Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: муниципалитеттер аралык кызматташтык “АТР сынагын” ийгиликтүү тапшырууда, ал эми аярлуу топтор үчүн инклюзивдүү кызмат көрсөтүүлөр ийкемдүү боло баштады

2024-08-27 / ЖӨБ кызматтары
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу: муниципалитеттер аралык кызматташтык “АТР сынагын” ийгиликтүү тапшырууда, ал эми аярлуу топтор үчүн инклюзивдүү кызмат көрсөтүүлөр ийкемдүү боло баштады

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын июнь айында Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келаткан “Жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору (ЖДКЖ долбоору) Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясына (БАЖБА) Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймагында тажрыйба алмашуу боюнча эки сапарды өткөрүүгө колдоо көрсөттү. 

Тажрыйба алмашуу сапарлары долбоордун максаттуу муниципалитеттеринин базасында уюштурулду:

  • 20-июнда – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке жана Хан-Теңири айылдык аймактарынын жана Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын базасында.
  • 27-июнда – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы жана Сузак, Ноокен районунун Масы жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн базасында.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын горизонталдуу өз ара байланышын күчөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча билимди жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, ошондой эле ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы аркылуу ЖӨБ органдарынын иши жөнүндө маалыматты жайылтуу бул сапарлардын максаты болду. Тажрыйба алмашуу сапарларына айыл өкмөтүнүн жана мэриянын башчылары жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, муниципалдык ишканалардын (МИ) жетекчилери жана кызматкерлери, эксперттер жана өнөктөштөр катышты.

2024-жылдын 20-июнунда өткөн биринчи сапар Каракол шаарында башталып, ЖДКЖ долбоорунун өнөктөш муниципалитеттери болгон айылдык аймактарда уланды. Катышуучулар бир катар объектилерди, анын ичинде муниципалдык ишканаларды көрүп, алардын иши менен таанышып чыгышты. Тактап айтканда, катышуучулар төмөнкүдөй тажрыйбалар менен тааныша алышты:

  • “Каракол көрктөндүрүү жана канализация заводу” шаардык муниципалдык ишканасынын1 таштандыларды сорттоо иши;
  • Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айыл өкмөтүнүн муниципалитеттер аралык кызматташтыгынын алкагында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу боюнча муниципалдык ишкананын ишин уюштуруу (полигонду мыйзамдаштыруу, тегерек-четин тосмолоо, КТКны кабыл алуу пунктун түзүү, кайтаруу);
  • балдар үчүн ийримдерди уюштуруу (комузда, гитарада ойноо, бий ж.б.);
  • муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чогултууну жана ташып чыгарууну уюштуруу – Кызыл-Суу айылдык аймагынын муниципалдык ишканасынын практикасы;
  • коррекциялык классты уюштуруу – Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн практикасы.

Биринчи кезекте тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары Каракол шаарынын “Каракол көрктөндүрүү жана канализация заводу” муниципалдык ишканасынын таштандыларды бөлүштүрүү иши менен таанышып чыгышты. Бул жерде муниципалдык ишкананын жетекчиси Бердибек МАМБЕТАЛИЕВ жана анын орун басары Тариэль ТОКОЛОВ катышуучулар менен учурашып, мекеменин аймагында жайгашкан объектилер жана алардын функциялары тууралуу кенен маалымат беришти. 

“Бизге коноктор биринчи жолу келип жаткан жок: жакында биздин ишканага Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ЖӨБ органдарынын делегациясы келип кетти (бул сапарды ЖӨБ Союзу уюштурган). Жаңы максаттарга жетүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Мисалы, калдыктарды кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон продукциянын (күнүмдүк керектелүүчү товарлардын) ассортиментин толуктоо милдетин алдыга койдук. Дагы эки долбоордук сунушту даярдап, кароого жиберип, жыйынтыгын күтүп жатабыз”, – деди МИнин жетекчиси.

