Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Райондук СЭӨПтүн инвестициялык натыйжасы аракетте: Кеминде “АгроКуш Кемин” канаттуулар комплексине капсула салынды
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты
2025-жылдын 25-октябрында Кемин шаарында “АгроКуш Кемин” негизги канаттуулар комплексинин пайдубалына эстелик капсула салуу аземи өттү. Иш-чараны Кемин райондук мамлекеттик администрациясы райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП)1 ишке ашыруунун алкагында уюштурду.
“АгроКуш Кемин” долбоорун ишке ашыруу Кемин районунун 2025-2027-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын (СЭӨП) артыкчылыктары менен тыгыз байланышта. Бул программа азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана туруктуу жумуш орундарын түзүүгө, айрыкча аялдар, жаштар жана калктын аярлуу катмарына багытталган. СЭӨПда агроөнөр жай тармагы облустун негизги адистешүүсүнүн бири катары аныкталып, ал эми кайра иштетүүнү өнүктүрүү, тоют базасын чыңдоо, дыйкандарды тартуу жана иш менен камсыз кылууну жогорулатуу боюнча иш-чаралар стратегиялык милдеттер болуп саналат. Канаттуулар комплексинин долбоору “талаадан баштап, даяр продукцияга чейинки” жабык чынжырды түзүп, жергиликтүү дыйкандардан дан сатып алууну стимулдаштырып, Кеминде жаңы жумуш орундарын камсыз кылуу менен бул максаттарды ишке ашырууга көмөктөшөт. Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына караштуу Координациялык кеңеш бизнестин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн, анын ичинде “АгроКуш” компаниясын бириктирип, СЭӨПнын артыкчылыктуу багыттарын даярдоодо жана коштоодо жигердүү роль ойноду. Бул өнөктөштүк СЭӨПда каралган мамлекеттик-жеке өз ара аракеттенүү механизмдеринин натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча натыйжалуу диалог үчүн Координациялык кеңештин ишине колдоо көрсөтүү менен Кемин районуна СЭӨПны даярдоодо, ишке ашырууда жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө жигердүү жардам берүүдө.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт ТӨРӨБАЕВ, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат ЖУМАГАЗИЕВ, Эл аралык финансы компаниясынын (IFC) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий ПЯТАЧЕНКО, “Адал Азык” ЖЧКнын башкы директору Мырзабек ОРУМБАЕВ, “АгроКуш” ЖЧКнын башкы директору Аскат АБДРАХМАНОВ, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Кутпидин ШАКИРОВ, жергиликтүү мамлекеттик уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, компаниялардын, жарандык коом уюмдарынын, жергиликтүү жамааттардын жана медианын өкүлдөрү катышты.
“Бардык заманбап стандарттарга жооп берген мындай комплекстин курулушу жана ишке киргизилиши азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, райондун экономикасынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот. Ишке киргизилгенден кийин эки жылдын ичинде бул комплекстин аркасында калк тооктун эти менен камсыз болуп, ошону менен бул муктаждык толукталат. Ал эми бул жылына 80 миң тоннага жакын дегенди билдирет, учурда биз муну импорттоп жатабыз”, – деди Бакыт ТӨРӨБАЕВ.
“АгроКуш” ЖЧКсынын директору Аскат АБДРАХМАНОВ баса белгилегендей, “АгроКуш Кемин” өндүрүштүк комплексин түзүү долбоору жаңы инкубаторияны, канаттууларды өстүрүү аянтчаларын, аралаш тоют өндүрүү боюнча заводду (өзүнүн өндүрүштүк лабораториясы, сактоо системасы жана буу генераторлору менен) куруу аркылуу ишкананын учурдагы кубаттуулугун масштабдуу кеңейтүүнү карайт; жыл сайын жергиликтүү дыйкандардан чийки зат түрүндө 65 000 тонна жүгөрү жана буудай сатып алынат; Кемин районунун аймагында канаттуулардын этинен жасалган даяр продукцияны сактоо кампасы курулат.
