Ошол эле жакта.
Окшош материалы:
-
№10 (156) / 2024-11-07 Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери: жаңы иш шарттары олуттуу көлөмдөгү билимди талап кылат
-
№10 (156) / 2024-11-07 Швейцария Өкмөтү Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүүсүн улантууда: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жаңы фазасы башталды
-
№10 (156) / 2024-11-07 102 000 жаран үчүн 43 кызмат көрсөтүү: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелеринде ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүүнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарды
-
№10 (156) / 2024-11-07 Окуу сапарлары кесипкөй жамааттарды түзөт: биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мисалы
-
№9 (155) / 2024-09-19 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: “Бирдиктүү терезе”, муниципалитеттер аралык кызматташуу жана “Оймо Биллинг” системасы
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-27 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: муниципалитеттер аралык кызматташтык “АТР сынагын” ийгиликтүү тапшырууда, ал эми аярлуу топтор үчүн инклюзивдүү кызмат көрсөтүүлөр ийкемдүү боло баштады
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-27 Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга окутуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарынын жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарына жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-26 “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жарандарга керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө кошкон салымы