Андан соң катышуучулар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясына барышты. БАЖБАнын долбоорлорунун менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу жана ведомстволук окуу курстарын өткөрүү боюнча Академиянын иши тууралуу кыскача маалымат берди. Сөзүнүн аягында ЧАНДЫБАЕВА окуу процессин уюштурууга жардам бергендиги үчүн Ак-Суу раймамадминистрациясына ыраазычылыгын билдирип, райондун башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Гүлзат СУРАНЧИЕВАга ыраазычылык катын тапшырды. Раймамадминистрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн БАЖБА2, жакында эле Ысык-Көл облусунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) даярдоого окуткан. Акимдин орун басары өз кезегинде тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары менен учурашып, тажрыйба алмашуу боюнча демилгени ЖӨБ органдарына баа жеткис жардам жана жакшы идея катары баалап, кызматташтыгы үчүн БАЖБАга ыраазычылыгын билдирди: “Кыдыр-Аке айылдык аймагы Теплоключенка кезинде эле ЖДКЖ долбоору менен көп жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Долбоордун жардамы менен айылда таштанды жыйноочу жай пайда болду, автопарк көп сандагы атайын техника менен жабдылды, ал эми адистер бул чөйрөдөгү юридикалык маселелер боюнча өз дараметин жогорулатышты. Мунун баары биздин ишибизде абдан пайдалуу. Ошондуктан биздин райондук администрация бул багытта кызматташууга дайым даяр жана ачык”.

Кыдыр-Аке (мурдагы Теплоключенка) айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант КОБОНБАЕВ ЖДКЖ долбоору менен кызматташуу кантип башталып, кандай жыйынтыктарга алып келгени тууралуу айтып берип, кесиптештерин ушундай долбоорлор менен кызматташууга чакырды: “ЖДКЖ долбоору менен кызматта-шуубуз 2019-жылы башталган. Ошондо КТКга байланышкан көйгөйүбүздү талдап чыгып, долбоор муниципалитеттер аралык кызматташуу механизмин сунуштаган. Натыйжада бул кызматташтыкка 3 муниципалитет – Кереге-Таш (азыркы Каракол аймагы), Октябрь жана Теплоключенка кошулган. Бул механизм биздин көптөн бери жүрөгүбүздү өйүтүп келаткан көйгөйүбүздү чечүүгө гана жардам бербестен, ошону менен бирге кандайдыр бир деңгээлде ар кайсы муниципалитеттердеги адамдардын жана муниципалдык кызматчылардын башын бириктирип, жакшы кошуналык мамилелерди да бекемдей алды. Муниципалитеттер аралык кызматташтыктын принциптерине ылайык, муниципалитеттердин бири лидер катары чыгат. Биздин окуяда мындай лидер Теплоключенка болгон. Ошентип, биздин “Ак-Суу – Тазалык МТС” муниципалдык ишканасы үч айылдык аймактын тургундарына КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтө баштады (2023-жылдан бери ишкана “Оймо Биллинг” системасы боюнча иштеп жатат3). Долбоордун жардамы менен биз жергиликтүү элге кызмат көрсөтүү үчүн таштанды ташуучу унааны сатып алдык; экологиялык паспортту жана экспертизаны кошо алганда, мыйзамга ылайык бардык документтери бар таштанды төгүүчү жай пайда болду; аянты 2 гектар болгон таштанды төгүлгөн жерди тосмолоп чыктык; ташылып келген таштандыларды өтүнмөлөргө ылайык кабыл алган кызматкерге атайын жай куруп бердик. Мындан тышкары, биз долбоордун конкурстарына катышып, биздин муниципалдык ишкананын техникалык базасын жакшыртуу үчүн көптөгөн байгелерди утуп алдык. Биздин соңку ийгилигибиз – биздин муниципалдык ишкана долбоордун 2-фазасынын жыйынтыгы боюнча мотороллер утуп алды. Ал газонду жана чөптү чабуу үчүн абдан ыңгайлуу экен, себеби ал электр кыймылдаткычы менен жабдылгандыктан күйүүчү майды талап кылбайт. Ошондуктан долбоорлор менен кызматташып, өз идеяларыңарды жайылтып, алардан колдоо алыңыз”.