“Биздин “АгроКуш” ЖЧКсы да кирген “Адал азык” тобу менен кызматташуубуздун тарыхы 10 жылдан ашат. Бул убакыт аралыгында компания өстү, бул жакшы жаңылык. Бүгүн биз жаңы долбоордун пайдубалына капсула салып жатабыз, аны ишке ашырууга быйылкы жылга 10 млн АКШ доллары (биринчи бөлүгү) бөлүнгөн. Бул долбоордо өзгөчө маанилүү бир нерсе бар: ал жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жергиликтүү деңгээлде кошумча нарк чынжырына тартууну караштырат. Бул өндүрүштө гана эмес, бардык чектеш рыноктордо да жумуш орундары түзүлөт дегенди билдирет: дыйкандар үчүн продукциясын сатуу үчүн, анын ичинде эгин жеткирүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Албетте, мындай интеграцияланган өнүгүү өлкөнүн бардык азык-түлүк тармагынын туруктуулугун жогорулатат. Биз колдогон жеке сектордун инвестицияга жетүүсү жана жакшы башкарылуусу керек деп эсептейбиз. Ошондо ал жалпы өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы болуп калат. Бүгүнкү окуя инвесторлордун, бизнестин, мамлекеттин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү жамааттын ортосундагы ишенимдин символу болуп калды. Мындай биргелешкен иш-аракеттер конкреттүү жыйынтыктарды алып келет”, – деп белгиледи Дмитрий ПЯТАЧЕНКО.
“КРнын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы” ЮЖБнын директорунун орун басары Зулен АХВАДЖАНОВ да жаңы долбоордун дарегине колдоо сөздөрүн айтып, анын маанилүүлүгүн белгилеп өттү: “Бүгүнкү күндө өлкөдө агросектор кандай өнүгүп жатканын көрүп абдан кубанычтабыз. Жалпысынан экономика чөйрөсүнүн, анын ичинде агроөнөр жай тармагынын өсүү динамикасы бизди кубандырып жатат. Өз кезегинде биз да мындай долбоорлорду көбөйтүү боюнча иштерди улантабыз”.
“Адал азык” ЖЧКсынын башкы директору Мырзабек ОРУМБАЕВ колдоо көрсөткөндүгү үчүн чогулгандардын баарына ыраазычылыгын билдирип, кантип башталганына токтолду: “Биз бул долбоорду IFC’нын колдоосу менен 2 жылдан бери даярдап жатабыз. Бул долбоорго жалпы салым 20 миллион АКШ долларын түзөт. Акыркы 2 жылда биз бардыгын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирип, буга чейинки каталарыбызды эске алдык. Бул биз үчүн моделдүү комплекс болуп калат, ошондуктан биз ага чоң үмүт артабыз. Бир жылдын ичинде биринчи болуп бакма канаттуулардын тоютун чыгаруучу завод ишке киргизилет. Ал өзүнүн кубаттуулугу боюнча Кыргызстандагы эң ириси болуп калат – 15 тоннадан эки линия боюнча саатына 30 тоннага чейин тоют чыгарылат”. Мырзабек ОРУМБАЕВ ошондой эле пилоттук долбоор катары тооктун жумурткасын – 1 миллион даанага жакын жумуртканы Тажикстанга экспорттой башташканын айтты.
Жергиликтүү бийлик кызматташууга даяр экенин жана жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү башкаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды: “Бүгүнкү күндө 68 гектар аянтты ээлеген эски линолеум заводунун аймагында “АгроКуш Кемин” канаттуулар комплексинин пайдубалына расмий түрдө эстелик капсула салынды. Бул максаттарда биз жерди өнөр жай категориясына өткөрдүк. Комплекс 24 бакма канаттуулар фермаларынан турат, аларда айына 350-360 миңге жакын тоок өндүрүлөт. Тийиштүү квалификациясы бар эмгекке жарамдуу жергиликтүү калк үчүн 100 жумушчу орун түзүлөт. Биз эки негизги демөөрчүбүз – “АгроКуш” ЖЧКсы жана “Тойбосс” соода маркасы менен көптөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген элек, эми бүгүн акыры иш башталууда. Бул комплекстин курулушу 2027-жылы бүтөт”, – деди акимдин биринчи орун басары Жалын ЖУМАБЕКОВ.
Андан кийин катышкан бардык жогорку бийлик өкүлдөрү эстелик жазууга кол коюшуп, аны капсулага салып, мемориалдык стела менен бекитип, символикалык пайдубалга орнотушту.
_______
1 Кемин районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бекиткен жаңы методикага ылайык иштелип чыккан. Методика Улуу Британиянын Өкмөтү Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын колдоосу менен даярдалды: http://municipalitet.kg/ru/article/full/3704.html
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо
-
№2 (172) / 2026-03-09 Райондук СЭӨП иш-аракетте: Жети-Өгүз районунда ак илбирсти коргоо жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча фестиваль өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
