ЖДКЖ долбоорунун айыл өкмөтүнөн координатору Жаркын АМАНТУРОВА берген маалыматка ылайык, долбоор менен кызматташуу мезгилинде муниципалитет МАКты ишке ашыруунун алкагында 5 млн сом грант түрүндө жардам алган (муниципалитеттердин өз салымы 4 млн 450 миң сомду түзгөн); үч муниципалитеттин потенциалын жогорулатууга 1 млн 165 миң сом суммасында гранттык жардам берилген; 20дан ашык төмөнкүдөй темада окуулар жана 300дөн ашык консультация өткөрүлгөн:  

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери;
  • тарифтердин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана башкаруу;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрлери;
  • айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын социалдык жана гендердик өңүттөрдү эске алуу менен иштеп чыгуу;
  • муниципалитеттер аралык кызматташтыктын (МАК) алкагында ЖӨБдүн Кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча иш-аракеттер пландарын (КЖАП) иштеп чыгуу;
  • МАКтын алкагында КЖАПты ишке ашыруу;
  • муниципалдык ишкананын сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби;
  • муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык ишкананын мүлкүнүн реестрин түзүү;
  • муниципалдык мүлктүн техникалык абалын көзөмөлдөө;
  • көрктөндүрүү, жашылдандыруу жанат азалык эрежелерин иштеп чыгуу;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
  • муниципалдык ишкананын кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү: өндүрүштүк программаны түзүү, финансылык эсеп жана башкаруу;
  • жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угууларды өткөрүү;
  • коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин эсептөө;
  • акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө;
  • гранттык каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык отчеттуулук;
  • МАКтын алкагында КЖАПты ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу ж.б.

1-таблица. Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн алган аймактар жана тарифтери

Муниципалитеттин 
аталышы

Кожолуктардын 
саны

Тариф (кожолуктар, 
айына)

Тариф (тиричилик эмес таштанды,
1м3 үчүн)

Теплоключенка

1600

100 сом

400 сом

Октябрь

433

100 сом

400 сом

Кереге-Таш

500

100 сом

400 сом

“Учурда биздин муниципалдык ишкана МАКтын алкагында үч муниципалитеттин 6 айылынын тургундарына кызмат көрсөтүүдө. Бардык тарифтер жергиликтүү калк менен талкууланып, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын токтому менен бекитилди (1-таблицаны караңыз). Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана стандарттары, калкты тейлөөнүн шарттары, графиги жана картасы иштелип чыгып, бекитилди, Устав жаңыртылып, Муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри (ММБР) иштелип чыкты, ал азыркы учурда толукталып жатат (административдик-аймактык реформадан кийин), киши башына таштанды чыгаруунун жылдык ченеминин калькуляциясы жүргүзүлдү, калк, чарба субъекттери жана муниципалдык заказ үчүн келишимдин 3 түрү иштелип чыкты. Мисалы, курулуш таштандысынын бир мүшөгү ишкананын кызматкерлери оңой көтөрө алышы үчүн 25 килодон ашпоого тийиш. Курулуш таштандыларын чыгарууну пландап жаткан кожолуктар бизге атайын техникаларды даярдап коюшубуз үчүн алдын ала өтүнмө ташташат”, – деди Жаркын АМАНТУРОВА.

Андан соң тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары объекттин өзүнө – “Ак-Суу – Тазалык МТС” муниципалдык ишканасына анын директору Эламан ЖАПАРОВ менен чогуу барып, ишкананын кызматкерлери менен жолугушуп, маалымат алмашып, автопарк менен таанышып чыгышты.

Андан кийин катышуучулар Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык аймагында болушуп, ЖӨБ органынын балдар үчүн ийримдерди (комуз, гитара, бий) уюштуруу практикасы менен тааныша алышты. Маданият үйүндө жайгашкан бул ийримдердин көркөм жетекчиси демилгени ишке ашырууга себепчи болгон жагдайлар, аны ишке ашырууда жасалган кадамдар жана кыйынчылыктар, аларды чечүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө УУМУ долбоору берген консультациялык колдоо жана гранттык жардам жөнүндө кенен айтып берди. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин жетишилген ийгиликтерди ийримдин жаш катышуучулары концерт түрүндө көрсөтүп беришти: “2022-жылы биз Боз-Учук айылдык аймагы4, деп аталчубуз, ошондо “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” КЖАПты ишке ашырууга ЖДКЖ долбоорунан 300 000 сом суммасына гранттык жардам алдык. Бул суммага музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөтүү үчүн музыкалык аспаптарды жана бий ийриминин катышуучулары үчүн кийимдерди сатып алдык. Мындан тышкары, биз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу темалары боюнча тренингдерден жана консультациялардан өттүк, бул бизге ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифти туура эсептөөгө жардам берди”, – деди ал. 

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын “Кызыл-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы тажрыйба алмашуу сапарынын төртүнчү объектиси болуп калды. Бул ишкана муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштурган5. Катышуучуларды жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Эрмек БАХАВИДИНОВ тосуп алып, кызмат көрсөтүүнү үзгүлтүксүз жеткирүү канчалык маанилүү болгонуна токтолду: “Административдик-аймактык реформа жергиликтүү башкаруу органдарынан башкаруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерин чечүүнү оптималдаштыруу жаатында көп күч-аракетти талап кылат. Ишканаларды кайра каттоо, уставдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, жумуштан бошотулган адистерге компенсацияларды төлөө жана башка маселелер – чукул арада чечүүнү талап кылган маселелердин тизмеси өтө узун. Кызыл-Суу айылдык аймагы бул көйгөйлөрдү чечип келатат жана өз милдеттенмелерин аткарууну улантууда, себеби ЖӨБ органдарын  милдеттерди күн сайын аткаруу жоопкерчилигинен эч ким бошоткон эмес, жергиликтүү көйгөйлөрдү калтырып коюп, кийин чечүүгө болбойт. Таза суу, сугат суу, ички жолдор, таштанды чыгаруу, аярлуу үй-бүлөлөргө кам көрүү сыяктуу жергиликтүү маанидеги маселелер күн сайын чечилип турушу керек. Кызматташтык жөнүндө меморандумдун шарттарына ылайык муниципалитеттер аралык кызматташтык Кызыл-Суу, Оргочор жана Жаргылчак айылдык аймактарындагы калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүнү улантууда”.

БАЖБАнын долбоорлорунун менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА ошондой эле Жети-Өгүз районунун аймагында өткөрүлгөн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга багытталган окууну уюштурууга жардам бергендиги үчүн Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын акимине Академиянын атынан ыраазычылык катын тапшырды.

Кызыл-Суу айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Турсунбек ИМАНБАЕВ катышуучулар менен учурашып, МАК тажрыйбасы кантип башталганын айтып берди: “Бул демилгени коңшу муниципалитеттердин ЖӨБ органдары жана алардын жашоочулары натыйжалуу деп тапкан соң, биз дагы ресурстарды бириктирүүнү чечтик. Муниципалитеттер аралык кызматташуу демилгесин ишке ашыруунун жүрүшүндө ар бир айылдык аймакта муниципалитеттер аралык кызматташтыкка катышуу маселеси боюнча коомдук угуулар жана жол-жоболук иш-чаралар өткөрүлдү. Ал эми 2021-жылдын 26-январында беш муниципалитеттин ЖӨБ органдары муниципалитеттердин ортосунда КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. ЖДКЖ долбоорунун колдоосу менен, тарифтер жергиликтүү калк менен чогуу түзүлүп, талкууланып турду, ал эми жарандар жактыргандан кийин жергиликтүү кеңеш өзүнүн токтому менен тарифтерди бекитип, Монополияга каршы комитетке макулдашууга жөнөттү. ЖДКЖ долбоору бизге ар бир кадамды укуктук талаанын алкагында жасаганды жана бардык документтердин сапатын керектүү деңгээлге жеткиргенди үйрөттү”.

“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Рысбек КЕНЕНБАЕВ тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларына 2019-жылдын жайында Кызыл-Суу, Саруу, Дархан, Оргочор жана Светлая Поляна муниципалитеттеринин ортосунда МАКты түзүү демилгесинин пайда болушу, ал андан ары кантип ишке ашырылганы жөнүндө айтып берди. Бул демилге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иштелип чыккан иш-аракеттер планына ылайык КТКны башкаруу маселесин биргелешип чечүүгө алып келди. Рысбек КЕНЕНБАЕВ муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Интернеттин, мобилдик капчыктардын, тиркемелердин жана терминалдардын жардамы менен акы төлөө үчүн шарттарды түзүү аркылуу башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, муниципалдык ишкананын мындан аркы пландары менен бөлүштү.

“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Рысбек КЕНЕНБАЕВ: “Муниципалитеттер аралык кызматташуунун кандай артыкчылыктары бар? Биринчиден, ар бир өнөктөш айылдык муниципалитеттерде таштанды чыгаруу боюнча муниципалдык ишкананы ачуу зарылдыгы болбой калды. Мындай муниципалитеттерде ишканалар элдин саны аз болгондуктан рентабелдүү боло алышмак эмес. Экинчиден, бардык муниципалитеттерде таштанды чыгарууга кеткен жергиликтүү бюджеттин чыгымдары төмөндөдү. Үчүнчүдөн, ар бирибиз уруксат берилген полигондун жоктугунан, техникаларыбыз эскиргендиктен жана муниципалдык ишканалардын кубаттуулугу жетпегендиктен жоготууларга учурап келсек, эми андан кутулдук. Төртүнчүдөн, айыл жергесинин санитардык-эпидемиологиялык абалы оңоло баштады, себеби тиричилик таштандылары туш келди ыргытылбай калды, айрыкча айылдын четине төкпөй калышты. Муниципалдык ишкананын бардык кызмат көрсөтүүлөрү абоненттер менен түзүлгөн келишимдерге жана МАКтын принциптерине ылайык көрсөтүлөт. 2019-жылдан 2023-жылга чейинки мезгил аралыгында биз беш муниципалитетте 7000ге жакын кожолукка кызмат көрсөттүк. Муниципалитеттер аралык кызматташтыкты ишке ашырууга жалпысынан 10 млн 850 миң сом жумшалган: муниципалитеттердин өз салымы – 2,5 млн сом; долбоордун гранттык каражаттары – 5,0 млн сом; Ысык-Көл өнүктүрүү фонду – 3,35 млн сом. Биз калк арасында туруктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык жана муну улантуудабыз, бул бизге кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыз кылууга жардам берүүдө. Тактап айтканда, биз тарифти көбөйттүк, аны 2023-жылдан баштап бирдиктүү кылдык. Алсак, мурда тариф ар түрдүү болчу (54 сомдон 70 сомго чейин), ал эми азыр 1 кожолукка айына 90 сомду түзөт; курулуш жана тиричилик эмес таштандылар үчүн 1 м3 наркы 241 сомду түзөт. Таштанды графикке ылайык жумасына 1 жолу чыгарылат. Төлөм “Оймо Биллинг” системасында уюштурулган, бул биздин ишибизди кыйла жеңилдетүүдө. 2024-жылы ААРден кийин биздин абоненттердин саны 6 454 кожолукту (39 432 адамды) түздү”. 

Жети-Өгүз айылдык аймагындагы майып балдар үчүн коррекциялык класс тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары барган соңку объект болуп калды6

Бул демилгени көтөрүүгө себепчи болгон жагдайлар жөнүндө коррекциялык класстын мугалими А. МАДАНБЕКОВА жана Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Медербек СУЛТАНОВ айтып беришти.  

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды коомго адаптациялоо үчүн коррекциялык класс 2017-жылдын сентябрынан тарта иштей баштады. ЖДКЖ долбоорунун колдоосу менен биз классты ыңгайлаштырып, керектүү жабдууларды киргизе алдык.  Азыр бизде атайын жабдылган 3 класстык бөлмө бар, аларга 15 бала барат. Тилекке каршы, балдар бизде 4-классты аяктаганга чейин гана окушат, андан кийин аларды коё беришибиз керек. Көптөгөн ата-энелер балдарын дагы бир жылга калтырууну суранышат, себеби жыйынтык бар экенин көрүүдө. Ата-энелердин көбү өзгөчө балдарын коомдо аралаштыруудан тартынып, катып келишкен, ал эми коррекциялык класстарда балдар ачылып, өз алдынча болуп, ойноп, сүйлөшүп, баарлашып, ийгиликтерге жетүүдө. Биз баарына жардам бергибиз келет, бирок, тилекке каршы, биздин мүмкүнчүлүктөр ниетибизге шайкеш келе бербейт экен. Мисалы, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча алыскы бир айылдын балдары коррекциялык класстын кызмат көрсөтүүсүнө транспорт көйгөйүнөн улам жете албай калды. Бир машина бардык айылдардан балдарды чогултуп келчү, ортодогу аралык абдан узак болгондуктан балдар бир тарапка жетиш үчүн эле транспортто 2 саатка чейин жол жүрүүгө аргасыз эле. Натыйжада, балдар чарчап, стресс абалында келишчү. Биз бул айылдарда жашаган башка балдардын ата-энелерине кайрылып, өз балдарына кошуп, кошуна балдарды да ала келүүсүн өтүндүк. Кайдыгер эмес ата-энелер өздөрүнүн балдарына кошуп алып келүүгө макул болушту, бул үчүн биз алардын күйүүчү майга кеткен чыгымын төлөп беребиз. Коррекциялык класска баруу балдар үчүн гана эмес, ата-энелер үчүн да абдан маанилүү, себеби алар өз иштерин бүтүрүп алышат же жөн гана эс алууга мүмкүнчүлүк алышат. Өзгөчө баланы тиешелүү билими, тажрыйбасы жана колдоосу жок тарбиялоо өтө оор”, – деди муниципалитеттин башчысы.

Коррекциялык класс ачылгандан бери иштеп келаткан мугалим тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары менен мындайча ой бөлүштү: “Башында бизге аутизм жана Даун синдрому менен 15 баланы алып келишкен. Бул оңой болгон жок – ар бир балага жекече мамиле жасалыш керек эле, ал эми бул убакытты, билимди, камкордукту жана чыдамдуулукту талап кылат. Бул балдар айлана-чөйрөдөн көргөндөрүнүн бардыгын чагылдырып, кайталап турушат. Алардын психологиясы абдан аяр. Тилекке каршы, биздин коом мындай өзгөчө балдарга туура эмес мамиле жасап, аларды көрмөксөнгө салып, муну менен өздөрүндөгү коркуу сезимин катканга аракет кылышат. Менин айтаарым, балдар менен – бардык балдар менен – узакка жана чын жүрөктөн сүйлөшүш керек. Мен алардын колунун моторикасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам. Бул, бир жагынан, аларды тынчтандырат, экинчи жагынан, алар жасап жаткан ишке назарын топтогонду үйрөнүшөт. Мен аларга оймо-чиймелерди, жаныбарларды же буюмдарды кагазга түшүрүп, аларды боёп чыгып, пластилинден жасап, кайчы менен кесип чыгууну сунуштайм. Жасап жаткан ишибиздин жыйынтыгын көрүп, баланын ата-энеси менен кошо кубанабыз. Ал тургай бир окуя да болгон: аутизм белгилери бар балабыздын бири дааратканага өз алдынча бара баштаганын байкабай калган экенбиз. Бардык чоңдорго, айрыкча дени сак балдардын ата-энесине кайрылгыбыз келет: балдарыңызга “өзгөчө балдар менен ойнобо, алар оорулуу” деп айтпасаңар, тескерисинче, мындай балдарга көңүл буруп, колдон келишинче жардам бер, алар менен ойно” деп айтсаңар жакшы болоор эле”, – деди ал.

ЖДКЖ долбоорунун консультанты Шербек ДОСУЕВ бул айылдык аймактын кызматташуусунун алгачкы жылдарын жана андан кийинки биргелешкен жетишкендиктерин мындайча эстеди: “Жети-Өгүз районунда биздин долбоор ишин 2016-жылы баштаган7. Ошондо башка муниципалитеттер менен катар, Жети-Өгүз аймагынын ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын түзүп, анда мындай классты түзүү жөнүндө пунктту да кошушкан. Планды ишке ашыруу процессинде атайын жабдылган 2 класс жана балдардын өзгөчөлүктөрүн эске алган санитардык түйүн даярдалган. Көп өтпөй башка айылдардан жана аймактардан келген балдар үчүн транспорт уюштурулган, себеби кээде ортодогу аралык 15-20 чакырымга чейин жетет, бардык эле ата-энелерде балдарын күн сайын ташууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Жергиликтүү бюджеттен күйүүчү майга жана транспорт айдоочусуна акы төлөө үчүн каражат бөлүнгөн. Долбоор ошондой эле 2 мугалимди жеринде окутууга колдоо көрсөтүп, адистерди чакырган, алар келип, бул мугалимдерди окутуп кетишкен. Долбоордун жардамы бир жолку болгонуна карабастан, айыл өкмөтү бул коррекциялык класстын ишин 7 жылдан бери колдоп келе жатканы бизди өзгөчө кубандырат. Биз бул үчүн аларга абдан ыраазыбыз”, – деп бөлүштү долбоордун консультанты.    

Муниципалитеттин башчысы ошондой эле мындай балдарды үйдө камап, коомго аралаштырбай койгонун көрүп туруп, көрмөксөнгө салып, кайдыгер калуу мүмкүн эместигин кошумчалады: “Ырдык айылында 11 өзгөчө бала жашайт.  Биздин дарыгерлер ай сайын аларга барып, жалпы медициналык кароодон өткөрүп турушат. Медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн алып келген балдар адамдардан коркушат. Себеби, алар өз дүйнөсүндө, коомдон обочолонуп жашап жатышпайбы. Мындай борборлор жана класстар өзгөчө балдар үчүн абдан зарыл. Көптөгөн ата-энелер борбордун иштөө убактысын узартууну, аны толук иш күнү кылып берүүнү өтүнүүдө. Азыр бизде иш сааты 09:00дөн 12:00гө созулат, сабактар 30 мүнөттөн өтүп турат, балдардын басымдуу бөлүгү аз камсыз болгон же көп балалуу үй-бүлөдө өскөндүктөн сабактар акысыз”.  

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларына бул коррекциялык класс чоң таасирин тийгизди. Алар өз суроолорун узатып, муниципалитеттеринде ушундай класстарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгышты.

БАЖБАнын өкүлү жана сапардын уюштуруучусу Айнура ЧАНДЫБАЕВА катышуучуларды мындай көйгөйлөргө кайдыгер болбоого жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болсо, өзгөчө балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө жардам берип, колдоо көрсөтүү жолдорун ойлонуп көрүүгө үндөдү. 

“Бүгүн биз менен өткөргөн убактыңыз текке кетпей, өзүңүз үчүн жаңы маалыматтарды жана билимди алып, кесиптештериңиздин артыкчылыктарын жана, балким, кемчиликтерин билип, үйрөнүп, сабак алдыңыз деп үмүттөнөбүз. Биз мындай тажрыйба алмашуу сапарларын бир максатта уюштурабыз – силер кесип-тештериңердин тажрыйбасынын негизинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жаңы жолдорду көрүп, өздөштүрсүн дейбиз. Бүгүнкү сапар сиз үчүн да пайдалуу болду деп ишенем. Биз сиздер менен кызматташууга жана мындай тажрыйба алмашуу сапарларын колдоого даяр долбоорлорго дайыма ачыкпыз. Себеби, жүз жолу уккандан көрө, бир жолу көргөн жакшы эмеспи”, – деди иш-чараны жыйынтыктап жатып Айнура ЧАНДЫБАЕВА.

 

________________ 

1 “Каракол көрктөндүрүү жана канализация заводу” муниципалдык ишканасы жөнүндө катышуучулар жаңылыктардан угуп калып, бара турган объектилердин тизмесине кошууну өтүнүшкөн. 

2 “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) даярдоо” окуу курстары Аймактарды өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жаңы методикага ылайык өткөрүлдү. Бул Методиканы КР Экономика жана коммерция министрлиги (КР ЭКМ) жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (МКЖӨБМА) бекиткен. Курстарды Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) “Натыйжалуу муниципалдык башкаруу” боюнча квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагында өткөрдү. Курстар Британия өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED), “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын жана Кыргыз Республикасындагы ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалы жана Өнүктүрүү саясат институту түзгөн Консорциум тарабынан Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында уюштурулду.

3 “Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” муниципалдык ишканасында “Оймо Биллинг” системасы киргизилгенге чейин 651 кожолук катталган, 2023-жылы система киргизилгенден кийин 1 400 абонент болду, мындан тышкары эки коңшу муниципалитеттен дагы 1430 абонент (кожолук) киргизилген, алардын аймагын муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында ушул муниципалдык ишкана тейлейт. “Оймо Биллинг” системасы жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн: http://municipalitet.kg/ru/article/full/3241.html  

4 Административдик-аймактык реформа боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында 4 айыл өкмөтү – Жыргалаң, Ак-Чий, Ак-Булуң жана Боз-Учук бириктирилген. Борбордук айыл катары Ново-Вознесеновка айылы тандалып алынган. Жыргалаң айыл өкмөтү 2021-жылы эс алуу паркынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Швейцария Өкмөтүнөн 300 500 сом грант алган. Бул грантка аталган паркта көрктөндүрүү иштери жасалган. Паркта жаңы сахна, майыптар үчүн пандус курулуп, сейил бактын жолдору жана кире бериштери оңдолуп, жарык өткөрүлгөн. Жалпысынан 318 500 сомдук гранттар берилип, айыл өкмөтүнүн өз салымы 55 785 сомду түзгөн. Ак-Булуң айыл өкмөтү 2021-жылы Швейцария Өкмөтүнөн “Таза суу менен камсыз кылуу” КЖАП боюнча 1 200 000 сом грант алган. Бул акчага насос, суу өлчөгүчтөр, түтүктөр ж.б. сатып алынган. Ушул тапта тургундар ичүүчү таза сууну ала башташты. Жалпысынан 1 218 000 сомго гранттар берилген, өз салымы 254 500 сомду түзгөн. Боз-Учук айыл өкмөтү 2022-жылы долбоордон 318 000 сом суммасында грант алган, өз салымы 40 000 сомду түзгөн.

5 Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн практикасын ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында QR-код жана төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=kg&id=338  

6 Коррекциялык класстын ачылышы жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн: http://municipalitet.kg/ru/article/full/1827.html  

7 Ошол жылдары Ысык-Көл облусунун аймагында ЖДКЖ долбоору 7 элеттик муниципалитет менен иштешкен, алардын арасында Жети-Өгүз айылдык аймагы да болгон.

 

Окшош материалы: